СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

9-класстар учун соңку тарых сабагЫ Тема: Борбордук жана туштук-чыгыш Европа өлкөлөру..Өзгөн району Ж.Абжапаров атындагы орто мектеби Абдыкеримова Нургул

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«9-класстар учун соңку тарых сабагЫ Тема: Борбордук жана туштук-чыгыш Европа өлкөлөру..Өзгөн району Ж.Абжапаров атындагы орто мектеби Абдыкеримова Нургул»

САБАКТЫН ТЕМАСЫ : борбордук жана туштук чыгыш Европа өлкөлөру.

Классы, предмети: 9-класс. Соңку тарых.

САБАКТЫН МАКСАТЫ:

А) билим беруучулук : 1920-30-жж коомдогу өнугуулөр, ,мамлекеттердин 3 тургө бөлунуусун , Германияда улутчулдардын бийликке келиши.

Б) тарбия беруучулук : коомдогу ар кандай кырдаалга туура баа берип, турдуу максатсыз уюмдардын ишине кызыкпоого , сабырдуулукка тарбиялоо.

В) өнуктуруучулук : борбордук жана туштук чыгыш Европа өлкөлөрундөгу абал жөнундөгу тушунугун кеңейтуу.

Сабактын усулу : аралаш.

Сабактын тиби : жаңы сабак.

Сабактын формасы : аралаш.

Предмет аралык байланыш : география, жаран таануу.

Сабактын жабдылышы : карта, окуу китеби,доска бор. Ж.б.

САБАКТЫН ЖУРУШУ :

Уюштуруу мезгили : класста жагымдуу маанай тузуу.

Өтулгөн теманы кайталоо : уй тапшырмасын суроо.

Жаңы тема : 1920-ж кризистен кийин дуйнөлук мамлекеттер 3 багыттагы моделде иш алып бара башташты. Авторитардык, тоталитардык, либералдык. Чыгыш Европада чехословакиядан башка бардык мамлекеттер аскердик-монархиялык же авторитардык бийлик орногон. Кайсы жерде бийлик коомдук колдоого ээ болбосо репрессия жургузуп турган . 1929-33-ж кризис Германияда өзгөчө болгон. Өндуруш 40%, айлык 50% кыскарган. Жумушу жоктор 9 млн жеткен. Ушул учурда өкмөт таянган партия оппозицияга өтуп кетти. УЛУТТУК СОЦИАЛИСТТИК НЕМИСТИК ЖУМУШЧУ партиясынын кадыр баркы өсуп кеткен. Булар бардык кыйынчылыктар учун өкмөтту жана социал-демократиялык партияларды кунөөлөшкөн. Өзгөчө арийлер расасынын кызыкчылыгы , Еврейлерди жек көруу сезими ,жумушчуларга иш, чыгыштан жер, убада беришип “ дуйнөдө жаңы тартип” орнотобуз дешкен. Ири бизнесмендер бийликти УСНЖ лидери Адольф Гитлерге өткөруп берууну пландаштыра башташкан. Согуштун Версалдагы жыйынтыгы жана улуу депрессиядан Германиялыктар өзгөчө жабыр тартышкан. 1924-ж “менин курөшум “ ж.б. эмгектеринде Гитлер эң жогорку раса немистер калгандары аларга кызмат кылыш керек деген еврейлерди жана славяндарды жек көруп ишке жараган бир азын гана калтырып калгандарын жок кылууну көздөгөн.фашисттер өздөрунун планын ишке ашыруу учун куч колдоно тургандыгын жашырган эмес. Ири өнөр жай ээлери бекем тартипке муктаж болуп 85 жаштагы президент Гинденбургду кысымга алып 1933-ж 30.01. гитлерди өкмөт башчылыгына дайындашкан. Парламенттик шайлоодо да кысымга алып жеңип чыгышкан. 27.02. Рейхстагды өрттөп башка партиялардын иштөөсунө тыюу салышкан. Жашыруун полиция –гестапону тузушкөн. Өнөр жайдын бардыгы согуштук аскердик тармак учун иштей баштаган , фашисттер чын эле өлкөну кризистен алып чыгышкан. Жумушсуздук жоюлуп жашоо оңолгон. 1934-ж Гинденбург өлгөндөн кийин Гитлер бардык бийликти колго алып “фюрер” болгон. Согушка даярдыкты баштап 1936-ж 4 жылдык өнугуу планын тузгөн. 1933-35-ж Версаль келишиминдеги чектөөлөрду алып таштап , жалпы аскердик кызмат, оор куралдардын санын көбөйтуу, Рейн зонасын басып алган. 1936-39-ж Чехославакия, Австрияны басып алып , Испанияга ушуларды колдогон Франконун бийликке келишине жардам берген. 1939-ж1.09. Польшага кол салып 2-дуй-согуш башталган. Ошол эле учурда 1934-ж япония Манчжурияны басып алып , бор-к Кытайга кол салган, 1935-ж Италия Эфиопияны ээлеген, бул уч агрессивдуу мам-т “ Берлин-Рим-Токио” союздук биримдигин тузушкөн.

Бышыктоо : суроо-жооп, класстер.

Баалоо : формативдик.

Уй тапшырмасы : пар-10.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!