СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Аракет системасы жана анын түрлөрү

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Аракет система-бул компьютердин аппараттык бөлүгүн башкарууну, файлдар менен иштөөнү жана колдонуучу менен өз ара мамилени камсыз кылуучу комплекстүү программа.

Аракет системалар системалык программалык каражаттарга кирет.

Аракет системанын бир нече түрлөрү бар: Multics, CP/M, MSDOS, WINDOWS, UNIX, LINUX.

Эң алгачкы аракет системасы 1950-60-жылдарга таандык, бирок анда толугу менен аныкталбаган, жөн гана файлдардын структурасы жана системасы жөнүндө идеялар айтылган.

Просмотр содержимого документа
«Аракет системасы жана анын түрлөрү»



«Зигзаг» стратегиясы

Класс: 9-класс

Сабактын темасы: Аракет системасы жана анын түрлөрү

Сабактын максаты:

  1. Окуучулар аракет системасы жана анын түрлөрү жөнүндө маалымат алышат

  2. Аракет системаларынын аткарган функциясын, анын түрлөрүнүн айырмачылыктарын билүү менен өз практикасында колдонууга такшалышат.

  3. Windows аракет системасы менен иштөө аркылуу компьютерге кылдат мамиле кылууга тарбияланат.

Сабактын тиби: аралаш

Сабакта колдонулган стратегия: зигзаг, синквейн

Сабактын жабдылышы: таркатылуучу тексттер, маркер доскасы

Колдонулган адабияттар: Т. Р. Орускулов, М. У. Касымалиев «Базалык курс», интернет тармагынан алынган маалыматтар.

Сабактын жүрүшү:

  1. Уштуруу учуру(1мүн). Окуучулардын тизмесин тактоо. Күндүн числосун, теманы жазуу.

Жагымдуу маанай түзүү(2 мүн) «Жакшы сөз жан эритет»

Жагымдуу сөз жазылган (2 түрдүү- кызыл, жашыл) түстүү кагаздарды илинген жерден алып, окуп, өзүнө алуу. Кызыл түстү тандагандар ички айлана, жашыл түстү тандагандар сырткы айлана болуп турушат.

  1. Өтүлгөн теманы кайталоо(5-7мүн). Ички айлана менен сырткы айланада турган окуучулар бири-бирин маңдайлаша карап турушат. Адегенде ички айланадагылар маңдайындагы окуучуга(түгөйүнө) өтүлгөн темалар боюнча суроо берет, мугалимдин кол чабуусу менен оң тарапка жылып, кийинки окуучуга кийинки суроосун берет. Андан кийин сырткы тарап суроо берет.

  2. Жаңы теманы түшүндүрүү

Тема жана сабактын максаты айтылат. Окуучулар дептерлерине жазышат(1мүн)

Чакыруу этабы(3 мүн)

(1,2,3,4 деп саноо менен топторго бөлүнүү)(1 мүн)

1, 2, 3, 4-адегенде кооперативдик топ түзүлөт.

Мындан: 1, 1, … 2, 2, …, 3, 3, …, 4, 4, … болуп топторго бөлүнүп отурушат. Бул эксперттик топ.

Түшүнүү этабы: (6 мүн)

Ар бир топко тиешелүү тексттер таркатылат. Топто түшүнүп окуп, талкуулашат.

Аракет система жана алардын түрлөрү

-1-

Аракет система-бул компьютердин аппараттык бөлүгүн башкарууну, файлдар менен иштөөнү жана колдонуучу менен өз ара мамилени камсыз кылуучу комплекстүү программа.

Аракет системалар системалык программалык каражаттарга кирет.

Аракет системанын бир нече түрлөрү бар: Multics, CP/M, MSDOS, WINDOWS, UNIX, LINUX.

Эң алгачкы аракет системасы 1950-60-жылдарга таандык, бирок анда толугу менен аныкталбаган, жөн гана файлдардын структурасы жана системасы жөнүндө идеялар айтылган. Толук кандуу иштөөгө негизделген аракет системасы 1965-жылы Multics деген ат менен пайда болгон. Анын негизинде Unix аракет системасы түзүлгөн. Multics аракет системасы мультфильмдерди түзүү үчүн колдонулган. Булардын өнүгүү перспективасы жок болуп, бул операциялык системанын долбоору жабылып калган. 1969-жылы Кен Томпсон кайрадан Multics аракет системасын ишке киргизген. Ал кийин Unics(андан кийин Unix) деген аталышка ээ болгон.

-2-

Жеке персоналдык компьютерлер үчүн эң алгач Гарри Килдэл тарабынан CP/M аракет системасы пайда болгон. 1982-жылы Microsoft фирмасы тарабынан IBM компаниясынын кайрылуусу менен жеке персоналдык компьютерлер үчүн MSDOS аракет системасы чыгарылган.

Windows АС–бул Microsoft(майкрософт) корпорациясынын колдонуучунун графикалык интерфейсине негизделген базалык система. Бул аябай кеңири тараган аракет системалырынын бири.

1985-жылдын 20-ноябрында Microsoft компаниясы эң алгач Windows 1.0 аракет системасын Лас Вегаста өткөрүлгөн көргөзмөгө алып чыгышкан. Мындан кийин Windows 2.0 аракет системасы чыккан. Бул аракет системасына удаалаш Windows NT пайда болгон.


-3-

Windows 95 АС сынын мүмкүнчүлүгү Windows 3.1 ге караганда бир топ кенен болгон. Бул аракет системасы колдонуучуну тармак менен иштөөгө (электрондук почта аркылуу каттарды жөнөтүүгө) мүмкүнчүлүк берген

Windows 98 аракет системасы windows 95 аракет системасына салыштырганда Internet explorer браузери менен байланышкан. Мындан сырткары портативдик компьютерлерде да колдонууга эң ыңгайлуу болгон.

Windows 2000-бул аракет системасы ар түрдүү компьютерлерде ишкерлер үчүн да колдонууга аябай ыңгайлуу.

Windows 2000 Professional-бул аракет системасы жеке компьютерлер үчүн каалаган орунда, калаган убагында, интернет тармагы менен байланышып иштөөгө мүмкүнчүлүк берет


-4-

Акырында бүгүнкү күндүн эң актуалдуу аракет системасы болгон Windows XP пайда болду. Бул аракет системасынын бир нече жакшы жетишкендиктери бар.

Unix аракет системасы Bell Telephone Laboratories тарабынан негизделген. Бул аракет системасы көп мүмкүнчүлүктүү, бир учурда бир нече колдонуучуну камсыз кылат. Unix аракет системасынын ар түрдүү версиялары бар, бирок ага карабастан алар бирдей архитектурага ээ.

Linux аракет системасын 1991-жылы финдик студент Линус Торвальдс электрондук почта аркылуу өзүнүн негиздеген аракет системасын тараткан. Мына ушундан тартып көпчүлүк программисттер колдогон. Бүгүнкү учурда Linux аракет системасы эң сонун жана бекер аракет системаларды бири.



Ойлонуу этабы(7 мүн)

  1. Ушул учурда кайра кооперативдик группа түзүлөт. Ар бир топтон келген адам өзүнүн маалыматын кийинки топтун мүчөлөрүнө тушундуруп айтып берет.



  1. Ар бир топ Windows деген зат атоочко синквейн түзүшөт(5 мүн)

windows

ыңгайлуу керектүү

аткарат ойнотот иштетет

office программалары Windowsто иштейт

аракет система



  1. «Ооба»-1, «жок»-0 деген жоопту алуучу тесттин жардамы менен окуучулардын билимдери текшерилет (6-7 мүн)

(Окуучулардын теманы канчалык деңгээлде түшүнгөнүн суроолордун жардамы менен каалаган окуучудан сурап алууга болот)

Суроолор?

  1. Windows аракет системасын Microsoft корпорациясы негиздеген.

  2. Эң алгач MS DOS аракет системасы пайда болгон.

  3. Unix аракет системасын 1991-жылы Линус Торвальдс негиздеген.

  4. Аракет системасы-бул компьютердин аппараттык бөлүгүн башкарууну, файлдар менен иштөөнү жана колдонуучу менен өз ара мамилени камсыз кылуучу комплекстүү программа

  5. Аракет системалар системалык программалык каражаттарга кирет.

  6. CP/M, Windows, Word, Ms Dos деген аракет системалары бар

  7. 1985-жылы Microsoft компаниясы Windows 1.0 аракет системасын Лас Вегастагы көргөзмөгө алып чыгышкан

  8. Эң алгачкы аракет системасынын пайда болушу 50-60-жылдарга таандык

  9. Windows XP –Windows 95 тен мурда пайда болгон

  10. 1969-жылы Кен Томпсон тарабынан Multics аракет системасы кайрадан иштелип чыккан

Жообу: 1001101101



Окуучулардын билимдерин баалоо(1 мүн). Окуучулар өз ара бири-биринин тесттерин текшерет. Туура жооп доскага көрсөтүлөт.

Тесттин негизинде окуучулардын билимдери бааланат.

1 ката(9 туура) болсо-«5»

2,3 ката(7-8 туура) болсо-«4»

4,5 ката(5-6 туура) болсо-«3»

6 катадан төмөн- «2»

Үйгѳ тапшырма берүү: Базалык курс. 205-бет. §5. Аракет системалары. (1 мүн)




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!