Интернеттин өнүгүшү жана веб-сайттардын санынын дүркүрөп өсүшү менен жаңы үйрөнчүктөр да HTML тилин билбей туруп, өзүнүн сайтын түзүүгө мүмкүндүк берген атайын конструкторлор пайда
болду. CMS (cotent managvent system) – бул сайт конструкторлору, алардын башка аталышы сайтта камтылгандарды же кыймылдаткычын башкаруу системасы. Кээ бир CMS тер дүйнө жүзү боюнча популярдуу: мисалы, WordPress, Drupal,
Joomla. Биз болсо CMS ти Wix тин мисалында карайбыз.
Визитканы же блокту иштеп чыгуу үчүн Wix тин официалдуу сайтына кирип, “Кирүү” деген баскычты басуу керек.
Жөнөнкөй каттоодон кийин сайт менен иштеп баштай берсе болот. Конструктор ондогон мүмкүн болгон шаблондорду сунуштайт. Тиешелүү шаблонду категорияны
колдонуп табууга болот. Жаккан шаблонду тандагыла жана ишти андан ары уланткыла. Шаблон тандалгандан кийин “Редактор” баскычын баскыла. Бардык башкаруучу
элементтер барактын сол жагында жана жогору жагындагы бөлүгүндө жайгашкан. Биринчи
кезекте өзүңөрдүн ресурсуңардын структарасын аныкташыңар керек. “Страницы” деген баскычка басуу менен категория жана суб-барактарды түзгүлө, аларга ат бергиле.
Кошулган барактардын жайгашуусун аларды керектүү багытта тартып жылдыруу менен
категория жана бөлүмдөрдү түзүү менен өзгөртсө болот.
Андан соң дизайнын өзгөртүүгө өтсөңөр болот. Бул жерде шрифттерди, түстөрдү тандаса
болот, блокторду чоңойтуп же кичирейтсе, өзүңөрдүн сүрөтүңөрдү жүктөөгө же конструктор сунуш кылган сүрөттөрдү колдонууга болот.
Бардык тескөөлөр(настройкалар) экрандын сол жак жогорку бөлүгүндө, ошондой эле ага
басканда оң жак бөлүгүндө тескөөлөрдү өзгөртүү үчүн терезе пайда болгон “Инструмент” салмасы да жеткиликтүү. Система кеңешме берип турат.
“Добавить” салмасына баскыла, тиешелүү категорияны тандагыла, мисалга – бул “Соцтармактар”, жаккан белгинин курсор менен тартып келгиле жана сайттын каалаган жеринде
жайгаштыргыла. Wix контентти толтурууну ар тараптуу жана кызыктуу кылууга мүмкүндүк берет. Текст,
сүрөт, видео, аудио кошууга болот.
Текстти редактирлөө үчүн шрифтти тандоого, баш сөздөрдү бөлүп алууга, керектүү түстү
орнотууга, текстке шилтемени коюга ж.б. жасоого болот. “Изменить фон” жана “Настроить дизайн” баскычтарын басуу менен, тамгалардын оптималдуу өлчөмдөрүн тандоого, алардын түсүн, шрифтин ж.б. өзгөртүүгө болот.
“Добавить пост” баскычын басканда система баш сөздү жана текстти киргизүүнү сунуштаган терезе ачылат. Текстти башка документтен да мисалы, word файлынан көчүрүп койсо да болот. Текстти киргизгенден кийин оң жакта жайгашкан “Сохранить” жана “Опубликовать”
баскычтарын басуу керек.
“Редактировать посты” баскычына басуу менен керектүү жазууну тандап алып, “Редактировать” баскычын басуу керек. Жогорку панелде система фото, видео, галерея ж.б. кошууга сунуш берет.
Алдын ала даярдалган сүрөттү (компьютерге жүктөлгөн) системанын кеңешмесине ылайык
конструктордун терезесине тартып келүү керек. Андан соң “Готово”, “Применить”, “Обновить
текст” баскычтарын басуу керек.
Ушуну менен сайтты түзүү аяктайт.
Сайтты ар күнү жаңы контент, сүрөттөр, жана видео менен толтуруп туруу керек, анткени
ресурсту издөө системаларында андан ары алдыга жылдырууда бул маанилүү этап болуп
саналат.
Сайттын мазмунун ар түрдүү кылып, көптөгөн ар кандай визуалдык контент, мисалы,
лонгриддер жана кызыктуу презентациялар менен кооздосо болот.
Сайттын контенти – бул ичинде текстти, сүрөттү, видео жана аудиону камтыган сайтта
жайгашкандын бардыгы. Readmag конструктору лонгриддерди версткалоо үчүн эң ыңгайлуу
онлайн-платформалардын бири болуп саналат. Анын жардамы менен макалаларга сүрөттөрдү,
слайдшоуну, видеофайл, музыканы оңой кошууга болот.
Дагы башка онлайн-сервис бар, www.canva.com деген. Ал сайт үчүн кооз открыткаларды,
постерлерди, баннерлерди, чоцтармактар үчүн презентация, заставкаларды тез арада түзүүгө
жардам берет. Текст, картинка же фотографиялар менен болгон бардык манипуляцияларды
түздөн-түз сайтта жүргүзсө болот.
Google платформасындагы озумдун сайтым менен тааныштырам, тузууну корсотуп берем.
|