СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

PISA кыргыз тилинде

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«PISA кыргыз тилинде»

 PISA  Кыргызстанда. Негизги тыянактар жана сабактар .  P rogramme for I nternational S tudent A ssessment ЦООМО

PISA Кыргызстанда.

Негизги тыянактар жана сабактар .

P rogramme for I nternational S tudent A ssessment

ЦООМО

Эмне үчүн Кыргызстан бул изилдөөгө катышкан?   Дүйнөлүк практикада колдонулган  билим берүүдөгү  ийгиликтүү ыкмаларды табуу Кыргызстан дагы окуучулардын сабаттуулугунун деӊгээлиндеги өзгөрүүлөргө көз салуу  Окутуунун натыйжаларына жана натыйжалуулугуна таасир этүүчү факторлорду аныктоо Кыргызстандын билим берүү системасын реформалоо боюнча сунуштарды жана стратегияларды иштеп чыгуу  ЦООМО

Эмне үчүн Кыргызстан бул изилдөөгө катышкан?

  • Дүйнөлүк практикада колдонулган билим берүүдөгү ийгиликтүү ыкмаларды табуу
  • Кыргызстан дагы окуучулардын сабаттуулугунун деӊгээлиндеги өзгөрүүлөргө көз салуу
  • Окутуунун натыйжаларына жана натыйжалуулугуна таасир этүүчү факторлорду аныктоо
  • Кыргызстандын билим берүү системасын реформалоо боюнча сунуштарды жана стратегияларды иштеп чыгуу

ЦООМО

PISA 2025 PISA 2006 - 15 жаштагы балдардын табигый-илимдер боюнча сабаттуулугун изилдөө (тестирлөө убактысынын үчтөн экиси) PISA 2009 – 15 жаштагы балдардын окуу сабаттуулугун изилдөө. PISA 2025 – табигый илимдер боюнча сабаттуулукту изилдөө. Акыркы 19 жыл ичинде билим берүүнү реформалоо аракеттери окуучуларга (биринчи кезекте табигый илимдер боюнча) заманбап коомдо өзүн ийгиликтүү көрсөтүү үчүн зарыл болгон билимдерди жана көндүмдөрдү алууга кандайча мүмкүндүк бергенин көрүүгө болот.  ЦООМО

PISA 2025

  • PISA 2006 - 15 жаштагы балдардын табигый-илимдер боюнча сабаттуулугун изилдөө (тестирлөө убактысынын үчтөн экиси)
  • PISA 2009 – 15 жаштагы балдардын окуу сабаттуулугун изилдөө.
  • PISA 2025 – табигый илимдер боюнча сабаттуулукту изилдөө.

Акыркы 19 жыл ичинде билим берүүнү реформалоо аракеттери окуучуларга (биринчи кезекте табигый илимдер боюнча) заманбап коомдо өзүн ийгиликтүү көрсөтүү үчүн зарыл болгон билимдерди жана көндүмдөрдү алууга кандайча мүмкүндүк бергенин көрүүгө болот.

ЦООМО

PISA га катышкан өлкөлөрдүн арасындагы Кыргызстандын орду 2006-жылдагыдай эле, 2009-жылы бул изилдөөгө катышкан бардык өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстандын орточо көрсөткүчтөрү үч багыт боюнча тең эң төмөн болгон: окуу сабаттуулугу, табигый илимдер боюнча сабаттуулук, математикалык сабаттуулук.  ЦООМО

PISA га катышкан өлкөлөрдүн арасындагы Кыргызстандын орду

2006-жылдагыдай эле, 2009-жылы бул изилдөөгө катышкан бардык өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстандын орточо көрсөткүчтөрү үч багыт боюнча тең эң төмөн болгон:

  • окуу сабаттуулугу,
  • табигый илимдер боюнча сабаттуулук,
  • математикалык сабаттуулук.

ЦООМО

PISA с тандарттары Табигый илимдер жана математика боюнча сабаттуулук шкаласы боюнча мүмкүн болгон 6 деңгээлдин жана окуу сабаттуулугунун шкаласында мүмкүн болгон 7 деңгээлдин 2-деңгээли минималдуу эл аралык стандарт болуп эсептелет. 2-деңгээлге жеткен окуучулар турмуштук кырдаалдардан жол таап, алдындагы маселени чечүүгө мүмкүндүк берген көндүмдөрдү көрсөтө баштайт деп эсептелет.  ЦООМО

PISA с тандарттары

  • Табигый илимдер жана математика боюнча сабаттуулук шкаласы боюнча мүмкүн болгон 6 деңгээлдин жана окуу сабаттуулугунун шкаласында мүмкүн болгон 7 деңгээлдин 2-деңгээли минималдуу эл аралык стандарт болуп эсептелет.
  • 2-деңгээлге жеткен окуучулар турмуштук кырдаалдардан жол таап, алдындагы маселени чечүүгө мүмкүндүк берген көндүмдөрдү көрсөтө баштайт деп эсептелет.

ЦООМО

Кыргызстанда минималдуу эл аралык стандартка канча катышуучу жеткен жок: Окуу сабаттулугу шкаласы боюнча окуучулардын 83.2% Математикалык сабаттуулук шкаласында окуучулардын 86.6%  Табигый илимдер боюнча сабаттуулуктун шкаласында окуучулардын 82%  ЦООМО

Кыргызстанда минималдуу эл аралык стандартка канча катышуучу жеткен жок:

  • Окуу сабаттулугу шкаласы боюнча окуучулардын 83.2%
  • Математикалык сабаттуулук шкаласында окуучулардын 86.6%
  • Табигый илимдер боюнча сабаттуулуктун шкаласында окуучулардын 82%

ЦООМО

2006 жана 2009 жыйынтыктарын салыштыруу Сабаттуулуктун деңгээли боюнча Кыргызстан 2009-жылы PISA- изилдөөсүнө катышкан өлкөлөрдүн ичинен эң акыркы орунду ээлегенине карабастан, 2006-жылга салыштырмалуу алдыга жылыш байкалган. Орточо көрсөткүчтөр дагы, минималдуу сабаттуулук деңгээлине жеткен окуучулардын пайызы дагы жогорулаган.  ЦООМО

2006 жана 2009 жыйынтыктарын салыштыруу

  • Сабаттуулуктун деңгээли боюнча Кыргызстан 2009-жылы PISA- изилдөөсүнө катышкан өлкөлөрдүн ичинен эң акыркы орунду ээлегенине карабастан, 2006-жылга салыштырмалуу алдыга жылыш байкалган.
  • Орточо көрсөткүчтөр дагы, минималдуу сабаттуулук деңгээлине жеткен окуучулардын пайызы дагы жогорулаган.

ЦООМО

PISA 2006 жана 2009 жыйынтыктарын салыштыруу  ЦООМО

PISA 2006 жана 2009 жыйынтыктарын салыштыруу

ЦООМО

PISA 2006 жана 2009 жыйынтыктарын салыштыруу  ЦООМО

PISA 2006 жана 2009 жыйынтыктарын салыштыруу

ЦООМО

PISA 2006 жана 2009 жыйынтыктарын салыштыруу  ЦООМО

PISA 2006 жана 2009 жыйынтыктарын салыштыруу

ЦООМО

PISA 2006 жана 2009 орточо көрсөткүчтөрдү салыштыруу 340 330 330 330 322 320 313 311 310 300 285 290 280 270 260 Окуу сабаттуулугу Математикалык сабаттуулук Табигый илимдер сабаттуулугу 2006 2009  ЦООМО

PISA 2006 жана 2009 орточо көрсөткүчтөрдү салыштыруу

340

330

330

330

322

320

313

311

310

300

285

290

280

270

260

Окуу сабаттуулугу

Математикалык сабаттуулук

Табигый илимдер сабаттуулугу

2006

2009

ЦООМО

 Окуучулардын ортосундагы упайлардын айырмасы эмнени түшүндүрөт? Болжол менен 73 упай PISA нын сабаттуулук шкаласы боюнча бир деңгээлине туура келет (5 жана 6-деңгээлдерди эсепке албаганда). PISA нын аныктамаларына ылайык, окуу сабаттуулугу боюнча 39 упай - бир окуу жылына туура келет деп айтууга болот. 90% өлкөлөрдүн орточо упайлары 2- жана 3-деңгээлдерде болгон.  ЦООМО

Окуучулардын ортосундагы упайлардын айырмасы эмнени түшүндүрөт?

  • Болжол менен 73 упай PISA нын сабаттуулук шкаласы боюнча бир деңгээлине туура келет (5 жана 6-деңгээлдерди эсепке албаганда).
  • PISA нын аныктамаларына ылайык, окуу сабаттуулугу боюнча 39 упай - бир окуу жылына туура келет деп айтууга болот.
  • 90% өлкөлөрдүн орточо упайлары 2- жана 3-деңгээлдерде болгон.

ЦООМО

 Окуучулардын көрсөткүчтөрүнүн айырмасы кайсы факторлор менен түшүндүрүлөт?  ЦООМО

Окуучулардын көрсөткүчтөрүнүн айырмасы кайсы факторлор менен түшүндүрүлөт?

ЦООМО

Көрсөткүчтөргө таасир эткен факторлор Саясий факторлор: мамлекеттин билим берүүдөгү саясаты, билим берүүгө кеткен чыгымдар сыяктуу. Институционалдык факторлор: окуучу окуган мекеменин түрү, предметтерди окутууга бөлүнгөн сааттардын саны, окуу жайдагы мугалимдердин курамы, жетиштиги жана билим берүү ресурстары сыяктуу ж.б. Окуучунун ички чөйрөсүндөгү факторлор, мисалы, анын үй-бүлөсүнүн коомдук-экономикалык, маданий абалы, ата-энесинин сабаттуулугу, алардын билимге болгон мамилеси, ошондой эле окуучунун окууга жана тигил же бул предметке болгон мамилеси.  ЦООМО

Көрсөткүчтөргө таасир эткен факторлор

  • Саясий факторлор: мамлекеттин билим берүүдөгү саясаты, билим берүүгө кеткен чыгымдар сыяктуу.
  • Институционалдык факторлор: окуучу окуган мекеменин түрү, предметтерди окутууга бөлүнгөн сааттардын саны, окуу жайдагы мугалимдердин курамы, жетиштиги жана билим берүү ресурстары сыяктуу ж.б.
  • Окуучунун ички чөйрөсүндөгү факторлор, мисалы, анын үй-бүлөсүнүн коомдук-экономикалык, маданий абалы, ата-энесинин сабаттуулугу, алардын билимге болгон мамилеси, ошондой эле окуучунун окууга жана тигил же бул предметке болгон мамилеси.

ЦООМО

Кыргызстандын окуучуларынын көрсөткүчтөрү эмне себептен төмөн болгонун түшүндүргөн факторлор: ички дүң продукциясынын (ИДП) төмөн деңгээли; бир окуучуга бөлүнгөн каражаттын аздыгы; көпчүлүк окуучулардын үй-бүлөсүнүн коомдук-экономикалык абалынын төмөндүгү; педагогикалык кадрлардын жетишсиздиги; билим берүү ресурстарынын жетишсиздиги; мектепке чейинки даярддык менен аз сандагы окуучулардын камсыз болушу; окутуунун эффективдүү стратегиялары менен көпчүлүк окуучулардын тааныш эместиги; үйдөгү билим берүү ресурстарынын жеткиликтүүлүгү; ж.б.  ЦООМО

Кыргызстандын окуучуларынын көрсөткүчтөрү эмне себептен төмөн болгонун түшүндүргөн факторлор:

  • ички дүң продукциясынын (ИДП) төмөн деңгээли;
  • бир окуучуга бөлүнгөн каражаттын аздыгы;
  • көпчүлүк окуучулардын үй-бүлөсүнүн коомдук-экономикалык абалынын төмөндүгү;
  • педагогикалык кадрлардын жетишсиздиги;
  • билим берүү ресурстарынын жетишсиздиги;
  • мектепке чейинки даярддык менен аз сандагы окуучулардын камсыз болушу;
  • окутуунун эффективдүү стратегиялары менен көпчүлүк окуучулардын тааныш эместиги;
  • үйдөгү билим берүү ресурстарынын жеткиликтүүлүгү;
  • ж.б.

ЦООМО

Билим берүүдөгү теңсиздик PISA изилдөөсү – билим берүүдөгү теңдик Кыргызстанда окуучулардын бирдей билим алууга мүмкүнчүлүгү жок . Билим берүүнүн сапаты көптөгөн себептерден көз каранды: жашаган жери, окутуу тили, үй-бүлөнүн социалдык-маданий деңгээли, ата-эненин билими, жынысы, мектепке чейинки билим берүү жеткиликтүүлүгү ж.б.  ЦООМО

Билим берүүдөгү теңсиздик

  • PISA изилдөөсү – билим берүүдөгү теңдик
  • Кыргызстанда окуучулардын бирдей билим алууга мүмкүнчүлүгү жок .

Билим берүүнүн сапаты көптөгөн себептерден көз каранды: жашаган жери, окутуу тили, үй-бүлөнүн социалдык-маданий деңгээли, ата-эненин билими, жынысы, мектепке чейинки билим берүү жеткиликтүүлүгү ж.б.

ЦООМО

Сабаттуулук жана ИДП Калктын жан башына бөлүнгөн ИДПнын деңгээли изилдөөгө катышкан өлкөлөрдүн сабаттуулук деңгээлин аныктоочу маанилүү факторлордун бири экенин көрсөттү. Бирок, ИДП бир окуучуга билим берүүгө чындап канча каражат сарпталарын аныктабайт ИДПнын деңгээли жогорураак болгон өлкөлөрдө изилдөөгө катышкан окуучуларынын сабаттуулугу да жогору болгон. ИДПнын деңгээли ар кайсы өлкөлөрдө окуучулардын ортосундагы көрсөткүчтөрдүн 6% айырмасын түшүндүрөт Изилдөөгө катышкан өлкөлөрдүн ичинен ИДПнын деӊгээли  жан башына эң төмөн өлкө Кыргызстан болгон - 1994 АКШ доллары (2007-ж. боюнча).  ЦООМО

Сабаттуулук жана ИДП

  • Калктын жан башына бөлүнгөн ИДПнын деңгээли изилдөөгө катышкан өлкөлөрдүн сабаттуулук деңгээлин аныктоочу маанилүү факторлордун бири экенин көрсөттү.
  • Бирок, ИДП бир окуучуга билим берүүгө чындап канча каражат сарпталарын аныктабайт
  • ИДПнын деңгээли жогорураак болгон өлкөлөрдө изилдөөгө катышкан окуучуларынын сабаттуулугу да жогору болгон.
  • ИДПнын деңгээли ар кайсы өлкөлөрдө окуучулардын ортосундагы көрсөткүчтөрдүн 6% айырмасын түшүндүрөт
  • Изилдөөгө катышкан өлкөлөрдүн ичинен ИДПнын деӊгээли жан башына эң төмөн өлкө Кыргызстан болгон - 1994 АКШ доллары (2007-ж. боюнча).

ЦООМО

ИДП деңгээли Бирок, ИДПнын деңгээли төмөн болсо дагы, сабаттуулуктун жогорку деңгээлине жетишүү мүмкүн.  Мисалы, Шанхай өлкөсүнүн ИДПсы жан башына болгону 5340 АКШ долларын түзгөн, бул көптөгөн изилдөөгө катышкан өлкөлөрдүн ИДП деӊгээлинен кыйла төмөн .  Бирок, Шанхайлыкар окуу, математика жана табигый сабаттуулук боюнча биринчи орунду ээлеген.  ЦООМО

ИДП деңгээли

  • Бирок, ИДПнын деңгээли төмөн болсо дагы, сабаттуулуктун жогорку деңгээлине жетишүү мүмкүн.
  • Мисалы, Шанхай өлкөсүнүн ИДПсы жан башына болгону 5340 АКШ долларын түзгөн, бул көптөгөн изилдөөгө катышкан өлкөлөрдүн ИДП деӊгээлинен кыйла төмөн .
  • Бирок, Шанхайлыкар окуу, математика жана табигый сабаттуулук боюнча биринчи орунду ээлеген.

ЦООМО

6 жаштан 15 жашка чейинкилер үчүн билим берүү чыгымдары Сабаттуулуктун орточо көрсөткүчтөрү менен бир окуучуга сарпталган каражаттардын ортосунда түздөн түз байланыш бар.  Бир окуучуга кеткен каражат жогорулаган  сайын сабаттуулуктун орточо көрсөткүчтөрү жогорулайт.  Бир окуучуга сарпталган каражаттардын деңгээли ар башка өлкөдө окуучулардын ортосундагы көрсөткүчтөрдүн айырмасынын 9% түшүндүрөт.  ЦООМО

6 жаштан 15 жашка чейинкилер үчүн билим берүү чыгымдары

  • Сабаттуулуктун орточо көрсөткүчтөрү менен бир окуучуга сарпталган каражаттардын ортосунда түздөн түз байланыш бар.
  • Бир окуучуга кеткен каражат жогорулаган сайын сабаттуулуктун орточо көрсөткүчтөрү жогорулайт.
  • Бир окуучуга сарпталган каражаттардын деңгээли ар башка өлкөдө окуучулардын ортосундагы көрсөткүчтөрдүн айырмасынын 9% түшүндүрөт.

ЦООМО

6 жаштан 15 жашка чейинкилер үчүн билим берүү чыгымдары Кыргызстанда 6 жаштан 15 жашка чейинки бир окуучуга сатпталган каражат 3 миң АКШ долларынын тегерегинде болгон. Бул сумма изилдөөгө катышып, маалыматы чагылдырылган өлкөлөрдүн ичинен эң төмөн каражат эле (41 өлкө). Ошону менен бирге, бөлүнгөн ресурстарды өлкө кандай сарптап жаткандыгы абдан маанилүү болгон. Башка өлкөлөрдө 6 жаштан 15 жашка чейинки курактагы бир окуучуга бөлүнгөн каражат 106 000 доллардан (АКШ) 12 700 долларга (Түркия) чейин жеткен. Россияда бир окуучуга 17,5 миң АКШ доллары бөлүнчү. Башка КМШ өлкөлөрү боюнча маалымат берилген эмес.  ЦООМО

6 жаштан 15 жашка чейинкилер үчүн билим берүү чыгымдары

  • Кыргызстанда 6 жаштан 15 жашка чейинки бир окуучуга сатпталган каражат 3 миң АКШ долларынын тегерегинде болгон.
  • Бул сумма изилдөөгө катышып, маалыматы чагылдырылган өлкөлөрдүн ичинен эң төмөн каражат эле (41 өлкө). Ошону менен бирге, бөлүнгөн ресурстарды өлкө кандай сарптап жаткандыгы абдан маанилүү болгон.
  • Башка өлкөлөрдө 6 жаштан 15 жашка чейинки курактагы бир окуучуга бөлүнгөн каражат 106 000 доллардан (АКШ) 12 700 долларга (Түркия) чейин жеткен.
  • Россияда бир окуучуга 17,5 миң АКШ доллары бөлүнчү. Башка КМШ өлкөлөрү боюнча маалымат берилген эмес.

ЦООМО

Окуучулардын коомдук, экономикалык жана маданий абалы Изилдөөнүн жыйынтыктарын түшүндүргөн эң күчтүү факторлордун бири болуп окуучулардын коомдук, экономикалык жана маданий абалы эсептелет. Коомдук, экономикалык жана маданий статустун компоненттери: ата-энесинин кесиптик абалы, ата-энесинин билим деӊгээли (окуган жылдардын саны); кеӊири кабыл алынган “маданият” түшүнүгүнө кирген окуучулардын үйүндөгү буюмдар; окуучунун сабак окуган столу, жеке бөлмөсү, өзү тынч отуруп кызыккан нерсеси менен алектенген орун; Билим берүү ресурстары: компьютердик программалар, Интернетке кирүү мүмкүндүгү, классикалык адабият, поэзия жыйнактары, үй тапшырмаларын аткарууга жардам берүүчү китептер, энциклопедия, сөздүктөр; Үй-бүлөнүн бакубаттуулугун аныктоочу буюмдар: идиш жууган машина, видеоплеер же видеомагнитофон, уюлдук телефон(дор), телевизор(лор), компьютер(лер), автоунаа(лар) ж.б.  ЦООМО

Окуучулардын коомдук, экономикалык жана маданий абалы

  • Изилдөөнүн жыйынтыктарын түшүндүргөн эң күчтүү факторлордун бири болуп окуучулардын коомдук, экономикалык жана маданий абалы эсептелет.

Коомдук, экономикалык жана маданий статустун компоненттери:

  • ата-энесинин кесиптик абалы, ата-энесинин билим деӊгээли (окуган жылдардын саны);
  • кеӊири кабыл алынган “маданият” түшүнүгүнө кирген окуучулардын үйүндөгү буюмдар;
  • окуучунун сабак окуган столу, жеке бөлмөсү, өзү тынч отуруп кызыккан нерсеси менен алектенген орун;
  • Билим берүү ресурстары: компьютердик программалар, Интернетке кирүү мүмкүндүгү, классикалык адабият, поэзия жыйнактары, үй тапшырмаларын аткарууга жардам берүүчү китептер, энциклопедия, сөздүктөр;
  • Үй-бүлөнүн бакубаттуулугун аныктоочу буюмдар: идиш жууган машина, видеоплеер же видеомагнитофон, уюлдук телефон(дор), телевизор(лор), компьютер(лер), автоунаа(лар) ж.б.

ЦООМО

Окуучулардын коомдук, экономикалык жана маданий абалы Бардык өлкөлөрдөгү коомдук-экономикалык абалы жакшы үй-бүлөлөрдүн окуучулары PISA тапшырмаларын аткарууда жогорураак көрсөткүчтөрдү көрсөтүшкөн. 2006-жылы Кыргызстандын окуучуларынын коомдук-экономикалык жана маданий абалы PISA га катышкан көпчүлүк өлкөлөргө караганда өтө маанилүү болбогон көрсөткүч экени белгиленген. Бирок, 2009-жылы бул статус окуучулардын көрсөткүчтөрүнүн 14,5% айырмасын түшүндүргөн. 2009-ж. Кыргызстандын окуучуларынын коомдук-экономикалык индексинин бир тепкичке жогорулашы окуу сабаттуулугунун 40 упайга жогорулашын, б.а. окуу убактысы бир жылдан ашуун болгон көрсөткүчтөрдү болжолдойт.  ЦООМО

Окуучулардын коомдук, экономикалык жана маданий абалы

  • Бардык өлкөлөрдөгү коомдук-экономикалык абалы жакшы үй-бүлөлөрдүн окуучулары PISA тапшырмаларын аткарууда жогорураак көрсөткүчтөрдү көрсөтүшкөн.
  • 2006-жылы Кыргызстандын окуучуларынын коомдук-экономикалык жана маданий абалы PISA га катышкан көпчүлүк өлкөлөргө караганда өтө маанилүү болбогон көрсөткүч экени белгиленген.
  • Бирок, 2009-жылы бул статус окуучулардын көрсөткүчтөрүнүн 14,5% айырмасын түшүндүргөн. 2009-ж. Кыргызстандын окуучуларынын коомдук-экономикалык индексинин бир тепкичке жогорулашы окуу сабаттуулугунун 40 упайга жогорулашын, б.а. окуу убактысы бир жылдан ашуун болгон көрсөткүчтөрдү болжолдойт.

ЦООМО

Өлкөнүн деңгээлиндеги коомдук-экономикалык факторлор Окуучулардын коомдук-экономикалык абалы жогорураак болгон өлкөлөрдө окуу сабаттуулугу дагы, адатта, жогору болот. Бирок, мисалы , Кыргызстан менен Шанхайдын окуучуларынын коомдук-экономикалык абалынын орточо индекси дээрлик дал келип турганы менен, Шанхайдын окуучулары сабаттуулуктун эң жогорку көрсөткүчтөрүн, ал эми Кыргызстандагы окуучулар эң төмөнкү көрсөткүчтөрдү көрсөтүшкөн.  ЦООМО

Өлкөнүн деңгээлиндеги коомдук-экономикалык факторлор

  • Окуучулардын коомдук-экономикалык абалы жогорураак болгон өлкөлөрдө окуу сабаттуулугу дагы, адатта, жогору болот.
  • Бирок, мисалы , Кыргызстан менен Шанхайдын окуучуларынын коомдук-экономикалык абалынын орточо индекси дээрлик дал келип турганы менен, Шанхайдын окуучулары сабаттуулуктун эң жогорку көрсөткүчтөрүн, ал эми Кыргызстандагы окуучулар эң төмөнкү көрсөткүчтөрдү көрсөтүшкөн.

ЦООМО

Окуучуларды мектепке кабыл алуунун сабаттуулукка тийгизген таасири Кыргызстанда 2006, 2009-ж. жыйынтыктары боюнча катышуучулардын сабаттуулук деӊгээли мектепте окуган көпчүлүк окуучулардын коомдук-экономикалык абалынан да бир топ көз каранды болгон. Мектептин коомдук-экономикалык абалынын индекси бир тепкичке жогору болсо, орточо упайлар 62ге жогору болгон. Башкача айтканда, мектепке кабыл алынган окуучулардын негизги топтому жагымдуу коомдук-экономикалык абалда болгон мектептерде окуучулардын көрсөткүчтөрү жогорураак болгон. Кыргызстанда көпчүлүк үй-бүлөлөрдүн коомдук-экономикалык абалы жалпысынан төмөн болгондуктан, айрым мектептердин статусу жогорураак болгон окуучуларды тандап алуусу билим берүүдөгү теңсиздикти олуттуу түрдө күчөтүп, жалпы өлкө боюнча сабаттуулуктун төмөн болушуна алып келген .   ЦООМО

Окуучуларды мектепке кабыл алуунун сабаттуулукка тийгизген таасири

  • Кыргызстанда 2006, 2009-ж. жыйынтыктары боюнча катышуучулардын сабаттуулук деӊгээли мектепте окуган көпчүлүк окуучулардын коомдук-экономикалык абалынан да бир топ көз каранды болгон.
  • Мектептин коомдук-экономикалык абалынын индекси бир тепкичке жогору болсо, орточо упайлар 62ге жогору болгон. Башкача айтканда, мектепке кабыл алынган окуучулардын негизги топтому жагымдуу коомдук-экономикалык абалда болгон мектептерде окуучулардын көрсөткүчтөрү жогорураак болгон.
  • Кыргызстанда көпчүлүк үй-бүлөлөрдүн коомдук-экономикалык абалы жалпысынан төмөн болгондуктан, айрым мектептердин статусу жогорураак болгон окуучуларды тандап алуусу билим берүүдөгү теңсиздикти олуттуу түрдө күчөтүп, жалпы өлкө боюнча сабаттуулуктун төмөн болушуна алып келген .

ЦООМО

Мектепке чейинки даярдоо Изилдөөгө таянсак, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине бир жылдан ашык барган 15 жаштагы окуучулардын сабаттуулугу бала бакчаларга барбагандар окуучуларга караганда жогорураак болот. ОЭСР өлкөлөрү боюнча орто эсеп менен мектепке чейинки билим берүү мекемелерине бир жылдан ашык барган окуучулар менен мындай билимди ала элек окуучулардын ортосундагы айырма 54 упайга жогору болгон. Кыргызстанда бул топтордун окуучуларынын ортосундагы айырма 72 упайды түзөт, бул PISA нын сабаттуулук шкаласы боюнча бир деңгээлге туура келет.  ЦООМО

Мектепке чейинки даярдоо

  • Изилдөөгө таянсак, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине бир жылдан ашык барган 15 жаштагы окуучулардын сабаттуулугу бала бакчаларга барбагандар окуучуларга караганда жогорураак болот.
  • ОЭСР өлкөлөрү боюнча орто эсеп менен мектепке чейинки билим берүү мекемелерине бир жылдан ашык барган окуучулар менен мындай билимди ала элек окуучулардын ортосундагы айырма 54 упайга жогору болгон.
  • Кыргызстанда бул топтордун окуучуларынын ортосундагы айырма 72 упайды түзөт, бул PISA нын сабаттуулук шкаласы боюнча бир деңгээлге туура келет.

ЦООМО

Мектептердин билим берүү ресурстары жана уюштуруу мүнөздөмөлөрү  ЦООМО

Мектептердин билим берүү ресурстары жана уюштуруу мүнөздөмөлөрү

ЦООМО

Мектептеги мугалимдик кадрлар Сабаттуулуктун деӊгээли мектептеги мугалимдик кадрларынын толуктугунан түздөн түз көз каранды 2006, 2009-ж. Кыргызстандагы окуу жайлардын жетекчилери мектебинде педагогикалык кадрлардын , алардын ичинен өзгөчө табият илимдеринен сабак берген мугалимдердин жетишсиздигин баса белгилеп келген өлкөлөрдүн бири болгон. Изилдөөгө катышкан көптөгөн өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда мугалимдик бош орундар жок болгон же алар кийин толукталган мектептерде дагы мектеп жетекчилери педагогикалык квалификациясы бар мугалимдик кадрлардын жетишсиздигин белгилеп, бул фактор окутуунун сапатына таасирин тийгизип жаткандыгын баса белгилеген .  ЦООМО

Мектептеги мугалимдик кадрлар

  • Сабаттуулуктун деӊгээли мектептеги мугалимдик кадрларынын толуктугунан түздөн түз көз каранды
  • 2006, 2009-ж. Кыргызстандагы окуу жайлардын жетекчилери мектебинде педагогикалык кадрлардын , алардын ичинен өзгөчө табият илимдеринен сабак берген мугалимдердин жетишсиздигин баса белгилеп келген өлкөлөрдүн бири болгон.
  • Изилдөөгө катышкан көптөгөн өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда мугалимдик бош орундар жок болгон же алар кийин толукталган мектептерде дагы мектеп жетекчилери педагогикалык квалификациясы бар мугалимдик кадрлардын жетишсиздигин белгилеп, бул фактор окутуунун сапатына таасирин тийгизип жаткандыгын баса белгилеген .

ЦООМО

Мектептердин материалдык-техникалык жабдылышы 2006-жылдагыдай эле, 2009-жылы да мектептердин материалдык ресурстардын жетишсиздигинин индекси бардык изилдөөгө катышкан өлкөлөрдүн ичинен эң жогору болгон . 90%дан ашык мектеп директорлору лабораториялык жабдуулар, окуу китептери, компьютерлер, интернетке кирүү, программалык камсыздоо сыяктуу ресурстардын жетишсиздигин же сапатынын төмөн экендигин белгилеп, бул факторлор окутуунун сапатына таасир тийгизерин белгилеген. ОЭСР өлкөлөрүнө салыштырмалуу материалдык ресурстардын жетишсиздиги башка КМШ өлкөлөрүндө дагы байкалат. Кыргызстанда материалдык ресурстардын салыштырмалуу жогорку дефицити дээрлик бардык аймактарда байкалат. Айрым КМШ өлкөлөрүндө, ОЭСР мектептеринен жакшыраак жабдылган мектептер бар болгон. Педагогдук кадрлардын, окуу китептеринин жетишсиздиги жана инфраструктурада көйгөйлөрү бар мектептерде сабаттуулуктун деңгээли төмөн болгондугу айдан ачык.  ЦООМО

Мектептердин материалдык-техникалык жабдылышы

  • 2006-жылдагыдай эле, 2009-жылы да мектептердин материалдык ресурстардын жетишсиздигинин индекси бардык изилдөөгө катышкан өлкөлөрдүн ичинен эң жогору болгон .
  • 90%дан ашык мектеп директорлору лабораториялык жабдуулар, окуу китептери, компьютерлер, интернетке кирүү, программалык камсыздоо сыяктуу ресурстардын жетишсиздигин же сапатынын төмөн экендигин белгилеп, бул факторлор окутуунун сапатына таасир тийгизерин белгилеген.
  • ОЭСР өлкөлөрүнө салыштырмалуу материалдык ресурстардын жетишсиздиги башка КМШ өлкөлөрүндө дагы байкалат.
  • Кыргызстанда материалдык ресурстардын салыштырмалуу жогорку дефицити дээрлик бардык аймактарда байкалат. Айрым КМШ өлкөлөрүндө, ОЭСР мектептеринен жакшыраак жабдылган мектептер бар болгон.
  • Педагогдук кадрлардын, окуу китептеринин жетишсиздиги жана инфраструктурада көйгөйлөрү бар мектептерде сабаттуулуктун деңгээли төмөн болгондугу айдан ачык.

ЦООМО

Баалоо Изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча милдеттүү түрдө улуттук сынактар өткөрүлгөн өлкөлөрдө адатта сабаттуулуктун деңгээли жогору болгон. милдеттүү түрдө улуттук сынактар өткөрүлгөн өлкөлөрдө адатта сабаттуулуктун деңгээли жогору болгон . Милдеттүү стандартташтырылган улуттук экзамендерди тапшырган билим берүү системаларында билим алган окуучулар улуттук сынактар өткөрүлбөгөн системадагы окуучуларга караганда орто эсеп менен 19 упайга жогору упай алышат. Изилдөөгө катышкан 18 өлкөдө мектеп жетекчилери окуучулардын окуу жетишкендиктери боюнча көрсөткүчтөр ачык жарыяланып турат деп белгилеген мектептерде көрсөткүчтөрү ачык жарыялабаган мектептерге караганда сабаттуулуктун деңгээли жогору болгон.  ЦООМО

Баалоо

  • Изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча милдеттүү түрдө улуттук сынактар өткөрүлгөн өлкөлөрдө адатта сабаттуулуктун деңгээли жогору болгон. милдеттүү түрдө улуттук сынактар өткөрүлгөн өлкөлөрдө адатта сабаттуулуктун деңгээли жогору болгон .
  • Милдеттүү стандартташтырылган улуттук экзамендерди тапшырган билим берүү системаларында билим алган окуучулар улуттук сынактар өткөрүлбөгөн системадагы окуучуларга караганда орто эсеп менен 19 упайга жогору упай алышат.
  • Изилдөөгө катышкан 18 өлкөдө мектеп жетекчилери окуучулардын окуу жетишкендиктери боюнча көрсөткүчтөр ачык жарыяланып турат деп белгилеген мектептерде көрсөткүчтөрү ачык жарыялабаган мектептерге караганда сабаттуулуктун деңгээли жогору болгон.

ЦООМО

Билим алууга кеткен убакыт Окуучуларды сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча: Эң мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон өлкөлөрдүн ( Австралия, Канада, Финляндия, Япония жана Корея ) окуучулары жумасына орточо эсеп менен табият илимдеринен сабактарга төмөнкүдөй убакыт коротушат: Мектептеги окуу сабактарына - 11,5 саат Класстан тышкаркы иштерине - 2,3 саат Үй тапшырмасын аткарууга - 4,3 саат Кыргызстанда: Мектептеги окуу сабактарына - 2,4 саат Класстан тышкаркы иштерине - 1,7 саат Үй тапшырмасын аткарууга - 2,4 саат  ЦООМО

Билим алууга кеткен убакыт

Окуучуларды сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча:

Эң мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон өлкөлөрдүн ( Австралия, Канада, Финляндия, Япония жана Корея ) окуучулары жумасына орточо эсеп менен табият илимдеринен сабактарга төмөнкүдөй убакыт коротушат:

  • Мектептеги окуу сабактарына - 11,5 саат
  • Класстан тышкаркы иштерине - 2,3 саат
  • Үй тапшырмасын аткарууга - 4,3 саат

Кыргызстанда:

  • Мектептеги окуу сабактарына - 2,4 саат
  • Класстан тышкаркы иштерине - 1,7 саат
  • Үй тапшырмасын аткарууга - 2,4 саат

ЦООМО

Билим алууга кеткен убакыт  Изилдөөгө катышкан Кыргызстандагы 5182 окуучунун ичинен сурамжылоо боюнча: 1154 окуучу - мектептеги окуу сабактарын, 1777 окуучу - класстан тышкаркы иштерин, 1136 окуучу - үй тапшырмасын аткарбайбыз деген маалыматтар алынган.  ЦООМО

Билим алууга кеткен убакыт

Изилдөөгө катышкан Кыргызстандагы 5182 окуучунун ичинен сурамжылоо боюнча:

1154 окуучу - мектептеги окуу сабактарын,

1777 окуучу - класстан тышкаркы иштерин,

1136 окуучу - үй тапшырмасын

аткарбайбыз деген маалыматтар алынган.

ЦООМО

Билим алууга кеткен убакыт Табият илимдерин окууга багытталган кошумча мектеп иш-чаралары Жыйынтык жогору: 14.7 упайга 2.9 балла Класстан тышкаркы иш-чаралардын индексинде бир кошумча пункт  Жумасына бир кошумча саат:  3.1 балл Өз алдынча иштөө жана үй тапшырмасын аткаруу 8.7 баллов Дайыма өтүүчү мектептеги сабактар  ЦООМО

Билим алууга кеткен убакыт

Табият илимдерин окууга багытталган кошумча мектеп иш-чаралары

Жыйынтык жогору:

14.7 упайга

2.9

балла

Класстан тышкаркы иш-чаралардын индексинде бир кошумча пункт

Жумасына бир кошумча саат:

3.1

балл

Өз алдынча иштөө жана

үй тапшырмасын аткаруу

8.7

баллов

Дайыма өтүүчү мектептеги сабактар

ЦООМО

Окуучуларды тандоо жана класстарга бөлүштүрүү Окууучуну

Окуучуларды тандоо жана класстарга бөлүштүрүү

  • Окууучуну " экинчи жылга калтыруу " ...
  • 15 жашка чейинки эрте куракта окуучуларды ар кандай билим берүү программалары боюнча класстарга бөлүштүрүү ...
  • Начар окуган, жүрүм-турум көйгөйлөрү бар же өзгөчө билим алуу муктаждыктары бар окуучуларды башка мектептерге которуу …
  • Бардык предметтер боюнча окуучуларды жөндөмүнө жараша бөлүштүрүү практикасы...

. сабаттуулуктун орточо көрсөткүчтөрүнө терс таасирин тийгизет жана ошону менен бирге үй-бүлөнүн коомдук-экономикалык абалынын сабаттуулуктун деңгээлине тийгизген таасирин күчөтөт.

ЦООМО

Окуу стратегияларын билүү Маалыматты түшүнүү жана эстеп калуу стратегияларын, ошондой эле маалыматты жалпылоо стратегияларын колдонгон окуучулардын сабаттуулук деңгээли мындай стратегияларды билбеген жана колдонбогон окуучуларга караганда кыйла жогору болот .  ЦООМО

Окуу стратегияларын билүү

  • Маалыматты түшүнүү жана эстеп калуу стратегияларын, ошондой эле маалыматты жалпылоо стратегияларын колдонгон окуучулардын сабаттуулук деңгээли мындай стратегияларды билбеген жана колдонбогон окуучуларга караганда кыйла жогору болот .

ЦООМО

Тыянактар: Бардык окуучулар үчүн стандарттарды жогорулатууга көтөрүүгө багытталган универсалдуу саясат талап кылынат, мисалы, окуу планын өзгөртүү, окутуу ыкмаларын жакшыртуу, предметтерди окутуу ыкмаларын талдап чыгуу жана башкалар. Өлкөдөгү билим берүү саясатына жана билим берүүдөгү реформага системалуу мамиле жасоо зарыл. Көрсөткүчтөрү төмөн болгон мектептер менен максаттуу иш алып баруу, мисалы, балдарга эрте колдоо көрсөтүү программалы аркылуу же окуу жетишкендиктеринин көрсөткүчтөрү төмөн болгон окуучуларды колдоо программалары аркылуу.  ЦООМО

Тыянактар:

  • Бардык окуучулар үчүн стандарттарды жогорулатууга көтөрүүгө багытталган универсалдуу саясат талап кылынат, мисалы, окуу планын өзгөртүү, окутуу ыкмаларын жакшыртуу, предметтерди окутуу ыкмаларын талдап чыгуу жана башкалар. Өлкөдөгү билим берүү саясатына жана билим берүүдөгү реформага системалуу мамиле жасоо зарыл.
  • Көрсөткүчтөрү төмөн болгон мектептер менен максаттуу иш алып баруу, мисалы, балдарга эрте колдоо көрсөтүү программалы аркылуу же окуу жетишкендиктеринин көрсөткүчтөрү төмөн болгон окуучуларды колдоо программалары аркылуу.

ЦООМО

 Көӊул бурганыӊыз үчүн ыракмат!  Источники:  1. OECD (2010), PISA 2009 Results: What Students Know and Can Do – Student Performance in Reading, Mathematics and Science (Volume I) . http://dx.doi.org/10.1787/9789264091450-en  2. OECD (2010), PISA 2009 Results: Overcoming Social Background – Equity in Learning Opportunities and Outcomes (Volume II) . http://dx.doi.org/10.1787/9789264091504-en  3. OECD (2010), PISA 2009 Results: Learning to Learn – Student Engagement, Strategies and Practices (Volume III . )http://dx.doi.org/10.1787/9789264083943-en  4. OECD (2010), PISA 2009 Results: What Makes a School Successful? – Resources, Policies and Practices (Volume IV) . http://dx.doi.org/10.1787/9789264091559-en  5. PISA Data Analysis Manual : SPSS® SECOND EDITION . www.sourceoecd.org/education/9789264056268  6. OECD Database. http://pisa2009.acer.edu.au/  7. PISA 2009 . Evaluating systems to improve education . Presentation.  Andreas Schleicher . Special advisor to the Secretary-General on Education Policy . Head of the Indicators and Analysis Division, EDU    Некоторые фотографии, использованные в презентации были получены из коллекции Miscrosoft Office ClipArt online и не имеют отношения к исследованию PISA    www.testing.kg ЦООМО

Көӊул бурганыӊыз үчүн ыракмат!

Источники: 1. OECD (2010), PISA 2009 Results: What Students Know and Can Do – Student Performance in Reading, Mathematics and Science (Volume I) . http://dx.doi.org/10.1787/9789264091450-en 2. OECD (2010), PISA 2009 Results: Overcoming Social Background – Equity in Learning Opportunities and Outcomes (Volume II) . http://dx.doi.org/10.1787/9789264091504-en 3. OECD (2010), PISA 2009 Results: Learning to Learn – Student Engagement, Strategies and Practices (Volume III . )http://dx.doi.org/10.1787/9789264083943-en 4. OECD (2010), PISA 2009 Results: What Makes a School Successful? – Resources, Policies and Practices (Volume IV) . http://dx.doi.org/10.1787/9789264091559-en 5. PISA Data Analysis Manual : SPSS® SECOND EDITION . www.sourceoecd.org/education/9789264056268 6. OECD Database. http://pisa2009.acer.edu.au/ 7. PISA 2009 . Evaluating systems to improve education . Presentation. Andreas Schleicher . Special advisor to the Secretary-General on Education Policy . Head of the Indicators and Analysis Division, EDU Некоторые фотографии, использованные в презентации были получены из коллекции Miscrosoft Office ClipArt online и не имеют отношения к исследованию PISA

www.testing.kg

ЦООМО


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!