Просмотр содержимого документа
«Файлдар. 5-класс»
Видеофайлдар:
avi, wmf, 3gp, mp4, mpg2
Фотографиялар жана сүрөттөр:
jpg, bmp, gif, tiff, png
Тексттер жана документтер:
txt, doc, rtf, docx
Электрондук таблицалар:
xls, xlsx, xlsm, ods
Аудиофайлдар:
mp3, wma
Аткарылуучу файлдар:
exe, cmd, bat
Архивдин файлдары:
rar, zip, tg
Маалыматты өлчөө бирдиктери:
1 Кб (килобайт)=1024 байт
1 Мб (мегабайт)=1024 Кб
1 Гб (гигабайт)=1024 Мб
Файл – бул аты бар жана узак мөөнөттүү эс тутумда сакталган тиешелүү сандагы маалыматтар.
Файлдын атрибуттары: аты, тиби, түзүү күнү, көлөмү болот.
Файлдардын кеңейтилиши файлдардын түрлөрүн, ошондой эле алар кайсы программада түзүлгөндүгүн аныктайт.
Файлдын аты чекит менен бөлүнгөн эки бөлүктөн турат: файлды түзүп жаткан ойлоп тапкан аттын өзү жана кеңейтүү (муну адатта файл түзүлгөн программа берет.) Мисалы: Дил баян.txt
256 024 байт, 1024 байт болгон файлдардын көлөмүн “мегабайтта” кантип аныктоого болот.
Жөнөкөй тексттик редактор
Текст – бул жазылган оозеки же жазуу кеби.
Тексттик маалымат – жазуу тексти түрүндө берилген маалымат.
Тексттик документ – тексттик редактордун жардамы менен түзүлгөн текст.
Текст символдордон, сөздөрдөн, саптардан, абзацтардан жана фрагменттерден турат.
Символ – тамга, цифра, тыныш белгилер;
Сөз – символдордун мааниге ээ болгон тиешелүү ырааты;
Сап – документтин талаасы менен чектелген бир тилкедеги жазылган белгилердин катары;
Абзац – мазмунду маанилик жактан бөлүп көрсөтүү үчүн топтоштурулган саптардын ырааты;
Бет – тигинен барактын башынан аягына чейинки абзацтардын ырааты;
Фрагмент – тексттин белгиленген бөлүгү.
Блокнот программасы бир гана документ менен иштегенге мүмкүндүк берет. Бирок, аны эки жолу иштетип, эки башка терезелерде ачылган документтердин ортосунда тексттин блокторун көчүрүүгө болот.