Тарых
Тест өз ичине тарыхтын эки бөлүмүнө: бүткүл дүйнөлүк тарых жана Кыргызстан тарыхы бөлүмдөрүнө кирген суроолорду камтыйт. Россиянын тарыхы боюнча суроолор «Бүткүл дүйнөлүк тарых» бөлүмүнө кирет.
Сизге сунуш кылынган суроолор тарых боюнча мектеп программасынын жана мектеп окуу китептеринин негизинде түзүлгөн.
Тарых боюнча тест төмөнкүлөрдү баалайт:
тарыхый булактарды жана фактыларды талдай билүүнү
тыянак чыгара билүүнү жана тарыхый окуялардын маанисин аныктай билүүнү
тарыхый карта менен жана тарыхый хронология менен иштей билүүнү
тарыхый окуялардан негизги жана экинчи катардагы нерселерди ажырата билүүнү
тарыхый фактыларды салыштыра билүүнү
тарыхтагы себеп-натыйжа байланыштарын түшүнө билүүнү
тарыхый процесстеги мыйзам ченемдүүлүктөрдү түшүнө билүүнү
Тестке даярданып жатканда мектеп программасынын төмөнкүдөй бөлүмдөрүнө көңүл буруңуз:
I Бөлүм. Бүткүл дүйнөлүк тарых
1. Киришүү
Тарыхый жыл санак
Тарыхта жылдарды саноо
Григориан календары
Мусулман жыл санагы
2. Байыркы дүйнөнүн тарыхы
Алгачкы жамааттык коом түзүлүшү
Неолит революциясы түшүнүгү
Чыгыштын байыркы цивилизациялары: Египет, Вавилон падышалыгы, Кытай, Индия
3. Антикалык цивилизациялар: Байыркы Греция жана Байыркы Рим
Антикалык полис
Демократия
Империя
Жарандык согуштар
Антикалык маданият
4. Орто кылымдар доору
Феодалдык жер ээлөөчүлүк
Феодалдык мыйзамдар
Феодалдык ич ара талаштар
Мамлекеттердин борбордоштурулуу процесси
Христианчылык жана Ислам
Шаар жана анын орто кылымдар үчүн мааниси
Орто кылымдардын маданияты: архитектура, сүрөт искусствосу, илим, китеп басып чыгаруу
5. Жаңы мезгил
Улуу географиялык ачылыштар
Революциялар өнүгүүнүн түрү катары
Революциялык кырдаалдар: себептер, натыйжалар, мааниси
Өнөр-жай революциясы жана индустрия цивилизациясынын калыптанышы
Жаңы мезгилдеги тарыхый өнүгүүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү жана өзгөчөлүктөрү
Империалисттик согуштар
6. Соңку жаңы мезгил – ХХ кылым
Дүйнөлүк согуштар
Социализм: социалистик революциялар, өлкөлөрдүн социалистик системасы, социалистик системанын кыйрашы
Эки системалуу дүйнө: “кансыз” согуш, жарыша куралдануу, согуштук жаңжалдар, эл аралык чыңалуунун бошоңдоосу
Дүйнөлүк кризис
Глобалдашуу процесси
II Бөлүм. Кыргызстандын тарыхы.
1. Кыргызстандын байыркы тарыхы
Кыргызстандын аймагындагы коло доору: андрон жана чуст археологиялык маданияттары
Эрте сак көчмөн союздары: чарбасы, коомдук түзүлүшү, маданияты
Усун жана Даван алгачкы мамлекеттери
Көчмөн жана отурукташкан маданияттардын өз ара аракеттешүүсү
2. Улуу Түрк кагандыгы жана анын мураскорлору
3. Кыргыздар жана Чыңгызхан урпактарынын мамлекети
Моңгол-татарлардын кыргыздарды жана Кыргызстан аймагын басып алышы
Моголистан мамлекети жана Амир Темир урпактары менен өз ара мамилелер
4. Кыргыздардын этногенези
Байыркы кыргыздар – генгүн
Энесай (Енисей) кыргыздары
Теңиртоодогу (Тянь-шаньдагы) кыргыз элинин калыпташы
5. XIV-XVIII кылымдардагы Кыргызстан
Кыргыз урууларын баш коштуруу, бириктирүү аракеттери
«Манас» эпосу
Жуңгар хандыгы жана Цин Кытайы менен күрөшүү
Кыргыздардын Кокон хандыгы менен болгон өз ара мамилелери
6. Кыргызстан Россиянын курамында
Кыргызстандын Россиянын курамына кирүүсү: кыргыз элчиликтери, кирүүнүн себептери жана жүрүшү, Түндүк жана Түштүк Кыргызстандын кошулуу өзгөчөлүктөрү, мааниси
Чарбадагы, турмуш-тиричиликтеги, коомдук түзүлүзштөгү, маданияттагы өзгөрүүлөр
1916-жылкы көтөрүлүш
Кыргызстандын россиялык революцияларга катышуусу
Мамлекеттик курулуш
Кыргызстандын Улуу Атамекендик согуштагы жеңишке кошкон салымы
Кыргызстандын совет мезгилиндеги экономикалык, саясий жана маданий өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрү
7. Эгемендүү Кыргызстан
Эгемендүүлүктүн орношу
Саясий жана экономикалык чөйрөлөрдөгү өзгөрүүлөр
Кыргызстан жана эл аралык коомдоштук
Кыргыз диаспорасы
Байыркы Римде жылдардын эсебин б.з.ч. 753-жылы Римдин негизделишинен
башташкан; христиандар дүйнөсүндө жыл эсептөөнүн баштапкы чекити катары Христостун туулган датасы – б.з. 1-жылы кабыл алынып келет; арабдар мусулман календарын хижра
мезгилинде – 622-жылы, жүргүзүп башташкан.
Жогорудагы календарларды колдонуп, төмөнкүлөрдү аныктагыла:
А) Римдин түптөлүшүнөн баштап канчанчы жылы Рим империясы Батыш жана Чыгыш деп экиге бөлүнгөн?
Б) Мусулман календары боюнча, түрктөрдүн соккулары астында Константинополь канчанчы жылы кулаган?
В) Мусулман календары боюнча, 474-жылы жазылган кайсы окуя Чыгыштагы мусулман мамлекеттеринин да, Европанын христиан мамлекеттеринин да тарыхы үчүн маанилүү болгон?
Төмөнкү таблицаларды толтуруп, окуяларды хронологиялык тартипте жайгаштыргыла. Тандаган тамгаларды тийиштүү цифралардын астына жазгыла.
Кыргызстан тарыхы
А) Улуу Түрк кагандыгынын негизделиши
Б) Уйгур кагандыгынын борбор калаасынын кыргыздар тарабынан алынышы В) Дарий Iнин сактарга каршы жортуулу
Г) Баткак салгылашуусу
Д) Исламдын караханиддер тарабынан мамлекеттик дин катары кабыл алынышы
Дүйнөлүк тарых
А) Улуу Карлдын империясынын түптөлүшү Б) Батыш Рим империясынын кулашы
В) Англияда парламенттик монархиянын орношу Г) Европада китеп басуунун башталышы
Д) Индияда Улуу Моголдор мамлекетинин түптөлүшү
Кыргызстан тарыхында жана жалпы тарыхта бир кылымдын ичинде болуп өткөн окуяларды дал келтиргиле.
Тандаган цифраларды төмөндө берилген таблицадагы тийиштүү тамгалардын астына жазгыла.
А) Караханиддер кагандыгынын түптөлүшү Б) Сактар менен усундардын салгылашуусу В) Анжыян көтөрүлүшү Г) Кыргыздардын Россияга биринчи элчилиги Д) Тоглук-Тимурдун башкаруусу | Жүз жылдык согуштун башталышы АКШда Түндүк менен Түштүктүн согушу Улуу Француз буржуазиялык-демократиялык революциясы Киев Русунда христианчылыктын кабыл алынышы Римдиктер тарабынан Карфагендин талкаланышы |
Катарда берилген адамдарды тарыхый жактан эмне бириктирип тургандыгын жана
аталгандардын арасынан кимиси ашыкча экенин жана эмнеге ашыкча экенин түшүндүрүп бергиле:
Иоганн Гутенберг, Франциск Скорина, Иван Федоров, Исаак Ньютон А) Аларды эмне бириктирип турат:
_
Б) Кимдин аты ашыкча жана эмнеге:
Бир кылым ичинде жашап, бири-бирине замандаш болгон тарыхый инсандардын жуптарын түзгүлө. Тандаган цифраларды төмөндө берилген таблицадагы тийиштүү тамгалардын
астына жазгыла.
А) Аристотель | 1) Атаке бий |
Б) Александр Невский | 2) Батый |
В) Барсбек | 3) Турдакун Усубалиев |
Г) Жорж Вашингтон | 4) Александр Македонский |
Д) Александр II | 5) Англиялык Елизавета I |
Е) Леонид Брежнев | 6) Улуу Карл |
Ж) Каардуу (Грозный) Иван IV | 7) Боромбай бий |
Адамзаттын эң көрүнүктүү жаратуулары Дүйнө кереметтери деп аталган. Дүйнө кереметтеринин алгачкы тизмеси байыркы доордо эле түзүлгөн.
А) Байыркы дүйнөнүн кайсы эстеликтери бул тизмеге киргизилгендигин көрсөткүлө:
Египет пирамидалары
Афинадагы Парфенон
Олимптеги Зевс айкели
Семирамиданын асма бактары
Галикарнастагы мавзолей
Александрия маягы
Родос Колоссу
Троя
Эфес Артемидасынын ибадатканасы
Римдеги Колизей
Миң Будда ибадатканасы
Улуу Кытай сепили
Б) Дүйнөнүн кайсы бөлүгүндө эң көп байыркы дүйнө керемети жайгашкан?
Африкада
Америкада
Азияда
Европада
В) Байыркы дүйнө кереметтеринин кайсынысы бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган?
_
7. Текстти окуп чыккыла. Текстте иреттик номер менен белгиленип, бош калтырылган
жерлерге аталыштарды, сөздөрдү, ысымдарды жазгыла. Керек болгон учурда кашаанын ичинде жазылышы керек болгон маалыматтын мүнөзү тууралуу түшүндүрмөлөр берилген.
1941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Кыргызстан фронттон алыс болгон, бирок, башка бардык СССР республикалары сыяктуу эле,
Кыргызстандын жеңишке кошкон салымы чоң болгон.
Кыргызстандан фронтко 1) (сан) киши кеткен.
Кыргызстандыктар Улуу Ата Мекендик согуштун бардык фронтунда салгылашкан. 2) (сан) кишиге Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган. Алардын ичинен:
3)
4)
5)
6)
7)
(Советтер Союзунун Баатыры деген наам алган беш кыргызстандыктын атын атагыла жана алардын эрдиктери тууралуу кыскача маалымат бергиле)
8) (сан) кишиге Даңк орденинин толук кавалери деген наам ыйгарылган.
Кыргызстанга фронтко жакын аймактардан өнөр жай ишканалары эвакуацияланган. Бардыгы болуп 9) (сан) ишкана эвакуацияланган.
Ошондой эле, Кыргызстанга төмөнкүлөр да эвакуацияланган:
10)
_
(Кыргызстанга дагы кандай мекемелер эвакуацияланганын жазгыла).
Согуш жылдарында Кыргызстанда фронт жана негизи эле согуш муктаждыктары үчүн кант кызылчасын өстүрүшкөн. Кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры
(ысым) аялы кызылчанын рекорддук түшүмүн жыйнап, Эмгек Кызыл Туу Ордени, Ленин Ордени менен сыйланган, 1957- жылы 13) (ысым) Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наам ыйгарылган.
Бул тарыхый инсан жөнүндө жаз. _________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________