СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Саматтын сүйүктүү оюнчусунун жашы канча?
Самат футбол оюнун жакшы көрөт.
Анын жакшы көргөн командасы “Барселона” жана 10 номердеги оюнчу, анын сүйүктүү оюнчусу. Ал ушул команда жана сүйүктүү оюнчусу жөнүндө маалымат топтогусу келди. Интернетти карап, төмөндөгүдөй маалыматты таап алды.
Оюн учурунда, комментатор кулактандырды: “Оюн талаасында
«Барселона» командасында ойноп жүргөн оюнчулардын орточо жашы 23 жаш. Оюн учурунда 10чу номердеги оюнчуну оюн талаасынан чыгарып жиберишкенден кийин, калган оюнчулардын орточо жашы 22 жаш болуп калды.”
Саматтын сүйүктүү оюнчусунун жашы канча?
“Футбол боюнча дүйнө чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү”- деген таблицаны колдонгула.
Самат футбол боюнча дүйнө чемпионатттарын калтырбай көрөт. Интернет булактарынан “Футбол боюнча дүйнө чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү” боюнча түзүлгөн таблицаны таап алып, төмөндөгүдөй ырастоолорду жазды.
А) Бразилия 5 жолу дүйнө чемпиону болду.
Б) Германия – 2014-жылдын дүйнө чемпиону болгон.
В) Англия - бир эле жолу дүйнө чемпиону болгон.
Г) Жалгыз эле Бразилиялыктар эки жолу удаа дүйнө чемпиону болгон.
Д) Дүйнө чемпионаты 4 жылда бир жолу өткөрүлөт жана бул традиция эч качан бузулган эмес.
Футбол боюнча дүйнө чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү
Жылы |
Жеңүүчүсү |
Жылы |
Жеңүүчүсү |
1930 |
Уругвай |
1982 |
Италия |
1934 |
Италия |
1986 |
Аргентина |
1938 |
Италия |
1990 |
ФРГ |
1950 |
Уругвай |
1994 |
Бразилия |
1954 |
ФРГ |
1998 |
Франция |
1958 |
Бразилия |
2002 |
Бразилия |
1962 |
Бразилия |
2006 |
Италия |
1966 |
Англия |
2010 |
Испания |
1970 |
Бразилия |
2014 |
Германия |
1974 |
ФРГ |
2018 |
Франция |
1978 |
Аргентина |
2022 |
Аргентина |
Категориясы |
Командалык оюн |
Командада оюн талаасында оюнчулардын саны |
11 |
Оюн шайманы |
футбол тобу |
Биринчи мелдештер |
1872-жылы |
Биринчи дүйнө чемпионаты |
1930-жылы |
Эл аралык федерация |
|
Аталышы |
FIFA |
Негизделген жылы |
1904 |
Веб-сайт |
fifa.com |
|
Футбол матчы
Футбол матчы эки таймдан турат, бир тайм 45 мүнөткө созулат. Ал эми эки таймдын ортосунда 15 мүнөттүк эс алуу бар.
Самат түз эфирден футбол матчын көрүп жаткан. Биринчи тайм бүткөндөн кийин, ал
дукөнгө чуркап барып, экинчи таймга жетишип келип калды.
Самат дүкөнгө барып келген убакыт, матчтын канча бөлүгүн түзөт?
Футбол талаасынын өлчөмү |
||||||||||||||||
Стандарртык футбол талаасы тик бурчтук формасында болот. Дарбаза жайгашкан беттешүүчү жагы берки каптал жагынан кыска болот. Футбол матчтарын өткөрүү үчүн футбол талаасынын стандарттык өлчөмдөрү төмөндөгүдөй болушу керек:
|
||||||||||||||||
|
Футбол газону
Футбол талаасына газон чөбүн себүү үчүн орто эсеп менен алганда 1м2 жерге 25 г үрөн себилет.
Өлчөмү 115 м ×50 м болгон футбол талаасына газон чөбүн себүү керек.
Эгер бир мүшөктө 30 кг урук болсо, 5 мүшөк газондун уругу, ушул футбол талаасына жетеби?
© 2024, Жолдошова Айгерим Эсенкуловна 68