СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз адабияты.Чыңгыз Айтматов"Балалыгым"

Категория: Русский язык

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз адабияты.Чыңгыз Айтматов"Балалыгым"»

№4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мктеби

Кыргыз адабият сабагы 7-а класс.

Сабактын темасы : Чыңгыз Айтматов “Балалык”

Өтүү мөөнөтү: 13.12.2019

Сабактын тиби: комбинациялоо сабагы

Сабактын формасы: сабак-симпозиум

Сабактын жабдылышы: проектор,электрондук китепкана, доска, компьютер

Түйүндүү компетентүүлүктөр







Предметтик компетентүүлүктөр

1

Маалыматтык:Чыңгыз Айтматов жана “Балалык” чыгармасы жөнүндөгү маалыматты билишет

1 Таанып-билүүчүлүк жана илимий суроолорду кое билүү

Балалык чыгармасы жөнүндө теманы билишет.

2

Социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк: Сүрөттөр видео,аудио уктуруулар аркылуу теманы бышыкташат

2.Кубулуштарды илимий түшүндүрүү

Ч.Айтматовдун “Балалык ”чыгармасына болгон жеке көз караштарын эркин баяндап беришет

3

Өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү: Чыгарманы өз алдынча талдай билишет

3.Илимий далилдөөлөрдү колдонуу

Ч.Айтматовдун учкул сөздөрүн чечмелегенге жана турмушта колдоно билүүгө үйрөнүшөт










Индикатор


Жетишүүнүн көрсөткүчтөрү


Күтүлүүчү натыйжа

репродиктивдүү

Продуктив дүү

креативдүү

Ч.Айтматовдун Балалык чыгармасы жөнүндө маалымат билишсе

Ч.Айтматовдун “Балалык” чыгармасын ар тараптуу түшүнүшөт жана.логикалык ой жүгүртүү менен чыгарманы талдай билишсе

Туздардын формулаларын,химиялык реакцияларын жаза алышса,жашоодо коопсуз колдонуу жолдорун билишсе



Сабактын максаты: Билим берүүчүлүк: Ч.Айтматовдун “Балалык”чыгармасын окуп ,билишет

Өнүктүрүүчүлүк: Чыгарманы айтып,суроолорго жооп берип жатып,адабий тилдин

нормасында эркин сүйлөөгө,учкул сөздөрдү чечмелешет,

кыргызстандын географиялык картасын билишет, тарых мезгилине

кайрылуу менен такташат

Тарбиялык: Чыгарманы талдап жатышып,ата-энени сыйлоого,сүйүүгө тарбияланышат


Предмет аралык байланыш: адабият, сүрөт, география, тарых, орус тил





Сабактын жүрүшү:


Сабактын этаптары

убакыты (мүнөт менен )

Мугалимдин ишмердиги

Окуучунун

ишмердиги

баалоо

1

Уюштуруу,

психологиялык маанай

1

Саламдашуу,жакшы каалоо менен өзүн тааныштыруу

Саламдашат,

бири-бирине жакшы сөз тартуулашат

Кол чабуу аркылуу кубаттоо

2

Билимдердин теориялык деңгээли

15

Ч.Айтматовдун “Балалык”чыгармасын түшүндүрүү,слайд аркылуу көргөзүү

Окуучулар кунт коюп угушат


3

Билимдерди актуалдаштыруу

3

Ч.Айтматовдун балалыгы өткөн Шекер жана Ч.Айтматов жөнүндө документалдуу фильм көрсөтүү

Окуучулар көрүп отуруп,чыгарманы талдоого даярданышат


4

бышыктоо

10

Предметтик мугалимдер окуучулар менен топ болушуп,чыгарманы тарых,география,адабият, орус тил аркылуу чечмелешет.

Тарых,геграфия,чет тил топтору болуп бөлүнүшөт,Балалык чыгармасын тарых,геграфия,адабият,орус тил , аркылуу талдашат

Ар бир жоопко балл чыгып турат

5

рефлексия

5

Ким миллионер болгусу келет,Ч.Айтматовдун “Балалык”чыгармасы боюнча оюн ойношот

Топтон бирден окуучу табышат,утулганы отурушат

Ар бир жоопко балл чыгып турат

6

Практикалык иш

8

Балалык чыгармасы боюнча тест Кахут программасы боюнча доскада көрсөтүлөт

Окуучулар ар бири компьютерге жоопторун жазышат,

Автоматту түрдө бааланат



Баалоо

2

Доскада ар бир окуучунун аты-жөнү жазылган жана графалар бар

Окуучулар жооп берген сайын автоматту турдө жазылып турат

Копьютерде автоматташтырылган баалоо ар бир окуучуга жыйынтыгы чыгат


Үй тапшырма

1

“Балаык”чыгармасы боюнча эссе жазуу

Күндөлүккө жазышат



  1. Чоң энем 12. Чыныгы Ысмайыл

  2. Алгачкы эмгек акым 13. Джерс букасы жана Долондогу махабат

  3. Атамдан калган элестер 14. Жамийла менен Данияр

  4. Карышкырлар менен кездешүүм 15.Жан дүйнө жаңырыктары

  5. Адам өлтурүүнү көздөп

  6. Кара кагаздар

  7. Бөжөңдөгөн бөжөгүм

  8. Сейтаалы:алгачкы мугалимчилигим

  9. Чаргын молдо

  10. Студент жана эшек

  11. Түлкү

Ар бир адам өткөн күндөрүн эстеп, жакшы учурларын сагынып, айрым окуяларды жадынан чыгарбай жат алып, кээ бир адамдардын жүрүш-турушун күнү-күнкүсүндөй мээсинин бир бурчунда сактап жүрөт.

Мына ошондой эс тутумга ээ болуу да, аларды төкпөй-чачпай башкаларга айтып берүү да чоң талант. Чыңгыз Айтматов да Талас өрөөнүнүн Шекер айылында калган балалыгын, жаштыгын баяндап берип, аларды немис жазуучусу жана котормочусу Фридрих Хитцер кагазга түшүрүп, китеп кылып чыгарган.

Локумдун Евангелий академиясынан башталган "Балалыгым" баяны.Кыргыз Республикасынын атынан Европанын бир канча өлкөлөрүндө элчилик кызматта иштеп жаткан жазуучу бир жолу Локумдун Евангелий академиясына барган учурда аны көп жерде коштоп жүргөн Фридрих Хитцер балалыгы тууралуу айтып берүүгө көндүрүп, айткандарын үн жазгычка түшүрүп алган. Ошол айтылгандарды жазуучунун жубайы Мария Айтматова угуп, кагазга жазып, жазуучу улам толуктап Мюнхендин алдындагы Вольфватсхаузен бавардык шаарчасы Хитцерге факс аркылуу жиберип турушат.

Орусчадан немисчеге айланган. Чыңгыз Айтматов өз баянын орус тилинде сүйлөп берген. Аларды орусча мыкты билген Хитцер немисче жазып чыккан.

Фридрих Хитцер жана Чыңгыз Айтматов. Хитцер 1935-жылы Германиянын Ульм шаарында туулган. АКШ, СССР, ГФР сыяктуу мамлекеттерде окуп билим алган. Анын "Ленин в Мюнхене", "Что происходит с Россией", "Я родился пять тысяч лет назад", "Прощай, Татьяна" сындуу китептери орус окурмандарына кеңири белгилүү. Айтматовдун "Кыямат", "Кассандранын тамгасы", "Тоолор кулаганда" (немисче аталышы "Тоо илбирси" деген мааниде) романдарын немис тилине которгон. 2007-жылы январь айында каза болгон. Ал Германияда Чыңгыз Айтматов катышкан семинарларда, конференцияларда, жолугушууларда бирге болуп, кээде жазуучуга сөзмө-сөз котормочулук да кылган.

Китептин басылыш тарыхы. "Балалыгым" эң алгач Цюрихтеги "Юнионсферлаг" басмасынан немис тилинде "Кыргызстандагы балалык" деген ат менен жарык көргөн. Мына ошол басылмадан Мухаммет Мертек түрк тилине которгон жана ал 2002-жылы чыккан. Түркчөдөн Абдыкерим Муратов жана Бактыгүл Чыныбаева кыргызчалаган. Дал ушул кыргызчадан орус, өзбек тилдерине которулган. Кыргызча китеп Стамбулдан биринчи басылышы 2002-жылы, экинчи басылышы 2003-жылы жарык көргөн. Андан соң Айтматовдун 8 томдугунун 5-томуна кирген. 2011-жылы кыргызчасы "Балалык", орусчасы "Детство" деген аттар менен өз-өзүнчө китеп болуп чыккан.

Кийин кошулган бир бөлүм. Адегендеги немис, түрк, кыргыз тилиндеги басылыштарда жок "Бөдөнөлөргө аңчылык" деген бөлүм китептин 2011-жылы "Турар" басмасынан чыккан нускасына киргизилген.

Балалыкта жана жаштыкта баштан өткөндөр. Бул баян жаш Чыңгыздын Айымкан чоң энеси, жайлоодо котормочу болуп алгачкы эмгек акы тапканы, атасы тууралуу эскерүүлөрдөн башталат. Андан ары согуш убагында ар кандай өкмөттүк тапшырмаларды аткарып жүргөндө көргөн-билгендери тууралуу баяндалат. Чаргын молдо тууралуу эпизод да кызыктуу. Күлкүлүү окуя "Студент жана эшек" аттуу бөлүмдө айтылат. Айрым чыгармаларынын жазылышынын чоо-жайы, башаттары тууралуу "Жерс букасы жана Долондогу махабат", "Чыныгы Ысмайыл", "Жамийла менен Данияр" деген темалардагы баяндардан билүүгө болот.



Эки ариптер менен эки тилде чыккан "Балалыгым". Өзбекстандык кыргыз окумуштуусу жана журналисти Туленбай Курбанов бул чыгарманы өзбек тилине которгон. Котормо "Baktria press" басмасында өзбек жана кыргыз тилинде катар кирилл жана латын ариптери менен даярдалган. Китеп Түркияда MEGA BASIM басмасында ЕККУнун колдоосу менен басылып чыккан.

Мектеп окуучуларынын сүйгөн чыгармасы. Жазуучу өзү Бишкектеги Айтматов атындагы лицейде түркчө чыккан китептин бет ачарына катышкан жана кыргызча да чыгуусун каалаганын билдирген. Азыр бул баян Кыргызстанда окуу программага кирип, окуучулар мектеп сахнасында анын негизинде чакан театралдык көрсөтүүлөрдү даярдап жүрүшөт.


АДБИЯТ”тобу катышкандар 4 окуучу 2 мугалим


Слайдда учкул сөздөр

  1. Дос кыйынчылыкта билинет дешет,менимче бактылуу күндөрдө да билинет.


  1. Миңдеген адамдардын арасында да сен жалгызсың,жалгыз өзүң калганда да жалгызсың




  1. Тил-улуттун кубанса кубанычы,кайгырса кайгысы жана акыл-эси,Тилсиз улут болбойт


  1. Өткөндү эстеп.келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз




  1. Биз дүйнөнү өзгөрттүк ,дүйнө бизди өзгөрттү.


  1. Эң ириде өзүңдүн киндик кан тамган жериң тууралуу ойлонгондо ,жалпы дүйнө тууралуу акыл калчайсың




  1. Адамга эң кыйыны –күн сайын адам болуу



















ТАРЫХ тобу” катышкандар 4 окуучу 2 мугалим

Слайд көрсөтүүсү (колхоздоштуруу мезгили,ререссия сүрөт)

  1. Колхоздоштуруу кайсы жылдары болгон?

  2. Колхоздоштуруу деген эмне?

  3. Элдер ошол мезгилде кандай абалда болушкан

  4. 1937-жыл тарыхта кандай аталат?

  5. Репрессия деген эмне?

  6. Согуш жылдары кайсы мезгилде болгон жана кандай аталган?





ГЕОГРАФИЯ” тобу катышкандар 4 окуучу 2 мугалим

Слайд көрсөтүүсү ( кыргызстандын географиялык картасы,Россиянын картасы)

  1. Кыргызстанда Шекер айылы кайда жайгашкан?

  2. Таластагы чоң жана кичине ашуу

  3. Фергана өрөөнү,Анжиян шаары

  4. Кыргызстан Москва жолу, Арал деңизи,Волга дарыясы

  5. Талас өрөөнүндөгү Жийде,Кировка айылы
















ОРУС ТИЛ” тобу катышкандар 4 окуучу 2 мугалим

Слайд көрсөтүүсү( Чыңгыздын өөмүр баяны боюнча видео баяны,1-эмгек акысы орусча сөзү)

  1. Чыңгыздын алгачкы орус тилине которуп сүйлөгөнү

  2. Чыңгыз өз баянын орус тилинде айтып берген

  3. Чыңгыз чыгармаларынын көбүн орус тилинде жазган

Ч.Айтматов боюнча тест.

1.Чыңгыздын чоң энеси ким болгон?

а. Айымкан б) Карагыз в)Айымкүл г)Гүлайым

2.Канча бир тууган богон?

а) 2 б) 4 в)5 г) 3

3. Рыскулбек ким болгон?

а) агасы б) иниси в) тайкеси г) досу

4 . Айымкан чоң эненин канча баласы болгон жана кимдер?

а ) Айымкүл.Чыңгыз.Төрөкул,Нагима Керез б) Рыскулбек,Төрөкул,Нагима,Карагыз , Гүлайым

в) Айымкүл,Карагыз,Төрөкул,Гүлайым,Рыскулбек г)Илгиз,Роза,Чыңгыз,Лайли,Рыскулбек

5.Чыңгыздын туулган жери

а) Шекер б) Талас в) Фрунзе г) Москва

6.Алгачкы эмгек акысы

а) 10 сом б) китеп в) устукан г) ыраазычылык

7.Чыңгыздын атасы ким болгон жана кандай кызматта иштеген?

а) Төрөкул –мамлекеттик кызматта иштеген б) Айтмат-саясатчы

в) Рыскулбек-чарба иштери менен иштеген г) Ильгиз- профессор

8. Нагиманын бир тууган эжеси

а) Гүлша б) Карагыз в) Роза г) Айымкан

9.Төрөкул Айтматов кайсы жылы .эмне болуп дүйнодөн кайткан?

а) 1941 –жылы согушта б) 1950-жылы ооруп

в) 1937-жыл репрессия курмандыгы г)1990-жылы карыганда

10.ТУРД деп гана жаза алган колгоздун башкармасы ким?

а) Сейтаалы б) Почтачы в) Досаалы г) Кабылбек
























  1. Ч.Айтматовдун бир тууган карындашы?

А)Лира Б)Лайли В)Роза Г)Лариса

2.Ч.Айтматовдун апасы канчанчы жылы дүйнөдөн кайткан?

А)1970-ж Б)1974-ж В)1971-ж Г)1977-ж

6.Ч.Айтматов 2005-жылы кандай сыйлыкка татыктуу болгон?

А)Адамга 2005-жылга карата жетишкендиктери үчүн Б)2005-жылдын эң мыкты жазуучусу В)Нобель сыйлыгы Г)Токтогул атындагы сыйлык

10.Ч.Айтматовдун «Балалык» чыгармасында кайсы мезгилди сүрөттөйт?

А)Колхоздоштуруу Б) Улуу Ата Мекендик согуш учуру

В)Дың жерди өздөштүрүү Г)Чүй каналын куру

30.Ч.Айтматов канчанчы жылы туулган?

А)1932-ж Б)1928-ж В)1927-ж Г)1938-ж




























Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!