СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргызстандын административдик -аймактарга болунушу.

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргызстандагы административдик- аймактар .

Просмотр содержимого документа
«Кыргызстандын административдик -аймактарга болунушу.»

Кыргыз республикасы билим беруу жана илим министрлиги.

Ош мамлекеттик университети.

Математика жана информациялык технологиялар факультети



Студенттин оз алдынча иши.

ФМОМ(б)-1-20 тайпасы

Предмет:География.

Тема: Кыргызстандын саясий-администрациялык бөлүнүшү

Студент:Нурдинбекова Элзат.

Текшерген:Сатыбалдиев Байсал.

Ош-20022.



План:

1. Облустар, шаарлар жана райондор боюнча мүнөздөмө.

2.Администрациялык-аймактык бөлүнүш.

3.Мамлекеттик тузулушу.

4.Калктуу конуштун категориялары.

5.Жыйынтыктоо.

6.Адабияттар.

































1.Облустар, шаарлар жана райондор боюнча мүнөздөмө.

Кыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшү -бул натыйжалуу мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү башкарууну уюштуруу максаттарында аймактарды административдик-аймактык бирдиктерге бөлүштүрүү. Административдик-аймактык бирдик- бул мамлекеттик бийлик же жергиликтүү башкаруу органдары тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик башкарууну же өзалдынча башкарууну жүзөгө ашыруучу, өз ичине бир же бир нече калктуу конуштардын жана башка калк отурукташпаган аймактарды камтыган, мыйзам тарабынан аныкталган аймактар.

Аймактык бирдиктер -мамлекеттик бийликтин же жергиликтүү башкаруунун органдары түзүлбөгөн калктуу конуштар, ошондой эле пайдалануунун атайын режиминдеги аймактар.

Калктуу конуш - жарандардын туруктуу жашоочу орду болуп эсептелген, жарандардын турмуш-тиричилигин камсыздоо үчүн зарыл керектүү турак жайы жана курулуштары, өзүнүн аталышы жана тийиштүү тартипте аныкталган аймактык чектери бар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эсепке алынган жана катталган Кыргыз Республикасынын аймагынын калк тыгыз отурукташкан бөлүгү. Калктуу конуштар шаардык жана айылдык болуп бөлүнөт.

Кыргызстанда 531 административдик-аймактык бирдик:

  • 7 облус;

  • 40 район;

  • 32 шаар

  • 452 айыл аймагы (бир же бир нече айылдан турат). Кыргыз





2.Администрациялык-аймактык Чүй облусу Администрациялык борбору Бишкек шаары болуп саналат. Чүй облусунун курамына 8 район кирет: Панфилов району, Жайыл району, Москва району, Сокулук району, Аламүдүн району, Чүй району, Ысык-Ата району жана Кемин району. Талас облусу Администрациялык борбору Талас шаары болуп саналат. Талас облусунун курамына 4 район кирет: Бакай-Атай району, Кара-Буура району,Манас району жана Талас району. Ысык-Көл облусу. Администрациялык борбору Каракол шаары болуп саналат. Ысык-Көл облусунун курамына 5 район кирет: Ак-Суу району, Жети-Өгүз району, Тоң району, Түп району жана Ысык-Көл району. Нарын облусу. Администрациялык борбору Нарын шаары болуп саналат. Нарын облусунун курамына 5 район кирет: Ак-Талаа району, Ат-Башы району, Жумгал району, Кочкор району жана Нарын району.

Ош облусу . Администрациялык борбору Ош шаары болуп саналат. Ош облусунун курамына 7 район кирет: Алай району, Араван району, Кара-Кулжа району, Кара-Суу району, Ноокат району, Өзгөн району жана Чоң-Алай району.

Жалал-Абадоблусу.

Администрациялык борбору Жалал-Абад шаары болуп саналат.Жалал-Абад облусунун курамына 8 район кирет: Аксы району, Ала-Бука району, Базар-Коргон району, Ноокен району, Сузак району, Тогуз-Торо району, Токтогул району жана Чаткал району.

Баткен облусу

Администрациялык борбору Баткен шаары болуп саналат.Баткен облусунун курамына 3 район кирет: Баткен району, Кадамжай району жана Лейлек району.

Бишкек.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаары болуп эсептелет.Бишкек шаары - саясий, экономикалык, илимий, административдик жана тарыхый-маданий борбор, республиканын мамлекеттик бийлигинин жогорку органдары, чет өлкөлөрдүн элчиликтери жана өкүлчүлүктөрү жайгашкан жер.

3.Мамлекеттик түзүлүшу.

Кыргыз Республикасы - эгемендүү, унитардык, укуктук, динден тышкары,демократиялыкреспублика. Мамлекет – укук теориясында коомду уюштуруунун белгилүү ыкмасы, баардык коомго таралуучу, анын ырасмий өкүлү катары чыгуучу жана аргасыз кылуу каражаттары менен чараларына таянган саясий тутумдун, жалпы саясий бийликти уюштуруунун негизги катышы, конституциялык укукта бийликтин ырасмий органдарынын жыйындысы, бир өлкөнүн же башка аймактык-саясий бирдикте ошол органдардын жергиликтүү агенттери менен аракеттенүү, эларалык укукта эларалык мамилелердин негизги субъекти. Өзүнө уюмдашкан саясий бийликти жана белгилүү аймактагы калкты камтыйт. Негизги аныктоочу белгиси эгемендүүлүк болуп саналат. Азыр колдонулуп жаткан Конституциясы 1993 -жылы 5-майда кабыл алынган. Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийликке Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңеши, Өкмөтү жана ага баш ийген аткаруу бийлик органдары, Конституциялык Соту, Жогорку Соту, жергиликтүү соттору жана судьялары өкүлчүлүк кылат жана жүзөгө ашырышат. Мамлекет башчысы - бүткүл эл тарабынан беш жылга шайланган Президент. Жогорку мыйзам чыгаруучу органы - Жогорку Кеңеш (парламент).

4.Калктуу конуштардын категориялары.

Калктуу конуштардын категориялары-мыйзамда белгиленген белгилүү статуска ээ болгон административдик-аймактык бирдиктердин жыйындысы.

Республикалык маанидеги шаар категориясына мамлекеттик өзгөчө мааниге ээ же өнүккөн өндүрүштүү жана социалдык инфратүзүмдүү, калкынын саны 250 миң адамдан кем болбогон республикалык маанидеги администрациялык, экономикалык же маданий борбор болуп саналган калктуу конуш киргизилиши мүмкүн. Мындай шаарларда жергиликтүү башкарууну уюштуруунун өзгөчө ыкмасы белгилениши мүмкүн. Жергиликтүү башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары башка калктуу конуштардагы жергиликтүү башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынан айырмаланышы ыктымал жана алардын мамлекеттик бийлик органдары менен мамилелери өзгөчө мүнөзгө ээ болот.

Республикалык маанидеги шаардын статусу мыйзам менен аныкталат.

Облустук маанидеги шаар категориясына административдик, экономикалык жана маданий борбор болуп саналган, өнөржай ишканалары, коммуналдык чарбасы жана турак жай фонду бар, өнүккөн окуу, маданий-агартуу, дарылоо жана соода мекемелерине ээ, калкынын саны 20 миңден кем болбогон калктуу конуш киргизилиши мүмкүн.

Райондук маанидеги шаар категориясына административдик, экономикалык жана маданий борбор болуп саналган, өндүрүштүк жана социалдык инфратүзүмгө, өнүккөн окуу, маданий-агартуу, дарылоо жана соода мекемелерине ээ, калкынын саны 10 миң адамдан кем болбогон калктуу конуш киргизилиши мүмкүн.

Шаар тибиндеги посёлоктордун категориясына аймагында экономикалык маанилүү объекттер (өнөржай ишканалары, курулуштар, темиржол станциялары ж.б.) жайгашкан, ошондой эле эгерде бул калктуу конуштар ыңгайлуулуктардын белгилүү деңгээлине жетишсе, калкынын саны 2 миң адамдан кем болбосо, дарылык мааниге ээ жерлерде жайгашкан калктуу конуштар киргизилиши мүмкүн. Өзгөчө учурларда калкынын саны азыраак, бирок административдик, экономикалык жана маданий борбор болуп саналган жана андан аркы экономикалык өсүшү жана калкынын саны көбөйүшү жакынкы келечекте боло турган калктуу конуштар тийиштүү маанидеги шаарлар, шаар тибиндеги посёлоктор категориясына киргизилиши мүмкүн.

Айыл категориясына ыңгайлуулуктардын белгилүү деңгээлине жетишкен, калкынын саны 50 адамдан кем болбогон, айыл чарба өндүрүшүндө алектенишкен жана алардын үй-бүлөө мүчөлөрү калктын санынын жарымынан көбүн түзгөн калктуу конуштар киргизилиши мүмкүн. Айылдын курамында кыштактар жана конуштар уюштурулушу мүмкүн.Өзгөчө учурларда алыс жана баруу кыйын болгон, калкынын саны аз конуштар айыл категориясына киргизилиши мүмкүн. Ошентип,республиканы аймактарга болуштуруу менен калкты оной башкарууга болот.Себеби,аймактардын бир -биринен озгочолугу бар. Калктын жайгашуусу да ар турдуу. Ошондуктан ,аймактын онугуусу ,айыл-чарбанын онугуп кетуусуно бир канча шарттар тузулгон.





















5. Колдулган адабияттар:

1.Кыргызстандын географиясы. Бишкек-2004.

2. Кадыркулов М.К. Кыргызстандын физикалык-географиясы.Бишкек-2012.

3.У.Асанов.Бишкек-2010.

4. Интернет булактары.

5.Wikipedia.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!