СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

8- март майрамы - аялзаттын майрамы

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

тарбиялык саатты ушундай  өткөрсөк болот

Просмотр содержимого документа
«8- март майрамы - аялзаттын майрамы»

8-МАРТ АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ

8-МАРТ АЯЛДАРДЫН

ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ

8-МАРТ ЭМНЕ ҮЧҮН МАЙРАМДАЛЫП КАЛГАН?    1857-жылдын 8-мартында Нью-Йорктогу текстилдик фабрикада иштеген аялдар эмгек шартты жакшыртуу, иш күнүнүн убактысын кыскартуу жана эркектер менен тең укуктуу болуу талаптары менен демонстрацияга чыгышкан. Бирок алар тез эле тартип сакчылары тарабынан куулуп, таркатылган эле.  Кийин 1908-жылдын февраль айынын акыркы жекшембисинде Нью-Йорк шаарынын аялдары дагы көтөрүлүшкө чыгып, шайлоо укугуна ээ болууну жана жаш балдарды иштетүүнү токтотуу, эмгек шартын жакшыртуу талаптарын коюшкан. Бул ирет полиция аялдарды муз аралашкан суу чачып таратат. Бирок бул көтөрүлүштүн толкуну бүткүл Европаны каптап, кийинки жылы аялдар жөө жүрүш менен гана чектелбестен, массалык иш таштоого чейин барышат.

8-МАРТ ЭМНЕ ҮЧҮН МАЙРАМДАЛЫП КАЛГАН?

1857-жылдын 8-мартында Нью-Йорктогу текстилдик фабрикада иштеген аялдар эмгек шартты жакшыртуу, иш күнүнүн убактысын кыскартуу жана эркектер менен тең укуктуу болуу талаптары менен демонстрацияга чыгышкан. Бирок алар тез эле тартип сакчылары тарабынан куулуп, таркатылган эле. Кийин 1908-жылдын февраль айынын акыркы жекшембисинде Нью-Йорк шаарынын аялдары дагы көтөрүлүшкө чыгып, шайлоо укугуна ээ болууну жана жаш балдарды иштетүүнү токтотуу, эмгек шартын жакшыртуу талаптарын коюшкан. Бул ирет полиция аялдарды муз аралашкан суу чачып таратат. Бирок бул көтөрүлүштүн толкуну бүткүл Европаны каптап, кийинки жылы аялдар жөө жүрүш менен гана чектелбестен, массалык иш таштоого чейин барышат.

8-МАРТ ЭМНЕ ҮЧҮН МАЙРАМДАЛЫП КАЛГАН?    1910-жылы Американын социалист айымдары Копенгагенде өткөн Эл аралык экинчи конференцияга делегат болуп катталышкан. Бул конференцияда Клара Цеткин аялдардын эл аралык майрамын белгилөөнү сунуштап, съездде отурган бардык аялдарды тең укуктуулук үчүн күрөшүүгө чакырган. 17 өлкөдөн 100дөн ашык аял катышып, Клара Цеткиндин оюн дээрлик баары бир добуштан колдошот. Бирок атайын бир күнгө токтолушпагандыктан, 1911-жылы 19-мартта, 1912-жылы 12-майда белгилешкен. Кийин 1914-жылдан баштап аялдардын эң биринчи жөө жүрүшкө чыккан күнүн – 8-мартты аялдардын эл аралык майрамы деп белгилешкен.  Немец саясатчысы, немец жана эл аралык коммунистик кыймылынын ишмери, Германиянын Коммунистик партиясын түзүүчүлөрдүн бири, аялдардын укугу үчүн күрөштүн активисткасы.

8-МАРТ ЭМНЕ ҮЧҮН МАЙРАМДАЛЫП КАЛГАН?

1910-жылы Американын социалист айымдары Копенгагенде өткөн Эл аралык экинчи конференцияга делегат болуп катталышкан. Бул конференцияда Клара Цеткин аялдардын эл аралык майрамын белгилөөнү сунуштап, съездде отурган бардык аялдарды тең укуктуулук үчүн күрөшүүгө чакырган. 17 өлкөдөн 100дөн ашык аял катышып, Клара Цеткиндин оюн дээрлик баары бир добуштан колдошот. Бирок атайын бир күнгө токтолушпагандыктан, 1911-жылы 19-мартта, 1912-жылы 12-майда белгилешкен. Кийин 1914-жылдан баштап аялдардын

эң биринчи жөө жүрүшкө

чыккан күнүн – 8-мартты

аялдардын эл аралык

майрамы деп

белгилешкен.

Немец саясатчысы, немец жана эл аралык коммунистик кыймылынын ишмери, Германиянын Коммунистик партиясын түзүүчүлөрдүн бири, аялдардын укугу үчүн күрөштүн активисткасы.

МАЙРАМДЫН ТАРЫХЫНАН 1911 –жылы бул майрам биринчи 19 – мартта Австралия, Дания, Германия жана Швейцарияда майрамдалган. Ошондо миллиондогон эркектер жана аялдар манифестацияга катышышкан. Андан кийин 1912 –жылы 12 – майда белгиленген. Россияда биринчи эл аралык аялдар күнү Петербургда майрамдалган. 8 – март эл аралык аялдар күнү Советтик бийлик келгенде биринчи жолу өлкөдө майрамдалган. 1965 – жылдан баштап бул күн дем алуу күнү болуп саналат. Эл аралык аялдар күнү бул өлкөлөрдө да майрамдалат:  Россияда, Азербайжанда, Грузияда, Казакстанда, Кыргызстанда, Молдавияда, Тажикстанда, Туркменияда, Украинада, Белорусияда.

МАЙРАМДЫН ТАРЫХЫНАН

1911 –жылы бул майрам биринчи 19 – мартта Австралия, Дания,

Германия жана Швейцарияда майрамдалган. Ошондо миллиондогон

эркектер жана аялдар манифестацияга катышышкан.

Андан кийин 1912 –жылы 12 – майда белгиленген. Россияда

биринчи эл аралык аялдар күнү Петербургда майрамдалган.

8 – март эл аралык аялдар күнү Советтик бийлик келгенде биринчи жолу өлкөдө майрамдалган.

1965 – жылдан баштап бул күн дем алуу күнү болуп саналат.

Эл аралык аялдар күнү бул өлкөлөрдө да

майрамдалат:

Россияда, Азербайжанда, Грузияда,

Казакстанда, Кыргызстанда, Молдавияда,

Тажикстанда, Туркменияда, Украинада,

Белорусияда.

МАЙРАМДЫН ТАРЫХЫНАН  Ал эми 1975-жылы 8-марттын эл аралык статусу Бириккен Улуттар Уюму тарабынан да бекемделет. Ушул маалдан баштап БУУ дүйнө жүзү боюнча бул майрамга арналган ар кандай иш чараларды белгилөөгө карата каржылоону да баштайт.  8-март майрамынын башатында адегенде аялзатынын социалдык-экономикалык жана укуктук талаптары турган болсо , бул бара-бара аялзат турмушундагы ар кандай өзгөрүүлөр менен кошо өзгөрүп, жаңы өңгө ээ болуп, бүгүн жалпы аялзатына урмат-сый тартуулай турган нагыз майрамдык мазмунга ээ болуп отурат.

МАЙРАМДЫН ТАРЫХЫНАН

Ал эми 1975-жылы 8-марттын эл аралык статусу Бириккен Улуттар Уюму тарабынан да бекемделет. Ушул маалдан баштап БУУ дүйнө жүзү боюнча бул майрамга арналган ар кандай иш чараларды белгилөөгө карата каржылоону да баштайт.

8-март майрамынын башатында адегенде аялзатынын социалдык-экономикалык жана укуктук талаптары турган болсо , бул бара-бара аялзат турмушундагы ар кандай өзгөрүүлөр менен кошо өзгөрүп, жаңы өңгө ээ болуп, бүгүн жалпы аялзатына урмат-сый тартуулай турган нагыз майрамдык мазмунга ээ болуп отурат.

Акыл тамчылары  Айланадагы адамдарды алдоо сиз үчүн көп деле кыйынчылык жаратпайт. Ал эми эненин жүрөгүн, анын мээримдүү көздөрүн карап, калп айтууга ар бир эле адамдын кудурети жетпейт.   Бешик терметкен кол дүйнөнү бийлейт.

Акыл тамчылары

Айланадагы адамдарды алдоо сиз үчүн көп деле кыйынчылык жаратпайт. Ал эми эненин жүрөгүн, анын мээримдүү көздөрүн карап, калп айтууга ар бир эле адамдын кудурети жетпейт.

Бешик терметкен кол

дүйнөнү бийлейт.

Барабан эне жүрөгүнүн сокконун элестетет  Япониялык барабанчылар Москвага келип чоң концерт коюп калышат. Концерттен кийин алар барабан кагып көрүүгө залдагыларды чакырса, жаш-кары дебей, көпкө барабан кага берген. Ал тургай, тубаса музыканттардан кем калбайт экен дешип япондор таң калышыптыр. Көрсө, барабандын кагылышы эне жүрөгүнүн сокконуна окшоп, ар бир адамга жакын сезилет экен.

Барабан эне жүрөгүнүн сокконун элестетет

Япониялык барабанчылар Москвага келип чоң концерт коюп калышат. Концерттен кийин алар барабан кагып көрүүгө залдагыларды чакырса, жаш-кары дебей, көпкө барабан кага берген. Ал тургай, тубаса музыканттардан кем калбайт экен дешип япондор таң калышыптыр. Көрсө, барабандын кагылышы эне жүрөгүнүн сокконуна окшоп, ар бир адамга жакын сезилет экен.

ЭНЕ  Эне сага кандай мактоо жарашат,  Эне сенден ким сыймыкты талашат,  Эне менен тендеше албайт эч бир жан,  Баардык мактоо сага гана жарашат.  Аалы Токонбаев. Кыргыз адабиятынын баштоочуларынын бири

ЭНЕ

Эне сага кандай мактоо жарашат,

Эне сенден ким сыймыкты талашат,

Эне менен тендеше албайт эч бир жан,

Баардык мактоо сага гана жарашат.

Аалы Токонбаев.

Кыргыз адабиятынын

баштоочуларынын бири

Ким ? Ак шейшепке ороп сени, Кичинеңден баккан ким? Уйку көрбөй узун түндө, Таптап сени жаткан ким? Сүтүн берип, сүйүп, ийип, Эркелетип күлгөн ким? Кечке колдон түшүрбөстөн, ‘ КЕШИГИМ’-деп жүргөн ким? Бутун шилтеп талпынганда, Колдон кармап баскан ким? Тилиң чыгып сүйлөгөндө, Мээримдуу сөз айткан ким? МУСА ЖАНГАЗИЕВ Кыргыз Эл акыны

Ким ?

Ак шейшепке ороп сени,

Кичинеңден баккан ким?

Уйку көрбөй узун түндө,

Таптап сени жаткан ким?

Сүтүн берип, сүйүп, ийип,

Эркелетип күлгөн ким?

Кечке колдон түшүрбөстөн,

‘ КЕШИГИМ’-деп жүргөн ким?

Бутун шилтеп талпынганда,

Колдон кармап баскан ким?

Тилиң чыгып сүйлөгөндө,

Мээримдуу сөз айткан ким?

МУСА ЖАНГАЗИЕВ

Кыргыз Эл акыны

СӨЗ БЕРМЕТТЕРИНЕН «Эне сүтүн актоо өмүр бою кутулгус карыз» Александр Николаевич Островский жазуучу «Дүйнөдө эненин махабатынан ашкан касиеттүү эч нерсе жок» Виссарион Григорьевич Белинский адабий сынчы «Ааламда өзгөрбөгөн үч гана зат бар алар эненин ак сүтү, күндүн нуру, наристенин күлкүсү»  Максим Горький жазуучу

СӨЗ БЕРМЕТТЕРИНЕН

«Эне сүтүн актоо өмүр бою кутулгус карыз»

Александр Николаевич Островский

жазуучу

«Дүйнөдө эненин махабатынан ашкан касиеттүү эч нерсе жок»

Виссарион Григорьевич Белинский

адабий сынчы

«Ааламда өзгөрбөгөн үч гана зат бар алар эненин ак сүтү, күндүн нуру, наристенин күлкүсү»

Максим Горький

жазуучу

Кыргыз макал-ылакап, учкул сөздөрү Аялды ашынан тааны, баланы жашынан тааны. Аял жакшы- эр жакшы, вазир жакшы-хан жакшы. Аял үйдүн куту. Аялсыз үй суусуз тегирмен.

Кыргыз макал-ылакап, учкул сөздөрү

Аялды ашынан тааны,

баланы жашынан тааны.

Аял жакшы- эр жакшы,

вазир жакшы-хан жакшы.

Аял үйдүн куту.

Аялсыз үй суусуз тегирмен.

Колдонулган адабияттар жана интернет-ресурстар 1. Кыргыз макал-ылакап, учкул сөздөрү/ Жыйнаган М.Ибрагимов.-Карабалта 2005 2. «Кыргызстан» Күндөр. Адамдар. Окуялар. – 2009 – ж. 3. «Кыргызстан» Күндөр. Адамдар. Окуялар. – 2011 – ж. 4. «Кыргызстан» Күндөр. Адамдар. Окуялар. – 2013 – ж. 5. «Кыргызстан» Күндөр. Адамдар. Окуялар. – 2014 – ж. http://tyup.net/publ/poznavatelnye/1/2-1-0-693 http://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%96%D0%B0%D0%BD%D0%B3%D0%B0%D0%B7%D0%B8%D0%B5%D0%B2_%D0%9C%D1%83%D1%81%D0%B0 http://cliparti.jimdo.com/%D0%B3%D0%BB%D0%B0%D0%B2%D0%BD%D0%B0%D1%8F/%D0%BE%D1%82%D0%BA%D1%80%D1%8B%D1%82%D0%BA%D0%B8-gif-%D0%B0%D0%BD%D0%B8%D0%BC%D0%B0%D1%86%D0%B8%D1%8F/%D1%86%D0%B2%D0%B5%D1%82%D1%8B-%D0%B0%D0%BD%D0%B8%D0%BC%D0%B0%D1%86%D0%B8%D1%8F/ http://newskg.narod.ru/bt/05/0304_9.htm http://www.presskg.com/obon/09/0303_11.htm

Колдонулган адабияттар жана интернет-ресурстар

1. Кыргыз макал-ылакап, учкул сөздөрү/ Жыйнаган М.Ибрагимов.-Карабалта 2005

2. «Кыргызстан» Күндөр. Адамдар. Окуялар. – 2009 – ж.

3. «Кыргызстан» Күндөр. Адамдар. Окуялар. – 2011 – ж.

4. «Кыргызстан» Күндөр. Адамдар. Окуялар. – 2013 – ж.

5. «Кыргызстан» Күндөр. Адамдар. Окуялар. – 2014 – ж.

http://tyup.net/publ/poznavatelnye/1/2-1-0-693

http://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%96%D0%B0%D0%BD%D0%B3%D0%B0%D0%B7%D0%B8%D0%B5%D0%B2_%D0%9C%D1%83%D1%81%D0%B0

http://cliparti.jimdo.com/%D0%B3%D0%BB%D0%B0%D0%B2%D0%BD%D0%B0%D1%8F/%D0%BE%D1%82%D0%BA%D1%80%D1%8B%D1%82%D0%BA%D0%B8-gif-%D0%B0%D0%BD%D0%B8%D0%BC%D0%B0%D1%86%D0%B8%D1%8F/%D1%86%D0%B2%D0%B5%D1%82%D1%8B-%D0%B0%D0%BD%D0%B8%D0%BC%D0%B0%D1%86%D0%B8%D1%8F/

http://newskg.narod.ru/bt/05/0304_9.htm

http://www.presskg.com/obon/09/0303_11.htm