Просмотр содержимого документа
«Алардын эрдиктери Кыргызстандын журогундо туболукко жашайт»
«Алардын эрдиктери Кыргызстандын журогундо туболукко жашайт!»
Сабактын максаты: |
Билим беруучулук: Окуучулар Ата Журтту суйуу, Ата Мекенди коргоо ар бир атуул учун ыйык экендигин тушунушот. | Өнуктуруучулук: Озунун атуулдук сезимдерин тартынбай айтып берууго уйронот. | Тарбия беруучулук: Окуучулар патриоттук сезимин ойготуу менен эр журоктуулукко таазим кыла билууго багыт алат. |
Корсоткучтору: сабак максатына жетет, эгер окуучулар |
Окуучулар Ата Журтту суйуу, Ата Мекенди коргоо жонундо тушунугун айтып бере алса. | Озунун атуулдук сезимдерин айтып, тушундуруп бере алса. | Окуучулардын патриоттук сезимин билдирип, эр журоктуулукко таазим кыла билсе. |
Сабактын жабдылышы: Сурөттөр. Буклетттер.
Сабактын журушу:
I. Уюштуруу:
Окуучуларды жоктоо. Сабакка даярдыгын байкоо.
II. Киришуу учун суроолор:
Экинчи дуйнолук согуш жонундо эмнелерди билесинер?
Кыргызтандан бул согушка катышып, эрдик корсоткондор жонундо айтып бергиле.
9-май кандай кун? Бул жениш эмне алып келген?
III. Керектуу маалыматтар менен таанышуу:
Мугалим:Согуштун ардагерлери кырчындай жаш куракта согушта кан кечип, төшүн окко тосуп курман болсо, кээ бири жеңиштин желегин желбиретип өз мекенине кайтып келишкен. Өзүнүн эли, жери үчүн күрөшкөн баатырлардын өлбөс, өчпөс эрдиктери элдин түбөлүк үлгүсү болуп, жүрөктүн түбүндө бекем сакталып калмакчы. Экинчи дуйнолук согуштун озгочо эрдик корсоткон панфиловчу баатырлары жонундо бугун да эскерип, аларга таазим кылабыз.
1-окуучу:
Панфилов Иван Васильевич (1892, Саратов облусу, Петровск ш.–1941) – Советтер Союзунун Баатыры (1942), генерал-майор (1940).
1918-жылдан Кызыл Армияда кызмат өтөп, Граждандык согушка (1918–20) катышкан. 1923-жылы Киевдеги бириккен жогорку аскер окуу жайын бүтүргөн. 1938–41-жылы Кыргыз ССРинин аскер комиссары.
1941-жылы июлдан Улуу Ата Мекендик согушта Түндүк-Батыш, Батыш фронтторунун 316- аткычтар дивизиясынын командири. Октябрь, ноябрь айларында анын дивизиясы Москваны коргоодо эрдик көрсөткөн (к. Жыйырма сегиз баатыр панфиловчулар). Согушта курман болгон.
2-окуучу:
Жыйырма сегиз панфиловчулар – Улуу Ата Мекендик согушта Москва алдындагы салгылашта артыкча эрдик көрсөткөн панфиловчу жоокерлер. Волокаламск шаарынан түштүк-чыгыш тарапта Дубосеково темир жол разъездинде 316-аткычтар полкунун 2-батальонунун 4-ротасынын аткычтары душманга каршы төрт саат бою салгылашкан. 28 жоокерден турган бул топту кенже саясий жетекчи В. Г. Клочков-Диев (1911–1941) башкарган. Анын уруш алдында айткан, «Россия – кең, бирок чегинүүгө жер жок – артыбызда Москва» – деген сөзү борбор шаарды коргоочулар үчүн ураанга айланган. Жоокерлердин алтоо – Николай Ананьев (1912–1941), Григорий Конкин (1911–1941), Иван Москаленко (1912–1941), Григорий Петренко (1909–1941), Григорий Шемякин (1906–1975) жана Дүйшөнкул Шопоков (1913–1941) Кыргызстандан болушкан. Жоокерлер чабуул коюп келе жаткан фашисттик элүүдөй танктын он сегизин талкалап, калганын чегинүүгө аргасыз кылышкан. Жыйырма сегиз баатырдын 23ү курман болгон. 1975-жылы бул салгылашуунун ордуна «Жыйырма сегиздин эрдигине» деген эстелик ансамбль тургузулган.
3-окуучу:
Дүйшөнкул Шопоков (19.05.1913 - 16.11.1941) - 1913-ж Кыргыз ССРинин Сокулук районундагы Шалта айылында кедей-дыйкандын уй-булосундо туулган. Улуту кыргыз. КПССтин мучосу. Согушка чейин колхоздо иштеген.Колхоздун башкармасынын мучосу болгон.1944-ж август айынын аягында 316-аткычтар дивизиясынын жоокери болуп катталган.Волоколамск шоссеси тарабында душмандын борборго кире беришин коргоп, Москванын алдында 28 панфиловчулардын катарында салгылашкан.1941-ж 16-ноябрдагы салгылашууда Дубосекова разьезинде душмандын 50 танкасынын чабуулун токтотуу учурунда өлбөс-өчпөс эрдик көрсөткөн.Тендешсиз салгылашууда курман болгон.
Көрсөткөн каармандыгы, эрдиги, баатырдыгы учун Дүйшөнкул Шопоков өлгөндөн кийин 1942-ж Советтер Союзунун Баатырынын наамына татыктуу болгон.Эл Баатыржөнүндөгү эстеликти ыйык сактайт.Өзү иштеген колхоз, Фрунзе шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бири, мектептер, пионер дружиналары жана бир шаар анын ысымы менен аталган.
Кыргыз ССРинин Сокулук районундагы Шалта айылында мемориалдык музейи ачылып, Фрунзе шаарында "Жаш Гвардия" проспектисиндеги Баатырлардын Аллеясында бюсту орнотулган.
IV. Талкуу жургузуу:
Эмне учун кубаттуу согуштук техникасы, кучтуу даярдалган армиясы бар, согушка бир нече жыл даярданган Фашисттик Германия женилууго учураган?
Ушул суроонун айланасында окуучулар менен кенен талкуу жургузуп, бул суроонун жообун СССР элинин ынтымагы, эркиндикти суйуусу, эли-жерин коргоо учун оз жанын аябаган баатырлардын коп болгондугуна келтируу менен сабакты жыйынтыктаса болот.
4