СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат Сулайман-Тоо

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

          Тарбиялык саат.                                        7-б класс  Бакир уулу Чынгыз

 

Сабактын темасы:           Сулайман-Тоо

Сабактын максаты:

  • Сулайман-Тоо тууралуу алышат;

Сабактын жабдылышы:

           Сүрөттөр ,видео, слайд,

 

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат Сулайман-Тоо»

Тарбиялык саат. 7-б класс Бакир уулу Чынгыз



Сабактын темасы:  Сулайман-Тоо

Сабактын максаты:

  • Сулайман-Тоо тууралуу алышат;

Сабактын жабдылышы:

Сүрөттөр ,видео, слайд,

Сабактын жүрүшү:

Сулайман-Тоо тууралуу маалыматыңыз кандай?

Сулайман-Тоо Ош шаарындагы ыйык тоо. 2009-жылдын июнь айында ЮНЕСКОго катталган мамлекеттик биринчи эстелик. Узундугу 3 км, туурасы 1,5-2 км, деңиз деңгээлинен бийиктиги 1176 метр. Салыштырмалуу бийиктиги  300-350 метр. Сулайман -Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей — комплекс. XVI-кылымга чейин Сулайман-Тоо Баара-Кух деп табылганы маалым.

Тоодо 5 чоку бар:

1) Баара-Таг  (Сулайман-Тоо).

2) Шор-Таг (“Ак туздуу чоку” дегенди түшүндүрөт).

3) Рушан-Таг (“Эң бийик”, “эң жарык” деген маанини берет).

4) Ээр-Таг (“Ээрге окшош тоо”). Чокунун түндүк капталы көрүнүшүнө жараша Каттама-Таш деп аталат.

5) Кекилик-Учар.

Сулайман-Тоого киргенден түшкөнгө чейин 940 тепкич бар.Зыяратчылар үчүн табигый бир нече үңкүрлөр бар.Алар:”Эшен- Үңкүр”,”Кырк-Чилтен”,”Үр-Кыз”,”Бешик-Эне”,”Тамчы-Тамар” жана башкалар.

Тарыхы

Сулайман-Тоо Өзгөн канынын вазири Султан Мази Сулаймандын (XV-кылымдын башы) ысмынан аталган. Вазир Сулайман-Тоону жайкы резиденциясына айландырган. Жергиликтүү эл жана четтен келгендер тоого чыгышып, жөн гана сейилдешкен.Эл көп каттагандыгынан пайдаланып, дин кызматкерлери тоону тотемдик даражага жеткиришип, ислам динин таратуучу майданга (аренага) айландырышкан. Дин кызматкерлери Сулайман пайгамбардын тактысынын табылгандыгы жөнүндө сөз таратышкан. Өзгөн вазири Сулайман пайгамбарга, ал эми анын эс алуучу жайы Сулайман тактысына айланып, «ыйык» даңкка ээ болгон. Захридин Бабур тоого эс алып олтура турган жай (кужура) курдурган. Азыр чокусуна түтүк менен суу чыгарылып,айланасына бак-дарак тигилип, жашылдандырылып, эмгекчилердин эс алуучу жайына айланды. Боорунан үңкүр казылган. Түштүк Кыргызстандын тарыхы менен тааныштыруучу бир нече залдан турган өзүнчө оригиналдуу музей жайгаштырылды.

Бабурдун үйү

Тоонун чокусунда Бабурдун башкаруусунда пайда болгон «Тахты Сулайман» мечити жайгашкан. Атеисттер 1963-жылы Бабурдун үйүн буздуруп салышкан. Кийин 1991-жылы сакталып калган материалдардын жардамы менен бул тарыхый эстелик кайра калыбына келтирилген.

Музей

Музей архитектор Назаров Кубанычбек Кудайназаровичдин долбоору менен 1978-жылы курулган. Музей 2 кабаттан турат. Биринчи кабатында майда табигый буюмдар жайгашкан. Экинчи кабатка чыгып бара жатып, жан жаныбарлардын катырылган абалда турганын  көрүүгө болот. Экинчи этажында  дүйнөлүк диндердин, Фергана өрөөнүндөгү элдердин ырым-жырымдары жайланышкан зал болуп эсептелет.Бул маалымат экскурсовод Кызжибек Ташматова жана археолог илимий агартуу бөлүмүнүн башчысы Эмирлан Мырзабеков тарабынан алынды.



Ыйык жайлары

Бел таштан бели, бөйрөгү ооруган адамдар 7 жолу сыйгаланып түшүшөт. Ден соолугу начар, жашы өтүп калган адамдар 3 же 1 ирет сыйгаланууга тийиш. Маалыматтарга караганда, шыпаа тапкандар көп.
Кол таш деп аталган жайга сыйынганы келгендер ооруган колун салып, ичинен тилек тилешет. “Жакшылап көңүл бурган адам манжаларынын учу чымыраганын сезет” деп айтылат.
Бешик энеге балалуу болбой жүргөндөр көп келишет. Андагы көзөнөк ташты эки колу менен кармап, маңдайын ага тийгизип, ичинен тилек тилешет. Сыйынгандардын тилеги кабыл болгон мисалдар көп.
Хуркызга кыз-келиндер барышат жана өзүлөрүнүн аруу-тилектерин айтышып, жараткандан аларды ишке ашыруусун суранышат. Эркектер сыйынуучу жай «Кырк-Чилтен» деп аталат. Уламышта бул үңкүр – жигит пири Шаймерден түнөп кеткен ыйык жай. Жоокерчилик заманда жоого аттанар эр-жигиттер ошол жерге барып сыйынышчу экен.







Сулайман-Тоо мечити

Сулайман-Тоо мечити арабдар жана элдин колдоосу менен курулган.Мечит 3 кабаттан турат жана 4 мунарасы бар.Мечит 5000 ден ашуун адамга ылайыкташтырылган.Мечиттин курулганына 10-жылдай убакыт болду. Жума күндөрү мечитке жума намазын окуганы 5000ден ашуун адам келет.Мечитте негизинен 5 имам иштейт.Мечиттин азанчысы:Нажибулла Айдаров.Бул маалыматты  мечиттин имамдарынын бири Бахрам Абдуллажанов айтып берди.



Жайкы эс алуу мезгилинде күнүнө 1000 ден ашуун элдер эс алып, зыярат кылганы келишет. Сулайман-Тоо  Кыргызстандагы эң ыйык жайлардын бири болуп эсептелет.



2



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!