Сабактын темасы: Каадасы болбой эл болбойт
Сабактын максаты:
Кыргыз элинин каада-салттары жана алардын мааниси боюнча түшүнүк берүү. Элдик каада-салттарды урматтоого чакыруу.
Окуучуларды өз элин, жерин сүйүүгө тарбиялоо.
Өз ойун эркин айтууга көнүктүрүү.
Сабактын жабдылышы: сүрөттөр.
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу.
Сабактын темасы максаты менен тааныштыруу.
Киришүү.
Мугалим: Дүйнөдө түркүн элдер жашайт. Ар бир элдин тили, дини, салт-санаасы, үрп-адаты, кулк мүнөзү, ырым-жырымдары бар. Биздин кыргыз элинин үрп-адаты миңдеген жылдар бою жашап келет жана да жашай берет.
Абалтадан салт-санаасын сактаган,
Акыл оюн алыс жолдо тактаган.
Кылымдардан кылымдарды карыткан,
Кыргызымсдын тили менен мактанам.
Жаңы тема:
Балдар, биз бүгүн кыргыз элинин үрп адаты, каада-салты менен таанышабыз. Балага ат коюу, кыз узатуу, жентек той, келин келгендеги салттар ж.б. Бала төрөлгөндө кандай салттар бар экенин силер да билсеңер керек. Анда төмөнкү инценировканы көрөлү:
Бала: - Сүйүнчү, сүйүнчү, байкем уулдуу болду.
Чоң эне: Болсун айланайын, болсун! Оозуңарга май.
Чоң ата: Кана балдарым, жентек тойго келгиле, ырдап-бийлеп көңүл ачкыла. Ымыркай бала жарык дүйнөгө келген соң ага азан чакырып ат коюу кыргыз элинин улуу салты. Ымыркай бала төрөлгөндө азан чакырып ат коюлбаса, ал чоңойгондо кайрымсыз болот экен.
Чоң ата:
Теңирим адам берди,
Ааламга адам келди.
Айыл калаа сүйүнчү,
Азан айтып ат коем.
Теңир берген затын коем.
Уул болуп жоодон сактасын,
Эне эмизген сүтүн актасын.
Чоң ата азан чакырып, небересине атын коет.
Мугалим:
Кыргыздар жашап келет бул ааламда,
Дагы да жашай берет кылымдарга.
Салттарды, үрп-адаты, мурастары,
Арналыпт эң бир асыл урпактарга.
Балдар, кыздар макал-ылакап айтышат.
Жакшы кыз жакадагы кундуз,
Жакшы уул көктөгү жылдыз.
Адамдын сынчысы көпчүлүк.
Жакшы бала элпек, Жаман бала тентек.
Элпек болмок өзүңдөн,
Сылык болмок сөзүңдөн.
Өз боюңа сак бол,
Убадага так бол.
Эне сыйлаган элине жагат,
Ата сыйлаган абийир табат.
Баланын билеги ооруса,
Эненин жүрөгү ооруйт.
Ээби жок эрке,
Уят болоор элге.
Акыл көркү тил,
Тилдин көркү сөз.
Баатырдын көркү маңдайда,
Чечендин көркү таңдайда.
Мугалим: Илгертен келген дагы бир салт “Акыйнек айтуу”. Акыйнек оюунуна курбу-курдаштар, тели-теңтуштар, тамаша-сынды көтөрө алган, жамактап ырдай билген кыздар чогулуп бирин-бири ыр менен кайым, акыйнек айтышкан.
Балдар, кыздар акыйнек айтышат:
Акыйнек ырын ырдашуу,
Абалтан кыргыз салты экен.
Акыйнек ырын улантуу,
Атабыз кыргыз наркы экен.
Ыр ырдашып сындашуу,
Ыр жандуу кыргыз салты экен.
Сынга сындай жооп айткан,
Атабыз кыргыз наркы экен.
Сени болсо топ кыздар,
Кийимин чактап кийе албас,
Кийсе да таза жүрө албас,
Жаман кыз экен деп жүрөт.
Сени болсо топ кыздар,
Уйкучу кыз деп жүрөт.
Сабагында үргүлөп,
Парта сүзөт деп күлөт.
Сени болсо курбулар,
Атаз-энесин сыйлабас,
Акыл-сөзүн тыңдабас,
Эси жок кыз деп жүрөт.
Сени болсо теңтуштар,
Мактанчаак кыз деп жүрөт.
Үй оокатка кош көңүл,
Жалкоо кыз экен деп күлөт.
4.Жыйынтыктоо.
Мугалим: Ошентип, балдар!
Карыяларыбыз нускалуу болсун,
Байбичелерибиз нускалуу болсун.
Келин-кыздарыбыз уяттуу болсун,
Уулдарыбыз ыймандуу болсун,
-деген тилекти айтуу менен бүгүнкү сабагыбызды жыйыктактасак.