СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз адабияты "Жамийла" пов.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз адабияты "Жамийла" пов.»

1. Сабакка чейинки бөлүк

1. Сабакка чейинки бөлүк

Сабактын темасы: Ч.Айтматовдун өмүрү чыгармачылыгы «Жамийла» повести


Сабактын максаты: Ч.Айтматовдун өмүр, чыгармачылык жолдору.( коомдук ишкер, драматург, акын, публицист).

«Жамийла» повести. Жаӊыча көз карашты, өз эркиндиги, бактысы үчүн күрөшкөн келиндин эски шартты талкалап чыгышын ачып көрсөтүү. Даниярдын мүнөзү жана адамдык касиети Жамийланын ички дүйнөсүнө бүлүк түшүргөн ситуациялар, мүнөздүн өзгөрүшү. Чыгарманын идеалык-көркөмдүк өзөгүн түшүндүрүү, каармандарга мүнөздөмө түзүүгө, чыгарманын композициялык жагын талдоого,ал боюнча кеӊири план түзүүгө үйрөтүү.

Студенттерди бакыт үчүн күрөшө билүүгө, турмушта чечкиндүү, адамкерчиликтүү, сүйүүгө туруктуу болууга тарбиялоо.


Аткарылуучу тапшырмалар

  • Ч.Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу кенен маалымат алышат;

  • «Жамийла» повести - сүйүү жөнүндөгү «дүйнөдөгү эӊ сонун баян» маалытмат алышат;

  • Айтматовдун өмүр жолунун, «Жамийла» повестинин мазмунун түшүнүп, талдоо жүргүзүшөт, өз ойлорун адабий тилдин негизинде айтууга көнүгүшөт.

  • Жазуучунун чыгармаларын, өмүр жолун «Вендин диаграммасы» аркылуу иштеп далилдешет.

  • Биринин оюн бири уга билүүгө, сыйлоого, эли- жерин сүйүүгө, ага кызмат кылууга көндүмгө ээ болушат.

Сабактын жабдылышы:

Ватмандар, маркерлер, таратмалар, окуу китептери, жазуучунун чыгармалар томдуктары, слайд, аудио- видео материалдар ж.б

Сабактын тиби:

Жаӊы билимди өздөштүрүү жана бышыктоо

Сабактын усулу:

Топ менен иштөө, рифма жаратуу.

Убакыттын болжолдуу бөлүштүрүү:

  • Уюштуруу – 4 мүнөт;

  • Үйтапшырманы суроо – 8 мүнөт;

  • Жаӊы тема:

-- поэзия мүнөт – 5 мүнөт;

-- багытоо – 7 мүнөт;

-- түшүнүү – 10 мүнөт:

-- бышыктоо – 20 мүнөт;

-- презентация 20 мүнөт;

  • Жыйынтыктоо – 5 мүнөт;

  • Баалоо -- 2 мүнөт;

  • Тапшырма берүү 1 мүнөт.


2. Сабак учурундагы бөлүк

Уюуштуруу:

Алтын эрежелер окутуучу тарабынан эскертилет.

Студенттерди топторго бөлүү.

Уй тапшырманы суроо:

Ч.Айтматовдун өмүр, чыгармачылык жолу. «Жамийла» повести

Текшерүү үчүн суроолор берилет.

5 мүнөттүк поэзия:

Студенттер өздөрүнө жаккан ар кыл темадагы лирикалардан көркөм айтышат.

Багыттоо:

Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде жазылган обондуу ырлары, жазуучу жөнүндөгү видео тасма аркылуу көрсөтүлөт.

Түшүнүү:

Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы «Жамийла» повести

Бышыктоо:

1 - тапшырма

Жазуучунун өмүр чыгармачылыгы жөнүндө өз ой пикирлерин айтышат.

Терминдер менен иштешет. ( көркөм тип, салт)

2 – тапшырма

«Таш түшкөн жеринде оор» деген макалды пайдаланышып рифма түзгүлө. «Чынгыз Төрөкүлович өзү жок болсо да, бүт дүйнөнүн адамдарын бир эалга чогултуп сүйлөштүрүп жатат» (Роза Айтматова)

«Эгин ташыган каптардын арасында таардан тигилген, жети пуддук бир чоӊ карала кап бар эле…» Тексти андан ары улантуу.

3 – тапшырма

Топто иштешет

Жыйынтыктоо:

Окутуучу: Текшерүү үчүн суроолор берилет


3. Сабактан кийинки бөлүк

Баалоо:

Студенттер баалоонун критерийлери аркылуу бааланат.

Тапшырма берүү:

Үйдө аткарылуучу тапшырмалар:











Окуп үйрөнүү максаты

Баалоого сунушталган суроо - тапшырмалар

Көрсөткүчтөр

1.Ч, Айтматовдун өмүрү чыгармачылык жолу жөнүндө кеӊири маалымат алышат. «Жамийла» повестинин тематикалык, идеалык маанисин кыскача айтып беришет.

2.Өмүр баянын, чыгармаларын адабий тилдин нормасында сүйлөөгө, интонация менен көркөм окууга, өз оюн эркин айтууга жана чыгарманын маани- маӊызын түшүндүрүп бере алышат.

3.Бири-бирине жардам берүүгө, сый мамиледе болууга көнүгүшөт.

-- Ч.Айтматовдун өмүрү ж-а чыгармачылыгы ж-дө айтып берүү;

-- Анын профессионал адабиятынан алган орду;

Адабият майданына келгендеги эӊ биринчи чыгармалары ;

-- «Жамийла» повестинин алгачкы учурдагы өз мезгилиндеги окурмандардын кабыл алуусу; -- Кыргыз адабиятындагы өзгөрүлөрдүн мааниси;

-- Жазуучунун чыгармаларындагы түбөлүктүү тема:

а) философиалык көз караштар;

б) сүйүү темасы;

в) Адам, коом, жаратылыш.


-- Айтматовдун өмүрү ж-а чыгармачылыгы ж-дө айтып берсе;

-- Анын профессионал адабиятынан алган ордун далилдеп айтса;

-- Жазуучунун эӊ алгачкы ырларынын маанисин айтып берсе ;

-- Адабият майданына келгендеги эӊ биринчи чыгармаларын атап, чыгармаларынан көркөм окуп берсе ;

-- Жазуучунун«Жамийла» повести - сүйүү жөнүндөгү «дүйнөдөгү эӊ сонун баян» экендигин далилдеп, адабий тилдин нормасында айтса;

-- Жазуучунун чыгармаларындагы түбөлүктүү теманы аныктаса;

топ менен иштеп , презентацияласа.

Сабактын жабдылышы:

Ватмандар, маркерлер, таратмалар, окуу китептери, жазуучунун чыгармалар томдуктары,портиретти, слайд, аудио- видео материалдар ж.б

Сабактын тиби:

Билим берүүчүлүк

Сабактын усулу:

Түшүндүрүү, айтып берүү, суроо-жооп, көрсөтмөлүүлүк

Сабактын жүрүшү:



Сабатын этабы

Мугалим менен студенттердин иш аракеттери

комментарийлер

Уюштуруу 5мүнөт

Саламдашуу. Жагымдуу маанай түзүү.

5мүнөттүк поэзия.М:

Көзүӊдү карагаттай тиктегенде

Өзүмдү карегиӊден көрөр элем.

Жалындүү илебиӊе чыдай албай, Жалбарып илебиӊден өбөөр элем.

Адашып азыр эле табышкандай,

Чекеӊди жүрөгүмө жөлөр элем. Ж.б.


Үй тапшырманы суроо 8мүнөт

1. Т.Сыдыкбековдун балалык чагы кандай турмушта өткөн?

2.Кыргыз адабиятындагы анын орду, өзгөчө эмне менен баалана алат?

3. Т.Сыдыкбеков кандай адабий жанрларда үзүрлүү эмгектенген экен?

4. Жазуучу кандай окуган жана кандай эмгектенген?

5. Жазуучунун чыгармачылыкка жасаган принциптүү мамилесин эмнелер менен далилдейт?

6. «Тоо арасында» романында кыргыз элибиздин башынан өткөн тарыхый доорду кандай баяндайт?

7. Романдын идеалык мааниси, руханий дөөлөттөрү жөнүндө айтып бергиле?



Окуу китеби

Айтып берүү


Жаӊы темага өбөлгө түз 5мүнөт

жазуучунун чыгармаларынан көркөм окуу, виео- аудио тасмалардан чыгармаларынан уктуруу


Жаӊы тема: 10мүнөт



Тема: Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы «Жамийла» повести


Кыргыз адабияты 11- класс. 38-59-беттер.

Ч.Айтматов чыгармалар жыйнагы «Гүлсарат» Кырг.басмасы «Фрунзе» --1978 448-506-беттер.

Бышыктоо 20мүнөт

1, 2, 3,4 топко бөлүнүшөт. Топ менен иштешет.


Айтып берүү. Темага байланыштуу таркатма материалдар

Жыйынтыктоо 5мүнөт

1. Тема боюнча түшүндүӊөрбү?

2.Жазуучунун кыргыз адабиятынан алган оду.

3. Жазуучунун учкул сөздөрүн пайдаланып, 5минуталык чыгарма жаратуу.

4. Жазуучунун эмгеги бааланып кандай сыйлыктарга ээ болуптур?

5.Жазуучунун чыгармаларын атагыла.


Суроо- жооп, аӊгемелешүү

Баалоо 3мүнөт

Баалоо критерийлерине карата


Үйгө берилүүчү тапшырма 1мүнөт

Чыгармалынын тематикасына карата кластер түзүү , өмүр таржамаалын , «Жамийла» повестин окуп, каармандарга талдоо жүргүзүү.


Окуу китеби, томдуктар

Т И П (гр.—үлгү, форма, бир нерсенин кеби деген мааниде) – адабият жана искусстводо белгилүү бир чөйрөдөгү, социалдык катмардагы индивидуалдуу көрүнүштөдүн, адамдардын жалпыланган образы. Тип конкреттүү кишинин жалпыга таандык белгилеринин көрсөтүлүшү.

Салт жана жаӊычылык

«Традиция» латын сөзү (traditio – өткөрүп берүү, мурастоо дегенди түшүндүрөт), анын маани-маӊызы мында: жазуучу чыгарма жазып жатканда өткөн мезгилден, өзүнө чейинкилерден пайдаланган, ошолорго ориентир жасаган тажрыйба, бир кездеги жыйналган маданий-эстетикалык, рухий мүлктү бүгүнкү күн, же өзүнүн чыгармачылыгы үчүн зарыл, актуалдуу кылып колдоно билүү өнөрү. Албетте, сүрөткер өткөндүн жакшы нерселерин өздөштүрүп, аларды чыгармачылыгында колдонуп, ошол эле кезде ошол традицияны өзүнүн максат-мүдөөсүнө ылайык жаӊылап пайдаланат, бул болсо новатордук (жаӊычылык) деп аталат.