СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жениш куну майрам

Нажмите, чтобы узнать подробности

Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин  башталгыч классынын                  мугалими: Асанкадырова Гүлүмкан

Сабактын темасы:Улуу Жеӊиш күнүнүн 74 жылдыгына карата

“Эр жигит эл четинде, жоо бетинде”

Сабактын максаты:  1).Окуучулар мекенди коргоо жөнүндө түшүнүк алышат. Тынчтык күндү алып келген, улуу муундардын кылган эрдиктери менен таанышышат. 

2). Окуучулардын өз алдынча эркин ой жүгүртүүлөрү, таанып – билүү жөндөмдүүлүктөрү  өнүгөт.

3). Окуучулар Ата –Журтун тереӊ сүйүүгө, мекенчил болууга, улуу муунду урматтап,сыйлоого,алардын эмгегин баалоого тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: Сүрөттөр, макалдар, слайд.

Сабактын тиби:  Жаӊы сабакты өздөштүрүү.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу. Окуучуларга жагымдуу маанай тартуулоо.

Сабактын максаты менен тааныштыруу.

Сабакты  Кыргыз республикасынын  гимнин ырдоо менен  ачабыз.

         Мугалимдин сөзү: Кутмандуу күнүӊүздөр менен!  Урматтуу меймандар, мугалимдер, окуучулар!  Дүйнө жүзүндө көптөгөн мамлекеттер бар. Ар бир мамлекетте бизге окшогон тынчтыкты каалаган адамдар жашашат.

Ар бир адамдын мекени болот. Мекенин коргоого ар бир адам милдеттүү. Жер жүзүндө адамдар жаралгандан бери эле үйүн, жерин, мекенин коргоп, сактап келишкен.

        Мисалы: Манас атабызды алсак,ал Алтайдан кол курап келип, жерибизди ээлеп алган душмандарды сүрүп чыгып, чачылган кыргызды жыйнап, мекенин, элин-жерин коргоп, сактап калган.

         Ал эми 1941-жылы башталган Улуу Ата – Менендик согушта Мекен үчүн,

эл  үчүн деп, канчалаган аталарыбыз, жоокерлерибиз жоого аттанып, душмандарга каршы турушкан. Мына ошондой баатырларыбыздын ичинен Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Ысмайылбек Таранчиев деген баатырлар чыккан. Алар өз жанын аябастан, Мекен үчүн курман болушкан.

         Биз ушул улуу муундардын жасаган эмгектерин, эрдиктерин эч качан унутпай, ошолордун жолун жолдоп, Мекенибизди коргоого ар дайым даяр болушубуз керек. Мекенди коргоо үчүн эӊ биринчиден Мекенибизди сүйүшүбүз  керек, эр жүрөк тайманбас,  баатыр,акылдуу, чыдамкай, билимдүү  ден соолугубуз чыӊ болушу керек.

        Бизде ушундай  сапаттарыбыз болгондо гана  Мекенибизди коргой алабыз!  Мына быйыл Улуу Жеништин 74 жылдыгын кубанычтуу тосуп жатабыз. Анда эмесе  Улуу Жеништин 74 жылдыгына арналган “ Эр жигит эл четинде,  азамат жоо бетинде” аттуу тарбия саатыбызды ачык деп жарыялаймын.                                                                                                                                       Мугалим: Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аталарды, агаларды     1 мүнөт  эскерүү. ( Сааттын жебесинин үнү)

Жеӊиш, Жеӊиш! Жеӊгендерге салтанат,

Жеӊиш, Жеӊиш!  Жер дүӊгүрөп чыгат үн.

Жеӊиш, Жеӊиш! Жалпыбызга майрам күн,

Жергемде бүгүн шаттык, кубаныч.

Жалпы:  Куттуктайбыз!

1-окуучу: Саламатпы салабаттуу  кыргыз элим,

Салтанат майрам менен куттуктаймын.

Карачы элдин шаӊын толкунданган,

Канткенде мындай күнү унчукпаймын.

2-окуучу: Акындар  атка минип жар чакырсын.

Аксакал ачып берсин майрамыӊды.

Алдыӊкы улан – кыздар желбиретип,

Алдына алып өтсүн байрагыӊды

3-окуучу: Тынчтык, достук башкы максат элдеги,

Эч согушсуз, жашоо ыйык милдети.

Бул максатта коргоо ишин колго алган,

Биздин өлкө тынчтыктын чыӊ тиреги.

4-окуучу:  Кучагын жайып жер асман,

Кубанып баары карашкан.

Тынчтыктын ырын ырдайбыз.,

Тынчтыкта ырдап жыргайбыз.

5-окуучу: Жумушчу берет керегин,

Дыйкан алат көп эгин.

Тынчтык бар жерде, дүйнө кеӊ,

Тынчтыкты сүйөт, биздин эл.

6-окуучу: Кыргызстан тынчтык тиреги,

Кыргызстан тынчтык жүрөгү.

Тынчтыкта ойноп  күлөлү,

Тынчтыкта ырдап жүрөлү.

7-окуучу: Абалтадан энелер,

Элге бутак, дем болгон.

Эне сүтүн актаган,

Жоодон качпас эр болгон.

8-окуучу: Нурун төгүп, алтын күн,

Бакыт консун ар үйгө,

Тынчтык керек ааламга,

Тынчтык болсун дүйнөдө.

9-окуучу: Жашасын улуу ынтымак,

Өмүргө сонун тынч убак.

Жек көрүп согуш түтүнүн,

Көрөбүз турмуш үзүрүн.

10-окуучу: Эгемен эркин Мекенден,

Тынчтыкты сүйгөн биздин эл,

Тынчтыгы элди сактасын,

Бизге окшоп жашайм дегендер.

11-окуучу: Карачы эркин жериме,

Жарашат тынчтык жарашат.

Тынчтыктын болуп солдаты,

Мекеним алга баратат.

12-окуучу: Таалайы артык эл-жерим

Тынчтыктын соккон жүрөгү.

Уккула тынчтык кабарын.,

Мекеним тынчтык тиреги

13-окуучу: Таӊ жели  сылап ойготуп,

Элибиз чыгат эмгекке.

Эмгеги менен ар күнү,

Тынчтыкка кубат береке.

14-окуучу:  Мен окуучу баламын,

Менин  ушул талабым.

Күйгүзбөсүн эч ир өрт,

Китептердин барагын.

15-окуучу: Атам тиккен бул багым,

Ал каалабайт кырсыкты.

Жаны менен бир өӊдүү,

Жактайт сүйөт тынчтыкты.

16-окуучу: Ой тилеги энемдин,

Ойлогону эжемдин.

Болсун тынчтык түбөлүк,

Багы гүлдөп элдердин.

17-окуучу: Согушту жек көрөмүн,

Сүйбөйт чырды жүрөгүм.

Туйгун учкун урушпай,

Тынч болсун дейт түнөгүм.

18-окуучу: Сүйөм тынчтык күндөрүн,

Сүйөм бактын гүлдөрүн.

Балдар менен таттуумун,

Бак аралап жүрөмүн.

19-окуучу: Менин да ушул тилегим,

Тынчтыкты сүйөт жүрөгүм.

Тынчтык бар кезде дүйнөдө,

Окуп, ойноп жүрөмүн.

20-окуучу: Каректей жерин сактаган,

Касташкан жоосун таптаган.

Элинин күткөн тилегин.

Эсепсиз элдер мактаган.

Жашасын жеӊген элибиз,

Гүлдөсүн эркин жерибиз.

20-окуучу: Жектесе жеӊбей койбогон.

Жеӊилбес биздей эл кайда!

Кеӊдиги чексиз асманда,

Биздин жер, сендей жер кайда?

Жашасын жеӊген элибиз,

Гүлдөсүн эркин жерибиз!

22-окуучу: Бизди коргоп бул жеӊиш,

Катаал согуш каарынан.

Өрт ичинде жаралган,

Аталардын канынан.

23-окуучу: Билүү керек ар бир кыз,

Билүү керек ар бир улан.

Бизди коргоп аталар,

Кечкендигин канынан.

Ошон үчүн бул майрам,                                                                                                                           Бизге кымбат баарынан!

24-окуучу Көркөм айтуу: “Улуу эл”- деп тарых айтат кыргыз элин,

Буюм эмес, сатып алба кыргыз жерин.

Киндик кан тамган жериӊ, Ата –журтуӊ кымбат тура,

Эр жигитке эл башкарган  урмат тура.

Менчик болбос, Мекен деген элдики,

Азык, байлык, тиричилик жердики.

Терс бурулба, бутуӊ жеткен жерди сыйла.

Тарыхы бар касиеттүү элди сыйла.

Суусу акса кыр-кырдан  токтобой,

Тынчтык сүрүп, адамдарын жоктобой.

Өмүр шамын өйдөлөтүп карагын.

Ар күнүӊдү эл журтуӊа арнагын.

Текке кетпес асыл эмгек жасасаӊ,

Ошол болот өлбөс болуп калганыӊ.

Бул майрамда жайнаган,

Жаркырайт таалай,нурубуз.

Бабам Манас колдосун,

Бактылуу кенен жол болсун!

25-окуучу:  Тогузунчу май күнү,

Фашистерди жеӊген күн.

Желпинтип колго туу алып,

Жеӊиш менен келген күн.

24-окуучу: Берлинди алып бул күнү,

Советтик тууну сайган күн.

Кара ниет фашизм,                                                                                                                      Советтик колдон тайган күн.

25-окуучу: Сыймыктанат, шаттанат,

Баатыр кыргыз элдерим,

Асыл, каухар жерлерим,                                                                                                     Кулпурсун менин мекеним.

26-окуучу: Эрдик жасоо Манас атаӊ жөрөлгөӊ,

Уулдарыӊ  сени тартып төрөлгөн.

Ата – Журтту коргоп уулуӊ Чолпонбай!

Окту тосуп,  Дзот оозуна бөлөнгөн!

Намыскөйлөр  элибизде аз эмес,

Алар сенин алтын данек көрөӊгөӊ.

Мугалимдин сөзү: Ар дайы ачык болсун, ушул асман,

Жер төксүн аянбастан берекесин.

Ыргалып эгин өссүн талааларда,

Ырыс кенин  бейкутчулук тартууласын.

Ар дайым ачык болсун ушул асман,

Ал асманда күнүм болсун нурун чачкан.

Боздоткон кары жаштын бардыгын теӊ,

Болбосун каардуу согуш азап тарткан.

Биз каалайбыз адамдарга жакшылык.

Мелмилдеген бак-таалайды баш кылып.

Аалам элин айырбасын тынчтыктан,

Куунап өссүн толкунданган балалык.                                                                        

Бышыктоо:

- Азыркы учурда биздин тынчтыгыбызды сактап, Мекенибиздин сакчылыгында турган кимдер?

- Туура,  чек арачылар.

- Чек арачылар кимдер?

- Туура айтасыӊар, алар кыргызымдын жигиттери.

- Силер да келечектеги  Мекенди коргоочуларысыӊар!

Хор:  Жоокер ыры.   Сыймык Бейшекеев

Элимдин бейпилдигин, Намыска бек сактаймын.

Энеке ак сүтүндү, Эл коргоп, мен актаймын!

 Эр жигит эл четинде,  Азамат жоо бетинде,

Алыска кыргыз элим. Ар дайым сезимимде

Сүйүктүү чек арамды, Душманга аралатпайм.

Атаке сөзүм берем, Жүзүндү жер каратпайм.

1-окуучу:   Отряд  Мекен үчүн!

Жалпы:   Кызмат кылабыз!!

        Кыргызым кутман элим,

        Бейиштен бүткөн жерим.

        Намысты алдырбайбыз,

        Ишенгин менин  элим ! !

Жыйынтыктоодо:  Окуучулардын Жеӊиш күнүнө карата тарткан сүрөттөрүнүн  көргөзмөсү  болот. Жалпы айткан ырлары, тарткан сүрөттөрү бааланат.

Үйгө  тапшырма:   Мекен  жөнүндө  ыр – макал жаттап келүү.

Просмотр содержимого документа
«Жениш куну майрам»

Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин башталгыч классынын мугалими: Асанкадырова Гүлүмкан

Сабактын темасы:Улуу Жеӊиш күнүнүн 74 жылдыгына карата

Эр жигит эл четинде, жоо бетинде”

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!