СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Энелер мектебинин программасы

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Энелер мектебинин программасы»

ЖОБОСУ.

Максаты:

Балдардагы бардык жакшы сапттардын көпчүлүгү энелерден өткөнүн эске алып, үй – бүлөдө балдарды мектепке даярдоо, аыл – эс, адеп – ахлактык тарбиясы жөнүндө алгачкы педагогикалык маалымат берүү.

  • Үй – бүлөдө балдардын сезүү, кабылдоо, ойлоо, эстеп калуу .б. таанып – билүүго, билим алууга зарыл сапаттарынын калыптандыруунунэн жөнөкөй жолун, ыкмаларын үйрөнүү.

  • Энелерге, айрыкча жаш энелерге – балдарды тарбиялап – остурүүго кызыгууну жоопкерчиликти ойготуу.

Азыркы шартта көпчүлүк балдардын (90%) балдар бакчасына барбагандыгын эске алып,балдардын мектепке чейинки даярдыгын үй – бүлөдө толтурууга аз да болсо энелерге көмөктөшүү.

  1. Эне мектебинин түзүлушү.

  • Эне мектеби, ЗБМИС – эксперимент рамкасында, илимий – педагогикалык проблемалык лаборотория корутундусу негизинде мектеп базасында ачылат.

Алгач биринчи класска балдары келе турган энелер кабыл алынат. Бирок булардан тышкары да каалоочулар жобо шартын аткарса катышуусу мүмкүн. 5 – класс, жалпы эле мектепке келген жаны окуучулардын энелери окуудан өтөт. Жаны окуу жылыдан балдары биринчи класска келе турган бардык энелер үчүн “Эне мектебинен” даярдыктан отүү милдетүү.

  • “Эне мектеби” жобосу жана окуу программасы түзулуп, шаардык билим берүү бөлүмүнөн бекитилет жана гимназия, мектеп, балар бакчасынын директорунун буйругу менен ачылат.

  • Окутууу тездетилип, кыскартылган жана кенейтилген программа менен өтүлүүсү мүмкүн. Атйын журналда мектеп угуучулары, өтүлгөн темалар катталып барылат. “Эне мектебиндеги” окуу экзамен менен жыйынтыкталып атайын үлгүдөгү күбөлүк (справка ) берилет.

  1. Эне мектеби” ишмердүүлүгүнүн башкы багыттары жана мазмуну.

  • Машыгуулар атайын программа негизинде отулөт.

  • Бала тарбиялоодо эненин милдетин жана ролун түшундүрүү.

  • Билим баалуулугу,

  • Энелердин өздөрунүн үй – бүлөлөрүндо балдарга татыктуу таалим – тарбия берүү, мектепке балдарды даярдоо жөнүндө билим – маданият денгээлин көтөрүү.

  • Балдары психо – физиологиялык, интеллектуалдык өсүү закон ченемдүүлүктөрүн үйрөнүү.

  • Окуучулардын метепке даярдыгынын айрым проблемаларын анализдеп, кыйын абалдан чыгуу боюнча иш – чаралады түзүү, проблемаларды чечүү жолдорун үйронүу.

  • Дүйнөлүк жашы тажрыйбаны үйрөнүп, чыгармачылык менен пайдалануу жолдорун иштеп чыгуу.

  • Дене боюн, акыл – эсин, сезимин, адамгерчилик асыл сапаттарын өстүрүүнүн методикасын үйрөнүп, сынактан откөрүү.

  • Элдик педагогиканы үй – бүлө тарбиясында пайдалануу.

  • “ Мыкты үй – бүлө,” “Үлгүлүү эне ” тажрыйбасын үйрөнүү.

  • Балдарды ар тараптууу остүрүүчү уюштуруу методикасын оздөштүрүү.

  • Даарыгер, тарбиячы, “Мыкты эне”, “Мыкты окуучу” ж.б.лар менен жолугушууу.

  • Кинофильмди, көркөм адабиятты.ю турмуштук түрдүү ситуацияларда анализдөө, талкуу уюштуруу.

  • “Мыкты эне”, “Мыкты үй – бүлө конкурстары ” өткөрүлөт.

3. “Эне мектебинде” өтүлүүчү машыгуулардын түрлөрү.

  • Ангеме; - жолугушуу пикир алышуу

  • Лекция; - амалиаттык иштер

  • Диспут – дискусия; - реферат, билдирүү, доклад, сөчинение жазуу

  • Ролдоштуруу, конкурс.

  1. Энелер мектебинин” каржыланышы.

  • “Эне мектеби”- бул элдик мектеп;

  • Сабак, лекцияларга даядануу үчүн кеткен каражат угуучулардын эсебинен, атайын төлөм же ыктыярдуу салым эсебинен “Билим” фонду аркылуу толөнөт;

  • Мыкты катышкан, жакшы жетишкен угуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар берилет.

Түзгөн: Г. Мадаминов.29.05.1997-ж.



Энелер мектебинин” болжолдуу программасына түшүндүрмө кат.

Окуучулардын билим-тарбия сапатын жакшыртуу үчүн жалгыз мектептин, мугалим класс жетекчинин ишмердүүлүгү аздык кылышын эске алып, 25 жылдык педагогикалык эксперименттин натыйжаларынын негизинде ата-энелердин педагогикалык маданиятын өркүндөтүү аркылуу окуучулардын билим-тарбия сапатын жакшыртуу үчүн бул программа түзүлдү.

Жалпы гимназиялык энелер мектебинен айырмаланып класстар аралык “Энелер мектебинде” 1-класстан баштап ар бир класстын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алып үй-бүлөдө балдарды тарбиялоодо ата-энелерге жардам берүүчү, усулдук багыт берүүчү темалар камтылды.

Программада алгач 1-11-класстардын ар биринин жаш өзгөчөлүктөрү, моралдык-психологиялык өсүү закон ченемдүүлүктөрү жана ошолорго ылайык тарбиялык таасир берүү методдору камтылды.

Мында балдарды мектепке, мугалимге урмат-сый, кызыгууга тарбиялоо, үй-бүлөдөгү моралдык-психологиялык климат, өзүн-өзү тарбиялоо, өзүн-өзү тейлөө, акыл эмгеги жөндөмүн өстүрүү, ой-өрүшү кругазорун өстүрүү ж.б. темалары камтылды.

Өзгөчө балдардын үй тапшырмасын аткаруусун уюштуруу, ага шарт түзүү, контролдоо, эс алуусу, тамактануу, ойноо, эмгектенүү ж.бны туура уюштурууга маани берилди.

Балдардын чарчап чалыгуусу, баш-нерв ооруусунун алдын алуу, ден соолугун чыңдоо, спорт менен машыгуусу ж.б арналган темалар бар.

Бала тарбиясында ата-эненин жеке үлгүсү, тарбиянын максат, методдору, сырлары жөнүндөгү темалар берилип, амалияттык иш, машыгуу, көнүгүүгө саат бөлүнгөн.

Класстарына ылайык тарбиянын түрдүү багыттары:
акыл-эс, эмгек, адептүүлүк, ыйман, эстетика, этика ж.блар камтылган.

Класстар жогорулаган сайын ата-энелерге өтүүчү темалар бираз татаалдашып, жаш өзгөчөлүгүнө ылайык темалар камтылган. Мисалы: 9-10-класстарга: Эл жерин сүйүү, досторду, чөйрөнү туура тандоо, адамдар менен туура мамиледе болуу, балдар жана кыздарды тарбиялоонун өзгөчөлүктөрү ж.блар камтылган.

9-11-класстарда зачет, экзамен, ЖРТке даярдануу, убакытты туура пайдалануу, ишмердүүлүктү уюштурууга үй-бүлөдө т арбиялоого багыт берилген.

Ар бир темага 2 сааттан убакыт бөлүнүп анын бир сааты теория, бир сааты амалияттык иш, тренинг, тажрыйба алмашуу ж.б түрүндө өтүлөт.

Бул тарбиялык сааттарды ушул программанын негизинде “Ата-энелер сиздер үчүн” китебини пайдаланып ар бир класс жетекчи өтсө болот.

Алгач мектептин жалпы класс жетекчилери үчүн, айыл-өкмөт, райондун жалпы класс жетекчилери үчүн 1-2 күндүк усулдук семинар-тренингди автор тарабынан өтүлсө жакшы болот.

Бул 20 сааттык Энелер мектебини өткөрүүнүн 3-4 варианты бар.
1-вариант жазгы каникулда (март), кышкы каникулда (январь) 1 күндө 5-6 сааттан өтүп 4 күндө бүтсө болот.
2-вариант күнүнө 8-10 сааттан өтүп 2-3 күндө бүтүрсө болот.
3-вариант жумасына 2 сааттан өтүп 2-3 айда бүтсө болот.(ишемби күндөрү)
4-вариант 10 теманын негизини алып тезис түрүндө обзор лекция кылып, бир чоң ата-энелер чогулушунда өтүп бүтсө болот.

Класс жетекчи мугалимдеге жардам үчүн программанын акырында тиешелүү адабияттар сунушталды. Мындан тышкары “Шоокум” журналы жана автордун сунушу менен чыгарылган “Ата-энелер сиздер үчүн” журналы пайдаланылса болот.

Энелер мектебинин бул сабактарына балдары мыкты окуган ата-энелер, тажрыйбалуу лекторлор, дарыгерлер чакырылып жолугушуулар өткөрүлсө болот.

Ар бир тема өтүлгөндөн кийин кийинки сабакта текшерилип атайы журналга бааланып андан кийин жаңы тема өтүлүп барылат.

Энелер мектеби курсунун акырында тегерек стол, тажырыйба бөлүшүү, суроо-жооп, анкета толтуруу, үлгүлүү үй-бүлөлөргө экскурция уюштуруу ж.блар өткөрүлсө болот.

Программа жаңы сунуштар менен толукталып, өркүндөтүлүп барылат.













Мектепке чейинки балдардын жана болочок энелердин мектебинин программасы.



Тема:

Сааты

Теория

практика

  1. 1-3жашка чейинки балдардын психо-физиологиялык өзгөчөлүктөрү жана аларды тарбиялоо жолдору.

  2. 3жашка чейинки бадарды тарбиялоонун багыттары, мааниси жана ыкмалары.

  3. Тарбиялоонун принциптери.

  4. 3-7жашка чейинки балдардын психо-физиологиялык өзгөчөлүктөрү, бул жаштагы балдарды тарбиялап өстүрүүнүн метод, ыкмалары.

  5. Мектепке чейинки балдардын сезим, акыл – эс, дене –бой тарбиясынын өзгөчөлүгү.

  6. Бул жаштардагы балдардын физиологиялык жана психологиялык өзгөчөлүктөру.

  7. Балдарын сүйлөө кебинин өсүүсү жана акыл –эс жөндөмдүүлүгү.

  8. Табигаттын таасиринде балдарды тарбиялоо.

  9. Балдар эмгек жана эс алуу режими.

  10. Бул жаштагы балдардын тамактануусу, ден –соолугун чындоо.

  11. Оюндун балдардын рухий, интеллектуалдык өсүүсүндөгү мааниси.

  12. Энелердин билим маданияты, инсандык сапаттарынын балдардын тарбиясы үчүн мааниси.

  13. Үй – бүлөдө балдардын сезүү, кабылдоо, көнүл бөлүү, түшүнүү, эстеп калуу ж.б. жөндөмүн өстүрүү.

  14. Эркин суроо –жоопко катышууга даярдоо.

  15. Айлана –чөйрөнү коргоо, таанып –билүгө багыт берүү.

  16. Балдар үчүн зарыл оюндардын түрлөрү, аларды уюштуруу үйрөнүү методикасы.

  17. Өздүк гигиена тазалыкка тарбиялоо.

  18. Бала тарбиясындагы мүнөздүү каталыктар жана алардын себептери.

  19. Жомок, табышмак, макал –лакаптарды үй – үлө тарбиясында пайдалануунун мааниси.

1



1

1

1



1

1

1

1

1

1

1

1



1

1

1

1

1

1

1

1

1



1

1

1



1

1

1

1

1

1

1

1



1

1

1

1

1

1

1

1







1-2-класстын энелер мектебинин программасы



Тема:

Сааты

Теория

практика

  1. Энелер мектебинин максаты, мааниси.

  2. 6-9 жаштагы балдардын жаш өзгөчөлүгү. Алардын физикалык жана психикалык өсүүсү.

  3. Ата – энелер үчүн сунушталган педагогикалык адабияттар жана аларды пайдалануу

  4. Балдарды мектепке, китепке, мугалимге урмат-сый, кызыгууга тарбиялоо

  5. Үй-бүлөдөгү моралдык-психикалык климат жана анын балдардын өсүүсү үчүн мааниси.

  6. Балдардын этикалык нормаларды өздөштүрүүсү жана мында ата-энелердин ролу. Балдарды туура тарбиялоонун тажрыйбасын үйрөнүү.

  7. Балдарды өзүн-өзү тейлөөгө, өзүн-өзү тарбиялоого үйрөтүүнүн башталысы.

  8. Баладардын акыл-эмгеги, жөндөмүнү өстүрүү.

  9. Үй тапшырмасын аткаруусун уюштуруу жана контролдоо.

  10. 7-9 жаштагы балдардын үй-бүлөдөгү эс алуу, тамактануу, ойноо, эмгектенүү, өзүн-өзү өстүрүү ж.б. турмушун туура уюштуруу.


1

1

1

1

1



1

1

1

1

1


1

1

1

1

1



1

1

1

1

1

















Түзгөн: Г. Мадаминов.



3-4-класстын энелер мектебинин программасы



Тема:

Сааты

теория

Практика

  1. Үй – бүлөдө тарбиялоонун багыттары.

  2. 9-11 жаштагы балдардын өсүү жана тарбиялануу өзгөчөлүктөрү.

  3. Билимге кызыгуу, умтулуу, өз алдынча окууга тарбиялоо.

  4. Эмгекчилдик, тырышчаактыкка тарбиялоо.

  5. Бала тарбиясында ата-эненин жеке үлгүсү.

  6. Балдардын үй-бүлөдө эс алуу, ойноо, эмгектенүү, сабактарга даярдануусун уюштуруу.

  7. Бул жаштагы балдарга сунушталган адабий китептерди таап, чогуу окууну уюштуруу.

  8. Табигатка, айлана – чөйрөгө туура мамиле кылууга тарбиялоо.

  9. Дене – тарбиясы, санитария, гигиеналык тарбия.

  10. Акыл – эмгегини, өз алдынча билим алуусун уюштуруу.

1

1

1

1

1

1

1



1

1

1

1

1

1

1

1

1

1



1

1

1











Түзгөн: Г. Мадаминов.



5-6 класстын энелер мектебинин программасы



Тема:

Сааты

теория

Практика

  1. Энелер мектебинин максаты, мааниси.

  2. 12-13 жаштагы балдардын жаш өзгөчөлүгү жана аларды тарбиялоонун методдору.

  3. Тарбиялоонун багыттары.

  4. 12-13 жаштагы балдар үчүн адабий китептер жана аларды чогуу окуу.

  5. Бул балдардын үй – бүлөдөгү эс алуу, ойноо, эмгектенүү, сабакка даярдануусун уюштуруу.

  6. Балдарда туура каалоо, кызыгуу жана керектөөну тарбиялоо.

  7. Нерв ооруулары жана баш ооруунун алдын алуу.

  8. Өзүн – озү өстүрүүгө жана өзүн – өзү тарбиялоого үйрөтүү.

  9. Эмгекчилдикку, тырышчаактыкка, жоопкерчиликке тарбиялоо, тарбиялоонун методдору.

  10. Үй тапшырманы аткаруу жана өз алдынча аткаруусун көзөмөлдөө.


1

1

1



1

1

1

1

1



1

1


1

1

1



1

1

1

1

1



1

1

















Түзгөн: Г. Мадаминов.



7-8 класстын энелер мектебинин программасы



Тема:

Сааты

Теория

Практика

  1. Тарбия баалуулугу.

  2. 14-15 жаштагы балдардын үй – бүлөдө эс алуу, эмгектенүү, сабак даярдоосун уюштуруу.

  3. Бул балдардын жаш озгөчөлүгү жана аларды тарбиялоонун өзгөчөлүгү.

  4. 14 -15 жаштагы балдар учүн адабий китептер жана аларды чогуу окуу.

  5. Балдарды билимге, кызыгуу, умтулуу жана өз алдынча билим алууга тарбиялоо.

  6. Бала тарбиясындагы ата-эненин жеке үлгүсү.

  7. Эрктүүлүк, эмгекчилдик, тырышчаактыкка, сөздүн өтөсүнөн чыгууга тарбиялоо.

  8. Өзүн-өзү өстүрүүгө, өзүн-өзү тарбиялоого үйрөтүү.

  9. Балдардын өз алдынчалыкка умтулуусун сыйлоо, урмат жана талапты айкалыштырып тарбиялоо.

  10. Акыл эмгшегинги, өз алдынча билим алуусун уюштуруу.

1

1

1

1

1

1

1

1



1

1

1

1

1

1

1

1

1

1



1

1



















Түзгөн: Г. Мадаминов



9-10-класстын энелер мектебинин программасы.



Тема:

Сааты

Теория

Практика

  1. Ата –энелердин педагогикалык маданияты жана мааниси.

  2. 16-17 жаштагы балдардын жаш өзгөчөлүгү.

  3. Үй –бүлөдө балдарды тарбиялоонун принциптери.

  4. Туура дүнө көз караш жана ынаным тарбиялоо.

  5. Эстетикалык, этикалык тарбия.

  6. Өзун-өзү тарбиялоо, өстүрүүгө багыт берүү.

  7. Эл жерин сүйүүгө досторду, чөйрөнү туура тандоого жана туура мамиледе болууга үйрөтүү.

  8. Ымала маданиятына, тартипке үйрөтүү.

  9. 16-17 жаштагы балдарга сунушталган адабий китептер жана аларды чогуу окуу.

  10. Бул жаштагы балдар жана кыздарды тарбиялоонун методтору жана өзгөчөлүктөрү.

1

1

1

1

1

1

1

1

1

1

1

1

1

1

1

1

1

1

1

1

















Түзгөн: Г. Мадаминов.







11-класстын энелер мектебинин программасы.



Тема:

Сааты

Теория

практика

  1. Ата – энелер үчүн сунушталган педагогкалык адабият жана аларды пайдалануу.

  2. 18 жаштагы балдардын мектеп, устат, мугалимдерге урмат, жоопкерчилик тарбиялоо.

  3. 17-18 жаштагы балдардын жаш өзгөчөлүгү жана аларды тарбиялоо өзгөчөлүгү.

  4. Үй – бүлөдөгү тарбиялык сабактар, “Дасторкон четиндеги университет”

  5. 17-18 жаштагы балдарга кесипти туура тандоо, элди,

жерди сүйүүгө тарбиялоо.

  1. Ой өрүшү кругазорун өзтүрүү.

  2. Адамгерчилик, ыймандуулук, эмгекчилдикке, жоопкерчиликке тарбиялоо. Улуу инсандардын үлгүсүндө тарбиялоо. М: И.Раззаков

  3. Максат, план, режим менен иштөөгө өз алдынчалыкка, сөзүнүн өтөсүнөн чыгууга тарбиялоо.

  4. Ата-энелердин жана чоңдордун үлгүсү. Анын тарбиялык таасири.

  5. Сабакка, экзамендерге, ЖРТга туура даярдануу, убакытты пайдалануу, ишмердүүлүгүн уюштурууга тарбиялоо.

1

1

1



1

1

1

1



1

1



1

1

1

1



1

1

1

1



1

1



1
















Түзгөн: Г. Мадаминов.



Адабияттар:

  1. Ата – энелер сиздер үчүн.Бишкек 2001-ж.

  2. Акыл Эмгегинин Маданияты.Бишкек 2003-ж.

  3. Устаттык өнөрү.Бишкек2016-ж.

  4. Билим Жолундагы өмүр.Бишкек 2014-ж.

  5. Ой өрүшү – кругозор. Бишкек 2016-ж.

  6. Шоокум журналы.

  7. Сухомлинский, Макаренконун эмгектери.

  8. Санат, насыят, эмгек ырлары.

  9. Чырпыктан чынарга. Бишкек.2011-ж















































КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТИРЛИГИ.









ТЕМА: “Энелер мектебинин” болжолдуу программасы.

















Түзгөн: Г. Мадаминов














Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!