СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ата жөнүндө эссе. Тарбиялык саат.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ата – дөөлат, таянар тоо. Ата – ордолуу шаар. Өмүр деген улуу дайранын башаты атадан башталат,ошондуктан атанын касиети эбегейсиз зор. Кудай Таала атага ошондой жаратмандык кудурет-күчтү, зор шыбаганы берип койгон. Кыргыз элинде: «Атанын назарынан калба», «Атага наалат келтирбе» деген накыл сөздөр бар. Бул улуу сөздөр. Атанын насаатын укпаган, аны урматтап сыйлай албаган балдардын келечеги жок. Андай балдардын ырыскысын жараткан Алла Таала кемтик кылып коёт. Анткени атасын нааразы кылган пенде эзели өсүп-өнүкпөйт. Андайларга Кудайдын каары тиет.

* * *

Ата болуу бактысына туш келген эч бир пенде азамат уулунан ажырап, жер муштап олтуруп калбаса экен деп тилеймин. Мууну бошошуп, көкүрөгү күйүткө чыланбаса экен деп тилеймин. Өзөгү өрттөнүп, санаасы санга бөлүнбөсө экен деп ойлоймун. Бул дүйнөдө мындан өткөн оор трагедия болбосо керек. Өмүр бою эңсеген арзууларың, көксөгөн максат-мүдөөң жалп этип өчкөндөн артык дагы кандай жоготуу бар. Бакубат шагы сынган дарак сыяктуу ылайым уулунан ажырап боздогон пенде азыраак болсун. Жөлөгү жок мөгдөгөн аталарды сейрек учураталы.

* * *

«Балдарымдын тукуму өссүн, жакшы адам болуп чоңойсун, эл катарына кошулуп оозго алынсын», – деген ата балдарына арам тамак жедирбейт. Ыймандуу кылып тарбиялайт. Адам болуунун акыйкат илимдерин үйрөтөт. Билген адамга ата болуудан оор озуйпа жок. «Ата» деген сөздү угуунун өзү чоң сыноо. Ошол сөзгө татыктуу болуп өтүү ар кимдин колунан келе бербейт.

* * *

Атанын айткан ар бир сөзү таберик. Аны асыл буюмдан, казылган казынадан артык баалоо зарыл. Аны ыйбаа менен, астейдил ак көңүл менен угуу зарыл. Жүрөк менен, бүткүл дилди берип угуу керек. «Атанын сөзү – акылдын көзү» деп бекеринен айтылбайт. Атанын сөзүнө маани бербеген, анын терең сырларына түшүнбөгөн, кулагынын сыртынан кетирген балдар бул турмушта ар кандай кесепеттерге көп чалдыгып, түз жолдордон өталбай көп адашат.

Атанын сөзү бакытка жетүүнүн эң кыска жолу. «Уулум, атам башын жерге салбай жүрсүн десең арамдыкка, бейчеки иштерге барба. Эч убакта жалган сүйлөбө, ооз көптүрүп мактанба, бүтүрбөгөн ишимди бүтүрдүм дебе, өзүңдөн улуу адамдарга текебер сүйлөбө. Арам тамак жеп көнбө», – деп айтчу эле атам. Азыр ойлосом атамдын сөздөрү ыйык китептерде жазылган улуу сөздөр экен. Өмүр бою ушул сөздөрдүн кулу болуп келатам.

Булак: Insan.kg

Эгемберди Эрматов

04.12.2019 20:46


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!