Сабактын темасы: Органикалык заттардын окистенуусундо клетканын энергия менен камсыз болушу. Биологиялык куйуу.
Сабактын максаты:
1) Кычкылтексиз ажыроо процессинин мааниси эмнеде экендигин билет.
2) Кычкылтектүү ажыроо стадиясынын өзгочолүкторун атап бере алат.
3)Топтор менен иштөө аркылуу бири бирин окутууга тарбияланышат.
Сабактын тиби: Жаны теманы өздөштүрүү
Сабакта колдонуу усулдары: Чакан топтор менен иштөө,түздон түз байкоо жүргүзүү.
Сабактын жабдылышы: Фото сүроттөр,таблицалар.
Сабактын планы:
Уюштуруу
Үй тапшырмасын суроо
Жаны теманы өздөштүрүү
Бышыктоо
Жыйынтыктоо
Баалоо
Үйго тапшырма берүү
Сабактын жүрүшү:Анда эмесе балдар сабакты “Жамбы”атуу оюну менен баштасак.
Доскада терминдер жазылган, жооптору башаламан жайгашкан. Жообун тапкан окуучу жамбыга ээ болот.
Жаны тема
Демек, үй тапшырмасы боюнча өсүмдүк клеткасы жаныбар клеткасынан жөнөкөй органикалык эмес заттардан органикалык заттарды синтездөөгө жөндөмдүү экендигин көрдүк. Ал үчүн алар күн энергиясын пайдаланышат. Ал эми күн энергиясын пайдалана албаган организмдер ,мисалы жаныбарлар,адамдар энергияны органикалык заттардын кычкылдануусунан алат. Органикалык заттардын кычкылдануусу отундун күйүүсүно окшош болот. Отун күйгөндө жылуулук болүнүп чыгат.Күйүүнүн аяккы заты СО2, Н2О .Биологиялык кычкылданууда да органикалык заттар күйүп ,аягында СО2,Н2О пайда болот. Бирок бул күйүү жай күйгондүктөн жалын чыкпайт. Окистенүүдө бөлүнүп чыккан күн энергиясыАТФ,НАДН бирикмелерине топтолот.Демек органикалык зат кычкылданганда энергия бөлүнүп чыгат.Ал бөлүнүп чыккан энергия клетканын тиричилигине пайдаланылат.Анда эмесе балдар биологиялык кычкылдануу процесстерин карап көрөлү.
Энергетикалык алмашуу этаптары.
1)Даярдык этабы:
Мында адамдын,жаныбардын тамак синирүү системасында органикалык заттар ферментердин таасири менен ажыроого дуушар болот.
М: Белоктор-аминокислоталарга
Майлар-май кислоталарына, глицеринге
Углеводдор- крахмал,глюкозага чейин ажырайт.
Бул ажыроодо АТФ синтезделбейт. Бөлүнүп чыккан энергия жылуулук түрүндө организмге тарайт.Ал эми ажыроодон пайда болгон заттар андан ары канга өтүп клеткаларга жеткирилет.Клетканын цитоплазмасында кычкылдануу кубулушу башталат.Углеводдор негизги энергия булагы болгондуктан ,окистенүүнү глюкозанын мисалында карайбыз.
2)Кычкылтексиз этап :
Энергетикалык алмашуунун 2этабы кычкылтексиз окистенүү же анаэробдук гликолиз д .а .(гликиз- таттуу, лизис- ажыроо . гр. сөзү)
Анаэробдук гликолизде глюкозанын кычкылтексиз толук эмес окистенүүсү жүрөт. Ажыроого ферменттер ошондой эле АДФ менен Р кислотасынын калдыгы катышат . К леткада АДФ менен Р кис.калдыгы дайыма болот
Кычкылтексиз окистенүүдө 6 көмүртектүү глюкозадан 3 көмүртектүү пируват п .б.
С6Н12О6-----С3Н4О3 пируваттын 2 малекуласы п.б.
Мында Н4 атому жоголот. Эгерде клеткада О жетишсиз же жок болсо пируваттын 2 малекуласы сүт кислотасына(С3Н6О3) айланат .Кычкылтексиз ажыроодо АТФ 2 малекуласы п. б.
3)Кычкылтектүү этап :
Кычкылтектүү окистенүү же аэробдук гликолиз митохондрияда жүрот.Пируваттын кычкылдануу циклин Ганс Кребс ачкан.Ошондуктан Кребс цикли д.а Мында 3 көмүртектүү пируваттан 2көмүртектүү уксус кислотасы п.б.Уксус кислотасы андан ары ажырап ,п.б. зат ацетил кофермент д.а.Кыскача КоА-бирге(лат) ферменттер
Кычкылтектүү ажыроо кычкылтексиз ажыроо сыяктуу эле ферменттердин катышуусу менен жүрөт.Бул процесстин манызы : органикалык заттар кычкылданганда алар бара ажырап кычкылдануунун акыркы заты СО2 менен Н2О калат.
Жыйынтык тендеме:
С6Н12О6+6О2 6СО2 +6Н2О +38АТФ+Q
38 АТФ кыймыл аракетке, акыл эмгегине жумшалат. Бул үчүн АТФ АДФга ажырашы керек. Эми АТФтин митохондрияда синтезделишин карап көрөлү.
С3Н6О3+3Н2О 3СО2+12Н
Мында 3көмүртектүү органикалык кислота митохондрияда Н2О реакцияга кирип толук бузулат. Ферменттердин таасиринде пайда болгон СО2 газы мембранадан өтүп чөйрөгө тарайт. Ал эми суутектин атомдорун мембранада жайгашкан ферменттер таасиринен кычкылданып, электрондорунан ажырайт Н0-е Н+
Суутектин е менен Н+ ташуучу молекулалар тарабынан кармалып ички бетине е сыртына Н+ тизилет. Ошентип, митохондриянын мембранасы ич жагынан тескери сырт жагынан + заряддалат. Митохондриянын ички бетиндеги е молекулалык кычкылтек менен кошулуп О2 айлана чөйрөдөн дайыма келип турат.
О2+Е О2
Суутек Н+ е ортосунда тен салмактуулук пайда болот. Мембрананын кээ бир участокторунда АТФ синтездөөчү ферменттердин молекулалары тизилет да ферменттердин молекулаларындагы протондук каналча аркылуу Н+ мембрананын ички бетине өтөт да кычкылтек менен аракеттенишип сууну пайда кылат.
4Н+2О2 2Н2+О2
Электрондор суутектин атомунан кычкылтекке, протондор АТФ синтездөөчү канал аркылуу өтүп жатканда энергия бөлүнүп чыгат. Ал эми энергия АТФти синтездөөгө жумшалат. Ошентип, пируват митохондрияда суу менен аракеттенишкенде СО2 пайда болот. Ал эми Н2О суутектин протондорунун эсебинен пайда болот. АТФтин клеткадагы өлчөмү дайыма туруктуу 0,04. АТФтин синтезделиши сигналдар аркылуу жөнгө салынат. Сигналдардын берилиши ферменттерге көз каранды. Клеткада канча АТФ жумшалса ошончо АТФ кайра синтезделиши керек. Демек, организмде энергия жаралбайт, тамак-аштан алынган энергия жоголбойт. Ал түрүн гана өзгөртүп турат. Органикалык заттар кычкылданганда күн энергиясы химиялык энергияга айланат. Электр энергиясы нерв талчалары боюнча кабар берет. Механикалык энергия булчундардын ишин камсыз кылат. Аягында энергия жылуулук түрүндө бөлүнүп чыгат. Анда эмесе жаны тема түшүнүктүү болсо топторго тапшырма берейин.
1-топ. Фотосинтез менен гликолиз кубулущун салыштырат.
2-топ. Күн жарыгы ден-соолуктун досу. Бул сүйлөмдүн манызы эмнеде? Талдап чыгасынар.
3-топ. Жандуу жаратылыштагы энергияны физика илиминде “Энергия жоктон пайда болбойт, пайда болсо жок болбойт” деген законун аныктайсынар.
Баалоо: Демек, балдар, биздин энергия акыл эмгегине жумшалды. Жумшалган энергиянын натыйжасында канча жамбы таптык. Жамбыларды эсептөө менен окуучулардын билими бааланат.
Үйгө тапшырма: жумушчу дептер менен иштөө