СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мугалим момолуу дарак. Тарбиялык саат

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат:

« Мугалим – мөмөлүү  дарак"

Орус тил мугалими: Пиришова Ж.

 

Мугалим – мөмөлүү дарак.

Сабактын максаты: 1. Мугалим жана анын эмгеги тууралуу маалымат  алышат.

2. Ыр, макалдарды айтуу менен кабыл алуусу, эске тутуусу, логикалык ойлоосу калыптанат.

3. Мугалимдерди сыйлоого жана эмгегин барктоого  тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: Түстүү сүрөттөр, макалдар, газета, теманы чагылдырган дарак ж.б.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу иши.

Музыка угулат. Мугалим доскага күн болуп, окуучулар нур болуп тизилишет.

Мугалим: Саламатсыздарбы, урматтуу мугалимдер!

Сиздерди « 5-октябрь – Мугалимдер күнү» менен куттуктаймын. Баарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр, ишиңиздерге ийгилик жана үй-бүлөңүздөргө бакыт каалаймын.

Анда эмесе 1-классынын « Мугалим – мөмөлүү дарак» аттуу тарбиялык саатын баштоого уруксат этиңиздер.

Окуучулар жалпы: Мугалимдер сиздерди Куттуктайбыз биз бүгүн! Ырдап-бийлеп беребиз, Кабыл алгын, сиз үчүн!

Куттуктоо: 1. Саламатсыздарбы, урматтуу мугалимдер! 2. Сиздерди майрамыңыздар менен куттуктайбыз! 3. Сиздерге чың ден соолук, 5. Узун өмүр 6. Жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз!

Мугалим: Биз мугалимдерди мөмөлүү даракка жана баарына бирдей жылуулугун чачкан мээримдүү күнгө теңедик. Ошон үчүн окуучуларым менен бирге күн болуп тизилдик. Мугалим балдарга канчалык мээримин төксө, анын нурлары ошончолук жылуу, жарык болот.

Мугалим ким? Экинчи бир ата-эне, Бүт эмгегин белендейт ал берээрге. Биз ушуну дайым өйдө коймокпуз, Кайсы кесип улуу десе эгерде.

Доклад. « Мугалим»

« Мугалим» - деген улуу сөздү укканда жылуу сезим ойгонуп, ага болгон урмат-сый пайда болот. Мугалим – мөмөлүү дарак. Мугалим дарак болсо, окуучулар анын бышып турган мөмөсү. Мугалим – экинчи ата-эне. Анткени, мугалим ар бир окуучунун кең келечеги үчүн түмөндөгөн түйшүк тартып, көп эмгектенип, балдарындай мээримин төгүп, бүтүндөй билимин арнайт. Мугалим илим, билим, тарбия гана бербестен, келечектин кесип ээлерин гана даярдабастан, ал баарыдан мурда коомдогу адамдарды өз колу менен жаратат. Мугалим окуучулардын жан-дүйнөсүнүн жараатын өзүнө билгизбей айыктыруучу дарыгер.

Көркөм окуу. « Мугалим ким?» Мугалим ким? Ал биз өңдүү адамбы? Кантип алар өзгөртүшөт заманды?

Ал улуу жан адамдардын адамы, Жакшылыкка арышталат кадамы.

Ата Журтка күнү-түнү кам жейби? Айтчы аның тамак ичип, нан жейби?

Отурганда кошо сүйлөп сабакты, Окуучуну ойлоп ичет тамакты.

Кеч киргенде мектебинен чыкпайбы Айтчы аның үйгө барса уктайбы?

Сабак калса капчыгына күч келет. Уктаса да окуучуну түш көрөт.

Мугалим ким каткырабы, күлөбү? Элге окшоп аш-тойлордо жүрөбү?

Күлгөнүнөн ой басканы көбүрөөк, Аш тойлордо анда-санда көрүнөт.

Чарчабайбы ызы-чуудан, баладан? Үйгө барып иш кылабы ал адам?

Мектепти да, үйдү дагы ардактайт, Мекен жүгү аны эч качан чарчатпайт.

Эл өңдөнүп эс алганды болжойбу? Компьютердин оюндарын ойнойбу?

Андай кылса сабак калат, иш калат, Андан көрө план жазып тытмалап.

Аның эмне башкалардан кем беле, Пара алып, байып кетпейт эмнеге?

Коррупцияны, жем корлукту жек көрөт, Таза иштеп, таза жашоо өткөрөт.

Мугалимдин сөзү: Балдар, алыскы бир жакта « Мугалимдер өлкөсү» бар экен. ( Доскада жасалган өлкөнү көрсөтүү). Ал жакта жыл сайын мугалимдер майрамдашат . Быйылкы жылы да 5-октябрда майрамдашты. Жүргүлө биз дагы ал өлкөгө барып, мугалимдерди майрамы менен куттуктап келели. – Силер макулсуңарбы? - Макулбуз - Бирок, ал жакка баруучу жол аябай алыс, татаал экен. Биз жолдордогу кыйынчылыктардан, тоскоолдуктардан өтүү үчүн бул тапшырмаларды аткаруу керекпиз.

1. Мугалим жөнүндө декломациялар. 2. Мугалим жөнүндө макалдар. 3. Бий. 4. Жеке номер. 5. Бий.

Анда жолго чыгалы.( Балдар «Достор барда» ырын ырдашат). Балдар жолдо баратышып дарыяга туш болушат. Андан өтүү үчүн эмне кылуу керекпиз? Көпүрөгө жазып коюптур: «Эгерде мугалим жөнүндө декломация билсеңер өтөсүңөр»- деп. Келгиле, ырларыбызды айтып өтүп кетели. Декломациялар.

Кесиптердин падышасы мен үчүн, Кымбаттуу эжейим, Билими күч, акылы бай мугалим. Ардактуу агайым. Салмактап көр мугалимдин бар күчүн, Жакшы окуп сабакты, Таразалап теңдеши жок билимин. Күнүгө беш алайын.

Кымбаттуу эжей-агайым, Таалим алып жер жүзү Кыйын экен байкасам. Мугалимдин колунан. Дайым сабак берүүгө, Келечекке адымдап, Даяр турат ар качан. Келет тайбай жолунан.

Дароо эле партага, Баардыгын тегиз окутуп, Отурсам деп шашамын. Билимдин ачып жолдорун. Кыялымда илимдин, Мугалим эже-агайлар, Кыя жолун ашамын. Ашырат максат-ойлорун.

Эң биринчи «а» деп тамга үйрөткөн, Мугалим эгер болбосо, Ата-энедей мээрим төгүп өстүргөн. Караңгы эле болмокпуз. Мугалимдер асылдардын асылы, Кайдан чыкмак даарыгер, Анткени алар адамзаттын акылы. Канчалар набыт болмокпуз.

Эне-атадай алпештешип балдарды, Асыл тоонун булагындай Билбедиңер чарчаганды, жалганды. Акылдуусуң мугалим. «Келгиле» деп бизге кучак жайдыңар, Бийик тоонун булагындай Рахмат сага, ардак сага мугалим. Билимдүүсүң мугалим.

Мугалим: - Азаматсыңар! Анда кайра жолубузду уланталы. Балдар, күн аябай ысыды. Баарыбыз чаңкап, басууга чамабыз калбай калды. Биз төмөнкү тапшырманы аткарсак, биздин суусундугубуз канат. Анда кезек мугалим жөнүндө макалдарда.

Макалдар.

Мугалим – мөмөлүү дарак.

Мугалим – жакшылыктын жарчысы, тарбиянын башаты.

Мугалим – экинчи ата-эне.

Мугалим - укканга санат, учканга канат.

Окуучулардын жүзүнөн ааламды көргөн – мугалим.

Мугалим – бул коомдун күзгүсү.

Мугалим күндөй тийсе жаркырап, Окуучулар гүл сыяктуу ачылат.

Азаматсыңар! Анда эмесе кеттик.

Мына балдар, « Мугалимдер өлкөсүнө» келип жеттик. Дарбазадан биз бийлеп киришибиз керек.

Бий.

Эми дарбазадан кире берсек болот. - - Мугалимдердин өлкөсү кандай экен? ( Окуучулар өз ойлорун айтышат). Бул өлкөдө майрам болуп жатат экен. Биз да аларды куттуктап ырдап, бийлеп берели.

Жеке номер.

Бий.

Жыйынтыктоо: - Силерге «Мугалимдер өлкөсү» жактыбы?

Анда эмесе биздин саякатыбыз аяктады. Эми кетишибиз керек. Кетиш үчүн күндүн нурларын ордуна коюшубуз керек. Антпесек жолубуз караңгы болуп калат.

Күн – бул мугалим. Мугалим кандай адам экендигин айтсак, күндүн нурлары ордуна келип, бизге жолу жарык кылат.

Мугалим:

 

- Туура таптыңар. Жүргүлө, жолго чыгып ырдап кетели.

Хор: « Биз үйрөндүк мугалимден».

Колго калем алганды, Окуганды, жазганды Биз үйрөндүк, биз үйрөндүк мугалимден.

Тыбыш жана тамганы, Табышмакты тапканды Биз үйрөндүк, биз үйрөндүк мугалимден.

Жомок жана ырларды, Китептеги сырларды Биз үйрөндүк, биз үйрөндүк мугалимден.

Жакшы менен жаманды Айырмалай алганды Биз үйрөндүк, биз үйрөндүк мугалимден.

Аяктоо сөзү: Ушуну менен саякатыбыз да, тарбиялык саатыбыз да соңуна чыкты. Көңүл бүрганыңыздар үчүн чоң рахмат.

Сиздерди дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайбыз.!

 


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!