СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мектепте физикалык маселелерди квалификациялоо

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Мектепте физикалык маселелерди квалификациялоо»

Кыргыз Республикасынын

Билим берүү жана илим министрлиги

Баткен облусу Лейлек району

5 мектеп - гимназиясы













Мектепте физикалык маселелерди классификациялоо жана аларды чыгаруунун ыкмалары


















№5 мектеп - гимназиясы физика мугалими

Шооруков Жаныбек Абдибахапович.






Катраң айылы

2020-жыл


Физика сабагын өтүүдө төмөнкү 4(төрт) нерсеге көнүл буруу керек:


  1. Сабакты өтүүдө сабактын илимдүүлүгүнө, предметтер аралык байланышына, турмушта колдонулушуна жана проблемаларына көп көңүл буруу зарыл.

  2. Сабактын натыйжалуулугун арттыруу үчүн мүмкүн болушунча демонстрацияларды, лабораториялык жана практикалык иштерди аткаруу керек.

  3. Сабак учурунда кээ бир элестүү (абстрактуу) түшүнүктөрдү ырастоодо, окуучулардын көңүлүн топтоодо ордуна коюу ыкмасын пайдаланса болот.

  4. Сабакта окуучулардын алган билимин бекемдөө үчүн маселе чыгарууга көп көңул буруу талап кылынат.


Мен «Мектепте физикалык маселелерди классификациялоо жана аларды чыгаруунун ыкмалары» деген проблеманын үстүндө иштеймин.

Физикалык маселелерди чыгарууда төмөнкүндөй классификацияларга бөлүштүрүү керек:

  1. Сандык;

  2. Машыгуучу;

  3. Өнүктүрүүчү;

  4. Сапаттык;

  5. Комбинациялык;

  6. Демонстрациялык;

  7. Эксперименталдык.


Кээ бир маселелерди чыгарууга көңүл буралы:


10-класста орточо ылдамдыкка 2 (эки) маселе берилген, бирок китепте мындай маселелерди чыгаруунун мисалдары келтирилбеген, ошондуктан окуучулар үчүн жана кээ бир мугалимдер үчүн да кыйынчылыктар пайда болот.


1. Бир пункттан экинчи пунктка келүүдө автомобиль убактысынын жарымында 60 км/саат турактуу ылдамдык менен жүргөн. Эгерде кыймылдын орточо ылдамдыгы 65 км/саатка барабар болсо, калган убактысында ал кандай турактуу ылдамдык менен жүрүшү керек?

Бул маселени чыгарууда убактысынын жарымына көңүл буруу зарыл, б.а. t1= t/2; t2=t/2 демек анда t1=t2; t=t1+t2 болот.

t1- убактысында өткөн жолу S1+ 1t1= 1t/2 болот.

t2- убактысында өткөн жолу S2+ 2t2= 2/2 болот.

Жалпы өткөн жолу S=S1+S2= 1t/2+ 2t/2=( 1t+ 2t)/2 болот.

Анда орточо ылдамдык орт.=(S1+S2)/(t1+t2) болот, б.а. орт.=( 1+ 2)/2 болот. Эгерде 2 ни тапсак, анда 2=2 орт.- 1 болот. Маанилерин ордуна койсок, 2=70 км/саат келип чыгат.


2. Берилген орунга чейинки жолдун биринчи жарымында автомобиль 50 км/саат турактуу ыламдык менен, ал эми экинчи жарымын 60 км/саат турактуу ылдамдык менен жүргөн. Автомобилдин орточо ылдамдыгын тапкыла?

Бул маселени чыгарууда өтүлгөн жолунун жарымына көнүл буруу керек, б.а. S1=S/2; S2=S/2 демек анда S1=S2; S=S1+S2 болот.

S1- жолун өтүүгө кеткен убакыт t1=S1/ 1 болот.

S2- жолун өтүүгө кеткен убакыт t2=S2/ 2 болот.

Жалпы убакыт t=t1+t2=S/2( 1+ 2)/ 1 2 болот. Анда орточо ылдамдык орт.=2 1 2/( 1+ 2) болот. Эгерде маанилерин ордуна коюп эсептесек, орт.=55 км/саат келип чыгат.


3. Температурасы 00С болгон муздун бир бөлүкчөсүн таш дубалын карай урганыбызда эрип кетсин үчүн, аны кандай ылдамдык менен ыргытуу керек?

Бул маселе комбинациялык маселе. Себеби физиканын 2 (эки) бөлүмүн байланыштырат. Мында механикалык энергия ички энергияга өтүп кетет. Демек Wкин.=Q; Wкин.=m 2/2; Q=Lm анда, m 2/2= m болот. = 2 болот. Маанилерин коюп, эсептесек, =812 м/с келип чыгат.


4. 42 м бийиктиктен түшкөн суунун температурасы канча градуска өзгөрүп калат?

Суунун потенциалдык энергиясы Wпот.=mgh, ал эми суунун алган жылуулук саны Q=cm t болот. Анда tны тапсак t=gh/с болот. Маанилерин коюп эсептесек t=0,10С келип чыгат.


5. Эки пластиналар арасындагы потенциалдардын айырмасы 900 В. Электрон тынч абалынан бул пластиналар арасындагы аралыкка учуп чыкканда кандай ылдамдыкка ээ болот?

Мында электрондун Wкин.=m 2/2, ал эми тааланын аткарган жумушу A=Uq га барабар болот. Анда m 2/2=Uq нан U ны тапсак, = 2Uq/m болот. Мында q=1,6*10-19Кл. m=9*10-31кг. Маанилерин коюп эсептесек =1,8*107м/с келип чыгат.


Эксперименталдык маселелерге мисал келтирели.


1. Штативдин, сааттын, шариктин жана жиптин жардамы менен олтурган класстык бөлмөнүн көлөмүн аныктагыла.

Бул маселени окуучу тез эле чече албайт. Себеби бөлмөнүн узундугун, туурасын жана бийиктигин өлчөө үчүн проблема метрдин, сызгычтын же өлчөөчү тасманын жоктугу. Бул маселени чечиш учүн окуучу лабораториялык ишти эске тутуш керек. Маятниктин термелүү мезгилин аныктап, термелүү мезгилинин формуласынан, б.а. T=2 L/g дан L ди тапсак, L=T2g/4 2 болот. Анда жиптин узундугун таап, берилген маселени чечсек болот.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!