СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Акыл ордо" интелектуалдык оюну

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Акыл ордо" интелектуалдык оюну»

Саламатсыздарбы!


Бүгүнкү “Акыл ордо” – интеллектуалдык оюнубузду улуу ойчул  Гольфиндин сөзү менен баштасак:

Китеп билим булагы,

Китепти сүйө билгиле.

Ал турмушуңарды жеңилдетип,

Ой пикириңердин, сезимдин, окуялардын чиеленишин чечүүгө жардам берет.

Башкаларды жана өзүн – өзү урматтоого үйрөтөт деген экен.

Китепти көп окуп, терең билим алууга үндөө менен Муса Жангазиев атындагы Сокулук №4 орто мектебиндеги “Акыл ордо” интеллектуалдык оюну ачык деп жарыяланат.

Акылы бар билимди самайт,

Акылы жок кийимди самайт  демекчи.

Акыл миң күндүк,

Кийим бир күндүк экендигин аныктаган он окуучу биздин алдыбызда турушат.

Кылычты ар ким байланат,

Чабарына келгенде кандай жигит шайланат демекчи менин колумдагы кубокту жана китепти ким алып кетерин билгиңиз келсе алдыңкы мүнөттөрдө биз менен болуңуз.

“Акыл –айга жеткирет,

Өнөр - көккө жеткирет” – демекчи алдыңарга

“Акыл ордо” оюнунун катышуучуларын чакырып алсак.

Бүгүнкү оюнга “ таразадай тактыкты, калыстыгын” көрсөтүү үчүн келген калыстар тобу менен тааныштырып өтсөм.



“Билимдүүнүн түнү-күн,

Билимсиздин күнү - түн”

“Билеги күчтүү- бирди жыгат,

Билими күчтүү –миңди жыгат” – демекчи алдыңыздаргы 9-10- класстарынын арасындагы эң билимдүү, эң акылдүү, өзүнө ишенген окуучуларыбыз билимдерин сынамак учун келип отурушат. Анда эмесе окуучулар өздөрүн бул оюнга кандай максатта келгендиги тууралуу тааныштырып өтүшсө.

  1. Чокмурбаева Назми 9-а класс

  2. Токмоков Акылбек 9-а класс

  3. Кайымкулова Гүлнур 9-б класс

  4. Тазабек кызы Асия 9-б класс

  5. Асылбек кызы Сейил 9-б класс

  6. Түркменов Адил 9-б класс

  7. Жолдошбек кызы Илария 9-в класс

  8. Абдуллаев Анарбек 9-в класс

  9. Абдисаттарова Нуриза 10-класс

  10. Жумабекова Мээрим 10-класс


Баардыгы “Акыл ордого” билимин сынаганы катышат, ал эми кээ бир окуучулар билимине билим кошкону катышат экен. Азаматсыздар таанышканымдан абдан кубанычтамын.

“Акыл ордо” оюнунун шарты менен тааныштырып кетсем

1-тур: 10 окуучу катышат. Информатика сабагы боюнча жалпы суроолор болот . 10 окуучудан туура жооп берген 6 окуучу кийинки турга жолдомо алышат.

2-тур: 6 категориядан турат 1-турдун жыйынтыгы боюнча көп көп упай топтогон окуучу биринчи болуп категория тандоо укугуна ээ болот. 3-турга 3 окуучу жолдомо алышат.

3-тур: Финалда 3 оюнчу таймашып эң көп упай топтогон окуучу бүгүнкү сынактын жеңүүчүсү деп табылат.

Анда эмесе биринчи тур оюнун баштасак.

1-тур. Жалпы суроолор

  1. ЭЭМдин заманбап иштелип чыгышын ким сунуштаган? (Джон Фон Нейман)

  2. Биринчи ЭЭМ кайсы жылы пайда болгон? (1946-жылы )

  3. Биринчи ЭЭМ эмне деп аталган? (ЭНИАК)

  4. Убактылуу жоготулган объекттер топтолгон папка эмне деп аталат? (корзина)

  5. Телефондук байланыш аркылуу башка комьютерлер менен информация алмашуучу түзүлүш эмне деп аталат? (модем)

  6. Информациянын санын өлчөчү эң кичинекей бирдик кайсы? (бит)

  7. Биринчи жолу “информатика ” термини канчанчы жылы кайсы жакта колдонула баштаган? (1960-жылы, Францияда)

  8. Бизге келген информациянын 9% биз кайсы сезуу органыбыз менен кабыл алабыз? (угуу)

  9. Рим цифраларын кантип жазабыз? (латын чоң тамгалары менен)

  10. 1 Мбайт эмнеге барабар? (1024 Кбайт)

  11. Компьютерге символдук информацияны киргизүүчу кнопкалык түзүлүштүн аты? (клавиатура)

  12. Дисктеги файлды окуу үчүн эмнени билүү керек? (файлдын атын)

  13. Дискета эмне кызмат аткарат? (мааламаттарды сактайт)

  14. Маалыматты кагаз бетине чыгаруучу түзүлүш кайсы ? (принтер)

  15. Бир байт эмнеге барабар? (8 бит)

  16. Алгоритдер канча касиетке ээ? (6)

  17. Клавиатура канча бөлүктөн турат? (5)

  18. Кагаз бетиндеги маалыматты компьютерге киргизүү үчүн колдонулган түзүлүш? (сканер)

  19. Биринчи программа ким тарабынан жазылган? (Ада Лавлейс.)

  20. Сандык эсептөөчү машинанын негизги принциптерин ким иштеп чыккан? (Джон фон Нейман)

  21. Файлдын, папканын же программанын графикалык сүрөттөлүшүн эмне деп атайбыз? (ярлык)

  22. Web- баракчасы кандай форматка (кеңейтилишке) ээ? (*.htm)

  23. Эң көп информацияны адам кайсы органынын жардамы менен алат? (көрүу)

  24. Паскаль тилинин автору ким? (Никлаус Вирт)

  25. Вируска каршы программаларды эмне деп атайбыз? (антивирус)

  26. Microsoft фирмасынын негиздөөчүсү ким? (Билл Гейтс)

  27. Дискте сакталган жана аталышка ээ, арналышы боюнча тектеш мааламаттардын жыйындысын эмне деп атайбыз? (файл)

  28. Ярлыкты өчүрүп салсак документ кошо өчүрүлөбү? (Жок)

  29. Адам информациянын 1% тин кайсы сезүү органдары менен кабыл алат? (даам билуу, сезүү,жыт билүү)

  30. Бүт дүйнөнү бириктирип турган желе? (Интернет)


(слайд информатика боюнча)


1-турду жыйынтыктайлы ким экинчи турга өтөт ал кайсы алты окуучу. Бул силердин женишиңер болсун. Алдыда жалаң гана жеңиштер болсун, ийгиликтер коштосун. Ал эми .... экинчи турга даярданышсын. Ырыс таалайдын атасы эмгек дейт экен акылман элибизде, анын сыңарындай эч качан бекерчи болбойлу ар дайым эмгектенели, мектепте окуп аткандагы эң башкы эмгегибиз билим алуу эмеспи











2- тур. Котегориялар

«Microsoft Excel»- таблицалык редактор


«Microsoft Excel» - бул:

а) Таблицалык редактор

б) Графикалык редактор

в)) Тексттик редактор

2. Берилген сандарга «СУММ» функциясын аткарууда эмне аткарылат?

а) Сандардын айырмасы

б) Көрсөтүлгөн сандардын суммасы

в) Көрсөтүлгөн сандардын квадраты

г) Көрсөтүлгөн сандардын квадраттарынын суммасы

3. “Excel” уячаларын даректөөнүн канча түрү бар?

а) Эки

б) Үч

в) Төрт

г) Бир

4. Сандык форматты өзгөртүүгө болобу?

а) Ооба, каалаган форматка

б) Жок

в) Ооба, бирок берилген сандык форматтардан башкасына

г) Ооба, бирок “Обычный” форматынан башкасына

5. “Excel” уячаларына кандай форматтоону колдонууга болот?

а) “Обрамление, заливки”

б) “Тип данных, ширина, высота”

в) Бардык варианттары туура

г) “Выравнивание текста, формат шрифта”

6. Документти сактоо үчүн кандай команданы аткаруу керек?

а) CTRL+F

б) CTRL+W

в) CTRL+S

г) CTRL+O

7. Электрондук таблицанын уячасына киргизүүгө болбойт:

а) Иллюстраияларды

б) Сан

в) Текстти

г) Формулаларды

8. Формулаларды киргизүүдө кашааларды колдонууга болобу?

а) ооба, бирок абсолюттук шилтемелерди колдонууда гана

б) Ооба,дайыма

в) Жок

г) Ооба, башка барактарга шилтеме кылган учурда гана

9. Диаграмма эмненин негизинде түзүлөт?

а) Таблицалык маалыматтын негизинде

б) Тексттик файлдын негизинде

в) “Excel” китебинин негизинде

г) Графикалык файлдын негизинде

10. Иштөө барагында канча сапча бар?

а) 65536

б) 2500

в) 20000

г) 16384

11. “Excel” документин сактоо автоматтык түрдө канча убакыттан кийин кайталанып турат?

а) 5 минута

б) автосактоодо коюлган убакытка жараша

в) 10 минута

г) 15 минута

12. Түзүлгөн формулада ката болгон учурда “Excel” кандай аракеттерди аткарат?

а) Формуладагы катаны оңдойт

б) Катасы бар формуланы өчүрөт

в) Уячага “0” маанисин кайтарат

г) Уячанын маанисин катарында катына көрсөтүүчү маалымат берет.

13. “Excel 2007” файлы кандай кеңейишке ээ?

а) .xlsx

б) .txt

в) .xml

г) .xls

14. Иштөө барагына диаграмманы коюу үчүн тандоо керек:

а) “Главная-Графика- Диаграммы”

б) «Данные –Рисование – Диаграммы »

в) «Вставка- Иллюстрации – Диаграммы »

г) «Вставка – Диаграммы »

15. “Excel ” де кайсы логикалык функция жок?

а) “истина”

б) «ошибка»

в) «или»

г) «еслиошибка»


2. Компьютердин түзүлүшү

1. Комьютер бул- :


а) Маалымат иштетүүчү түзүлуш

б) Маалыматты берүүчү жана сактоочу түзүлуш

в) Маалыматты берүүгө арналган универсалдуу түзүлүш

г) Универсалдуу, электрондук, программалык- сактоого, иштеп чыгууга , маалыматты берүүгө арналгантүзүлүш

2. Компьютердин жабдылышы -бул ...

а) Маалыматты киргизүүгө арналган түзүлүштөрдү сүрөттөө

б) Электирдик сигналдарды түзүүнүн техникалык каражаты

в) Компьютердин ички уюштурулушу

г) Маалыматты түзүүнүн техникалык каражаты

3. Компьютердин иштөөсү үчүн минималдуу түзүлүштөр топтомун көрсөтүңүз?

а) Монитор, катуу магниттик диск,клавиатура

б) Принтер, системалык блок, клавиатура

в) Системалык блок, монитор, клавиатура

г) Процессор, катуу магниттик диск

4. Стандарттуу клавиатурада клавиатуранын канча тиби бар ?

а) 5

б) 4

в) 7

г) 6

5. Перифериялык түзүлүштөр кандай кызматты аткарат ?

а) Маалыматты иштеп чыгуу

б) Берилген программа менен ЭЭМдин ишин башкаруу

в) Маалыматты киргизүү жана жеткирүү

г) Мааламатты сактоо

6. «КЭШ»- эс деген эмне?

а) Маалыматты узак убакытка сактоого арналган эс

б) Учурдагы убакытта аткарылып жаткан программанын эси

в) Оперативдик эсте сактоо үчүн көп колдонулуучу эс

г) Операциондук системанын системалык файлдары сакталган эс

7. «HDD»-... арналган .

а) Берилген программада компьютердин ишин башкаруу

б) Компьютерде дайыма колдонулбаган маалыматты сактоо

в) Компьютерде иштөөдө дайыма маалыматты сактоо

г) Магистралга перифериялык түзүлүштөрдү туташтыруу

8. Чыгаруучу түзүлүштү көрсөткүлө

а) Катуу магниттик диск, модем

б) Принтер, калонкалар

в) Клавиатура, сканер

г) Чычкан, катуу магниттик диск

9. «ОЗУ»- бул ... эс:

а) Колдонуучу менен компьютердин ортосундагы диалогду камсыздоо үчүн арналган программалар сакталган

б) Компьютерде болуш талабы коюлган маалыматтар сакталган

в) Компьютер иштеп же иштебей жаткандыгына карабастан маалыматтарды сактоочу

г) Процессордо берилген операцияларды аткарууга арналган маалыматты убактылуу сактоого керектелген

10. Сактоочу түзүлуштөргө кайсылар кирет:

а) Катуу магниттик диск

б) Монитор

в) Сканер

г) Процессор

11. Системалык блокко эмне кирбейт?

а) Ички модем

б) Энелик плата

в) Перифериялык түзүлүштөр

г) Процессор

12. Киргизүүчү гана түзүлүштү танда

а) Клавиатура

б) Чычкан, катуу магниттик диск

в) Катуу магниттик диск, модем

г) Принтер, клавиатура

13. Телефондук линиялар боюнча маалыматтарды берүү, сандык сигналдарды аналогдукка жана тескеринче маалыматтарды берүүчү түзүлүш

а) Тармактык карта

б) Модем

в) Коммуникатор

г) Маршрутизатор

14. Кагаз түрүндө алып жүрүүчүлөргө арналган компьютердин перифериялык түзүлүшү

а) Принтер

б) Сканер

в) Ксерокс

г) Плоттер

15. «USB» контроллер кандай дискттерди камтыйт?

а) Оптикалык дискттер

б) Ийилчек магниттик дисктер

в) Катуу магниттик дисктер

г) «Flash»- дисктер



3. Microsoft Word- тексттик редактор


1. «Microsoft Word»-бул :

а) Графикалык редактор

б) Тексттик редактор

в) Таблицалык редактор

2. « WordArt» объектин коюу үчүн эмнени тандоо керек:

а) «Вставка – WordArt»

б) «Главная – Текст – WordArt»

в) «Вставка- Текст - WordArt»

г) «Главная - WordArt»

3. Акыркы командадан баш тартуу үчүн кандай буйрук аткаруу керек ?

а) CTRL+Z

б) CTRL+A

в) CTRL+S

г) CTRL+Y

4. «Обтекание текстом» менюсунда кайсы пункт жок?

а) «В тексте »

б) «Перед текстом»

в) «Возле текста»

г) «За текстом»

5. Кайсы команда бөлүп алынган текстин фрагментин өчүрүп салбастан буферде жайгаштырат:

а) «Вставить»

б) «Копировать»

в) «Открыть»

г) «Вырезать»

6. Кадамды кайталоо үчүн кайсы команда аткарылат?

а) CTRL+Y

б) CTRL+T

в) CTRL+D

г) CTRL+F

7. Документи ачуу үчүн колдонулуучу команда?

а) CTRL+P

б) CTRL+O

в) CTRL+D

г) CTRL+S

8. Чычкандын оң баскычын басуу менен тизме түзүүгө болобу?

а) Жок, чычкандын айландыруучу баскычы менен түзүүго болот

б) Жок

в) Жок, көчүрсө гана болот

г) Ооба

9. Документте издөө жүргүзүү үчүн кайсыл менюну колдонуу керек?

а) «Ссылки»

б) «Разметка страницы»

в) «Главная»

г) «Вставка»

10. Документи сактоо үчүн кайсыл команданы аткаруу керек?

а) CTRL+F

б) CTRL+O

в) CTRL+W

г) CTRL+S

11. Шрифттин өлчөмү кандай бирдик менен өлчөнөт?

а) Сантиметр

б) Миллиметр

в) Пункт

г) Пиксель

12. Документин көчүрмөсүн сактоодогу «Сохранить как» бөлүгүндө кандай форматтар бар?

а) «XML же XPS»

б) «PDF жеXPS»

в) «DJVU жеPDF»

г) «XPS же DJVU»

13. «Word 2007» кандай форматка ээ?

а) .doc

б) .word

в) .docx

г) .dosxl

14. Төмөнкүлөрдүн кайсынынсы таблицага тиешелүү?

а) «Диаграмма»

б) «Текст»

в) «Ячейка»

г) «Калонка»

15. Кайсыл команда бөлүп алынган тексттин фрагментин буферге, өчүрүп анан жайгаштырат?

а) «Вырезать»

б) «Копироварть»

в) «Заменить»

г) «Удалить»


4. «PowerPoint»

1. «PowerPoint» презентациясы деген эмне?

а)Компьютерде даярдалган слайддардын топтому

б)Сүрөттөлүштөрдүн топтомун фото сүрөттөрдү, диаграммаларды камтыган тексттик документ

в)Слайддарды көрөстүүнү башкаруучу компьютердик түзүлүш

г) Электрондук таблицаларды иштетүү үчүн колдонмо программа

2. Кайсыл режим презентациянын ар бир слайды менен иштөөгө жардам берет?

А) «Режим структуры»

Б) «Обычный режим»

В) «Режим разметки»

Г) «Режим слайдов»

3. Ар бир слайд үчүн ар түрдүү түс тандоого болобу?

а) ооба, бирок биринчи слайд үчүн гана

б) жок

в) ооба, бирок биринчи жана акыркы учун гана

г) ооба

4. «PowerPoint 2007» кандай форматка ээ?

а).pnn

б).pntx

в).pptx

г).pptxl

5. Ар түрдүү объектерди камтыган түзүүчү бөлүгү

а) «Слайд»

б) « Рисунок»

в) « Кадр »

г) «Лист»

6. Слайддарды демонстрациялоочу клавишалар?

а)F11

б)F6

в)F4

г)F5

7. Презентацияны башкаруучу кнопкаларды кошуу үчүн кайсыл меню менен колдонуу керек?

а) «Показ слайдов»

б) «Вставка»

в) «Главная»

г) «Анимация»

8. Презентацияны толук экранда чагылдыруу үчүн кайсыл режимге өтүү керек?

а) «Показ слайдов»

б) «Режим разметки»

в) «Обычный режим»

г) «Режим структуры»

9. … колдонуу, презентацияга комментарий сактоого жардам берет.

а) «Пометок»

б) «Аннотаций»

в) «Документа»

г) «Заметок»

10. «PowerPoint»(автоматтык түрдө) презентациясы болгон «Шаблон» эмнени камтыйт?

а) «Фон»

б) «Цветовую схему,фон»

в) «Цветовую схему, изображений»

г) «цвет текстта,фона»

11. Толук экрандан кантип чыгуу керек?

а)ESC

б)DELETE

в)F5

г)ENTER

12.Презентацияга «WordArt» кошуу үчүн тандоо керек:

а) «Вставка - WordArt»

б) «Вставка – текст - WordArt»

в) «Главная – текст -WordArt»

г) «Главная - WordArt»

13. Презентацияга эмне кирбейт?

а) «Рисунок»

б) «Текст»

в) « Анимация»

г) «Ячейка»

14.Документти сактоо учун кайсыл команданы аткаруу керек?

а)CTRL+O

б) CTRL+F

в) CTRL+S

г) CTRL+W

15. Презентацияны кароо режимдеринин ичинен кайсынысы жок?

а) «Обычный»

б) «Режим докладчика»

в) «Показ слайдов»

г) «Сортировщик слайдов»


5. Интернет

1. «WWW»- бул:

а) Электрондук почтанын аты

б) Маалыматты камтыган телекоммуникациялык тармак

в) «Интернет» тармагынын маалыматтык – издөө системасы

г) Колдонуучуларга таандык «Web- баракчалардын» топтому

2. Канчанчы жылы «Интернет» тармагы эл аралык болгон?

а) 1973

б) 1969

в) 1971

г) 1983

3. Электрондук почта web-сайттардан … белгиси менен айырмаланат.


а) $

б) β

в) @

г) б) жана в)

4. «Браузер»- бул:

а) Сервер

б) Коммуникация тармагында иштөөнү тездетүү

в) «Web-баракча » кароо түзүлүшү

г) «Web- баракчасын» түзүүчү колдонмо

5. «Web- сайт»- бул:

а) Колдонуучуларга керектүү маалыматты таап берүүчү атайын программа

б) «Интернет» тармагындагы маалыматтык –издөө системасы

в) Колдонуучуларга тиешелүү «Web» - баракчалардын топтому

г) Маалыматты камтыган телекоммуникациондук тармак

6. «Opera Software» компаниясы канчанчы жылы биринчи браузер «Opera» иштеп чыккан :


а) 1996-жылы

б) 1998-жылы

в) 1997-жылы

г) 1995-жылы

7. «DNS»-эмнеге колдонулат?

а) Электрондук почтада иштөө үчүн

б) Домендер жөнүндө маалымат алуу үчүн

в) «Интернет» тармагында издөө жүргүзүү үчүн

г) «Интернет» тармагында иштөөнү синхрондоо үчүн

8. Корпоративдик, регионалдык жана локалдуу компьютердик тармактарды бириктируучу глобалдык компьютердик тармак:

а) «Паутина»

б) «Интернет»

в) «Lan»

г) Баардык жооптор туура

9. Төмөнкүлөрдүн кайсынысы браузерге кирбейт?

а) «Rambler»

б) «Firefox»

в) «Chrome»

г) «Opera»

10. Канчанчы жылы «Google Chrome» дун Linux жана OS X үчүн биринчи версиясы чыккан?

а) 2010-жылы

б) 2008-жылы

в) 2011-жылы

г) 2009-жылы

11. Web – баракча –бул …

а) Маалыматтык серверлердеги сакталган документтер

б) Сеттердеги бардык маалыматтар сакталган документ

в) Колдонуучунун маалыматтары сакталган документ

г) Программалык продуктулардын менюдагы жыйындысы

12. Web-баракчасы…форматка (кеңейтилишке)ээ.

а) *.txt

б) *.htm

в) *.doc

г) *.exe

13. Канчанчы жылдан баштап «Internet Explorer» «Windows» тун комплектине кирген?

а) 1994-жылы

б) 1995-жылы

в) 1996-жылы

г) 1997-жылы

14. Интернетте кайсыл протокол базалык болуп эсептелет?

а) HTTP

б) HTML

в) TCP

г) TCP/IP


15. Комьпютер тармактарын аныкта:

а) Локалдык

б)Регионалдык

в) Глобалдуу

г) Бардыгы


6. Программалоо

1. Pascal да ыйгаруу командасы кандай белгиленет?


а) « * »

б) « = »

в) « := »

г) « == »

2. Туура эмес операторду көрсөт

а) « a:=89 »

б) « b:=4*a »

в) « m:=456+5*a »

г) « f=:m »

3. Программадагы ар бир оператор (туюнтма) бир-биринен ...белгисинин жардамы менен ажыратылат.

а) Үтүрлүү чекит

б) Чекит

в) Үтүр

г) Тире


4. Var бөлүмү бул ...

а) Өзгөрмөлөрдү сыпаттоочу бөлүм

б) Программаны баштайт

в) Программаны аяктайт

г) Программанын атын көргөзүүчү бөлүм


5. Паскаль тилинин автору…

а) Белез Паскаль

б) Никлаус Вирт

в) Джон фон Нейман

г) Ада Лавлейс





6. Көрсөтүлгөн блок-схема алгоритмдин кайсы түрүн чагылдырат?

а) Сызыктуу

б) Тармактуу

в) Циклдик

г) Жардамчы

7. Сүрөттө көрсөтүлгөн блок схеманы элементи эмнени билдирет

а) эсептөөлөр (процесс)

б) башы, аягы

в) шартты текшерүү

г) киргизүү-чыгаруу


8. Кайсы функция сандын квадраттык тамырын аныктайт?

а) Int (X);

б) Sqr (X);

в) Sqrt (X);

г) Abs (X)


9. Ыйгаруу оператору аткарылгандан кийин Х өзгөрмөсүнүн мааниси кандай болот?

Х:=5 В:=10 Х:=Х+В?

а) 5

б) 10

в) 15

г) 20

10. Блок-схеманын фрагменти алгоритмдин кайсы тибин туюнтат?

а) сызыктуу алгоритм

б) тармактуу алгоритм

в) жардамчы алгоритм

г) камтылган алгоритм


11. Circle (50,100,40) командасынын аткарылышы

а) Борборунун координатасы (50,40) жана радиусу 100 болгон айлана сызат

б) Борборунун координатасы (100,50) жана радиусу 40 болгон айлана сызат

в) Борборунун координатасы (50,100) жана радиусу 40 болгон айлана сызат


12. Sum өзгөрмөсүнүн маанасин экранга чыгаруучу жана кийинки сапка өткөрүүчү команданы көрсөт?

а) Writeln(sum)

б) Read (sum)

в) Write (sum)

г) Readln (sum)


13. Программанын аткарылышында кайсы оператордун жардамында мисалы а өзгөрмөсүнө мааналерди киргизе алабыз?

а) Ыйгаруу командасынын жардамында

б) Write(a); операторунун жардамында

в) Read(a); операторунун жардамында

г) Var a;, integer; командасынын жардамында


14. Графикалык библиотеканы кантип кошобуз?

а) uses CRT

б) uses GraphABC

в) var GraphABC

г) var CRT

15. Шарттуу операторлор кайсы?

а) case , of

б) If, then,else

в) Begin, end

г) Readln



3-тур.

  1. Кафеде апасы, атасы, уулу, кызы, эжеси, агасы, таякеси, иниси, жээни тамактанып отурушат. Ал жерде канча адам отурат?

(4 адам олтурат. Бир тууган аял жана эркек.Алардын уулу жана кызы)

  1. Гитарада, домбрада алты, комузда бешөө эле. Сөз эмне жөнүндө болууда (сөз жөн гана аталышында жана тамгалардын саны жөнүндө)

  2. Адамдар менен унаалар басып өтүүчү жаныбар кандай аталат? (зебра)


  1. Мейманканада 7 кабат бар. Биринчи кабатта төрт адам жашайт. Ар бир кийинки кабатта алдыңкысына караганда 2 адамга көп. Лифтти эң көп чакырган кайсы кабаттын жашоочулары? (биринчи)

  2. Ал жай жана тез, жеңил жана оор болот. Бирок ал баспайт, чуркабайт, учпайт. Бул эмне? (музыка)

  3. Бир киши атка кызды мингизип, жетелеп келе жатты. Алардын алдынан бир карыя чыгып, киши менен учурашып, аттын үстүндөгү кызды көрсөтүп сурады:

– Бул кыз сага ким болот?
Анда тиги кишиден мурун кыз жооп берди:
– Мунун энеси менин энемдин кайненеси. 
Ошондо кыз кишиге ким болот?
 

(Туура жообу – атасы болот)

  1. Атамдын жашы 31де болгондо мен болгону 8 жашта элем, ал эми азыр атам менден эки эсеге улуу. Ошондо менин жашым канчада?(Жообу - 23 жаш.  Атасы менен уулунун жаш айырмачылыгы 23 жаш)

  2. Адам анын иштегенин каалайт. Бирок, иштеген кезде ачууланып өчүрүүгө шашылат. (Ойготкуч (будильник))

  3. 202 көз канча адамга таандык? (1 адам )



Кошумча суроолор

  1. Аны жерден көтөрүү оңой, ыргытуу кыйын. (мамык)

  2. Бул нерсе сизге таандык, бирок, өзүңүзгө караганда башкалар аны көбүрөөк колдонот. Бул эмне? (атыңыз)

  3. Чийки түрүндө жебейт. Бышкан соң таштандыга таштайт. Бул эмне? (лавр жалбырагы)



  1. Эки күн катарынан жамгыр жаашы мүмкүнбү?

(Жок. Себеби эки күндүн ортосунда бир түн бар)

  1. Эң чоң казанга эмне батпайт?

(Казан канчалык чоң болбосун ага өзүнүн капкагы батпайт)


  1. 1 күндө канча минута бар? (1440 минута)

  2. Столдун үстүндө 3 шалгам 4 алма турат. Бала келип бир алма алды. Столдо канча жемиш калды? (3 жемиш)

  3. Эң чоң казанга эмне батпайт? (Казан канчалык чоң болбосун ага өзүнүн капкагы батпайт)

  4. Адамдын кайсыл органы 800 ысыкка чыдай алат? (Ооз)

  5. Жарык бөлмөдөн эмнени көрүүгө болбойт? (Караңгылыкты)