СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жеңил атлетикадан өлчөмдөрдү тапшЫруу

Категория: Физкультура

Нажмите, чтобы узнать подробности

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКасынын

билим берүү жана илим МИНИСТРлиги

Б.сыдыков атындагы Кыргыз-өзбек эл аралык университети

гуманитардык педагогика факультети

дене тарбиянын теориясы жана методикасы кафедрасы

 

«Макулдашылды»

ДТТжМ кафедрасынын 2023-жылдын 1-сентябрында өткөрүлгөн

№1-протоколунда каралды

Жеңил атлетикадан өлчөмдөрдү тапшыруу

Багыты:   532000 «Дене тарбия»

Профили: «Дене тарбия»

Окутуунун формасы: Күндүзгү/сырткы

Окуу жылы: 2023-2024

 

 

Түзгөн: окутуучу____________Ажибеков.У.

Ош – 2023

 

Просмотр содержимого документа
«Жеңил атлетикадан өлчөмдөрдү тапшЫруу»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ


батыралы сыдыков атындагы

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК эл аралык УНИВЕРСИТЕТИ

гуманитардык-ПЕДАГОГИКАЛЫК

ФАКУЛЬТЕТИ

«ДЕНЕ ТАРБИЯНЫН ТЕОРИЯСЫ ЖАНА МЕТОДИКАСЫ»

КАФЕДРАСЫ



РЕФЕРАТ

ТЕМА: ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН ӨРКҮНДӨТҮҮ ИШТЕРИ








Аткарган: ДТТжМнын окутуучусу Ажибеков Улукбек Ысмаилович






Ош 2022



ПЛАН

1.Киришүү.

2. Миссия жана болжолу.

3. Учурдагы кырдаалды талдоо.

4. Өнүктүрүүнүн негизги көйгөйлөрү.

5. Функционалдык башкаруу.

6. Мыйзамдык аспектилер.

7. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо.

8. Күтүлгөн натыйжалар.

9. Колдонулган булактар.























Киришүү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдар мезгилине "Спорттук Кыргызстан" программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-майындагы № 254 "2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2014-2017-жылдарга дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программасында аныкталган дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн этабынын аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго - кырк кадам" программасынын алкагында иштелип чыкты.

Абалды жана келечектүү багыттарды талдоо дене тарбияны жана спортту социалдык-маданий жана педагогикалык кубулуш катары аныктайт, ал улуттун генофондунун эң маанилүү компоненти болгон - ден-соолукту сактайт жана өнүктүрөт, дене тарбия жактан өсүүнү эле калыптандырбастан адеп-ахлактык сапатты тарбиялоо менен машыгуучулардын инсандыгын социалдаштырат, спорттогу жогорку жетишкендиктердин эсебинен адам мүмкүнчүлүктөрүнүн чегин кеңейтет.

Дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнүн учурдагы жагдайы татаал абалда, муну дене тарбия жана спорт менен машыккандардын массалык төмөн деңгээли (13%) күбөлөндүрүп турат, жогорку жетишкендиктер спортунда жетишкендиктердин төмөндөгөндүгү белгиленүүдө, калктын турмуш тиричилигинде спорт чөйрөсүнүн инвестициялар үчүн жагымдуулугунун төмөндүгү байкалууда.

Миссия жана болжолу.

Миссиясы - өлкөнүн калкынын жашоо турмушунун сергек мүнөзүн калыптандырууга багытталган жаштарды, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, илгерилетүү, координациялоо жана натыйжалуу ишке ашыруу.

Келечекти болжолдоо - Кыргызстан коому жана анын институттары дене тарбия, даярдоо жана өнүктүрүү жолу менен сергек жашоо мүнөзүнүн баалуулугун карманат жана илгерилетет. Эл аралык деңгээлде өлкөнүн оң образын илгерилетүү спорттогу мыкты жетишкендиктердин эсебинен ишке ашырылат.

Дене тарбия жана спорт тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктары:

- спорттун белгилүү жана массалык түрлөрүн, анын ичинде спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүүнү кошо, дене тарбия жана спорт менен машыгуунун массалуулугун жогорулатуу, калк арасында жеке дене тарбияны жана жашоонун сергек мүнөзүн калыптандыруу;

- жогорку жетишкендиктердин спортун өнүктүрүү, Олимпиадалык, Паралимпиадалык оюндарда жана башка континенталдык мелдештерде медалдарды жеңип алуу;

- мамлекет-жеке өнөктөштүк принциптерин кеңири жaйылтyy, спортту коммерциялаштыруу жолу менен спорттук инфратүзүмдү жакшыртуу.

Учурдагы кырдаалды талдоо.

Кыргызстандын калкынын ден-соолугунун абалы мамлекеттин жана коомчулуктун негиздүү тынчсыздануусун жаратууда. Мындай ырастоо расмий маалыматтарды жалпылоого жана илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына негизделген, алар төмөнкүдөй симптомдор менен тастыкталат:

- калк арасында дене тарбия жактан жеке тарбиялоонун жоктугу жана сергек жашоо  мүнөзүнө кошулбагандыгы;

- зыяндуу адаттардын таралгандыгы. Ошентип, мезгилсиз өлүмдүн 80%ы тобокелдиктин кыйла кеңири таралган төрт фактору менен байланышкан: 28%ы - тамеки тартуудан; 31%ы - алкоголь ичимдиктерин ичүүдөн; 23%ц - туура эмес тамактануудан, семиздиктен жапа тартышат; дене тарбия жактан төмөн активдүүлүк - дене тарбия жана спорт менен машыгуунун массалуулугу болгону 13%га жетет;

- мурда "карылыгы боюнча" деп эсептелген оорулардын жашаргандыгы;

- бала төрөөчү курактагы аялдардын сексен пайызынын ден соолугунда кандайдыр бир бузулуулардын болушу;

- мектеп окуучуларынын ден соолугунун абалынын терс динамикасы. Биринчи класстын окуучуларынын ден соолугунун бузулуулары 20%ды, жалпы билим берүү мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнүн ден соолугунун бузулуулары 80%ды түзөт;

- аскерге чакырылганга чейинки курактагы уландардын жарымынан көбү дене тарбия жактан тарбиялоонун программалык-ченемдик негиздеринен дене тарбия боюнча ченемдерди жана талаптарды аткара албайт.

Дене тарбия жана спорт менен машыгуу массалуулугунун оң динамикасына карабастан акыркы он жылдыкта (2006-2016-ж.ж.) 7ден 13%га өстү бирок, "ден соолук" компоненти боюнча улуттун генофондунун коопсуздугун камсыздоочу дене тарбия жана спорт менен машыгуунун массалуулугунун минималдуу деңгээли катары Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аныктаган 15%дык көрсөткүчтөн төмөн. Программа 3 этап менен ишке ашырылат: 2017-жылы планга ылайык Программанын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүлгөн. 2016-жылы орто аралыктагы мониторингдин жыйынтыгы боюнча Программага бир катар оңдоп-түзөтүүлөр киргизилген. Орточо алганда Программаны 70-80%га аткаруу, мында 2017-жылдын аягына дене тарбия жана спорт менен машыгуунун массалуулугун 14%га жеткирүү пландалууда.

Дене тарбия жана спорт менен машыгуунун массалуулугу Казакстанда 25%ды, Өзбекстанда 22%ды, Россияда 25%да, Англияда 40%ды түзөт жана жогорку көрсөткүчтөргө карабастан дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн мамлекеттик программалары менен аталган жетишкендиктерди бекемдеп калууга гана эмес, аларды андан ары өстүрүүгө багытталган чаралар каралган.

Акыркы мезгилдерде региондук деңгээлде дене тарбия жана спортко калктын тартылышы бирдей эместиги белгиленген. Республиканын алыскы региондорунда калктын дене тарбия-спорттук активдүүлүгүнүн деңгээли Кыргыз Республикасынын облустук жана республикалык борборлоруна караганда төмөн. Калктын ичинен аялдардын арасында дене тарбия жана спорт менен машыккандардын саны төмөн бойдон калууда. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын дене тарбия жана спорт менен машыгуусу дээрлик жокко эсе. Негизги себептерине, өз ара байланышкан жетишсиз каржылоодо, эмгек акынын төмөндүгү, тийиштүү инфратүзүмдүн жоктугу, машыктыруучу-окутуучу курамдын жетишсиздиги кирет.

Кыргыз Республикасында агартуу ишинин учурдагы абалы кризистик катары бааланат. Каржылоонун, техникалык камсыздоонун жетишсиздиги менен бирге эле негизги себептердин катарында дене тарбия-спорт тармагында маалыматтык-пропагандалык жана агартуу-билим берүү системасынын жоктугун бөлүп көрсөтүшөт.

Ар жыл сайын 750нүн тегерегиндеги маалыматтык кабарлар, 1500 фото репортаж, дене тарбия жана спорт боюнча 400 иш-чара даярдалат жана чагылдырылат, 100дөй пресс-конференция өткөрүлөт жана чагылдырылат.

Атайын жүргүзүлгөн талдоо басылма жана телеберүү ЖМКларда дене тарбия, спорт жана ден соолук темасы социалдык-саясий окуялардан кийин экинчи орунда тургандыгын көрсөттү. Бирок алардын мазмуну маалыматтык-окуялуу мүнөздө, буга байланыштуу өз иши боюнча дене тарбия жана спорт менен байланышкан педагогикалык, илимий, башкаруучу жана спорт кадрларына болгон муктаждык азыркы учурда терең маалыматтык тартыштыкты башынан өткөрүүдө.

Жалпысынан дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү үгүт-насаат иштеринин абалы бир максатка багытталгандыктын, системалуулуктун, дене тарбия жана спортту башкарууда мамлекеттик жана коомдук органдар тарабынан координациянын жана башкаруунун жоктугу менен мүнөздөлөт.

Калктын ден-соолугун сактоо жана чыңдоо маселелери боюнча ведомстволор аралык, тармактар аралык өз ара аракеттенүүлөр жок. Профилактикалык медицина республиканын региондорунда өзгөчө начар өнүккөн, сергек жашоо мүнөзүнүн зарылдыгы тууралуу калктын маалымдуулугу жана үгүт иштери жок.

Дене тарбия жана спорт тармагын башкаруунун системасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен, спорттун түрлөрү боюнча 4 дирекциядан, дене тарбия жана спорттун 76 мекемесинен (балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин жана дене тарбия жактан даярдоо клубдарынын тармагынан), спорттун түрлөрү боюнча федерациялардан жана ассоциациялардан, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинен, Кыргыз Республикасынын Улуттук паралимпиадалык комитетинен, башкаруунун жеке түрүндөгү спорттук клубдардан турат. Мамлекеттик мекемелердин мындай саны алты миллион калк үчүн жетишсиз экендиги белгилүү иш. Салыштыруу үчүн: совет мезгилинде республика боюнча 3 миллионго жетпеген калк үчүн дене тарбия жана спорттун 1000ге жакын мекемелери иштеген. Тармактын бардык катышуучуларынын ортосундагы коммуникацияларда айрым көйгөйлөр бар.

Олимпиадалык багыт менен мамлекеттик мекемелердин өнөктөштүгү Эл аралык олимпиадалык жана паралимпиадалык комитеттин калкасында өткөрүлүүчү спорттук иш-чаралар спортсмендерди даярдоонун жана катышуусунун алкагында гана жүргүзүлөт. Гранттарды тартуу, олимпиадалык идеалдарды даңазалоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүлөр дээрлик жокко эсе.

Бүгүнкү күндө мамлекеттик саясаттагы негизги басым жогорку жетишкендиктердин спортунун натыйжалуулугуна багытталган, бирок, акыркы эки Олимпиадалык оюндарда ата мекендик спортсмендер тарабынан бир дагы медаль жеңип алынган жок.

Мамлекет тарабынан спорттун түрлөрү боюнча 72 федерация каржыланат, ага карабастан потенциалдуу түрдө Олимпиадалык оюндарда грек-рим күрөшү, эркин күрөш, аялдар күрөшү, дзюдо, жеңил атлетика боюнча спорттун 5 түрүнүн өкүлдөрү гана байгелүү орундарды ээлеп келишүүдө. Эл аралык спорттук аренада жогорку натыйжаларды көрсөтүүгө жөндөмдүү спорттун олимпиадалык эмес 5ке жакын түрү: самбо, кикбоксинг, ушу, кол күрөшү, футзал бар.

Окутуу-машыгуу процессин пландоо, спорттук резервди жана жогорку квалификациядагы спортсмендерди даярдоонун документтерин талдоо көп жылдык максаттуу пландоонун жоктугу тууралуу жалпы корутунду жасоого мүмкүндүк берет. Негизинен, машыктыруучунун иши системдик эмес негизде жүргүзүлөт, ал эми пландоодо негизги орунду мелдештерге катышуу гана ээлейт.

Келечекте спорттун түрлөрүн өнүктүрүүнүн региондук өзгөчөлүктөрүн жана калк кызыккан спорт деп аталгандарды жана спорттун айрым түрлөрүн айрыкча өнүктүрүүнүн реалдуу шарттарын дагы көңүлгө алуу керек. Мисалы, Нарын жана Ысык-Кел облустарында спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүү жана анда тийиштүү инфратүзүмдүн болушу, Талас облусунда күрөштүн түрлөрү өзгөчө даңазаланган, Кыргызстандын түштүк облустарында жекеме-жеке күрөштүн ар кандай түрлөрү орун алган.

Узак жылдар бою жогорку жетишкендиктер спортунда дене тарбия жактан даярдоо сабактарынын жана окутуу-методикалык процесстердин мазмундуу программасы каралган эмес, натыйжада заманбап талаптарга жооп бербейт. Ата мекендик спортто спорттук илим жана спорттук медицина өтө оор абалда, ошол эле убакта дүйнө жүзүндө жогорку кесипкөй спортсмендерди даярдоодо өзгөчө көңүл дал ушул факторлорго бурулат.

Спортто тыюу салынган дары-дармектерди колдонууга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлгөн иштерди күчөтүү зарыл, бул дүйнөлүк спортто допинг колдонгон көп сандаган учурлар менен ырасталат.

Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүүнүн оң динамикасы белгиленген. Ошентип, ат спортунун түрлөрү боюнча мелдештер калк арасында кеңири белгилүү. Спорттун улуттук түрү болгон көк бөрү оюну өзгөчө динамикада өсүүдө, спорттун ушул улуттук түрү боюнча клубдук командалардын тармагы кеңири өнүгүүдө.

Республика боюнча орточо спорттун улуттук түрлөрү менен 400,0 миңден ашуун киши машыгат, 200гө чукул машыктыруучу-окутуучулар бар. Бирок, спорттун улуттук түрлөрү боюнча машыктыруучу-окутуучулардын көпчүлүгүнүн дене тарбия боюнча билиминин жоктугун, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө билим берүү мекемелеринин базасында тийиштүү факультеттердин жок экендигин белгилеп кетүү керек.

Азыркы учурда спорт үчүн дене тарбия мугалимдери жана окутуу-окутуучулар курамынын өтө жетишсиз экендиги белгиленген, бул өзгөчө региондор үчүн актуалдуу. Республика боюнча 2016-жылы болгону 1,6 миң машыктыруучу-окутуучу иштеген. Бир машыктыруучуга 10 жаштан 49 жашка чейинки 2250 адам туура келет. 1027 машыктыруучу-окутуучу эсептик каттоодон өттү, 389 машыктыруучу-окутуучунун талаптарга ылайык келбегендигине байланыштуу, эң башкысы жогорку жана орто-кесиптик билиминин жоктугунан эсепке каттоодон баш тартылды.

Атаандашууга жөндөмсүз эмгек акынын натыйжасында машыктыруучу-окутуучулардын тармактан агылып кетиши дагы эле көп болуп жаткандыгы белгиленди. Машыктыруучу-окутуучу кадрлардын орточо эмгек акысы 8-10 миң сомду түзөт.

Акыркы 20 жылдан ашуун мезгилден бери республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен эл аралык стандарттарга жооп берген бир дагы спорттук объекттин курулбагандыгын белгилеп кетүү зарыл.

Ошону менен бирге эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бизнес жана меценаттар тарабынан дене тарбия жана спорттун жөнөкөй объекттерин куруунун реалдуу оң динамикасы бар.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 2015-жылы 8 миңден ашуун спорттук аянтчалар жана талаалар болгон, 1500 жана андан ашык орундук трибунасы менен 8 стадион, 27 сүзүүчү бассейн, 1,4 миң спорттук зал бар. Ошондой эле дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн 102 жай ыңгайлаштырылган, 52 бута атуучу тирлер, 10 лыжа базасы иштеген, 77 дене тарбия - ден-соолукту чыңдоочу комплекс жана 130 башка спорттук курулмалар иштеген.

2016-жылы бардык спорттук курулмалардын (аянтчалар жана талаалар) бир эле учурда өткөрүү мүмкүнчүлүгү 144,1 миңге жакын (2011-жылы - 121,4 миң) адамды түзгөн. Анын ичинде бир эле учурда 31 миң адамды өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар (2011-жылы 29 миңге жакын адам) баскетбол талааларынын саны 2,2 миң бирдикти (2011-ж. - 2 миң бирдик), бир эле учурда 39,8 миң адамды өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар (2011-жылы 38 миң адамга 2,3 миң бирдик) волейбол талааларынын саны 2,5 миң бирдикти түзөт, бир эле учурда 35,7 миң адамды өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар футбол талааларынын саны 2011 -жылдын деңгээлинде калды жана 1,6 миң бирдикти түздү. Мындан тышкары, 6,8 миң адам ордо оюнун ойной алгыдай 502 аянтча бар (2011-жылы 479), 3 миң адамды кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар кол тобун ойноо үчүн 204 (2011-жылы 3,7 миң адамды кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар 257) оюн талаасы бар, 1,1 миң адамга эсептелген 204 теннис корту, ошондой эле 4,7 миң адамды өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар жеңил атлетикалык ядро менен машыгуу үчүн 368 аянтча (2011-жылы 5,7 миң адамга 258) бар.

2015-жылга салыштырганда 2016-жылы спорттук аянтчалардын жана талаалардын саны 380 бирдикке кыскарган. 2016-жылы бардык спорттук курулмалардын бир эле учурда өткөрүү мүмкүнчүлүгү 2015-жылга салыштырганда 16,1 миң адамга көбөйгөн жана 141,1 миң адамды түзгөн (2015-жылы 128 миң болгон).

Трибунасы менен 1500 жана андан көп орундуу чоң көлөмдөгү стадиондордун саны 2015-жылга салыштырганда 8ден 22 бирдикке көбөйгөн. Бассейндердин саны тескерисинче 27ден (2015-жылы) 23кө чейин (2016-жылы) азайган.

Спорттук аянтчалардын жана талаалардын кыйла көп саны Жалал-Абад облусунун аймагында, алардын эң азы Талас облусунда жана Ош шаарында. Трибунасы менен 1500 жана андан көп орундуу чоң көлөмдөгү стадиондор бардык облустарда, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында бар. Бассейндердин эң көп саны Бишкек шаарында, мында бир эле учурда өткөрүү мүмкүнчүлүгүнүн жалпы көрсөткүчү 635 адамды түзгөн.

Акыркы мезгилдерде бизнестин дене тарбия жана спорт тармагына кызыгуусунун өскөндүгү белгиленүүдө, бул жөнүндө спорттук клубдардын жана секциялардын ачылып жаткандыгы күбөлөндүрүүдө. Бирок, мындай тенденция негизинен Кыргыз Республикасынын ири шаарлары үчүн мүнөздүү. Аталган тенденцияларга карабастан сергек жашоо мүнөзүнүн маселелери боюнча мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүлөрү дээрлик жокко эсе.

Жагдайды талдоо ийгиликтүү өнүгүп жаткан эки форманы тапты:

1) клубдарды, секцияларды ачуу аркылуу иштеген жана калк тарабынан жетиштүү талап кылынган дене тарбия боюнча кызматтарды көрсөтүү аркылуу иштеп жаткан жеке ишкердик. Мында машыгуучулардын керектөөлөрүнө жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына ылайык баа түзүүнүн рыноктук механизмдери ишке ашырылып жаткандыгы белгиленүүдө;

2) спорттук оюн-зооктордун уюштуруучулары жана жетекчилери тарабынан негизги максаттардын бири пайда табууну көздөгөн коммерциялык, кесипкөй спортту калыптандыруу.

36. Аталган формаларды ишке бирдей ашыруу айрым учурларда заманбап талаптарга, анын ичинде эл аралык стандарттарга жооп берген спорттук курулмаларды курууга жана реконструкциялоого капиталдык салымдар менен коштолот. Финансылык жактан тартыштык шартында мамлекеттик секторго караганда жеке сектордун бир жолку жана учурдагы чыгымы басымдуулук кылган учурда, ал атаандашууга гана жөндөмдүү болбостон, келечекте басымдуулук кылуучу секторго айланат.

Азыркы учурда дене тарбия жана спорттун материалдык-техникалык базасы объекттердин жетишсиздиги, эл аралык стандарттарга жана талаптарга шайкеш келбегендиги, аймак боюнча бөлүштүрүүлөрдүн бирдей эместиги, заманбап жабдуулар жана инвентарлардын жоктугу менен мүнөздөлөт.

Өнүктүрүүнүн негизги көйгөйлөрү.

38. Дене тарбия жана спорттун учурдагы абалына жүргүзүлгөн талдоо тармактын андан ары өнүгүүсүн токтотуп турган үч негизги системдик көйгөйлөрүн аныктады.

Биринчи көйгөй - спорт жана дене тарбия жактан активдүүлүккө машыгуу боюнча инфратүзүмдүн объекттеринин жетишсиздигин, алардын эл аралык стандарттарга жана талаптарга шайкеш келбестигин, аймактык бөлүштүрүүлөрдүн бирдей эместигин, заманбап жабдуулардын жана инвентарлардын жоктугун камтыган инфратүзүмдүк көйгөй.

Экинчи көйгөй - кесипкөй кадрлардын жетишсиздигин, окутуу-машыктыруу процессин уюштуруунун жана керектүү каражаттар менен камсыздоонун заманбап методикаларынын жана технологияларынын жоктугун, кесипкөй биологиялык-медициналык жана илимий коштоолордун жоктугун камтыган технологиялык көйгөй.

Үчүнчү көйгөй - калкты дене тарбия жана спорт менен машыгууга умтулуусунун төмөн деңгээлин, активдүү сергек жашоону жана спортко кызыгууну ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн көп түрдүүлүгүнүн жоктугун дене тарбия жактан активдүүлүктүн пайдасын жана мүмкүндүктөрүн системдүү даңазалоонун жоктугун камтыган маркетингдик көйгөй.

Төртүнчү көйгөй - дене тарбияны өнүктүрүүгө жана даңазалоого зыян келтирүү менен жогорку класстагы спортсмендерди даярдоого гана күч-аракеттердин топтолушун, мамлекет, коомдук жана спортту өнүктүрүүнүн эл аралык институттарынын ортосунда туруктуу коммуникациялардын жоктугун камтыган башкаруучулук көйгөй.

Функционалдык башкаруу.

Ушул болжолдоону ишке ашыруу үчүн уюштуруу-штаттык түзүмдү кайра өзгөртүп түзүү, ички процесстердин натыйжалуулугун жогорулатуу, маалыматтык камсыздоону өркүндөтүү, тышкы коммуникациялардын дене тарбия жана спортту башкаруунун башка субъекттери менен өзгөртүү талап кылынат.

Пландалып жаткан өзгөртүүлөрдүн максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу, дене тарбия жана спорт жаатында сапаттуу социалдык жактан маанилүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө багытталат.

Алдыдагы келечекте уюштуруучу-башкаруучу блок жаатындагы башкы милдеттер төмөнкү аспектилер болот:

- маалымат алуунун, иштеп чыгуунун жана талдоонун процессин жана өлкөдө дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн даражасын кеңейтүү;

- чөйрөнүн ар кандай өзгөрүүсүнө жана коомдогу керектөөлөргө сапаттуу жана оперативдүү чечимдерди иштеп чыгуу;

- мамлекеттик түзүмдөр, коомдук жана эл аралык спорттук уюмдар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү.



Мыйзамдык аспектилер.

58. Ушул программанын жоболорунан улам дене тарбия жана спортту жөнгө салуучу маанилүү мыйзамдарды кайра карап чыгуу максатка ылайыктуу. Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт жаатындагы колдонуудагы мыйзамдарын оптималдаштыруу талап кылынууда.

59. Бүгүнкү күндө дене тарбия жана спорт жаатында Кыргыз Республикасынын профилдүү 3 мыйзамы бар: "Дене тарбия жана спорт жөнүндө", "Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө", "Паралимпиадалык спорт жөнүндө". Бирок бул мыйзамдар түшүндүрүү аппаратын кеңейтүү бөлүгүндө толуктап иштеп чыгууну, Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына ылайык келтирүүнү, мамлекеттин жеке менчик формасындагы спорттук клубдар менен өз ара аракеттенүү боюнча функцияларды аныктоону талап кылат.

60. Жалпысынан аталган мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын бир жалпы Мыйзамына бириктирүү зарыл. Мындан тышкары, рынок экономикасынын механизмдерин киргизүүнү, дене тарбия жана спорт тармагын коммерциялаштырууну эске алуу менен мыйзамдарды оптималдаштыруу зарыл.

61. Аталган мыйзамдар менен катар эле фискалдык шыктандыруу чараларын, административдик колдоону, ар түрдүү субъекттердин, анын ичинде башкаруунун баскычтарынын ортосунда функцияларды жана ыйгарым укуктарды кайра бөлүштүрүүнү эске алуу менен дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн калыптандыруучу башка ченемдик укуктук актылар демилгеленүүгө тийиш.

Мониторинг жүргүзүү жана баалоо.

65. Ушул Программанын алкагында мониторинг жүргүзүү системасын түзүү жана программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоону жана талдоону уюштуруу пландалууда. Мониторинг  жүргүзүү системасы сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү жана мүнөздөмөлөрдү карайт.

66. Мониторинг жана баалоо төмөнкүлөргө багытталат:

- багыттардын ар бири боюнча чараларды ишке ашырууну системалуу талдоо жана баалоо;

- керектүү башкаруучулук, ченемдик укуктук жана ресурстук-кадрдык камсыздуулук менен камсыздоо;

- билдирилген максаттардан четтөөлөрдү табуу, алардын пайда болуу себептерин талдоо, керектүү оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүү.

67. Программаны ишке ашыруунун ийгиликтүүлүгүнө мониторинг жана талдоо жүргүзүү үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин негизги иши болуп калат. Натыйжалуулуктун бардык көрсөткүчтөрү жыл сайын көзөмөлгө алынып турат.

Күтүлгөн натыйжалар.

Программаны ишке ашыруу дене тарбия жана спорт тармагын өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча позитивдүү тенденцияга жетишүүгө, дене тарбия жана спорт менен системалуу машыгууга тартууга жана калктын кеңири массасына сергек жашоого кошулууга мүмкүндүк берет, бул Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо турмушунун сапатын жакшыртууга оң таасирин тийгизет.

Дене тарбия жана спорт тармагын реформалоо бюджеттик каражаттарды пайдалануунун ачыктыгына жана натыйжалуулугуна жетишүүгө, тармакты башкаруу системасын оптималдаштырууга, ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүүгө мүмкүндүк берет.

Калктын дене тарбия жактан активдүүлүгүнүн жана спорт менен машыгууларынын массалуулугунун деңгээлин жогорулатуу эмгек өндүрүмдүүлүгүнө жана Ата мекенди коргоого позитивдүү таасирин тийгизет.

Улуттук спорттук элитаны системалуу даярдоону жайылтуу эл аралык комплекстүү спорттук мелдештерде ата мекендик спортсмендердин атаандашууга жөндөмдүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет. Ата мекендик спортсмендердин эл аралык мелдештердеги натыйжалары өлкөнүн эл аралык аренадагы имиджин аныктайт. Программанын маанилүү жыйынтыгы спорттун улуттук түрлөрүн жана Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарынын брендин андан ары өнүктүрүү болуп саналат.

Программада дене тарбия жана спортту региондордо өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүнгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясынын башкы максаты, өзүнө өнүктүрүү борборлорун жана тийиштүү айыл аймактарын камтыган таяныч аймактарды өнүктүрүүнү борбордук колдоо аркылуу калктын бакубаттуулугун жана жашоо турмушунун сапатын арттыруу үчүн республиканын региондорун тездетилген социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыздоо болуп саналат. Программа региондордо дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн шарттарды түзүү жолу менен жогоруда белгиленген максаттарга жетишүүгө көмөк көрсөтөт, бул калктын жашоо турмушунун сапатына түздөн-түз таасирин тийгизет.

Дене тарбия жана спорт тармагында инвестициялык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу азыр өтө кейиштүү абалда турган колдонуудагы спорттук объекттерди сактап калууга жана өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү Кыргызстанга континенталдуу комплекстүү спорттук эл аралык мелдештерди өткөрүүгө жана ата мекендик спортсмендердин атаандашууга жөндөмдүүлүгүн арттырууга мүмкүндүк берет.

Дене тарбия жана спорт тармагында МЖӨнү өнүктүрүү спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү жана өлкөнүн бюджетине күч келтирүүнү азайтуу үчүн каржылоонун кошумча булактарын табууга көмөк көрсөтөт.



9. Колдонулган булактар.

http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/11557/20?cl=ky-kg&mode=tekst

http://cbd.minjust.gov.kg/

Кыргыз республикасынын мыйзамы 

1. Дене тарбия жана спорт жөнүндө

2. Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө

7



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!