СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жалпы республикалык тестке даярдоо. Аналогиялар

Просмотр содержимого документа
«Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо»

ТЕКСТКЕ КАРАТА ТАПШЫРМАЛАР

1.Иниге жазган каттын мазмуну эмнени чагылдырат ?

а) Сагынычты в) Нааразылыкты

б) Кусалыкты г) Моралды


2. Эмне үчүн агасы инисинин катты эринбей окуп чыгышын суранат ?

а) Каттын узундугуна көнүп , маани бериши

б) Инисинин тагдыры , мүмкүнчүлүгү жөнүндө ойлонгондугу үчүн

в) Бир туугандык милдетин аткарыш үчүн

г) Бүгүнкү күндө кат жазышуу актуалдуу эмес , ошого карабай көңүл буруусу үчүн


3. “Өң түссүз каттар ” деген айкаш аркылуу эмнени түшүнөсүң ?

а) Түссүз калем менен жазылган катты в) Коёндой окшош , таасирсиз каттарды

б) Милдеттен кутулуш үчүн жазылган каттарды г) Элет жыттанган катты


4. Автор окурман үчүн кандай проблема көтөрүп жатат ?

а) Өспүрүм жаштар арасында кат жазышуунун маданиятынын төмөндүгү

б) Өспүрүм жаштар арасында ой жүгүртүүнүн чектелгендиги

в) Жаратылышты таза сактоо маселеси

г)Эскичиликти жактоо





5 .Варианттардын кайсынысы тексттин мазмунун таасын чагылдыра алат?

а).Катта көп нерселерди жазайын дедим эле , бирок анын баары кагазга бата турган эмес. ”

б) ”Каттарыңда чын эле сен элет жыттанып турасың , эскиче жазасың”

в) “Катка киришкенде , сенин аң-сезимиңди , калем учуңду иштин реалдуу жагдайы эмес , баягы

эски , тапталган ыкма бийлеп кетет ”.

г) Өз алдынча ой жүгүртө билген жигит эч кандай даяр калыпка жетеленбей эле өз оюн түз

жазып кирет ”.


6. Момунбек кат жазып жатканда эмне жөнүндө ойлонбойт ?

1) Булганыч түтүндөрдүн шаарды тумчуктуруп жаткандыгы жөнүндө

2) Ага-жеңесинин чынында эле куунак өмүр сүрүп жаткандыгы жөнүндө

3) Эски көнүмүш ык боюнча жазып жаткандыгы жөнүндө

4) Садыктын каты жөнүндө

5) Көк-Ойрок жана Соң-Көлдү ойлонбогондугу жөнүндө

Жооптор

а) 1,2 б) 1,2,3 в) 4 гана г)1,2,3,5

7. Алды сызылган сөздөрдүн , текстке ылайык маанилерин аныктагыла .

Элет

а) Өрөөн в) Көчмөн , отурукташпаган жер

б) Айыл г) Маданияттан , жаңылыктан алыс калган


8. Даяр үлгүгө мурунтуктатып

а) Мурдунан жетелеткендик в) Колдогу үлгүдөн мурунку даяры жоктук

б) Калыпка салынган каттын эски үлгүсүн сактоо г) Даяр үлгүнүн таасиринен чыга албоо


9. Баёо саптар

а) Сөзгө бай саптар в) Күнөөсүз , ишенчээк саптар

б) Балалык саптар г) Акылман саптар


10. Текст боюнча кат жазуучунун , ууртунан жылмайткан нерсе ?

а) Кат жазуудагы көнүмүш адат б) Ининин катына ыраазычылык

в) Каттын “... алыскы кыргыздын борбор шаары Бишкектин атыр жыттуу абасынан дем алган ...”

деген башталышы

г) Күнөөсүз , баёо саптар



































Иниме кат № 1 тест


Кымбаттуу иним Момунбек ! Сага кат жазып жаткан шаардагы өзүңдүн бир боор агаң. Мынчалык узун катты кандайча жазып калды деп ойлоноорсуң. Ооба , узун, бирок эринбей окуп чыгышыңды каалар элем. Бул кат агаңдын алыста жүрүп сен жөнүндө ойго чөгүп , сенин мүнөзүң, сенин тагдырың , мүмкүнчүлүгүң , сенин басар жолуң жөнүндө өз алдынча толгонуп , түйшөлүүлөрүнүн убараланууларынын натыйжасы. Катта көп-көп нерселер жөнүндө айтайын дедим эле , бирок анын баары кагазга бата турган эмес. Азырынча мына буларга кулак салып, дилиңди коюп көрчү.

Мурда экөөбүз амандык иретинде гана жайынча бир түрдүү каттарды жазышчубуз. Азыр минтип мазмуну да , көлөмү да башка катты алып отурасың , ушундай катка да көнсөң , качанкыга чейин экөөбүз көнүмүш тапталган нук боюнча өң- түссүз каттарды жазышып жүрө беребиз. Көнүмүш дегенимдин бир себеби , Момунбек иним , сенин “Жамийла ” повестиндеги Садыктын катындай бири-бирине коёндой окшош , таасирсиз каттарың мени жадатып баратат. Каттарыңда чын эле сен элет жыттанып турасың, эскиче жазасың. Мисалы, каттарың дайыма момундай башталат . “Алыскы кыргыздын сүйүктүү борбор шаары Бишкектин атыр жыттуу таза абасынан кере-кере дем алып, эл ичинде куунак өмүр сүрүп , ойноп күлүп жүргөн байкем менен жеңеме мындагы иниңер өзүнүн жүрөгүнөн кайнап чыккан ысык саламын кош колдоп сунат. Кандай байке , жана жеңе , табигаттын адам баласынын башына келип-кетүүчү таш боор кырсыктарынан... ” деп жазып , анан абышка-кемпирдин ден соолугунан кабар берип келип , үйдө болгон иштер жөнүндө бир-эки ооз сөз айтып , акырында “кош-кош , көрүшкөнчө ” деп бүтүрүп коёсуң. Ушул сөздөрдүн жүрөгүнөн кайнап чыкканына мен анча ишене бербейм. Биздин куунак өмүр сүрүп , дайыма эле ойноп-күлүп жүргөнүбүздү кайдан билесиң , балким андай жашабастырбыз. Азыр жаратылышты , айлана-чөйрөнү , шаарлардын атмосферасын бузбай таза сактоо №1- маселелердин бирине айланган кез. Бүгүнкү күндө көчөлөрдөгү миңдеген автомашиналардан чыккан дүрүлдөктөрдүн жана газдардын , заводдордун , комбинаттардын трубаларынан чыккан булганыч түтүндөр шаарды тумчуктуруп жатат. Ырас , борборубуз кооз , бактуу. Бирок шаар деген сенин атактуу Көк-Ойрогуң менен Соң-Көл жайлооң эмес да. Сен кат жазып жатканда уулуу боз чаң жөнүндө ойлонбойсуң . Катка киришкенде сенин аң – сезимиңди , калем учуңду иштин реалдуу жагдайы эмес , баягы эски, тапталган ыкма бийлеп кетет . Муну өзүң кылайып байкабайсың . Мен бул жактан сөздөрүңдүн , өзүң жазгандай , чын жүрөгүңөн кайнап чыкпай эле кат жазуудагы эскирип , колдонуудан чыгып бара жаткан эски үлгүлөрдү көрүп турам. Катты өзүң жазбай эле , сенин колуң менен адат , көнүмүш деген бирөө жазып жатат , иним. Аң-сезимиңди ошентип көнүмүшкө башкартып салдыңбы ? Сени көрбөй турам . Катты өз алдынча өз алдынча ой жүгүртө билген жигит эч кандай даяр калыпка жетеленбей эле өз оюн түз жазып кирет. Ооба , бир жагынан жогорудагыдай жазганыңа деле каршы эмесмин. Андан зыян тартып жаткан жерим жок . Кайра сенин күнөөсүз , баёо саптарыңды ууртумдан жылмайып окуганым жакшы . Бирок мен сени тынчсыздандырып ойлонткон нерсе , сенин ой жүгүртүүңдүн дайыма көнүмүш ык , даяр нук боюнча кеткендиги , салтка , адатка даяр үлгүгө мурунтуктатып жүргөндүгүңдү сезбегендигин , дүйнөгө өзүңдүн көзүң менен карап , өз пикириңди жаза билбегендигиң , катыңда өз сөзүңдүн , өз үнүңдүн жоктугу , жазган катыңдан сени тынчсыздандырган , толгонткон , кызыктырган нерселердин көрүнбөгөндүгү , бир нерселерге ышкыланып , чыйпыланып умтулгандыгыңдын билинбегендиги .


ТЕКСТКЕ КАРАТА ТАПШЫРМАЛАР


1.Иниге жазган каттын мазмуну эмнени чагылдырат ?

а) Сагынычты в) Нааразылыкты

б) Кусалыкты г) Моралды


2. Эмне үчүн агасы инисинин катты эринбей окуп чыгышын суранат ?

а) Каттын узундугуна көнүп , маани бериши

б) Инисинин тагдыры , мүмкүнчүлүгү жөнүндө ойлонгондугу үчүн

в) Бир туугандык милдетин аткарыш үчүн

г) Бүгүнкү күндө кат жазышуу актуалдуу эмес , ошого карабай көңүл буруусу үчүн


3. “Өң түссүз каттар ” деген айкаш аркылуу эмнени түшүнөсүң ?

а) Түссүз калем менен жазылган катты в) Коёндой окшош , таасирсиз каттарды

б) Милдеттен кутулуш үчүн жазылган каттарды г) Элет жыттанган катты


4. Автор окурман үчүн кандай проблема көтөрүп жатат ?

а) Өспүрүм жаштар арасында кат жазышуунун маданиятынын төмөндүгү

б) Өспүрүм жаштар арасында ой жүгүртүүнүн чектелгендиги

в) Жаратылышты таза сактоо маселеси

г)Эскичиликти жактоо





5 .Варианттардын кайсынысы тексттин мазмунун таасын чагылдыра алат?

а).Катта көп нерселерди жазайын дедим эле , бирок анын баары кагазга бата турган эмес. ”

б) ”Каттарыңда чын эле сен элет жыттанып турасың , эскиче жазасың”

в) “Катка киришкенде , сенин аң-сезимиңди , калем учуңду иштин реалдуу жагдайы эмес , баягы

эски , тапталган ыкма бийлеп кетет ”.

г) Өз алдынча ой жүгүртө билген жигит эч кандай даяр калыпка жетеленбей эле өз оюн түз

жазып кирет ”.


6. Момунбек кат жазып жатканда эмне жөнүндө ойлонбойт ?

1) Булганыч түтүндөрдүн шаарды тумчуктуруп жаткандыгы жөнүндө

2) Ага-жеңесинин чынында эле куунак өмүр сүрүп жаткандыгы жөнүндө

3) Эски көнүмүш ык боюнча жазып жаткандыгы жөнүндө

4) Садыктын каты жөнүндө

5) Көк-Ойрок жана Соң-Көлдү ойлонбогондугу жөнүндө

Жооптор

а) 1,2 б) 1,2,3 в) 4 гана г)1,2,3,5

7. Алды сызылган сөздөрдүн , текстке ылайык маанилерин аныктагыла .

Элет

а) Өрөөн в) Көчмөн , отурукташпаган жер

б) Айыл г) Маданияттан , жаңылыктан алыс калган


8. Даяр үлгүгө мурунтуктатып

а) Мурдунан жетелеткендик в) Колдогу үлгүдөн мурунку даяры жоктук

б) Калыпка салынган каттын эски үлгүсүн сактоо г) Даяр үлгүнүн таасиринен чыга албоо


9. Баёо саптар

а) Сөзгө бай саптар в) Күнөөсүз , ишенчээк саптар

б) Балалык саптар г) Акылман саптар


10. Текст боюнча кат жазуучунун , ууртунан жылмайткан нерсе ?

а) Кат жазуудагы көнүмүш адат б) Ининин катына ыраазычылык

в) Каттын “... алыскы кыргыздын борбор шаары Бишкектин атыр жыттуу абасынан дем алган ...”

деген башталышы

г) Күнөөсүз , баёо саптар






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!