Андай жылкы мүнөз немелер менен жашаш кыйын. Сүйлөмдөгү асты сызылган туюнтма кимдерди билдирет? А) жөө күлүктөрдү Б) батымы жок адамдарды В) жүдөө адамдарды В) каардуу адамдарды
Кайсы варианттагы сөз тизмеги өз алдынча сүйлөм боло алат? А) үйрөнбөө уятсыздык Б) үйрөнбөгөн уятсыз В) үйрөнбөс уят Г) уятсыз үйрөнбөгөн
Кайсы катардагы асты сызылган сөз байланыштыруучу милдетти аткарбайт? А) Сынакка аз эле убакыт калды, ошондуктан коркуп жатам. Б) Нурбек жана Эрмек бир мектепте окушат. В) Китепти берилүү менен окуш керек. Г) Азыр жей албай калдым, бирок эртең эле бул тамактарды эңсейм.
II жактын таандык мүчөсү бар сүйлөмдү аныктагыла. А) Сиз мындан ары бул жердин мудүрүсүз. Б) Уулдарыңыз сабакты көп калтырат! В) Сен тапшырманы жакшы аткарбапсың! Г) Силер бактылуу болсрңор, биз да бактылуу болобуз!
жердештерин Жогорудагы сөздүн жак же таандык мүчөсүн, санын, жөндөсмөсүн анкытагыла. А) көптүк сан, III жактын мүчөсү, табыш жөндөмөсү Б) көптүк сан, III жактын таандык мүчөсү, илик жөндөмөсү В) көптүк сан, II жактын таандык мүчөсү, барыш жөндөмөсү Г) көптүк сан, III жактын таандык мүчөсү, табыш жөндөмөсү
Кайсы катардагы сөздөр эч катасыз жазылган? I. 1- чи январь, ХХI кылым, 2 ноябрь А) I, II II. 1999 жыл, 2-саат, 5 класс Б) II гана III. он-он беш бала, 2014-жыл, кырктар В) II, III VI. 30-дай адам, 60-70-сом, жүзгө жакын Г) II ,IV
Себеп жана максатты билдирген тактооч кайсы катарда берилген? А) Атайлап билмексен болуп калды. Б) Ал, көзү начар көргөндүктөн, алдыга жылып отурду. В) Жалгыз караан ары басты. Г) Адамча сураса кайра итче үрө баштаганын көрчү!?
Кыймыл-аракетти эч ким аткарбаган, ээси жок сүйлөмдү тапкыла. А) Түптүз талаа. Б) Жаңы салынган дүкөндү өрттөп кетиптир. В) Мектеп, мугалим, тарбия деген үч сөздү укканда балалык курбалынды эске түшүрөсүң. Г) Бирөөнүн буюмун уруксатсыз колдонууга болбойт.