Сабактын темасы: ЖОЛДО ЖҮРСӨҢ, АБАЙЛА!
Сабактын максаты:
бири-бирин сыйлоого, урматтоого тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы:
Жол белгилери, светофордун макети, 4 ватман, 4 маркер ж.б.
Сабактагы негизги иш-аракеттер:
Диалог, дискуссия, аңгемелешүү.
Сабактын жүрүшү:
1-кадам. Уюштуруу иштери.
Мугалимдин сөзү:
Балдар, силер автоунаалар көп жүрө турган жерлерге барганда кандай
эрежелерди сакташыңар керек билесиңерби? Бүгүнкү сабакта мына ошол эрежелер жөнүндө аңгемелешебиз. Кана айткылачы? Силер жолдон кантип өтөсүңөр? Светофорду көрдүңөр беле? Алардын түстөрү эмнелерди түшүндүрөт? Жолдон жүгүрүп өтүүгө болобу?
Ушул сыяктуу суроолор менен окуучуларга кайрылып алардын жоопторун угат
. 2-кадам: Класстагы окуучулар 4-топко бөлүнүшөт. Ар бир топко бирден ватман, бирден маркер берилет. Ар бир топ «Жолдоо жүрүүнүн эрежесин» түзүп чыгышат
3-кадам: Мугалим доскага сүрөттүү жолдо жүрүүнүн эрежесин илет. Окуучулар өздөрү түзгөн эрежелерден сүрөткө дал келгенин таап, сүрөттүн жанына жазышат.
4-кадам: Мугалим өзүнүн даярдаган жолдо жүрүүнүн эрежесин доскага илип, окуучуларга түшүндүрүп берет.
Жолдон кантип өтүү керек?
ар дайым жоолдун чети менен, жөө адамдар жүрүүчү жол(тротуар) менен басуу керек;
эч качан шашып, жүгүрүп өтпөө керек;
алгач жолдун атоунааларга карама-каршы жагын карап, машина жок болсо басуу керек;
жолдун ортосуна барып, ак сызыкка токтоп жолду дагы кароо керек, машина жок болсо анан гана өтүүгө болот;
5-кадам: Светофордун макетин көрсөтүп, терең түшүнүк берилет. Мүмкүнчүлүк болсо макеттин ар бир жарыгы күйсө жакшы болот. Атайын столдун үстүнө жолдорду даярдап, светофорду жайгаштырып, оюнчук машиналарды өткөрүп, «кантип өтүү керек?» деген суроолорду берип практикалык жумуш уюштурса да сабак максатына жетет.
6-кадам: «Үй-мектеп-үй» баракчасын сызышат. Үйүнөн мектепке чейинки аралыктагы ар бир көчөнү, жайгашкан имараттарды, светофорлорду да эске алуусу керек. Мугалим көзөмөлдөп турат.
Үйгө тапшырма: Жолдо жүрүүнүн эрежелерин жаттап келишет.