СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Балалыкка кайтып баруу" акыл-таймашы

Нажмите, чтобы узнать подробности

“Балалыкка кайтып келүү” темасында “Акыл ордо” интеллектуалдык таймаштын иштелмеси

 

Просмотр содержимого документа
«"Балалыкка кайтып баруу" акыл-таймашы»



Кара-Балта шаары №4 орто мектеби

Акыл ордо











Интеллектуалдык таймашынын иштелмеси

(мугалимдер үчүн)



Балалыкка кайтып баруу”

Темасы:













Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.

Акыл ордо” интеллектуалдык мугалимдер үчүн таймаштын иштелмеси

Темасы: “Балалыкка кайтып келүү”

Сабактын тиби: Аралаш сабак

Сабактын ыкмасы: Интерактивдүү

Колдонуучу каражаттар: проектор, трибуналар, карточкалар

Сабактын максаты: Мугалимдердин билим, билгичтик, көндүмдөрүн калыптандыруу, системалуу билим деңгээлине ээ болгондугун текшерүү, мектептеги предметтерге болгон кызыгууларын жогорулатуу (балалыкты эскерүү)

Сабактын жүрүшү: 1-турда ар кыл предметтен 20суроо 3 варианттан турган жооптору берилет, ал 3 жооптун 1и гана туура. Эң көп упай топтогон катышуучулар кийинки турга өтүүгө жолдомо алышат.

  1. 1. 20-жылдардын экинчи жарымында кыргыз кызматкерлеринин арасындагы бийлик үчүн күрѳшкѳн эки топтун жаатташуусу кучѳгѳн? Алардын ичинен терс каармандарды белгиле? А) И. Айдарбеков.. И.Арабаев. К.Тыныстанов. ж.б Б) Р. Кудайкулов. Д.Бабаханов. Ы.Тойчинов В) А. Сыдыков. И.Арабаев. Ж. Абдрахманов. ж.б

  2. Биринчи беш жылдык план качан кабыл алынган?

А) 1929-жылы

Б) 1927-жылы

В) 1930-жылы

  1. ... -жылы жайында Сталин «туташ коллективдештирүүнүн ураанын» жарыялайт.

А) 1929-жылы

Б) 1936-жылы

В) 1937-жылы

  1. 1934-ж 1-декабрда Ленинградда, Смолныйда ... ѳлтүрүлүшү репрециянын жаӊы толкунунун башталышына сигнал болот

А)Каменскийдин

Б)Ж.Абдрахманов

В) Кировдун

  1. “Кулактарды тап катары жоюу” саясаты Кыргызстанда кандай жүргүзүлгѳн?

А) Туура жүргүзүлгѳн

Б) Туура эмес жүргүзүлгѳн

В) Жүргүзүлгѳн эмес

  1. 1917-жылы А.Сыдыков түзгөн партия?

А) «Алаш» партиясы

Б) “Жергиликтештирүү” партиясы

В) “Отуздар” каты

  1. Жайлоо советинин негизги милдети-...

А) Бай-манаптарды жоопко тартуу

Б) Жайлоо совет бийлигин чыңдоо, революциячыл мыйзамдуулукту киргизүү.

В) Органдарга өз убагында салыктарды төлөп туруу, жана башка көмөк көрсөтүү

  1. Футбол оюнунда бир тайм канча убакытка созулат?

А) 1 саатка

Б) 90 мүнөткө

В) 45 мүнөткө

  1. Биз пайдаланган туздун химиялык курамы кайсы?

А) NaCl

Б) CuSO4

В) HCl

  1. Күндүн желеси кайсы физикалык кубулушту аныктайт?

А) Дисперсия

Б) Интерференция

В) Дифракция

  1. Организмдин чөйрөгө ыңгайлануусу

А) авиация

Б) абиотика

В) адаптация

  1. Өзүнүн акыл-эси менен айырмаланган жандык?

А) адам

Б) арстан

В) айбанаттар

  1. Асман телолорун изилдөөчү курал-…?

А) микроскоп

Б) телескоп

В) астрономия

  1. Планеталардын ичинен эң чоңу?

А) Жер

Б) Сатурн

В) Юпитер

  1. Бүткүл дүйнүлүк байланыш кайсы программа аркылуу ишке ашат?

А) Интернет

Б) Телекоммуникация

В) Microsoft office

  1. Вируска каршы курөөшүүчү колдонмо программалардын тобу-…?

А) Гипертекст

Б) Алгоритм

В) Антивирус

  1. Бир клеткалуу эң жөнөкөй түзүлүштөгү жаныбар кайсы?

А) аары

Б) амеба

В) акплонария

  1. Кыргызстанда жана Казакстанда багылуучу уй парадосы?

А) Архангельский ую

Б) ала сары уй

В) Ала-Тоо ую

  1. B C D жана кандай дагы витамин бар?

А) адинин

Б) ацетин

В) “А” витамини

  1. “Приматтом” деген сөз бизче кандай маанини билдирет.

А) Акыл эсти

Б) азыркы

В) алгачкы

2-турда эң көп упай топтогон 4 катышуучу кийинки турга өтөт, б.а. «Категориялар» туруна. Анда 6 категория боюнча суроолор бар, ар бир катышуучу бирден категоия тандашып, 1мүнөттүн ичинде суроолого жооп категориялар боюнча суроолого жооп беришет, ар бир туура жооп 1 упай.

  1. “Окумуштуулар”

  2. “Акындар”

  3. ““К” категориясы”

  4. “Фигуралар”

  5. “Эң, эң”

  6. “Жаныбарлар” категориялары







Окумуштуулар” категориясы

  1. Физика терминин илимге киргизген окумуштуу? Аристотель

  2. Динамиканын негизги закондорун ачкан? Ньютон

  3. Атомдун планетардык моделин түзгөн? Резерфорд

  4. «Эврика» деген сөздү айткан окумуштуу? Архимед

  5. Электр күчтү аныктаган? Кулон

  6. Жумуш, энергия түшүнүктөрүнө салым кошкон? Джоуль

  7. Салыштырмалуулук теориясын негиздеген? Эйнштейн

  8. Кыргызстандан чыккан физик-академик? А. Акаев

  9. Ракетанын пайда болушуна теориялык түшүнүк киргизген? Циалковский

  10. Телескопту ойлоп тапкан? Галилей

  11. «Фуко» маятнигин ким ойлоп тапкан? Фуко

  12. Бүткүл дүйнөлүк тартылуу законун ачкан? Ньютон

  13. «Квант» түшүнүгүн илимге киргизген? Планк

  14. Фотоэффект кубулушунун закондорун ачкан? Столетов

  15. Радиону ачкан окумуштуу ким? Попов



Акындар” категориясы

  1. Райымалы менен айтышкан төкмө акын, казак кызы? Бегимай

  2. Эч даярдыксыз, дароо комуздун жардамы менен ыр айткан адам ...? Төкмө акын

  3. Ырдын сөзүн акын, ал эми обонун ким жазат? Композитор

  4. Бул акындын жалгыз сырдуу досу Ысык-Көл болгон? А.Осмонов

  5. Төкмө акындардын бири-бири менен болгон таймашы эмне деп аталат? Айтыш

  6. «Ай нурунда кышкы түн, айран төгүп койгондой» деген ыр саптары кимге таандык? А.Токомбаев

  7. «Евгений Онегин» чыгармасын жазган улуу орус акыны... А.С.Пушкин

  8. Элибизге белгилүү бул акын, улуттук Филармнияда жетекчилик кылган... З.Үсөнбаев

  9. «Карааныңан кагылайын Ала-Тоо, калкып жаткан кандай укмуш немесиң.»-деген ыр саптарын жазган акын... М.Алыбаев

  10. З.Үсөнбаев кайсы залкар төкмө акындын шакирти болуп саналат? Э.Турсуналиев

  11. Акын Байымбет Абдрахманов кайсы псевдоним менен белигилүү? Тоголок Молдо

  12. К.Р.нын гимнин канча акын жазган? (2)

  13. «Боорунда буту жок жылан байкуш кантти экен?» деп кейип ырдаган улуу ойчул акын... Асан Кайгы

  14. Токтогул акын байларды мактап ырдагандан баш тартканы үчүн кайсы жакка айдалган? Сибирь сүргүнүнө





К” категориясы

  1. С. Шарипов ким? Космонавт

  2. Бардык жагы бирдей болгон тик бурчтук? Квадрат

  3. Салыштырма атомдук массасы 12ге барабар болгон химиялык элемент? Көмүртек

  4. Кайсыл газ менен дем алабыз? Кычкылтек

  5. Заттын абалынын бири? Катуу

  6. Табигый жарык булагы? Күн

  7. Информатика предметинин техникалык каражаты? Компьютер

  8. Кыймылдаганда кандай энергияга ээ болобуз? Кинетикалк

  9. «Чечекей» кайсыл органдын түзүлүшүнө кирет? Көз

  10. Манастын канча чоросу болгон? Кырк

  11. Салмактын бирдиги? Килограмм

  12. Даражалуу 2 эмнени билдирет? Квадрат

  13. Математикадагы амалдын экөө? Кошуу, көбөйтүү.

  14. Билим булагы-... Китеп

  15. «К» тамгасынан бүткөн сан? Кырк



Фигуралар” категориясы

  1. Карама-каршы жактары параллель болгон төрт бурчтук? Пароллелограмм

  2. Бардык жактары барабар болгон параллелограмм? Ромб

  3. Бардык бурчтары тик болгон параллелограмм? Тик бурчтук

  4. Эки жагы гана параллель болгон томпок төрт бурчтук? Трапеция

  5. Тегиздикте берилген чекиттен бирдей алыстыкта жаткан чекиттердин көптүгү? Айлана

  6. Жарым анын диаметринин айланасында айландыруудан пайда болгон тело? Шар

  7. Шарды чектеп турган бет? Сфера

  8. Бир граны кандайдыр көп бурчтук, ал эми калган грандары жалпы чокулуу үч бурчтук болгон көп грандык? Пирамида

  9. Түз сызыктын каалагандай эки чекитинин арасында жаткан чекиттердин көптүгү? Кесинди

  10. Бир чекиттен чыгуучу эки шоола менен чектелген тегиздиктин бөлүгү? Бурч

  11. Тик бурч боюнча кесилишүүчү эки түз сызык? Перпендикуляр түз сзыктар

  12. Ар бир үч чекити бир түз сызыкта жатпаган төрт чекиттен жана аларды эки-экиден туташтыруучу төрт кесиндиден турган фигура? Төрт бурчтук

  13. Пифагордун теоремасы кайсы фигураны далилдейт? Үч бурчтук

  14. Өзү сансыз көп болот? Фигура ансыз жок болот. Кааласа чокуга конот. Кааласа беттерге толот. Чекит

  15. Египеттеги жети керметтин бири? Пирамида

Эң, эң” категориясы

  1. Кыргызстандагы эң бийик чоку? Жеңиш

  2. Кайсы мамлекеттин эли эң көп? Кытай

  3. Эң чоң материк? Евразия

  4. Эң чоң эки орундуу сан? 99

  5. Адамдардын эң биринчи эмгек шайманы эмнеден жасалган? Таш

  6. Кыргызстан банкноталарынын ичинен эң чоң номиналдагысы? 5000сом

  7. Эң биринчи космоско учкан айым? В.Терешкова

  8. Кургактыктагы эң чоң сүт эмүүчү? Пил

  9. Кыргызстандагы эң байыркы шаар? Ош

  10. Сахара дүйнөдөгү эң чоң эмне болуп саналат? Чөл

  11. Кыргызстанда көлөмү боюнча эң чоң деп эсептелген көл? Ысык-Көл

  12. Кыргыз алфавитиндеги эң биринчи тамга? “А”

  13. Сууда сүзүүчүлөрдүн эң ириси? Кит

  14. Эң көлөмдүү эпос? “Манас”

  15. Сүйлөмдүн эң кичине бөлүгү? Сөз

  16. Чыгармалары эң көп тилге которулган кыргыз жазуучусу? Ч.Айтматов

  17. Эң көп аспапта ойной алган мекендешибиз? К.Азыкбаев

  18. Эң биринчи айга конгон адам? Нил Армстронг

  19. Кыргызстандагы эң акыркы болгон президент? С.Ш.Жээнбеков

Жаныбарлар дүйнөсү” категориясы

  1. Дүйнөдөгү эң чоң жаныбар кайсы? Көк кит

  2. Сөөлжан кандай курттардын тибине кирет? Муунак курттар

  3. Бир жаныбар экинчи жаныбарга зыян келтирбестен биргелешип жашоосу эмне деп аталат? Симбиоз

  4. Жер жүзүндө канаттуулардын канча түрү белгилүү? 9000

  5. Пингвиндердин эң чоңу кайсы пингвин? Император

  6. Баштыктуу сүт эмүүчү жаныбар? Кенгуру

  7. Жумуртка туучу сүт эмүүчү жаныбар? Өрдөк тумшук

  8. Жарыкты сүйбөгөн, караңгыда активдүү басууга жөндөмсүз, учуп тиричилигин өткөргөн канаттуу? Жарганат

  9. Зебранын туягы кандай? Сыңар туяктуу

  10. Пилдин кайсы тиши өтө баалуу болгондуктан аларды көп атып өлтүрүшөт? Узун кашка

  11. Пилдер баласын боюнда канча ай көтөрүп,жалкы тууйт? 20-21 ай

  12. Адам сымал маймылдар? Горилла, шимпанзе, орангутан

  13. Уйлардын келип чыккан түпкү теги? Тур

  14. Организмдин чөйрөгө, жашоого ыңгайлануусу эмне деп аталат? Адаптация

  15. Кыргызстандын кызыл китеби качан жарык көргөн? 1985-ж.







3-турда 2-турдан эң көп упай топтой алган 2 катышуучу финалга чыгат. Анда логикалык 4 суроо болот. Кимиси шамдагайлык менен жооп берип, кимиси 3 упай топтой алса, ошол жеңүүчү болот.

  1. Жумуртка чөкпөйт экен туздуу сууда, Ал эми чөгүп кетет туздуу сууда. Токтоосуз кандай жооп табар экен, Сырдашкан сени менен билим буга? Архимед күчү суюктуктуктун тыгыздыгынан көз каранды. Туздуу суунун тыгыздыгы, тузсуз сууга караганда чоң.

  2. Өмүр бою чарчабай,

Насос сындуу иштеген.

Баардык мактоо жарашат

Жаным бирге сиз менен

Организмдеги кайсыл орган?

Жүрөк

  1. Чуңкур эмес, дөң эмес,

Түсү бардай өң эмес.

Даргөйү кең тар эмес,

Эч нерсеге зар эмес.

Көпчүлүк анда жатышат,

Батпаганы өйдө качышат

Эгер аны таппасаң,

Ичим абдан ачышат.

Тегиздик

  1. Сапары бир жерден башталат,

Ар бири ар жакка аттанат.

Саат жебелери өңдөнүп

Төрт түрдүү болуп түрдөнөт

Муну тапкан окуучу. Билимге карай күүлөнөт.

Бурч

  1. Чокудан тике түшүптүр, Негизи аны күтүптүр. Тикесинен туруп ал жерге, Баштаган ишин бүтүптүр

Бийиктик



Жыйынтыктоо: Катышкан катышуучулардын баарына тиешелүү грамоталары тапшырылат


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!