СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жарандык укук сабагы боюнча тесттер 1-вариант

Категория: Право

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тесттик укуктук материалдар 

Просмотр содержимого документа
«Жарандык укук сабагы боюнча тесттер 1-вариант»

I вариант

Жарандык укук (өзгөчө бөлүк) предмети боюнча тесттер

II модул үчүн

1.Юридикалык жактардын, жеке жактардын ортосундагы эсептешүүлөр эмне менен болушу мүмкүн?

а) накталай акча же накталай акчасыз в) өз ара келишимдин менен

б) жумуш аткаруу менен г) туура жооп А В

2.Накталай акчасыз эсептешүүлөрдүн формасы:

а) жумуш көрсөтүү в) төлөм тапшырмалары, аккредетив

б) инкассо, чек г) туура жооп В Б

3.Эмитент-банк деген эмне?

а) өзүнчө бир банктын аталышы

б) максаттуу иштеп жаткан кызмат көрсөткөн банк

в) Аккредитив боюнча эсептешүүлөрдө төлөөчүнүн тапшырмасы боюнча жана анын көрсөтмөлөрүнө ылайык аккредитив ачкан банк

г) андай банк жок

4. Чакырылма аккредетив деген эмне?

а) каражат алуучунун макулдугусуз өзгөртүүгө же алып салууга болбогон аккредитив эсептелет

б) аккредитивдин шарттарына ылайык келбеген документтерди кабыл алуудан баш тартуусу

в) эмитент-банк каражат алуучуну алдын ала эскертпестен эле алып сала же өзгөрө алуучу аккредитив эсептелет

г) аткаруучу банк эсептелет

5. Чакырылбаган аккредетив деген эмне?

а) аккредитивдин шарттарына ылайык келбеген документтерди кабыл алуудан баш тартуусу

б) аткаруучу банк эсептелет

в) эмитент-банк каражат алуучуну алдын ала эскертпестен эле алып сала же өзгөрө алуучу аккредитив эсептелет

г) каражат алуучунун макулдугусуз өзгөртүүгө же алып салууга болбогон аккредитив эсептелет

6. Аваль деген эмне?

а) банктар мамилелерди жасоо в) төлөм гарантиясы

б) банк салымы г) каражаттарды эсептөө

7. Чектин формасы жана аны толтуруу эрежелери ким аныкталат?

а) улуттук банк тарабынан в) чектин формасы болбойт

б) мыйзам, банк эрежелери г) Өкмөт тарабынан



8. Камсыздоо келишими юридикалык мүнөзү боюнча көпчүлүк учурларда кандай келишим?

а) консенсуалдуу в) максималдуу

б) тобокелдүү г) реалдуу

9. Камсыздоо келишиминин тараптары кимдер?

а) лицензияр жана лицензият в) ишеним берүүчү жана ишеним алуучу

б) камсыздоочулар, камсыздандырылуучулар г) комитент, комиссианер

10. Камсыздандыруу бул ……………… иш аракеттин бир түрү?

а) социалдык б) экономикалык в) муниципалдык г) мамлекеттик

11. Камсыздоо премиясы деген эмне?

а) камсыздандыруучу компаниясы төлөп берген акчалай сумма

б) алдын ала күтүлүүчү окуя

в) камсыздандыруучу компаниясына төлөнүүчү акчалай сумма

г) мындай түшүнүк болбойт

12. Камсыздоо 2 түргө бөлүнөт:

а) муниципалдык жана мамлекеттик

б) эрктүү жана милдеттүү

в) акылуу жана акысыз

г) мезгилүү жана туруктуу

13. Камсыздоо келишиминин формасы:

а) милдеттүү жазуу в) мамлекеттик катталуу керек

б) тил кат аркылуу г) жөнөкөй жазуу

14. Буюмдун же башка нерсенин камсыздалгандыгы тууралуу камсыздоочу уюм тарабынан тастоочу кандай документ берилет?

а) квитанция б) полис в) сертификат г) келишим эле түзүлөт

15. Тапшырма келишиминин тараптары кимдер?

а) лицензияр жана лицензият в) ишеним берүүчү жана ишеним алуучу

б) агент, принципал г) комитент, комиссианер

16. Тапшырма келишими боюнча ишеним алуучу белгилүү бир юридикалык иш аракеттерди аткаруу үчүн кимдин атынан жана эсебинен чыгат?

а) өзүнүн атынан, бирок ишеним берүүчүнүн эсебинен

б) ишеним берүүчүнүн атынан, бирок өзүнүн эсебинен

в) өзүнүн атынан жана эсебинен

г) ишеним берүүчүнүн атынан жана эсебинен

17. Тапшырма келишиминин юридикалык мүнөзү боюнча кандай келишим?

а) реалдуу, акы төлөнүүчү, консенсуалдуу, эки тараптуу

б) акысыз, консенсуалдуу, эки тараптуу

в) акысыз, консенсуалдуу, жеке, ишенимдүү

г) эки тараптуу, акы төлөнүүчү, реалдуу, ишенимдүү

18. Тапшырма келишиминин предмети:

а) материалдык эмес юридикалык мааниге ээ ортомчулук кызмат көрсөтүү

б) ишенимдүү башкарууга берилген мүлктү мүлктүн ээсинин кызыкчылыгына карама-каршы келбегендей юридикалык ж.б. иш-аракеттерди аткаруу

в) мүлк

г) буюмду сактоого жана кайтарууга болгон иш-аракет

19. Тапшырма келишиминин токтотулушунун себептери төмөнкүлөрдүн кимиси эсептелет?

а) ишеним берүүчү тапшырманы алып салганда

б) акысы берилбей калган учурда

в) банкрот болгон учурда

г) эч бири себеп катары таанылбайт

20. Тараптары комитент жана комиссионер болгон келишим эмне деп аталат?

а) агенттик келишим в) камсыздоо келишими

б) камсыздоо келишими г) комиссия келишими

21. Комиссия келишими боюнча комиссионерге белгилүү соода-сатык мамилесине тиешелүү иш аракеттерди аткаруу үчүн кимдин атынан жана эсебинен чыгат?

а) өзүнүн атынан, бирок комитенттин эсебинен

б) комитенттин атынан, бирок өзүнүн эсебинен

в) өзүнүн атынан жана эсебинен

г) комитенттин атынан жана эсебинен

22. Эгерде комиссия келишими мөөнөтсүз түзүлгөн болсо, канча күн мурда тараптардын бири токтотууга билдирүү берүүсү милдеттүү?

а) 10 күн б) 15 күн в) 20 күн г) 30 күн

23. Эгерде комиссия келишиминин бир тарабы (комитент же комиссионер) каза болгон учурда келишимдин аткарылуусунун абалы кандай болуп калат?

а) келишим токтотулат в) келишим уланыла берет

б) келишимдин аткарууга убактылуу токтоп турат г) жакын туугандары аткарат

24.Агенттик келишиминин тараптары кимдер?

а) лицензияр жана лицензият в) ишеним берүүчү жана ишеним алуучу

б) агент, принципал г) комитент, комиссианер

25. Агенттик келишими боюнча принципалдын тапшырмасы боюнча агент кимдин атынан жана эсебинен чыгат?

а) өзүнүн атынан же принципалдын, бирок анын эсебинен

б) принципалдын атынан, бирок өзүнүн эсебинен

в) өзүнүн атынан жана эсебинен

г) принципалдын атынан жана эсебинен

26. Мүлктү ишенидүү башкаруу келишими канча жылдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт?

а) 3 жылдан ашпаган мөөнөткө в) 5 жылдан ашпаган мөөнөткө

б) 4 жылдан ашпаган мөөнөткө г) 10 жылдан ашпаган мөөнөткө

27. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминин предмети:

а) материалдык эмес юридикалык мааниге ээ ортомчулук кызмат көрсөтүү

б) ишенимдүү башкарууга берилген мүлктү мүлктүн ээсинин кызыкчылыгына карама-каршы келбегендей юридикалык ж.б. иш-аракеттерди аткаруу

в) мүлк

г) буюмду сактоого жана кайтарууга болгон иш-аракет

28. Сактоо келишими боюнча сактоочу өзүнө кандай милдеттүүлүктү алат?

а) мүлктү башкарууну в) мүлктү сактоону

б) мүлктү сатууну г) мүлккө карата юридикалык кызмат көрсөтүү

29. Сактоо келишими юридикалык мүнөзү боюнча канча тараптуу келишим?

а) бир тараптуу б) эки тараптуу в) үч тараптуу г) көп тараптуу

30. Сактоо келишиминин субьектилери кандайча болуп бөлүнөт?

а) ылайыктуу, дареметтүү в) регулярдуу, иррегулярдуу

б) профессионалдуу, профессионалдуу эмес г) максаттуу, кадимки




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!