СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Прогрессиялар темасын кайталоо

Категория: Алгебра

Нажмите, чтобы узнать подробности

Арифметикалык жана геометриялык прогрессиялар брюнча жыйынтыктоочу сабак

Просмотр содержимого документа
«Прогрессиялар темасын кайталоо»

Мөөнөтү: _________________

Предмети: Алгебра

Классы: 9-класс

Сабактын темасы : Арифметикалык жана геометриялык

прогрессиялар темаларын кайталоо

Сабактын тиби: Жалпылоочу кайталоо сабагы

Колдонулуучу усулдар: жекече иштөө, жуптарда иштөө, топто

иштөө

Колдонулган баалоо усулдары: өзүн-өзү баалоо, бири-бирин баалоо,

калыптандыруучу сурамжылоо

Жабдылышы/каржаттар: интерактивдүү доска, компьютер,

тапшырмалардын даярдалган тексттери


Сабактын билим берүүчүлүк максаттары:

Көрсөткүчтөр:

Материалды окуп үйрөнүүн натыйжасында окуучулар төмөнкүлөрдү аткара алышат:

Арифметикалык жана геометриялык прогрессиялардын n-мүчөсүнүн формуласын колдонуп, каалаган мүчөсүн таба алышат

Арифметикалык жана геометриялык прогрессиялардын алгачкы n мүчөлөрүнүн суммасын таба алышат

Окуучулар максатка жетишет, эгерде сабактын аягында төмөнкү мазмундагы маселелерди чыгара алышса:

a1=-5, d=4. Арифметикалык прогрессиянын биринчи жыйырма мүчөсүнүн суммасын тапкыла.

b1= 3, q=10 болсо, анда геометриялык прогрессиянын алгачкы 5 мүчөсүнүн суммасын тапкыла ж.б.


Сабактын өнүктүрүүчүлүк максаты:

Прорессия темасын жалпылашат, формулаларды туура колдонуу менен мисалдарды иштөөнү өздөштүрүшөт.

Сабактын тарбиялык максаты:

Бири-бирин угууга, сыйлоого, өз оюн эркин айтууга, математикалык сүйлөө речин жана сүйлөө маданиятын жогорулатууга, ой жүгүртүүлөрүн өстүрүүгө тарбияланышат.

Сабактын жүрүшү:

Математика – акылдын гимнастикасы.

Муз жаруу.

Кийинки сан кайсы: 3,5,8,13,21,… Жооп: 34

Мугалим: Кымбаттуу окуучулар,

Математикадагы ар бир иш теманы окуп үйрөнүүгө, татаал маселелерди чыгарууга жардам берген эрежелерден , түшүнүктөрдөн башталат. Бул сабакта силер өз алдынча, жуптарда жана топто иштеп, сабакта керек болуучу эрежелерди канчалык деңгээлде өздөштүргөндүгүңөрдү текшересиңер.

Чакыруу стадиясы.

Сабактын башында разминка иретинде мини тестке жооп беребиз (5 мин)

Төмөндөгү формулалар аркылуу эмнени табууга болот?

1. an=a1+(n-1)d

А) Арифметикалык прогрессиянын белгилениши

Б) Арифметикалык прогрессиянын айырмасы

В) Арифметикалык прогрессиянын алгачкы n мүчөлөрүнүн суммасы

Д) Арифметикалык прогрессиянын n-чи мүчөсүнүн формуласы

2.

А) Геометриялык прогрессиянын алгачкы n мүчөлөрүнүн суммасы

Б) Геометриялык прогрессиянын n-чи мүчөсүнүн формуласы

В) Геометриялык прогрессиянын белгилениши

Г) Геометриялык прогрессиянын бөлүмү

3.

А) Арифметикалык прогрессиянын белгилениши

Б) Арифметикалык прогрессиянын айырмасы

В) Арифметикалык прогрессиянын алгачкы n мүчөлөрүнүн суммасы

Д) Арифметикалык прогрессиянын n-чи мүчөсүнүн формуласы

4.

А) Арифметикалык прогрессиянын белгилениши

Б) Арифметикалык прогрессиянын айырмасы

В) Арифметикалык прогрессиянын алгачкы n мүчөлөрүнүн суммасы

Д) Арифметикалык прогрессиянын n-чи мүчөсүнүн формуласы

5.

А) Геометриялык прогрессиянын алгачкы n мүчөлөрүнүн суммасы

Б) Геометриялык прогрессиянын n-чи мүчөсүнүн формуласы

В) Геометриялык прогрессиянын белгилениши

Г) Геометриялык прогрессиянын бөлүмү

6.

А) Геометриялык прогрессиянын алгачкы n мүчөлөрүнүн суммасы

Б) Геометриялык прогрессиянын n-чи мүчөсүнүн формуласы

В) Геометриялык прогрессиянын белгилениши

Г) Геометриялык прогрессиянын бөлүмү

7.

A) Геометриялык прогрессиянын бөлүмү

Б) Арифметикалык прогрессиянын айырмасы

В) Арифметикалык прогрессиянын алгачкы n мүчөлөрүнүн суммасы

Д) Арифметикалык прогрессиянын n-чи мүчөсүнүн формуласы

8.

A) Геометриялык прогрессиянын бөлүмү

Б) Арифметикалык прогрессиянын айырмасы

В) Арифметикалык прогрессиянын алгачкы n мүчөлөрүнүн суммасы

Д) Чексиз кемүүчү геометриялык прогрессиянын суммасы

9.

A) Геометриялык прогрессиянын бөлүмү

Б) Арифметикалык прогрессиянын айырмасы

В) Арифметикалык прогрессиянын алгачкы n мүчөлөрүнүн суммасы

Д) Чексиз кемүүчү геометриялык прогрессиянын суммасы

10. Төмөндөгү удаалаштык:

4;7;10;13;16;19;22;25;28;31;34;37;40;43;…

А) Арифметикалык прогрессия

Б) Геометриялык прогрессия

В) Арифметикалык да, геометриялык да прогрессия эмес

11 Сунушталган ырааттуулуктардан арифметикалык прогрессия болуп эсептелген ырааттуулукту тандагыла:

А) 9;9;9;9;… Б) 2;10;18;26;… В) 3;6;12;24;… Г) 2;5;9;15.

12. Ушул эле удаалаштыктардын ичинен кайсынысы геометриялык прогрессия болот?

А) 9;9;9;9;… Б) 2;10;18;26;… В) 3;6;12:24;… Г) 2;5;9;15.

Түшүнүү стадиясы.

Мугалим: Арифметикалык прогрессияны жана анын касиеттерин математиктер байыркы убактан тартып эле изилдеп келе жатышат. Байыркы убактан бизге жеткен прогрессия боюнча маселелер чарбанын муктаждыктары, азык-тγлγктγ, энчини бөлγштγрγγ менен байланышкан. Биздин убакта мындай маселелер физикада, тарыхта, экономикада, медицинада кездешет.

Маселени чүчү кулак иретинде ар бир топ башчысы тандап, иштешет. (5-7 минута)

1-маселе:

Тело биринчи секундада 9 м жылып өтөт, андан кийинки ар бир секундада биринчиге караганда 3 м ге көбγрөөк өтөт. Тело 14-чү секундада жан 14 секундада канча аралыкты өтөт?

Берилди:

а1=9 , d=3, а14=? S14=?

Чыгаруу: формуласы боюнча

формуласы боюнча

Жообу: 48 м, 399 м

2-маселе:

Шар биринчи секундада 12 метр учту. Андан кийинки ар бир секунда сайын 4 м ге көбγрөөк учат. Шар 10 секунданын ичинде канча аралыкты учуп өтөт?

Берилди:

а1=12 , d=4, S10=?

Чыгаруу: формуласы боюнча

Жообу: 300 м

3-маселе:

) геометриялык прогрессиясынын биринчи мүчөсү 2 ге, ал эми бөлүмү 3 кө барабар. Биринчи алты мүчөлөрүнүн суммасын тапкыла.

Берилди:

Чыгаруу:

формуласы боюнча

Жообу :

4-маселе:

Эгерде болсо, геометриялык прогрессиясынын алтынчы мүчөсүн тапкыла.

Чыгыруу:

формуласынын пайдаланабыз . , ,


Жооп:Б)

Ойлонуу стадиясы.

5-маселе (экономикалык маселе . 5 минута)

Темир устаканасы январь айында 106 тетик даярдады, ар бир кийинки айда мурдагыга караганда 3 тетикке көбγрөк даярдады. Темир устакана май айында канча тетик даярдады? Жыл бою темир устакана канча тетик даярдады?

Берилди: a1=106 (январдагы тетиктердин саны)

d=3 (ар бир кийинки айда 3 кө көп тетик даярдайт)

Табуу керек: a5 =? (май айындагы тетиктердин саны)

S12=? (жыл бою даярдаган тетиктердин саны)

Чыгаруу an=a1+(n-1)d формуласы боюнча

а5=106+4*3=106+12=118

формуласы боюнча

Жообу: 118 тетик, 1470 тетик

Жыйынтыктоо .

Балдар! Бүгүнкү сабакта арифметикалык жана геометриялык прогрессиянын колдонуу тармактары менен тааныштык. Мындан тышкары келечекте геометриялык прогрессиянын бизнес жана банк иштеринде колдонуларын көрөсүңөр. Ошондуктан прогрессияны жакшы өздөштүрүүңөр керек.

Баалоо. Баалоодо тест үчүн ар бир суроого 1 баллдан 10 балл, маселелер үчүн 5 баллдан , кошумча суроолор үчүн 1 баллдан. Жыйынтыгында:


15-20 балл топтогондорго

10-15-балл топтогондорго

5-10 балл топтогондорго

«5»

«4»

«3»


Үй тапшырмасы:

  1. Аба ваннасынын биринчи кγнγн 15 мγнөттөн башташат, андан кийин ар бир кγн сайын процедурасынын убактысын 10 мγнөткө узартышат. Максималдуу узактык 1 саат 15 мγнөткө жетγγ γчγн жогорудагы тартипте канча кγн аба ваннасын алуу керек?

  2. Окуу китеби 94-бет 126-мисал.



3



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!