СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Аялдардын укуктарын коргоо чөйрөcүндө эл аралык жана мамлекеттик уюмдардын кызматташуусунун укуктук негиздери жөнүндө

Категория: Право

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Аялдардын укуктарын коргоо чөйрөcүндө эл аралык жана мамлекеттик уюмдардын кызматташуусунун укуктук негиздери жөнүндө»



Аялдардын укуктарын коргоо чөйрөcүндө эл аралык жана мамлекеттик уюмдардын кызматташуусунун укуктук негиздери жөнүндө


Адамдын укуктарын жана эркиндиктерин, анын ичинен аялдардын укуктарын коргоонун эл аралык механизми көп түрдүү. Адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо механизми адам укуктары чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу болгон жалпы компетенциялуу аялдардын укуктарын коргоо жана сактоо үчүн түзүлгөн органдардын ишкердигин камтыйт. Буга адамдын укугун коргоо боюнча нормаларды камтыган эл аралык-укуктук актылар да, аялдардын укуктарын коргоо үчүн түзүлгөн атайын эл аралык актылар да кирет [1. Б. 21].

Аялдардын укуктарын эл аралык коргоо тиешелүү түрдө түзүлгөн жана өзүнүн Уставына ылайык иш жүргүзгөн эл аралык органдар, эл аралык-укуктук актылар жана ошондой эле жалпы эл аралык укуктун нормалары менен ишке ашат.

В.А Карташкинанын ою боюнча: «Адам укуктары өзүнүн улуттар аралык, жалпы демократиялык чөйрөсүнө ылайык ички жана сыртка укук тартибинин ортосундагы айырмачылыктарды жоготот. Ошого байланыштуу аларды абсолюттук суверенитет мамилеси менен кароого болбойт. Ошондуктан көп мамлекеттер эл аралык келишимдерге кол кою жолу менен өз эрки менен суверендик укуктарынын бир бөлүгүнөн ажыроого макул болуп аларды мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү укугу ыйгарылган эл аралык органдарга беришет» [2. Б. 40].

Аялдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү ар бир эл аралык келишим жылаңач декларация бойдон калуу тобокелине калуусу мүмкүн, эгерде мамлекет тарабынан өздөрүнүн милдеттерин көрсөтүлгөн келишимдер боюнча аткарууга түрткү берүүгө багытталган контролдоо механизми болбосо.

В.А. Карташкин XX жүз жылдыктын ортосуна чейин адамдын укуктары чөйрөсүндө эл аралык укуктун принциптеринин жана нормаларынын аткарылуусунун көзөмөлү ички мыйзамчыгаруучулуктун жардамы менен ар бир мамлекет тарабынан өз алдынча ишке ашкан. БУУнун Уставын, адам укуктары жөнүндө эки Эл аралык Пактыларды жана бул чөйрөдөгү көптөгөн башка эл аралык келишимдерди кабыл кылуудан кийин абал өзгөрдү [2. Б. 58].

БУУнун чегинде келишимдердин аткарылышын көзөмөлдөгөн атайын органдар түзүлгөн. Алардын тизмесине булар кирет: Расалык дискриминацияны жою боюнча комитет, Адам укуктары боюнча комитет, Аялдарга болгон дискриминацияны жою боюнча комитет, Балдардын укуктары боюнча комитет жана башкалар. БУУ тарабынан көзөмөлдөө жүргүзүү адам укуктары тармагында өкмөттүн ишин стимулдаштырат, адам укугун жүзөгө ашырууда тоскоолдуктарды аныктоого жардам берет, өлкөнүн көйгөйлөрүн түшүнүүгө жана анын чечилүү жолдорун иштеп чыгууга жардам берет.

БУУнун системасында адамдардын жалпы таанылган укуктарын, анын ичинде аялдардын укуктарын, иш жүзүнө ашыруу жана эл аралык коргоо боюнча иш жүргүзгөн тармакталган бөлүмдөрдүн түзүмү иштеп келет. БУУнун бул органдарынын бул багыттагы функциялары жана полномочиялары төмөнкүдөй:

- адам укуктары жөнүндө эл аралык-укуктук документтерди иштеп чыгуу;

- адам укуктары чөйрөсүндө мамлекеттер тарабынан кабыл кылынган милдеттердин иш жүзүнө ашыруусун көзөмөлдөө;

- адам укуктары менен байланышкан маселелер боюнча маалымдоо жана консультациялык тейлөө [3. Б. 127].

Аял укуктарын коргоого тиешелүү суроолору боюнча көп же аз өлчөмдө баардык БУУнун уставдык жана жардам органдарында иштер жүргүзүлөт. Бирок аялдардын абалы менен байланышкан суроолор менен иш кылган түздөн түз органдар болуп булар саналат: Генералдык Ассамблея, Экономикалык жана Социалдык Кеңеш, Секретариат, Аялдардын абалы боюнча БУУнун Комиссияси жана аялдарга болгон дискриминацияны жою боюнча Комитет.

Ассамблеянын компетенциясы чексиз, анткени БУУнун Уставынын 10-беренеси ага түрдүү суроолорду же иштерди бул Уставдын чегинде талкуулоого жана бул суроолор боюнча катышуучу-мамлекеттерге сунуштарды берүүгө укуктарды ыйгарат. Көп учурларда аял маселелерин талкуулоо боюнча Генералдык Ассамблеянын отурумунун темалары Экономикалык жана Социалдык Кеңештин докладдарынан же Ассамблеянын мурунку чечимдеринен алынат. Киргизүүгө сунуштала турган бул суроолор боюнча атайын пункттар талкуулоо темасына Экономикалык жана Социалдык Кеңеш, Камкордук боюнча Кеңеш, катышуучу-мамлекеттер же Генералдык катчы тарабынан сунушталат.

Укуктук көз-караш боюнча адам укуктар чөйрөсүндө же БУУнун Уставына ылайык башка суроолор боюнча Генералдык Ассамблеянын кабыл кылынган сунуштары БУУга мүчө-мамлекеттерге юридикалык милдеттүү эмес. Ассамблеянын резолюциялары мүчө-мамлекеттердин жалпы милдеттерин эске алсак чоң авторитетке ээ болгонун белгилеп кетүү керек. Рекомендациянын таасири күчтүү болушу мүмкүн, эгер ал жалпы бир добуштан каршы добуштарсыз же консенсустун негизинде кабыл болсо (аялдарга каршы дискриминацияны жою боюнча Декларация бир добуш менен 1967-жылы 7-ноябрда кабыл алынган).

1993-жылы Генералдык Ассамблея адам укуктары боюнча Жогорку комиссардын постун ачууну резолюция менен кабыл кылды. Ал Генералдык катчы менен дайындалып анын орун басары болуп эсептелинет. Жогорку комиссар түздөн-түз Генералдык катчыга баш ийет, адам укуктары боюнча Комиссиянын алдында, Экономикалык жана Социалдык Кеңеш аркылуу Генералдык Ассамблеянын алдында отчет берет.

Экономикалык жана Социалдык Кеңеш БУУнун Уставынын 62-беренесине ылайык баардыгы үчүн адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин тутууну жана сыйлоону стимулдаштыруу максатында сунуштарды берүүгө укуктуу. Анын ар жылкы эки сессиясында Генералдык Ассамблеяга көрсөтүү үчүн анын компетенциясына кирген суроолор боюнча, анын ичинде аялдардын абалы боюнча, конвенциялардын проектилери даярдалат.

БУУнун 68-беренесине ылайык Кеңеш экономикалык жана социалдык суроолор, ошондой эле адам укуктарын сыйлоо боюнча комиссияларды түзүүгө укуктуу. Адам укуктарынын суроолоруна жардам көрсөтүү максатында Экономикалык жана Социалдык Кеңеш буларды түздү: адам укуктары боюнча Комиссия; аялдардын абалы боюнча Комиссия; экономикалык, социалдык жана маданий укуктар боюнча Комитет.

Бир эле убакытта Экономикалык жана Социалдык Кеңештин (мындан ары – ЭСК) полномочиясына БУУнун ЭЭУ (Эл аралык эмгек уюму), ЮНЕСКО, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, ФАО жана башкалар сыяктуу, алардын ичинен аялдардын абалын тийиштүү аспектилерин караган атайын мекемелерин координациялоо кирет. Аялдардын эл аралык кеңеши жана башкалар БУУнун тийиштүү органдарынын сессиясынын темасынын суроолору боюнча өздөрүн меморандумдарын сунуштоого, отурумдарда чыгып сүйлөөгө, сессиянын башталышына чейин алты айдан кем эмес убакытта темага сунуштарын киргизүүгө укуктуу.

Коомдук жашоонун түрдүү чөйрөсүндө, ошондой эле аялдар менен эркек кишилердин теңдик принцибин колдонуу маселелеринде аялдардын абалын жакшыртууга түрткү берүү үчүн бул Комиссия түзүлгөн. Дал ушул аялдардын абалы боюнча БУУнун Комиссиясы аркылуу бул ишкердикти жетектегендер, ЭСК жана Генералдык Ассамблея аялдардын эркек кишилер менен абалын теңдетүүгө жетишүүгө багытталган ишти жүргүзөт. Комиссия анын көрсөткөн жана ЭСК тарабынан жактырылган программалардын аткарылышын уюштурган БУУнун Секретариатынын өзгөчө бөлүмү менен тейленет.

Аялдардын абалы боюнча Комиссия 1946-жылы июнда түзүлгөн. Андан эртерээк ЭСК менен аялдардын абалы боюнча подкомиссия адам укуктарынын Комиссиясынын подкомиссияси катары ачылган. Негизги маселеси болуп өзүнүн келечектеги ишкердиги жөнүндө сунуштарды берүү саналган. Кеңештин полномочиялары булар: саясий, экономикалык, жарандык, социалдык чөйрөдө жана билим берүүдө аялдардын укуктарына жардам көрсөтүү маселелери боюнча ЭСКке сунуштарды жана докладдарды даярдоо; аял укуктары чөйрөсүндө алардын эркектер менен теңдигин эске алуу менен тез чараларды көрүүнү талап кылган курч көйгөйлөр боюнча Кеңешке сунуштарды даярдоо; жасалган рекомендацияларды эффективдүүлүгүнө жетишүү үчүн сунуштарды киргизүү.

Бул комиссия үч жылдык мөөнөткө географиялык орундарды бөлүү принцибин эске алуу менен ЭСК тарабынан тандалган БУУнун мүчө-мамлекеттеринен түзүлөт. Аялдардын абалы боюнча комиссиянын сессиясы эки жылда бир өтөт. Бир эле убакытта отурумдарда комиссияда мүчөлүгү жок мамлекеттердин байкоочулар катышса болот. Бул иш ЭСКте консультативдик статусу бар БУУнун атайын мекемелеринин, Америкааралык аялдардын комиссиясынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын катышуусу менен жүрөт.

Комиссиянын ар бир сессиясында төрага, эки вице-төрага жана доклад окуган киши тандалат; талкуулоо темасы чечилет.

Ал өзүнүн да, ЭСК тарабынан даярдалган резолюцияларды кабыл кылат. Жарыш сөздөр жана чечим жана рекомендациялар камтылган жана корутундуланган доклад сессиянын аягында жактырылат. Бул доклад ЭСКтин сессиясында талкууланат жана бул жерде комиссия кабыл кылган резолюциянын проектисинин мазмунундагы рекомендациялар боюнча чечим чыгарат. Бул иштин толук цикли Генералдык Ассамблеянын сессиясында аяктайт.

Мындан сырткары, аялдардын абалы боюнча комиссия ЭСКтин башка функционалдык комиссиялары менен да иштейт: адам укуктары боюнча Комиссия жана анын азчылыктарды коргоо жана дискриминацияны алдын алуу боюнча подкомиссия, ошондой эле Социалдык комиссиялар.

Аялдын укуктарын коргоо менен иш кылган БУУнун конвенциялык органы болуп 1982-жылы түзүлгөн аялдарга болгон дискриминацияны жоюу боюнча Комитет эсептелинет. Анын максаты – аялдарга болгон дискриминациянын баардык формаларын жоюу жөнүндө Конвенциянын аткарылышын көзөмөлдөө. Аял укуктары чөйрөсүндө жогорку моралдык сапаттарга жана компетенцияларга ээ болгон адамдардын киргизилген тизмегинин ичинен жашыруун шайлоо жолу менен төрт жылдык мөөнөткө тандалган 23 адамдан бул комитет турат. Комитеттин негизги компетенциясы өздөрүнүн сессиясында катышуучу-мамлекеттердин берген докладдарын изилдөө. Ушул докладдарды кароонун жыйынтыгын эске алуу менен Комитет сунушарды даярдайт жана аны мындан ары ЭСК аркылуу Генералдык Ассамблеяга көрсөтөт.

1999-жылы адамдын укугуна арналган күнү аялдарга болгон дискриминациянын баардык формаларын жоюу жөнүндө Конвенциянын Факультативдик протоколу кол коюуга ачыкталган. Ал Комитетке индивидуалдык жана эл аралык арыздарды кароо укугун ыйгарган. Мындай процедуранын иштелип чыгышы 1993-жылкы адам укуктары боюнча Бүткүл дүйнөлүк конференция, жана ошондой эле 1995-жылкы Төртүнчү Бүткүл дүйнөлүк аялдардын конференциясы менен сунушталган.

Бул протоколго ылайык катышуучу-мамлекет Комитеттин юрисдикциясына туш келген адамдардын, же топтун, ушул катышуучу-мамлекеттин Конвенцияда жазылган укуктарынын бузууларынын жабырлануусу жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл кылуугу жана кароого укугун моюнга алат. Комитет Протоколдун мүчөлүгүнө кирбеген мамлекеттен билдирүүлөрдү кабыл кылбайт. Мындан сырткары, бүт жетилтүү, тийиштүү укук коргоо чаралары көрүлбөсө, мындай иш чаралар негизсиз узартылган жана каалаган жыйынтыкка алып келбеген учурлардан башка, билдирүүлөр каралбайт.

Аял укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү БУУнун ишкердиги бүткүл дүйнөлүк тынчтыкты күчөтүүгө зарлыл деп табылган мамлекеттердин түрдүү социалдык жана саясий системалар менен кызматташуу принцибинде негизделген.

Үй-бүлөнү, аялдарды жана балдарды Кыргызстанда социалдык коргоо мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыттарынын бири. Кыргызстан бүгүнкү күндө коомдо аялдардын абалын жакшыртуу боюнча механизмдерди түзүү боюнча максатка багытталган ишкердүүлүктү жүргүзүүдө БУУнун колдоосун алды. Аялдардын негизги укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруу чөйрөсүндө эл аралык жана ички мамлекеттик көзөмөлүнүн өз ара аракеттешүү маселесин карап бул жерде укуктук көзөмөл жөнүндө кеп орун алуусун белгилеп кетүү зарыл.

Ушул кездеги эл аралык жана ички мамлекеттик укук өз алдынча укук системасын түзүп ар дайым жана үзгүлтүксүз өз ара аракеттешүүдө.

Кызматташтыктын мааниси БУУнун катышуучу-мамлекеттеринин өздөрүнүн конституциялык процедурасына ылайык милдеттерди кабыл кылуу бүгүнкү күндөгү эл аралык укукта БУУнун Уставынын ишке ашуусу менен жаңы баардык мамлекеттерге милдеттүү болгон жаңы укуктук форма (раса, жыныс, тил жана динге бөлүүсүз принцип) пайда болгондугу менен түшүндүрүлөт [4. Б. 23].

Аялдардын абалын жакшыртуу боюнча Кыргызстандын саясаты эл аралык нормалардан келип чыгат. Буга мисал болуп Кыргыз Республикасынын аялдардын укуктарын коргоого багытталган кээ бир эл аралык-укуктук документтердин ратификациясы саналат:

- Адам укуктарынын жалпы декларациясы;

- «Аялдарга болгон дискриминациянын баардык формаларын жоюу жөнүндө» Конвенция;

- «Аялдардын саясий укуктары жөнүндө» Конвенция;

- «Күйөөгө чыккан аялдын жарандыгы жөнүндө» Конвенция;

- Эл аралык эмгек уюмунун Конвенциялары: «Эркек кишилерди жана аялдарды бирдей баадагы эмгекке бирдей акы төлөө жөнүндө», «Эмгек жана кесипке тиешелүү дискриминация жөнүндө», «Жумушка кабул кылууга минималдык жаш жөнүндө» жана аялдардын абалы боюнча IV Бүткүл дүйнөлүк конференциянын Иш-чаралар Платформасы (Пекин, 1995) [5].

Адам укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү негизги эл аралык актылардын бири болуп 1948-жылы 10-декабрда БУУнун Генералдык Ассамблеясы менен кабыл кылынган адамдын укуктарынын Жалпы декларация саналат. Ассамблея Декларацияын бүт элдер жана мамлекеттер аткарууга умтулган маселе катары жарыялады. Ал ошондой эле баардык мүчө-мамлекеттерди жана бүт дүйнөнүн улуттарды Декларацияда көрсөтүлгөн укуктарды жана эркиндиктерди сыйлоого жана эффективдүү сактоого чакырды.

Адам укуктарынын жалпы декларациясында адам укуктарынын ишке ашыруусу жана камсыз кылуунун укуктук механизмдери бар. Ошол эле убакытта фундаменталдык адам укуктарынын тизмесин камтыган БУУнун Уставынын эң авторитеттүү акты болуп саналат. Декларациянын нормалары баардык адамдар өзүнүн абийиринде жана укуктарында эркин жана тең төрөлгөндүгү, эч бир бөлүүсүз, анын ичинде жынысынан көз каранды, баардык укуктарга жана эркиндиктерге ээ экендиги жөнүндө принциптерден башталат.

16-беренеде «эркек кишилер жана аялдар» деген сөздөр кодонулат, башкаларында «ар бир адам» колдонулуусу кайсыл укуктар жөнүндө кеп болбосун жыныстын эки түрүнө тең бирдей мамиле жасалгандыгын түшүндүрөт.

7-берене эч бир бөлүүсүз мыйзам алдында тең жана кандай дискриминация болбосун мыйзам менен тең коргоого укуктуу. Декларациянын кээ бир жоболору аялдарга өзгөчө мааниге ээ: аларда укуктардын теңдиги аялдарга өзгөчө колдонулган чөйрөлөрдө бекитилген (нике, эмгеке укук, тең айлык акы, билим). Биринчи жолу эл аралык тажрыйбада энелик аялдын же үй-бүлөнүн жеке иши эмес, мамлекеттик социалдык функциясы деп жарыялады.

Аялдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча БУУнун ишинде маанилү этапты аялдарга болгон дискриминацияны жоюу жөнүндө Декларацияны 1967-жылы кабыл кылуу түздү.

Мындай документтик кабыл алуу зарылдыгы Декларациянын Киришмесинде мындай көрсөтүлгөн: Генералдык Ассамблеянын БУУнун Уставына, адам укуктарынын Жалпы декларациясына, ошондой эле тең укуктуулукка болгон мамиледеги кээ бир прогресстерге карабастан аялдарга болгон дискриминациянын уланып келүүсү ойлондурган [6. Б. 65].

Андан сырткары, Декларациянын кириши аялдарга болгон дискриминация анын абийири, ошондой эле үй-бүлөнүн жана коомдун жетиштүүлүгү менен сыйышкыч эместиги белгиленген. Анда ошондой эле социалдык, саясий, экономикалык жана маданий жашоого аялдардын чоң салымы, үй-бүлөдө ойногон ролу, өзгөчө балдарды тарбиялоодогу ролу айтылган.

Ошону менен бирге Декларациянын 1-беренеси эркек кишилер менен бирге теңдикти моюнга албагандыкты же чектөөгө алып келген аялдарга болгон дискриминация адилетсиздик болуп адамдын абийирине каршы кылмышты түзгөндүгүн бекиткен.

Ушунун жыйынтыгында аялдын жана эркек кишилердин тең укуктуулугун тиешелүү юридикалык коргоону орнотуу үчүн ал катышуучу-мамлекеттерге аялдарга дискриминациялык болгон мыйзамдарды, салттарды, токтомдорду жана тажрыйбаны жоюуну сунуш кылды. Декларация эркек кишилер менен аялдардын саясий, жарандык, социалдык жана экономикалык укуктарында теңдик принцибин жарыялайт.

Никеде туруу жана боюнда болуу себеби менен аялдарга болгон дискриминацияны алдын алуу үчүн, ошондой эле алардын эмгекке болгон укугун эффективдүү камсыз кылуу үчүн Декларация катышуучу-мамлекеттерге боюнда болгон учурда өзүнүн ордуна кийин келүүсүнө кепилдик берип кызмат акысы төлөнө турган өргүүгө чыгарып жумуштан бошотууга тийиштүү иштерди көрүүгө сунуштайт. Декларация өкмөттөрдөн, өкмөттүк эмес уюмдардан жана адамдардан баардык мамлекеттерде БУУнун Уставынын жана адам укуктарыны жалпы декларациясынын принциптерине ылайык жашоодо иш жүзүнө ашырууга колубуздан келген мүмкүнчүлүктөрдү жасоону талап кылат [7. Б. 42-46].

Ушул Декларация менен биргеликте БУУнун Уставынын негизинде аялдарга болгон дискриминациянын баардык формаларын жою жөнүндө Конвенция иштелип чыгып кабыл алынган. Бул Конвенция 1979-жылы 18-декабрда 34/180 резолюция менен БУУнун Генералдык Ассамблеясы менен кабыл алынган. Бир эле убакытта бул резолюция менен Генералдык Ассамблея БУУнун Генералдык катчысына Конвенциянын текстин 1980-жылы 14-30 июлдарда Копенгаген шаарында өткөн «Теңдик, өнүгүү жана тынчтык» аттуу БУУнун бүткүл дүйнөлүк конференциясында кароого сураныщкан. Конференция Конвенцияны кабыл кылып баардык мамлекеттерди кол коюп ратификациядан өткөрүүгө жана ошондой эле аны имплементациялоо жана кеңири коомчулуктун маалыматына жеткизүү боюнча керектүү чараларды көрүүгө чакырды. Жыйынтыгында расмий түрдө аялдарга болгон дискриминацияны жоюу боюнча Комитет ачылган. Анын негизги маселеси катышуучу-мамлекеттердин Конвенциянын жоболорун аткаргандыгын көзөмөлдөө.

Конвенцияда «аялдарга болгон дискриминация» жобосунун аныктамасы берилди. Конвенциянын 1-беренесине ылайык аялдарга болгон дискриминация катары саясий, экономикалык, социалдык, маданий жана жарандык жашоодо адамдын укуктарынын жана эркиндиктеринин үй-бөлөлүк абалынан көз карандысыз аялдардын укуктарын кабыл кылууну, колдонууну же ишке ашырууну алсыздандырууга же жокко чыгарууга багытталган ар бир бөлүү, чыгаруу же жыныс белгиси боюнча чектөө саналат.

Конвенцияда теңдик жана дискриминацияга тыюу салуу маселелерин камтыган жоболор каралган. 5-беренеде аялдардын юридикалык теңдигин камсыз кылгандан кийин жана алардын чыныгы теңдигине жардам көрсөтүү максатында атайын иш чаралар жүргүзүлгөндөн кийин да мамлекет тарабынан эркек кишилер менен аялдардын ролунун стереотипин бекиткен социалдык, маданий жана салттык моделдерди жоюу боюнча бүт аракеттер жасалышы керек экендиги айтылган. Конвенция катышуучу-мамлекеттерге аялдарга эркек кишилер менен биргеликте жарандыгын өзгөртүү же сактоо боюнча, жана ошондой эле эркек кишилер менен биргеликте тең укуктарды алардын балдарынын жарандыгына кепилдик берүүнү көрсөткөн. Бул жобону ишке ашыруу чегинде ал мамлекеттерден жарандыктын өзгөртүү жана сактоо, жана жарандыкты жолдошуна же баласына жарандыкты берүү мамилелеринде эркек кишилер менен аялдардын юридикалык теңдигин расмий түрдө бекитүүсүн талап кылат (ст. ст. 9.1,9.2).

Жеке жашоо чөйрөсүндөгү аялдарга болгон дискриминация проблемасынын чечими Конвенциянын 16-беренесинде бекитилген. Аялдар өзүнүн үйүндө күйөө жана үй-бүлөсү тарабынан дискриминацияга дуушар болуусун Конвенция эске алып катышуучу-мамлекеттерден аялдарга дискриминациялык болгон нике жана үй-бүлө жөнүндө ушул мыйзамдарды же документтерди кабыл кылбоо же өзгөртүүсү боюнча бүт тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылат.

1952-жылы Генералдык Ассамблея аялдардын саясий укуктары жөнүндө Конвенцияны кабыл кылды. Анын кириш сөзүндө аял менен эркек кишинин саясий укуктарына ээ болуу жана колдонуу боюнча жоболорду теңөө жөнүндө айтылган.

Конвенциянын негизги ою анын үч беренесинде камтылган.

1-беренеде булар жарыяланган:

- «эч бир дискриминациясыз аялдарга баардык шайлоолордо эркектер менен бирдей шарттарда добуш берүү укугу берилет».

2-беренеде – эркек кишилер менен бирдей шарттарда эч бир дискриминациясыз жалпы шайлоону талап кылган баардык улуттук мыйзамчыгаруучулук менен аныкталган мекемелерге шайланганга укуктуу.

3-беренеде - эркек кишилер менен бирдей шарттарда эч бир дискриминациясыз, аялдарга коомдук-мамлекеттик кызматты ээлөөгө жана улуттук мыйзам менен аныкталган коомдук-мамлекеттик функцияларды аткарууга укуктуу [7. С. 109].

Аялдардын саясий укуктары жөнүндө БУУнун документи юридикалык норма менен жашоодогу жоболордун ортосунда айырмачылыктарды белгилөө үчүн эмес, кеңири максаттарды жетишүү үчүн зарыл болгон керектүү базаны түзөт.

Аялдардын укуктарын коргоодо маанилүү ролго күйөөгө тийген аялдардын жарандыгы жөнүндө БУУнун Конвенциясына (1957-ж.) да ээ. Бул Конвенцияны кабыл кылуу адам укуктарынын Жалпы декларациянын 15-беренесинен келип чыккан: «Ар бир адам жарандыкка ээ болуу укугуна ээ... жана ....эч ким каалоосуз өзүнүн жарандыгынан ажыроого жана жарандыгын өзгөртүүгө дуушар болбойт». Конвенция кабыл кылуу зарылдыгы көптөгөн мамлекеттерде ички мыйзамчыгаруучулук никеге турган аялдардын жарандыгынын суроолорунда кыйынчылыктарды түзүүсү менен келип чыккан. Конвенциянын нормаларына ылайык сүйлөшүп жаткан мамлекет анын жараны менен би, же чет-өлкөлүк жаран менен би никеге түшүүсүнөн жана ажырашуусунан, күйөөсүнүн жарандыгын өзгөртүү автоматтуу түрдө аялынын жарандыгында чагылдырылбайт. Жарандарынын ичинен биринин өз эрки менен башка мамлекеттин жарандыгын кабыл кылуу да, жарандарынын ичинен кимдин болбосун жарандыгынан баш тартуусу бул жарандын аялынын жарандыгын сактоого тоскоолдук боло албайт. Сүйлөшүп жаткан мамлекеттин жараны менен никеде болгон чет өлкөлүк аялдын суранычы боюнча күйөөсүнүн жарандыгын атайын жеңилдетилген түрдөгү тартипте кабыл кылынышы мүмкүн (Конвенциянын 1,2 жана 3-беренелери).

1919-жылы түзүлгөн Эл аралык эмгек уюму (мындан ары – ЭЭУ) татаал жана бутакташкан тармактуу БУУнуу атайын мекемелеринин ичинде өзгөчө орунду ээлейт. Анын ишкердиги экономикалык да, социалдык да укуктарды коргоо менен байланышкан: эмгекке болгон укук, адилеттүү жана канааттандырарлык шарттарда жумушка болгон укук, кесиптик союздарды түзүүгө жана өзүнүн каалоосу боюнча ага кирүүгө болгон укук, социалдык камсыз кылуу укугу, жетиштүү жашоо деңгээлине жана башкаларга укук.

ЭЭУнун № 111 1958-жылкы эмгек жана ишкердик чөйрөсүндө дискриминация жөнүндө Конвенциясы эки жыныстын тең эмгекчилдерине тиешелүү документ. Анда биринчи жолу «дискриминация», «түрдүү бөлүү, жеткизбөө же тандоо» аныктамалары мүмкүнчүлүктөрдүн теңдигин же эмгек чөйрөсүндө кайрылуулардын жоюлуусуна же бузулуусуна алып келген раса, теринин өңү, жыныс, дин, саясий көз караш, улуттук келип чыгуусу же социалдык келип чыгуу белгиси менен берилген. 2-берене уюмдун Конвенция ал үчүн күчүндө болгон ар бир мүчөсүн сыйлоого багытталган улуттук саясатты аныктоого жана жүргүзүүгө милдеттендирет. Ал улуттук шарттарга жана тажрыйбага дискриминацияны жоюу максатында эмгекке болгон мүмкүнчүлүктөрдүн жана кайрылуулардын теңдик жолу менен дал келет. Конвенция менен антидискриминациялык саясатты жүргүзүүнүн түрдүү жолдору сунушталат: мыйзамчыгаруу жолу менен, коллективдик келишимге тийиштүү жоболорду киргизүү жолу менен, билим берүү программалар аркылуу, жана ошондой эле мамлекеттик бийликке тиешелүү мекемелеринде эмгек чөйрөсүндө аныкталган саясатты жүргүзүү жолу менен.

Конвенция эмгек чөйрөсүндө дискриминациянын маанилүү көйгөйлөрүнүн бири катары эмгекке бирдей акы маселесин көтөрүүдө. Бул талап кесиптик союздар менен биринчи дүйнөлүк согушка чейинки убакытта көтөрүлгөн жана кийинчерээк Версалдык тынчтык келишиминин 427-беренеде чагылдырылган. 1948-жылы бул суроо Бүткүл дүйнөлүк кесиптик союздар тарабынан ЭСКтин алдына көтөрүлгөн. 1948-жылы мартта бул принцип ЭСК тарабынан жактырылып, ЭЭУга мындан аркы ишке ашырууга жиберилген. Бул иштин жыйынтыгы катары 1951-жылы №100 эркек киши менен аялдын бирдей баадагы жумушу үчүн тең акча акысын төлөө жөнүндө Конвенция кабыл алынган. Бул документте эмгекчилдердин биринчи эркек кишилер менен аялдарга бирдей ишке тең акы төлөөнү жарыялоону талабы болгон. Конвенциянын кемчилиги болуп бул принциптин ишке ашуусун көздөгөн тез жана радикалдуу чараларды кабыл кылууну талабы менен түшүндүрүлөт.

Аялдардын укуктарын эл аралык-укуктук коргоо маселелерин анализдеп аялдардын укуктарын коргоого багытталган эл аралык-укуктук нормаларынын өзгөчөлүгү башкарылган коомдук мамилелердин жалпылыгы менен шартталган өзгөчөлөнгөн, ички бири бири менен байланышкан нормаларда түшүндүрүлөт. Ошого байланыштуу аял укуктарын эл аралык-укуктук коргоо – Кыргызстандагы коомдук жашоонун баардык чөйрөсүндө аялдардын укуктарын сактоо жана сыйлоого багытталган эл аралык укуктун өз алдынча тармагы болгон «эл аралык адам укуктарын коргоо» маанилүү институт болуп саналат.


Колдонулган адабияттардын тизмеси:


  1. Козакова А.В. Конституционно-правовые основы защиты материнства и детства: автореф. дис. ... канд. юрид. наук. - Алматы: КазНУ, 2003. - 31 б.

  2. Карташкин В.А. Права человека в международном и
    внутригосударственном праве. - М.: Институт государства и права, 1995. – 368б.

  3. Саидов А.Х. Общепризнанные права человека. - М.: МЗ Пресс, 2002. -267 б.

  4. Коршунова Е.Н. Международная защита прав женщин. - М.:
    Международные отношения, 1975. - 96 б.

  5. Поленина СВ. Положение в обществе и семье // Женщины в современном мире: К итогам Х-летия женщины в ООН. - М, 1989. - Б. 64-73.

  6. Международное сотрудничество и права человека: Документы и материалы. - М.: ИНИОН, 1989. - 162 б.

  7. Конвенция о политических правах женщин: Международные
    универсальные Конвенции. - Алматы: Юрайт, 2000. - 192 б.


Макалада автор менен аялдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана эл аралык уюмдарынын кызматташтыгынын укуктук негиздеринин кээ бир көйгөйлөрү анализденет.



4