СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Улуттук интеллектуалдык оюндардын окуучуларга тийгизген таасири

Нажмите, чтобы узнать подробности

Элдик оюндар ар дайым күнүмдүк саясаттан жогору турууну, саламаттыкты жана сергектикти, ыкчам, көрөгөч, ийкемдүү жана зирек болууну даңазалайт. Ушундан улай элдик педагогиканын тажрыйбасы теориялык жана практикалык тарбиялоодо бирден бир баалуулуктардан болуп эсептелинет. Элдик оюндар элдик тарбиянын ажырагыс бөлүгү. Оюндар кенже курактан баштап балдарды элди, жерди, мекенди сүйүүгө, адептүүлүккө, эмгекчилдикке, акыл эстүүлүккө тарбиялоодо элдик педагогиканын кылымдан бери адатка айланган талабы болгон. Азыркы учурда элдик уюмдар жаш муундардын турмушка алгачкы даярдоо процессинин негизги фактору бойдон калууда.Элдик оюндар балдардын кеңири ой жүгүртүүгө, эске тутуп билүүгө, чыгармачылык менен элестете билүүгө, байкагычтыкка жана баамдагычтыкка, туруктуулукка, айлакердикке, эпчилдикке, ийкемдүүлүккө, тыкаандыкка, тез тыянак чыгара билүүгө жана башка баардык оюндар тарбия берүүнүн комплектүү каражаттарынын бири болуп саналат.

Кыргыз элинин улуттук оюндары менен этно педагогикалык жактан анализдеген кезде ал оюндарды ойноо, көнүгүү жана машыгуу процессинде окуучулар моралдык, кайраттуулук, билүү, таануу, физикалык жана башка сапаттарга ээ болоору айкын. Кыргыз элинин улуттук кээ бир оюндарына токтоло кетсек: • Акыл оюндары: тогуз коргоол, алты коргоол, чатыра таш, чатыраш-киште, нартөө, катар, бөрү таш, топ таш, уюм тууду ж.б. • Кыймыл-аракет оюндарында көңүл ачуу оюндары бар: селкинчек, алты бакан селкинчек; • Жамааттык кыймыл – аракет оюндары: жоолук таштамай, так орун, качма топ, көз таңмай, урма топ, орто топ, дүмпүлдөк, ак чөлмөк, жашынмак, токту сурамай, коон үзмөй, колго түшмөй, шакек таштамай, ак терек-көк терек, оропой тебүү, селкинчек, аркан тартыш ж.б; • Аң улоочу: бүркүт кармоо, топ таптоо, аны салуу- саяпкерчилик, куш кармоо, таптоо; • Көңүл ачуу оюндары: кимдин мөөрөйү, коңгуроо кайда, томук какмай, жип кесмей ж.б.

21.04.2020 23:49


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!