СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мен мугалимин

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мен Таш-Көмүр шаарына караштуу №6 Т.Үметалиев атындагы орто мектепте 18 жылдан бери иштеп келе жатам. Билим башаты мектеп, майрамдын башаты дааталуу күн демекчи, менин агартуу майданындагы ар күнүм майрам. Ошол майрамдан калбайын деп ар күнү мектепке келем. Сабак берген окуучуларымдын билим деңгээлин көтөрүп, сөз байлыгын, өз алдынча иштөөсүн, табиятты сүйүүгө, жаратылышка илимий ой жүгүртүүгө, тиричиликти жер бетиндеги эң жогорку балуулук катары түшүнгөн илимий сүрөттөлүшүнүн биологиялык тармагына багыт жасай алган, анын негизинде дүйнөгө белгилүү көз карашы калыптанган билим алуунун методун, ыктарын практикалык тармакта колдонууда, биологиялык жана экологиялык сабаттуу, жаратылыштын жана кийинки муундун алдында жоопкердүү, тынчтык потриот, мекенди сүйгөн, көөнөрбөс каада салтты, тилибизди,динибизди сыйлаган инсан болууга тарбиялап келе жатам. Ар бир сабак өзгөчөлүккө ээ болууга тийиш.

“Адамды эмгек жараткан” – деп Ф.Энгельс айткандай мугалимдин эмгегисиз окуучу билим ала албайт. Ал үчүн мугалим чыгармачыл, өзгөчө жөндөмдүү, ишине жан дүйнөсү менен берилген инсан болууга тийиш. Билим алуу, билим берүү андан да түйшүктүү жана өнөкөттүү. Коомчулук ишенип мектепке жөнөткөн окуучуга терең билим берип, татыктуу тарбиялоо менин милдетим. Ошондон улам ар бир сабак башталаарда милдетти жогорку деңгээлде аткарууга аракет жасайм. Ал үчүн китептерди, газета журналдарды, интернет булактарын, телеберүүдөгү көрсөтүүлөрдү колдонууга далалаттанып интерактивдүү метод менен билим берүүгө аракеттенем. Тилекке каршы борбордон, шаардан узагыраак жайгашкандыгыбыздан андай нерселерден маалымат алуу да кыйынга турат. Ошого карабастан кычыраган кыштын бороон чапккынында, жаздын, күздүн нөшөрлөнгөн жамгырында же мээ кайнаткан жайдын аптабында жол жүргөн жолоочуга борондуу дарактын пайдасы чоң.Ошону сыңарында окуучуларга билим берүүдө тамыры жайылган дарак болуп болгон күчүмдү жумшап келем. “Билим берүүдө даңгыраган жол жок, анын таштактуу аска жолу менен тырмышып, чарчабастан талыкпай жүрүп олтурган адам гана анын жаркыраган туу чокусуна жете алат” деп Д.И.Менделеев “Билим берүүнүн” туу чокусуна жетүү оңой иш эмес экендигин айгинелеген. Демек, ал чокуга жеткенге чейин бир нече ашуу, белестерди ашуу керек. Ошон үчүн “Арыбас мээнет, арыбас өнөр билимге умтулуу” деген Манастын осуятында айтылгандай, баарыбыз ишибизден бар таап, өлкөбүздүн прездентинин жарлыгынын негизинде ишмердүүлүк менен окуучуларга сапаттуу билим берүү азыркы учурдун талабы.

Категория: Биология
31.03.2020 12:20


Рекомендуем курсы ПК и ПП