СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

1-сентябрь - билим күнү

Категория: Русский язык

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«1-сентябрь - билим күнү»

Тема: Мен ыймандуу, адептүү жана маданияттуу адам болуу дегенди кандай түшүнөм?(5-7кл.ч-н)

Сабактын максаты:

Күтүлүүчү натыйжалар

Билим берүүчү максаты: Окуучулар инсандагы билимдүүлүк, адептүүлүк, маданияттуулук сапаттарын түшүндүрүп бере алышат.

-инсандын адептүүлүк, маданияттуулук сапаттарынын маңызын түшүндүрүп бере алышат.

-аталган сапаттардын өзгөчөлүктөрүн макал-лакаптар боюнча аткарып бере алышат.

Өнүктүрүүчүлүк максаты: Инсандын билимдүүлүк, адептүүлүк, маданияттуулук сапаттары тууралуу алынган маалыматтарды талкуулап, талдай алышат.

-талкуунун жыйынтыгы боюнча аргументтүү жыйынтыктарды жасап, сынчыл ой-жүгүртө алышат,

-билимдүү, адептүү жана маданияттуу болуунун түрдүү кырдаалындагы үй-бүлөдөгү, мектептеги жана коомдогу айырмачылыктарын, окшоштуктарын жана өзгөчөлүктөрүн түшүнүрө алышат.

Таалим-тарбия берүүчү максаты: Билимдүүлүктүн, адептүүлүктүн жана маданияттуулуктун үлгүсүн көрсөтүп, түшүндүрө алышат.

-билимдүү, адептүү жана маданияттуу инсандын үлгүсүн көрсөтүп, түшүндүрүшөт.

-адамдын ар түрдүү жүрүм-турумун салыштырып, түшүндүрмө бере алышат.



Сабактын жабдылышы: маркер, флипчарт, интерактивдүү доска, слайд, дидактикалык каражаттар.

Сабактын жүрүшү

Сабактын баскычтары

Мугалимдин ишмердиги

Окуучунун ишмердиги

1)Уюштуруу

(1 мүнөт)

Саламатсыңарбы, балдар! Жаңы окуу менен баарыңарды куттуктайм. Жаңы окуу жылы баарыбызга жаңы ийгиликтерди, кубанычты, бакытты алып келсин!

Саламдашат. Суроолорго жооп берүүгө даярданышат

2)Акыл чабуулу

(4-мүнөт)

Мугалим окуучуларга суроо менен кайрылат:

-2017-жылдын өзгөчөлүгү эмнеде?

Эегерде окууучлар 2017-жыл “Ыйман, адептүүлүк жана маданият”- жылы деп жарыялангандыгы жөнүндө айтышпаса, мугалим багыттоочу суроолорду берүүсү керек:

-Адептүүлүккө байланыштуу эмнелерди айта аласыңар?

-Ыймандуу болуш үчүн кандай адам болуусу керек.

-Эмне үчүн ыймандуу, адептүү болуубуз керек?


Окуучулар 2017-жылдын өзгөчөлүктөрү жөнүндө билдирүү менен, өз ойлорун айтышат.

3)Окуучулардын пикирлерин жыйынтыктоо

(1мүнөт)

Мугалим: “Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев 2017-жылды “Ыйман, адеп жана маданият жылы ” – деп жарыялоо боюнча жарлыкка кол койду. Бүгүнкү сабакта адамдагы мына ушул билимдүүлүк, адептүүлүк жана маданияттуулук сыяктуу мыкты сапаттар жөнүндө пикир алышып, талкуулап, ар кимимбиз өзүбүз үчүн жыйынтыкка келели”

4)Топтор менен иштөө

1 тапшырма Атыбыздын маанисин-маңызын биз кандайча түшүнөбүз

(10 мүнөт)

Мугалим класстын ар жерине үч макалды илип, окуучуларга жаккан макалын тандап алуусун суранат.

  1. “Билеги күчтүү бирди жыгат, Билими күчтүү миңди жыгат.”

  2. “Абийириңди жашыңдан сакта.”

  3. “Акылдуу жигит азыраак сүйлөп, көп тыңшайт.”


Мугалим “билмдүү”, “адептүү” жана “маданияттуу” деген үч сөздү доскага илип тандалган макалын ушул сөздөр менен байланыштырууну сунуштайт.

Андан соң бул сөздү кандай түшүнөрүн ар түрдүү каражаттар менен түшүндүрүүнү топтордон суранат.

Окуучулар өзүнө жаккан макалдын жанына топтолушат.








Окуучулар сунушталган сөздөрдү макал менен байланыштырат, бул сөздөр командалардын аты болуп калат.

Окуучулар өздөрүнүн командаларынын аттарын сцена, оюн, инсценировка, сүрөт, ыр ж.б аркылуу түшүндүрүп беришет. Андан соң сөздөрдүн иш – араке тин “Күндүн желеси” “Кластер” жана “Ромашка гүлү” аркылуу презентациялашат.

1-топ: “Канткенде мен билимдүү адам бола алам?”


1-топтун болжолдуу жооптору: “Күн нуруна” Билимдүүлүктү билдирген сапаттарды жазышат: билимдүү, акылдуу, тарбиялуу, кичи пейил, адептүү, маданияттуу, сабырдуу, үлгүлүү, калыс ж.б

2-топ: “Адептүүлүктү мен кандай тушүнөм?”


2-топтун болжолдуу жооптору: Кластер адептүүлүк деген суроого жооп берүү менен толтурулат : адептүү, тарбиялуу, билимдүү, маданияттуу, сабырдуу, үлгүлүү, калыс ж.б

3-топ: “Мен үчүн маданияттуу адам деген эмнени билдирет?”

3-топтун болжолдуу жооптору: Кандай адамды маданияттуу деп айта алабыз деген суроого “Ромашка гүлүнө” жазып жооп беришет: сылык, таза, тыкан, акылдуу, адептүү, билимдүү, кичи пейил ж.б




5)Рефлексия жана башкалардын оюна кошумчалоо

(5 мүнөт)

Мугалим окуучуларга ойлорун кошумчалаганга жана топтордун презентацияларына карата ойлорун айтканга мүмкүнчүлүк берет

Окуучулар өздөрүнүн ойлорун жана мүмкүнчүлүккө жараша топтордун презентацияларына кошумча ойлорун айтышат.

6)Топтордо иштө. №2 тапшырма. Бул сапаттарды кантип колдонобуз?

(12мүнөт)

Мугалим топторго тапшырмаларды берет: “Көрдүңөрбү, балдар билимдүү, адептүү жана маданияттуу адам болуу оңой эмес экен. Байкадыңарбы, үч топто аталган сапаттар кайталанып жатат. Демек, инсандагы жакшы сапаттарды бөлө албайт экенбиз. Бул үч сапат ар бир адамда чогу жүрүшү керек. Келгиле, эми, ушул сапаттарды биз кайсы жерде кандайча колдонорубузду талкуулайлы.”

Окуучулар тапшырмаларды чогу аткарышат. Жоопторун презентациялашат.





1-топ “Үй бүлөдө мен өзүмдү кантип алып жүрө алам?”













Окуучулардын болжолдуу жооптору:

1. Ата-энени жана үй-бүлөдөгү улууларды сыйлоо, кичүүлөрдү урматтоо;

2. Ата-эненин жана улуулардын сөзүн бөлбөй угуу;

3. Тыкан болуу жана колдонгон буюмдарды таза алып жүрүү;

4. Сарамжалдуу болуу жана пайдалуу жумуш жасоо

5. Келген коноктор менен сылык учурашуу жана жакшы мамиле кылуу ж.б


2-топ “Мектепте мен өзүмдү кантип алып журө алам?”

1. Сабакка кечикпей келүү

2. Мугалимдин сөзүн угуу

3. Тапшырмага даяр болуу

4. Өзүңдү жана колдонулган буюмдарыңды таза алып жүрүү

5. Башкалар менен карама-каршылыкка барбоо

6. Мектептин иштерине активдүү катышуу

7. Улууларды урматоо кичүүлөрдү ызатоо ж.б


3-топ “Коомдо мен өзумдү кантип алып жүрө аламын?”

1.Улууларды сыйлоо, кичүүлөрдү ызаттоо

2.Какырынбай, түкүрүнбөй таза жүрүү

3.Коомдук транспортто улууларга орун берүү

4.Карыяларга жана балаууларга жардам берүү

5.Коомдук жайларда жүрүү эрежелин сактоо



7)Топтордо иштөө №3 тапшырма Пазл түзүү

(8 мүнөт)

Мугалим: “Балдар биз силер менен үй-бүлөдө, мектепте жана коомдо өзүбүздүн кантип алып жүрүш керек экендигин билип алдык. Алар өз ара байланышта, бири-бирин толуктап турат. Андыктан, аларды бөлүп айтуу кыйын. Келгиле, балдар, бул тапшырмада аталган үч сапатты бириктирип, байланыштырып пазл түзөлү”.

Окуучулар пазл түзүшөт. Ал үч бурчтук, конус же тегерек болушу мүмкүн.

Алгач форманы тандап алып, анын бир бөлүгүнө топтун аталышын жазып, андан соң бириктиришет.

8) Рефлексич жана жыйынтыктоо

(4 мүнөт)

Мугалим окуучуларга өздөрүнүн оюн айтууга мүмкүнчүлүк берет жана сабакты жыйынтыктайт.

Окуучулар аргумент келтирүү менен, сабактагы кайсы учурлар жакканы же жакпаганы тууралуу өз ойлорун айтышат.



































Тема: Султан Ибраимов –өмүргө өрнөк алчуу инсан

Сабактын максаты:

Күтүлүүчү натыйжалар

Билим берүүчү максаты: Султан Ибраимовдун өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндөгү билимдерди алышат.

-инсандын адептүүлүк, маданияттуулук сапаттарынын маңызын түшүндүрүп бере алышат.


Өнүктүрүүчүлүк максаты: Инсандын билимдүүлүк, адептүүлүк, маданияттуулук сапаттары тууралуу алынган маалыматтарды талкуулап, талдай алышат.

-талкуунун жыйынтыгы боюнча аргументтүү жыйынтыктарды жасап, сынчыл ой-жүгүртө алышат,


Таалим-тарбия берүүчү максаты: Султан Ибраимовдун өмүр, таржымалынан, өрнөктүү жашоосунан тарбия алышат

-билимдүү, адептүү жана маданияттуу инсандын үлгүсүн көрсөтүп, түшүндүрүшөт.

-адамдын ар түрдүү жүрүм-турумун салыштырып, түшүндүрмө бере алышат.



Сабактын жабдылышы: маркер, флипчарт, интерактивдүү доска, слайд, дидактикалык каражаттар.

Сабактын жүрүшү

Сабактын баскычтары

Мугалимдин ишмердиги

Окуучунун ишмердиги

1)Уюштуруу

(1 мүнөт)

Саламатсыңарбы, балдар!

Саламдашат. Суроолорго жооп берүүгө даярданышат

2)Акыл чабуулу

(4-мүнөт)

  • Мугалим окуучуларга суроо менен кайрылат: Ош драм театры кимдин ысымын алып жүрөт?

  • Султан Ибраимов дугун ысымды алгач уккансыңарбы?

  • Маданиятка эмгек сиңирген киши деп кимдерди айтабыз?


Окуучулар өз ойлорун айтышат.

  1. Жаңы тема

(15 мүнөт)

Мугалим: Бүгүн көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун көзү тирүү болгондо 90 жашка чыкмак. Ал 1927-жылы 20-сентябрда Чүй районунун Алчалуу айылында туулган. 

Айылда колхозчу, тракторчу болуп иштеген. Кызматтык зоболосу өйдөлөп, республиканын cуу чарба министри, партиянын Ош облустук комитетинин биринчи катчысы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеген. 

Ишмер инсан Султан Ибраимов кезегинде СССР Жогорку Советтерине депутат, КПССтин XXIV съездине делегат болуп шайланган. Эки жолу Ленин, Октябрь революциясы, эки жолу Эмгек Кызыл Туу орден жана медалдар менен сыйланган. 1980-жылдын декабрь айындагы каргашалуу окуянын айынан 53 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Жөнөкөй тракторчудан саясатка карай жол. Саясатчы жана коомдук ишмер Султан Ибраимов 1927-жылы 20-сентябрда Чүй аймагынын Алчалуу айылында туулган. Кыштакта колхозчу, тракторчу болуп иштеген. 1978-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, ошол эле жылдын декабрь айынан баштап 1980-жылдын декабрына чейин Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрөгалыгына чейин көтөрүлгөн.

Бериле элек наам тууралуу.Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовго "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын берүү демилгесин Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев 2014-жылы көтөрүп чыккан. Парламенттин 2014-жылдын 17-декабрь күнкү жыйынында сунуш эл өкүлдөрүнүн колдоосуна ээ болгон. Бирок али күнчө бул наам бериле элек.

Сын айтуудан коркпогон Ибраимов. Султан Ибраимов жогорку партиялардын форумунун трибунасынан дагы жалпы союздук министрликтерди сындоодон коркпогон киши болгон. Бир жолу Москвадагы сессиядан Леонид Брежневдин көзүнчө жалпы союздук министрди сынга алган. Ушундан кийин кулак-мээни жулуп алгандай тынчтык өкүм сүргөн. Анткени ал убакта жогору жактагыларга антип сын-пикир айтуу эң бир кооптуу кадамдардан болгон.

Бир фляга кымыз. Чоң кызматта отурган жетекчиге кошоматтануу совет доорунда да болуп келген. Бир жолу тааныбаган эле бирөө бир койдун этин бир фляга кымызы менен обкомдун биринчи катчысынын үйүнө таштап кетет. Анда аялы мектепте, Султан Ибраимов жумушунда. Кечинде жумушунан келген облустун жетекчиси аны көрүп, эт, кымыз алып келген адамдын аты-жөнүн иликтеп, айдоочусунан кайра бердирип жиберген экен. 

Табышмактуу өлүм. Султан Ибраимовдун кыздарынын биринин айтуусунда атасынын ден соолугу үчүн "кам көргөндөр" 1980-жылдын акыркы айларында аябай көбөйгөн. Жанында жүргөндөр "жумуш кайда качмак эле, дем алып келиңиз" дешип, бир жума мурда эле эс алуудан кайтканына карабастан, кайра Ысык-Көлгө узатышкан. Ибраимов аялы жана небереси менен Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияга келгенде аларды бир гана кызматчы келин тосуп чыккан. Резиденцияда башка кызматкерлер, жок дегенде күзөтчүлөрдөн эч кимиси болгон эмес. Күзөтчүлөр, жан сакчылар эртеси, Султан Ибраимов айдоочусу менен кошо атып өлтүрүлгөндөн кийин гана келген. Расмий маалыматтар боюнча аны 1980-жылдын 4-декабрында Ысык-Көлдүн жээгиндеги мамлекеттик дачада атып кетишкен. 




4)Топтор менен иштөө

1 тапшырма Атыбыздын маанисин-маңызын биз кандайча түшүнөбүз

(10 мүнөт)

Кызыктуу фактылар менен бөлүшүү

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимов мезгилинде республиканын суу чарба министринен тартып, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагалык кызматтарын татыктуу аркалаган. 1980-жылы 3-декабрда канкордун колунан каза тапкан. Ал болгону бул жалганга 53 жыл гана өмүр сүрдү. Эми анын элине сиңирген эмгегин Парламент көтөрүп чыгып, “КР Баатырдыгына” көрсөтүп жатат.

Республикабыз  агрардык өлкө эмеспи. Айыл чарба тармагы Султан Ибраимовго  алаканга салгандай дайын. Чүй өрөөнүндө жүгөрүнүн данын көбөйтүү маселесин көтөрүп чыкты. Анын натыйжасында түшүмдүүлүк 54 центнерден айланган. Кыргыз Өкмөтүнүн башчысынын негизги ниети республикабызда эгиндин жыйымын эки миллионго жеткирүү болгон. Мунун чейрек бөлүгүн жүгөрү даны түзмөк. Мындай коюлган талапты ишке ашыруу көп түйшүк, мээнет, аракетти талап кылды. Тилекке каршы, айрым райондордогу көрсөткүчкө көңүл чөгөргөн. Жалпы республикалык чогулушта Султан Ибраимов сөз сүйлөп, план-тапшырмаларын орундата албагандарды эл алдында катуу айтып, тилдеп, какчу эмес. Тескерисинче, “ийгилик жараткандардан өрнөк алсаңыздар дурус болот. Тажрыйба алмашууга маани берсеңиздер. Сиздер да алдыга чыгасыздар” деп жылуу-жумшак айтып өтчү. Ошондон эле алар тиешелүү, туура жыйынтык, чечим чыгарчу. Ал эми жаш кадрларга өзгөчө мамиле жасачу. Аларга жаман сөз айтчу эмес. Анткени, алардын эртеңки күнүнөн, келечегинен көптү үмүттөнчү.









1-топ: Султан Ибраимов жөнүндө класстер түзүшөт

1-топтун болжолдуу жооптору:

  1. Акылдуу

  2. Мекенчил

  3. Иштин көзүн алдын ала билген

  4. Ак көңүл

  5. Билимдүү

2-топ: Султан Ибраимовдун коомдук ишмердүүлүгүнө токтолушат.

2-топтун болжолдуу жооптору:

Республиканын суу чарба министринен тартып, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагалык кызматын чейин иштеген

3-топ: Султан Ибраимовдун жеке жашоосундагы кызыктуу фактыларга токтолушат

3-топтун болжолдуу жооптору: Ар кимибиздин тамак-ашка болгон табитибиз ар башка.   Султан Ибраимов канаттуулардын этинен жасалган тамакты жактырчу. Ошондуктан Ошто жашаганда жароокер жары Рева Касымовна үй чарбасын колго алып, каз, өрдөк, тоок, үндүк бакчу. Кой, уй этин сатып алуу үчүн базарга анда-санда гана барбаса, көбүнчө канаттуунун этинен тамак жасачу.



5)Рефлексия жана башкалардын оюна кошумчалоо

(5 мүнөт)

Мугалим окуучуларга ойлорун кошумчалаганга жана топтордун презентацияларына карата ойлорун айтканга мүмкүнчүлүк берет

Окуучулар өздөрүнүн ойлорун жана мүмкүнчүлүккө жараша топтордун презентацияларына кошумча ойлорун айтышат.

6)Топтордо иштө. №2 тапшырма. Бул сапаттарды кантип колдонобуз?

(12мүнөт)

Мугалим топторго тапшырмаларды берет: “Көрдүңөрбү, балдар билимдүү, адептүү жана маданияттуу адам болуу оңой эмес экен. Байкадыңарбы, үч топто аталган сапаттар кайталанып жатат. Демек, инсандагы жакшы сапаттарды бөлө албайт экенбиз. Бул үч сапат ар бир адамда чогу жүрүшү керек. Келгиле, эми, ушул сапаттарды биз кайсы жерде кандайча колдонорубузду талкуулайлы.”

Окуучулар тапшырмаларды чогу аткарышат.

Жоопторун презентациялашат.





1-топ Канткенде улуу инсандарды кадырлап, барктайбыз?


Окуучулардын болжолдуу жооптору:

Көбүрөөк тарыхка кайрылганда.

Улуу инсандард менен таанышканда

2-топ Султан Ибраимовдун жашоосунан кандай таалим-тарбия алсак болот?

Мекенди урматтоону.

Эли-жерге ак кызмат кылууну

3-топ Султан Ибраимовдун өзгөчөлүктөрү?

Иш билгилиги


7)Топтордо иштөө №3 тапшырма Пазл түзүү

(8 мүнөт)

Мугалим:

  1. Султан Ибраимов канчанчы жылы туулган?

  2. Султан Ибраимов кайсыл кызматтарды аркалаган?

  3. Султан Ибраимов атында эмнелерди билесиңер?

  4. Султан Ибраимовга канда баа бересиңер?

8) Рефлексич жана жыйынтыктоо

(4 мүнөт)

Мугалим окуучуларга өздөрүнүн оюн айтууга мүмкүнчүлүк берет жана сабакты жыйынтыктайт.

Окуучулар аргумент келтирүү менен, сабактагы кайсы учурлар жакканы же жакпаганы тууралуу өз ойлорун айтышат.



























Тема : “Мен Кыргызстанда жашайм”.

Сабактын максаты

Натыйжа

Билим берүүчүлүк:

  • Окуучулар “Ата Мекен”, “өлкө”, “облус”, “мамлекет символдору”түшүнүктөрүнө ээ болушат.

  • Облустардын өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү маалыматтарды эсине сактайт жана кабыл алуу көндүмдөрү калыптанат.



Окуучулар:

  • Ата Мекени, өлкөсү – Кыргызстан экенин, анын 7 облусу бар экенин айтып беришет;

  • Мамлекеттик символдорду аныкташат, салыштырат, облустардын өзгөчөлүктөрүн аташат.

Өнүктүрүүчүлүк максаты:

  • Облустардын өзгөчөлүктөрү боюнча айырмалоодо сүйлөө кеби, талдоосу өнүгөт.

  • Пазлдардан Кыргызстандын картасын курай алат, окуучунун логиткалык ой-жүгүртүүсү, эске тутуусу өрчүйт.

  • Облустардын өзгөчөлүктөрүн талдап, айтып берет.

  • Облустун өзгөчөлүктөрү боюнча суроолрго жооп берет, тапшырмаларды ой жүгүртүү менен аткарат.

  • Саякаттын жүрүшү боюнча маршуртту коменттарийлөө менен картадан көрсөтүп берет

Тарбия берүүчүлүк

  • “Ата Мекен”, “биримдик”, “эмгек”, “туулуп өсон жер” түшүнүктөрүн эмоционалдык баалуулук катары кабыл алат.

  • Кыргыз элинин жана башка улуттардын маданияттарын сыйлоого, толеранттуулукка сый мамиле кылууга тарбияланат.

  • Кыргызстанда жашаган элдердин өзгөчөлүктөрү боюнча өзүнүн ой-пикирин айта алат.

  • Өз ара аракеттенишүү менен берилген тапшырмаларды аткарат.



Ресурстар: Кыргызстандын картасы, атактуу инсандардын сүрөтү, түстүү маркерлер, ак барактар, түстүү кагаздар, клей, кайчы


Убакыт

Сабактын этаптары

Мугалимдин иш-аракети

Окуучунун иш-аракетти


2мин

Уюштуруу

Мугалим окуу жылынын башталышы менен окуучуларды куттуктайт, сабакка даярдыгын текшерет, окуучуларды сабакка шыктандыруу үчүн жагымдуу маанай тартуулайт.

Окуучулар сабакка даяр экендигин суроолорго жооп берүү менен билдришет. Класста окуучулар жагымдуу маанайда болуу менен көңүлү окууга бурулат.

2

1мин

Актуалдаштыруу

Балдар, силер саякатка чыкканды жактырасыңарбы? Келгиле, биз Кыргызстанга саякатка чыгалы. Саякатты өз үйүбүздөн, өз көчөбуздөн, өз айылыбыздан баштайлы.

Балдар өз үйлөрү, өз көчөлөрү, айылы, шаары жөнүндө кызыктуу маалыматтарды, атактуу инсандар жөнүндө айтып беришет.

3

3-4 мин

1-станция. Саякаттын башталышы

Силер менен өлкөбүздүн борборуна саякатка барабыз. Борбор шаарыбыз кандай аталат? Өлкө деген эмне?

Мугалим: Доскадагы көп сүрөтөрдөн Бишкек шаары тартылган сүрөттөрдү көрсөтүп, атап бергиле, - деп тапшырма берет.

Мугалим Бишкек жөнүндө маалымат берет:

-өлкөбүздүн эң чоң шаары – бул борбор шаарыбыз. Анын эски аталышы Пишпек, Фрунзе болгон.

Бишкекте 1миллиондон ашык адам жашайт. Ал Кыргызстандын түндүгүндө, Чүй өрөөнүндө жайгашкан.

Окуучулар мугалим айткан маалыматтарды угуп, эсине сактайт. Суроолорго жооп берүү менен Бишкек шарына тиешелүү сүрөттөрдү атап, анын ичинен бирөөнү Бишкек шаарынын символу катары тандап алышат.

4



Борбор шаарыбызда көптөгөн

окуу жайлары, кинотеатрлар, маданий борборлор, музейлер, китепканалар, соода борборлору, саламаттыкты сактоо мекемелери, балдар бакчалары бар. Мугалим борбор шаарыбыздагы окуу жайлары, ж.б. жөнүндө чечмелеп

бир аз айтып берет

Окуучулар Чүй облусуна тиешелүү сүрөттөрдү чечмелеп айтып беришет. Алар Чүй облусунун символу катары эсептейт.


Эгер убакыт болсо, Чүй облусу боюнча пазл картаны чогултушат.


Окуучулар табышмакты табышат (мугалим китеп, билим, мектеп жөнүндөгү башка табышмактарды айтып, жандырса деле болот).

5



Биз Чүй облусуна саякатка автобуска түшүп барабыз. Автобуска түшүү үчүн сүрөттө эмне тартылганын айтып беришибиз керек?

Мугалим мурда даярдап койгон Бурананын, Шабдан баатырдын, Панфиловдун, З.Кайназарованын, Ысык-Ата курортунун, Суусамыр өрөөнүнүн сүрөттөрүн көрсөтөт. Мугалим Чүй өрөөнүнүн сүрөтүн же Кыргызстандын картасынан Чүй облусун бөлүп көрсөтөт да канатташ жаткан Ысык-Көл облусуна жетип калгандыгыбыз тууралуу айтат. Ысык-Көл облусуна баруу үчүн табышмакты жандыруубуз

керек:

Отуруп алып ичин ачам, Баатырларга аралашам, Аябаган кызыкка батам,

Аягына жеткенче шашам.

(Китеп)

Ысык-Көл облусунун символу болгон Ысык-Көлдүн, Ак кеменин илинген сүрөтүнө карата суроолорго жооп берет.


Окуучулар Ысык-Көлдө эмне өспөйт?

Ысык-Көлдө кайсы жаныбар- лар жашабайт? Окуучулар суроолорго жооп беришет.

Төмөнкү тапшырманы атка-

рышат:

Лимон, алмалар, алмуруттар,

өрүктөр,

Сига, дельфин, форель, чебак,

Жылкы, уй, зебра, кой,

Пияз, картошка, банан, сабиз.

6



Ысык-Көл облусунун символу

болгон Ысык-Көлдүн, Ак кеменин илинген сүрөтүнө карата суроолорго жооп берет.


Окуучулар

Ысык-Көлдө эмне өспөйт?

Ысык-Көлдө кайсы жаныбарлар жашабайт? Окуучулар суроолорго жооп беришет.

Төмөнкү тапшырманы аткарышат:

Лимон, алмалар, алмуруттар,

өрүктөр,

Сига, дельфин, форель, бак,

жылкы, уй, зебра, кой,

пияз, картошка, банан, сабиз.

Окуучулар алдын ала даяр-

далып коюлган сүрөттөрдөн Нарын облусуна тиешелүүсүн бөлүп алып, облуска тиешелүү экенин айтып беришет. Нарын облусунун символун аныкта- шат.





Окуучулар Жалал-Абад об-

лусу жөнүндө билген маалы- маттарын айтышат.

7



Мугалим Жалал-Абад облусу

жайгашкан картанын бөлүгү, Сары-Челек, Арсланбап, Токтогул, Барпы, Ө. Атабекова, окуу жайлры, 100 сомдуктагы Токтогулдун сүрөтү ж.б. жөнүндө айтып берет. Балдар: Жалал-Абад облусунун

символун тандайлы?

Мугалим Токтогулдун ырларынан окуп берет

(1-класстан сырткары):

Дениң соодо эринбей, Бекерликке берилбей,

Эркиң менен жумуш кыл

Эринчээк, жалкоо дедирбей.

Токтогул

Окуучулар Жалал-Абад об-

лусунун символун аныкташат.

8



Балдар, эми биз кайсы облуска

келип калдык деп ойлойсуздар? Туура айтасыңар, Ош облусуна. Ош облусу жөнүндө эмнелерди

айтып бересиңер?

Мугалим мурда даярдалган Ош облусунун сүрөттөрүн пайдала- нып, маалыматты толуктайт.

Сүрөттөрдөн Ош облусуна сим- вол катары кайсы сүрөттү тандап

алсак болот?

Жупта Ош облусу тууралуу суроолорго жооп берүү менен кластер түзөлү.

Окуучулар Ош облусунун символун аныкташат.

Окуучулар жупта суроолорго жооп берүү менен кластерди толтурушат.

9



Физминутка

Биз Оштон Баткенге атты таскак- татып минип барабыз, балдар биз аттарыбызды бийик таштардан секиртебиз, агыны катуу суулар- дан кечип өтөбүз, чоң энелерге гүлдөрдөн белекке беребиз (бал- дар аттын таскактаганын, суу кечкенин, секирип өткөнүн, гүл бергенин иммитациялашат).

( "Кара-жорго" бийинин музыкасын

коюп, бийлесе да болот)


10



Мына эми Баткен облусуна жетип келдик. Баткен облусун ачып бере турган сүрөттөр илинет. Мугалим суроо берет:

Баткен эмнеси менен даңктуу?

Баткен облусунун символу катары эмнени алсак болот?

Мугалим классты 4 топко бөлөт, кроссворддун суроолорун берет. (мугалим башка кроссворддорду

пайдаланса дагы болот)

Окуучулар суроолорго жооп

берет.Окуучулар топтосуроолорго жооп берүү менен кроссвордду толтурушат.


11



Мугалим Баткен облусунан ка-

натташ жайгашкан Талас облу- суна барабыз деп айтуу менен Баткен облусуна Талас облусун улап коёт. Балдар жуптарда жооп бергиле: Талас облусу жөнүндө эмне билесиңер?

"Манас" эпосу ыр түрүндө жа- зылганын, андагы уйкаштыктар жөнүндө билесиңерби? Келгиле, сөздөргө уйкаш сөздөрдү табалы. (Мугалим өз сөз уйкаштыктарын пайдалана алат).

Балдар жупта Талас облусу

боюнча билген маалыматтарын айтып беришет.

Талас облусунун символун аныкташат.

Сөздөргө уйкаш сөздөрдү табышат.


Талас

жылдыз

Чынгыз

Манас

Билим

салык

Балык

илим


12



Эми балдар, биз колдонгон

сүрөттөрдү карайлы. Кайдан баштап кайда келдик?

Окуучулар сүрөттөрдү пай-

даланып облустарды жана облустардын символдорун аныктагандарын, саякаттын башынан аягына чейин эстеп айтып беришет.




Биздин өлкөбүздүн дагы символ-

дору бар.

КРнын Туусу эмнеге кызыл түстө, эмнеге түндүк тартылган?

Гербди карап көргүлөчү эмнелер

тартылыптыр?

Эмнеге ак шумкар тартылган?

КРнын Гимни эмне жөнүндө экенин билесиңерби, айтып бергилечи?

Суроолорго жооп беришет.

Окуучулар Жалал-Абад об- лусунун символун аныкташат. Балдар КРнын Туусу, Герби, Гимни жөнүндө өз ойлорун ай- тышат. Гербди, Тууну кайдан, качан көрүшкөндүгү жөнүндө айтып беришет, тажрыйба бөлүшөт. Гимнди укканда атуулдар өздөрүн кандай алып жүрүүсү керектигин айтып беришет.




Силер менен Кыргызстан боюн-

ча саякаттап келүү менен бирге Кыргызстандын картасын түздүк. Силерге ушул сабакта эмнелер жакты?

Эмнелерди эстеп калдык?

Саякат учурунда өзүңөрдү кандай сездиңер?

Окуучулар жест-мимика, бый-

тыкча аркылуу өз абалын бил- диришет.

Суроолорго жооп беришет.




















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!