Просмотр содержимого документа
«Жоокердин каты 9-май»
Жоокердин каты
Апакебай мен жоокерге баратамын
Мени күтүп айды, жылды санабагын
Жерим үчүн танка алдында калсам эгер
Суранамын жаным апам ыйлабагын.
Мекен коргоо бул жигиттин милдети да
Кудай эмне жазса көрөм маңдайыма
мен жигитмин менде дагы жүрөк барда
кетким келет асылтарга сагынганда
Кайталбаймын апа сенин кучагыңа
Санаа тартпа вартолет алыыс учса
Жигит башым кантип барам айылыма
Окко учуп чоң-аталар өлүп жатса
Күн жылыды башталдыбы жазгы талаа
Айтчы атам жүрөбү ден солукта
Айткын мени келет экен деп жакында
Байкуш атам кайгырбасын карылыкта
Жигит үчүн жашоо катаал каралганбы
мекен үчүн кызмат кылбас айла барбы
көтөрдүңго тогуз ай курсагыңа
айтчы менин сагынганга акым барбы?
Жалган беле чоңойгондо асман дагы
Алып берчү топтомолок айды дагы
Кана мени эркелетчү алдейлеген
Жаным апам чооң бейиште жолугалы.
Автор: Нурбаева Айткул