СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Тема: “Манас” эпосун советтик доорго чейин жыйноо жана изилдөө
1. “Манас” эпосу жөнүндө алгачкы тарыхый маалымат (Сайф-ад-дин Аксыкенти жана анын уулу Нурмухаммед “Тарыхтардын жыйнагы” – “Маджму-ат-таварих” XV-XVI кылымдар) жана алардын “Манас таануудагы” орду.
2. “Манастын” Октябрь революциясына чейинки (XIX-XX-кылымдын 20-жылдарына чейин) жазылыш жана изилдениш тарыхы: Ч.Валиханов, В.Радлов, Д.Алмаши, А.Г.Белинский, В.Смирнов ж.б. изилдөөлөрү
Сунушталган адабияттар:
Акматалиев А. “Манас” – океан эпос. Бишкек-1994
Байгазиев С. “Манас таануу ” Бишкек-2004
Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерктери. Ф.: 1973
“Кыргыз рухунун туу чокусу” аталган “Манас” эпосун эл оозунан жыйнап алуу, кагаз бетине түшүрүү китеп кылып басмадан чыгаруу иши озүнчө бир чоң сабак, үлкөн тарых экенин манас таануучулар белгилеп жүрүшөт.
Борбордук Азиянын билимдүү, чыгаан уулдарынын бири Чокон Валихановдун 19-кылымда эл арасынан Манастын үзүндүсүн жазып алып жатып: “Бул , балким, кагаз бетине түшкөн биринчи кыргыз сөзү(элдик оозеки чыгармачылык маанисинде айтса керек) болуш керек,”- деп белгилеген экен. Балким, ошондойдур, бирок башка да маалыматтар бар экендиги маалым. Көчмөнчүлүк доордун шартында кыргыздар да баардык эле көчмөн калктардай бир жерге отурукташып калган эмес. Ыраакы Чыгыштан Орхон, Эне -Сай, Миң – Суусунан баштап, алыскы Оролго чейинки Гималай тоолорунан,Саян-Алтай тоолорунун, казактын кең талааларын, Теңир-Тоо, Ала-Тоо деп аталган жайлардын ой-кырларында көчүп-конуп, чыгыштан батышка, батыштан чыгышка,түндүктөн түштүккө, туштүктөн түндүккө толкун сымал өөдө- төмөн оошуп жашап келди. Акыры жүрүп,азыркы Кыргызстандын аймагын, Кытай Эл Республикасына караштуу борбору Артыш, Кызыл-Суу облусун биротоло жердеп калган. Ошондой эле тилин,каада- салтын, наркын сактаган насили кыргыз тукуму Тажикистандын Жерге-Талында, Кара-Тегинде, Ооганстандын Памиринде да бар. Ушул аймактарды Улуу Жибек жолу аралап өткөн. Кыргыз эли тээ илгертен жазуусу бар калктар менен аралашып жашап келген. Ушул аралыкта араб, перс, кытай,түрк,орус,европа саякатчылары, тарыхчылары, окумуштуулары келишип, бул аймакта жашаган түркүн түрк калктарынын, анын ичинде кыргыздардын да жашоо-тиричилигин, жер-суусу, маданияты жөнүндө факты, материалдарды чогултушуп, көптөгөн эмгектерди жазышкан, кол жазмаларды калтырышкан. Мисалы: 10-кылымда Орто Азияда болгон географ, акын жана саякатчы Абу Дулафтын 1923- жылы Мешхед шаарынан табылган кол жазма китебинде кыргыздардын тамак –ашы, диндик жөролгөлөрү жөнүндө кызыктуу маалыматтар бар экендиги белгилүү.
Бизге белгилүү болгон маалыматтар боюнча “Манастын” айрым эпизоддорунун сюжети кагаз бетине 15-к. аягы 16-к. баш чендеринде түшүрүлгөн. Бул аксыкенттик Сайф- ад-диндин “Мажму-ат-таварих” (“Тарыхтардын жыйнагы”) аттуу тажик тилинде жазган кол жазмасы болуп эсептелет. Фольклорчу жана этнограф Сайф- ад-диндин 15-к. аяк жагында башталган бул эмгегинин Нооруз Мухаммед 16-к. башында улантып жазган жана бүтүргөн. Бул эмгек 16-кылымдардын баш чендеринде жазылганын академик А.Б.Бартольд да белгилеген. Илимде бул кол китептин ч нускасы белгилүү. Биринчи кол жазма Ленинград мамлекеттик университетинин китепканасынын Чыгыш бөлүмүндө, экинчиси Россия академиясында Азия элдери институтунун Ленинград бөлүмундө сакталып турат. Жайлообаев Назармат аксакал өткөргөн үчүнчү нускасы Кыргыз Илимдер Академиясынын алдындагы Кол жазмалар фондусунда сакталып турат. “Мажму-ат-таварих” -“Тарыхтардын жыйнагы” парсы-тажик тилинде жазылган. Ушундан улам бул китептин авторлорунун улуту перс же тажик деп божомолдонуп жүрөт. Балким, кыргыз болушу да мүмкүн, мындай пикирлер да бар, себеби Аксыкенти шаары биздин облусубуздун Ала-Бука районун чегинде жайгашкан. Бул шаардын урандылары азыр да бар. Тарыхчы- илимпоз З.Эралиевдин пикири боюнча Аксыкенти 15-к.да чоң шаар болуп, негизги калкы көчмөн кыргыздар болгон. 1968-жылы Академиянын кол жазмалар фондуна өткөргөн Сайф- ад-дин Аксыкентинин жердеши Ала –Букалык Назармат Жайлообай уулунун баласы Ормонбек Сайфаддинди түз эле кыргыз деп жазат: “Сайфаддиндин улуту кыргыз. Акысынын аймагында туулуп, Аксыкент шаарында окуп, ошол жерде кыргыздар жана Манас жөнүндө изилдөө жүргүзүп, китептерди жазган ”. Бул ойду адабиятчы-окумуштуу О.Сооронов да колдойт.
Негизги маселе, “Тарыхтардын жыйнагынын” кыйла бөлүгү кыргыздардын тарыхы, уруу бөлүнүштөрү, Манас баатырдын иш-аракеттери жөнүндо болуп жатат. Мындай тарыхты өз элинин санжыра-тарыхын мыкты билген кыргыз баласы жазышы мүмкүн. Андай болсо эмне үчүн китеп парсы тилинде жазылган деген суроо мыйзам ченемдүү. Анткени, орто кылымда араб, парсы тилдери илим, билимдин тили болгон. Ошон үчүн ал кезде башка элдерге белгилүү болуш үчүн түрк тилинде сүйлөгөн Орто Азиянын окумуштуулары, билимдүүлөр өз эмгектерин көп учурда парсы, араб тилдеринде жазган. Манас жөнундө баяндаган Сайфаддиндин китеби, анын ички мазмуну төрт жарым кылым бою кыргыздарга белгисиз болуп, кабары чыкпай жүргөн. Советтик идеологиянын кесепетинен Назармат Жайлообай уулу атасы Жайлообайдан мураска калган “Тарыхтардын жыйнагын” оро казып көмүп, дубалдын ортосуна сактап, 1968-жылы Илимдер Академиясына өткөрүп берген. Ошол боюнча аны которууга эч ким батынган эмес. Өткөн кылымдын 90-жылдарында гана белгилүү окумуштуу О.Сооронов жана Молдо Мамасабыр Досбол уулу экөө парсы тилинен кыргыз тилине которуп, түшүндүрмөсү менен 1996-жылы Бишкектен чыгарышкан жана анда өз ой-пикирлерин билдиришкен. Чыгармада IX-XI кылымдарда болуп өткөн тарыхый окуялар, Чынгыз хандын, Амир Темирдин туулгандан өлүмүнө чейинки окуялар, уламыштар, Фергана менен Тянь-Шанда жашаган кыргыз, кыпчак уруулары жөнүндө маалыматтар берилген, кыргыздардын “оң” жана “сол” урууларынын кайдан чыкканы, Ак уул, Куу уулга чейинки 20-23 муундн тизмеси берилген. Кыргыз эли Мухаммед пайгамбардын дооруна чейин Кытай чегинде, Енисей аймагында жашап, акырында душмандар тарабынан талкаланып, Өзгөндөгү Султан Санжардын карамагына барып, андан да сокку жеп, Хожент тоолорунда күн кечирип, кийин Ала-Тоону мекендеп калгандыгы айтылат.
Алгачкы кыргыз тарыхчысы Б.Солтоноев 1920-жылы Таластык кишиден жазып алган “Манас баатыр баяны” менен “Мажму-ат-таварихтеги” баян бири-бирине абдан окшош экендиги да кызык табылга. Бул китептен Манас баатырдын, анын атасы Жакыптын, калмак ханы аталаган Жолойдун ж.б. ысымдарын учуратабыз. Булар жомоктук каармандар эмес, чыныгы болгон адамдар катары баяндалат. О.э. эпостун айрым окуялары тарыхта орун алган маалыматтарга кошулуп, аралаш сүрөттөлөт.
Бул китеп эпос жөнүндө так маалымат бербесе да, кол жазма чоң маниге ээ. Мындан “Манастын” 500 жыл мурда эле элге белгилүү чыгарма болгондугун боолголоого болот. Ошол учурларда “Манас” элге кадырлуу чыгарма болгондугу үчүн аталган кол жазманын автору эпостун материалдарына кайрылганында күмөн жок. “Тарыхтардын жыйнагында” Манас кара сөз менен тарыхый инсан катары сүрөттөлүп, анын төрөлүшү, Жакыптын уулу экендиги, баатырдын калмактын ханы Жолой менен болгон көптөгөн салгылашуулары, о.э.чоң согуштун биринде он үч жеринен жарадар болгону, Жолойдун Төбөй деген калмакташып кеткен кыргызды жумшап, Манаска уу бердиргени, Жакыптын Жолойго колго түшкөнү, акыры өз өнөктөштөрүнүн жардамы менен Манастын Жолойду жеңгендиги көрсөтүлөт.
О.э. Манастын Жолой менен салгылашуусу мындайча сүрөтөлөт: “ Жолой түндө келип кол салды. Көп аскерди кыйратты. Манас ойгонуп, атына минип, найзасын алып, таң атканча урушту. Ошондо миң калмак Манасты ороп алган эле. Манас денесинин он үч жеринен жарадар болду. Манастын кыйкырыгы бирде асманга, бирде жерге жетип турду.” Кызык жери “Манастан” ыр түрүндө алты сап ыр берилген. Кыргызча сапма-сап котормосу:
Манас чыгып майданга,
Душмандарды боздотту.
Жолой Манаска найза сайды,
Манас да найзасын сокту.
Ошондо уруш катуу болду,
Бири-бирине дембе-дем найза сайышты.
Китеп боюнча окуялар Орто Азия аймагыда өтүп, Талас, Каркыра, Ысык-Көл, Ат-Башы ж.б. жерлердин аты аталат. Манас Алтын Ордонун каны-тарыхый инсан Токтомуш кан менен алака катышта болот.
XV-XVI к. ортосунда жазылган “Тарыхтардын жыйнагында” Манастын Таластын башында болушу, кырк жигит күтүшү, Жолой менен болгон урушу, согушта оор жарадар болушу, душмандар тарабынан уулангандыгы тууралуу окуялар IV к. өткөндөн кийинки Сагымбай, Саякбай сыяктуу чоң манасчылардын варианттарында да мерчемдүү сюжеттик сызыктар катары жашайт. Демек, мунун өзү “Манас” эпосунун илгертен бери эле кылымдарды аралап келаткан салттык сюжеттин нугу бар экенин айгинелейт.
Сайфаддин Аксыкентинин “Тарыхтар жыйнагынан” кийин дээрлик үч кылымга жакын аралыкта эпос жөнүндө жазма тарыхый булактар азырынча кездеше элек. XIX кылымдын экинчи жарымында, т.а. 1956-жылдын май айында казак окумуштуусу, тарыхчы, этнограф, фольклор таануучу, саякатчы жана агартуучу Чокан Чингисович Валиханов (1835-1865-ж.ж., азан чакырап коюлган аты Мухаммед-Ханафия) Ысык-Көлгө келет. Омскидеги кадет корпусун бүтүргөн жаш офицер Ч.Валиханов орус экспедициясы менен келип, кыргыздардын арасында эки ай жүрүп, элдик оозеки чыгармачылыктын мыкты үлгүлөрү менен таанышат жана “Манас” эпосун эл оозунан биринчи болуп жазып алып, илимий негиз салууга аракет кылган. Ал негизинен ак таңдай акындар, санжырачылар, ырчы-жомокчулар менен жолугушат. Ошолордун ичинен Телтайдын гана атын атап, ага “феномен” деп баа берген.
Ч.Валиханов жыйнаган фолшьклордук-тарыхый материалдардын ичинен эң маанилүүсү Түп аймагынан белгисиз манасчыдан жазып алган “Көкөтөй хандын ашы” болуп эсептелет. Бул үзүндү 3600 ыр сабынан туруп, араб тамгасы менен 47 беттен турган дептерге жазылган.
Ч.Валиханов Ысык-Көлгө келе жатып, Каркыранын казак тарабындагы “Манастын боз дөбөсү” деген жер менен таанышып, мынтип жазган: “Илгертен калган сөз боюнча калктын эпикалык эң кызык ырында айтылып жүргөн Эр Манас кара кытайлар менен согушканда ордосун ушул жерге тиккен”,- дейт. Экспедициядан кийин Петербургда сүйлөгөн сөзүндө Чокон: “Манас” поэмасынын 1-бөлүгү болуп саналган “Көкөтөй хандын ашы” деген ырда кыргыз акындарынын айтуусунда жазып алдым. Бул ырды мен орус тилине которуп жатам. Белгисиз жаткан тил менен чыгышты изилдеген окусуштууларды тааныштыруу үчүн кыскача сөздүк түзөйүн деген оюм бар.”
Тилекке каршы Ч.Валиханов 1865-жылы 30 жаш курагында кайтыш болот да, кол жазма дарексиз жоголот. 1964-жылы гана казак илимпозу А.Маргулан борбордук архивдердин биринен тапкан.
Ч. Валиханов кыргыздын залкар дастанын биринчи жолу орус тилинде Россия коомчулугуна кабарлап, жазып алган үзүндүнүн мазмунун кара сөз түрүндө жана кээ бир саптарын ыр түрүндө орус тилине которуп: “”Манас” эпосу бир убакытка келтирилген жана бир адамдын─Манас баатырдын тегерегине топтолгон кыргыз мифтеринин, жомокторунун, ылакаптарынын энциклопедиялык жыйнагы. Бул талаа “Илиадасы” сыяктуу чыгырма. Бул чексиз чоң эпопеяда кыргыздардын турмушу, салты, географиясы, диний жана медициналык түшүнүгү жана эл аралык мамилеси орун алган”,─деп баа берген. Бул котормо Н. И. Веселовскийдин кыскача түшүндүрмөсү менен “О поэма “Манас” в переводе Ч. Валиханова” деген темада 1902-жылы “Новое время” аттуу журналдын №9 санына жарыяланган.
Ч. Валиханов жазып алган “Көкөтөйдүн ашынан” үзүндү:
Алтын ээрдин кашы экен,
Ата-Журттун башы экен,
Күмүш эрдин кашы экен,
Түн түшкөн калың көп ногой
Журттун башы экен.
Эли, алдынан өтмөй болуптур:
─Сары ногой баласы
Жайма көкүл Жаш Айдар, чором
Мааникерди бир мине көр, чором,
Калың бир кара көп ногой, чором,
Башынан элди кире көр, чором.
Үйсүндөрдөн Үмөткө,
Үмөткулу Жайсаңга айт.
Карыны салык бийине айт.
Катта курсак байына айт.
Сары сакал, тик мурут,
Айыр сакал, киш мурут─
Барына бардай айта көр, чором.
Ч. Валиханов ушул аралыкта кыргыз элинин көптөгөн санжыра-тарыхтарын, уламыш-аңгемелерин, ырларын да жазып алууга үлгүргөн. Экспедициядан кайтып келгенден кийин жыйнап келген материалдардын үстүндө иштеп, кыргыз тарыхы, каада-салты, маданияты жана уруу бөлүнүштөрү жөнүндө “Ысык-Көл күндөлүгү”, “Кыргыздар жөнүндө жазгандарым”, “Жунгария очерктери”, “Кыргыз теги”, “Кыргыздардын байыркы мезгилдеги куралданышы жана согуштук жоо-жарактары”, “Чоң Кыргыз─кайсак ордосу тууралуу уламыштар” өңдүү эмгектерин жазган. Жыйынтыктап айтканда, Ч. Валихановдун жазып алган варианты улуу манасчылар С. Орозбаков менен С. Каралаевдердин вариантынан бир топ өзгөчөлүккө ээ, бирок негизги идеалык мааниси окшош. Мындагы башкы баалуулук ─ эпостун мындан 150 жылдай илгери кагаз бетине түшүп, орус илимий коомчулугуна маалым болгондугу.
В.В.Радлов жана “Манас”
В. Радлов 1837-жылы 5-январда Берлин шаарында туулган. Улуту немис. Ал бала күнүнөн эле филология, тил дегенде жантыгынан жата калчу экен. Берлин университетинде окуп жүргөндө чыгыш тилдерине кызыгуусуна урал-алтай таануунун негиз салуучуларынын бири Вильгелм Шотт чоң таасир эткен. Германияда окуп жүргөндө В.Шоттун лекцияларында В. Радлов чыгыш тилдери-монгол, түрк, кытай тилдери жана урал-алтай таануунун маселелери менен кызыгып таанышыт. 1858-жылы 21 жашында В. Шоттун жолдомо каты менен Петербургга келип, бир жылдан соң Россия өкмөтүнүн Сибирь-Алтай крайында жашоого жана иштөөгө, энциклопедиялык саякаттарды жасоого уруксат алат.
В. Радлов 1860-71-жж.да тынымсыз илимий экспедицияларда жүрөт да Кыргызстанга түрдүү багыттар боюнча 1862-68-69-жылдары үч жолу келген.
В. Радлов белгисиз манасчылардан “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” бөлүмдөрүн жазып алат. Бардыгы 12454 сап ырдан турат. Мунун ичинен 3005 сабы “Семетей” менен “Сейтек”, 9449 сабы “Манаска” тиешелүү. “Манас” бөлүмү бонча Манастын төрөлүшү, Алмамбеттин окуясы, Көкчө менен болгон уруш, Манастын Каныкейге үйлөнүшү, Көзкамандар окуясы, Манастын өлүмү сыяктуу сюжеттик бөлүктөр жазылып алынган. Мындан сырткары 5322 саптан турган “Жолой-Хан”, “Эр Төштүк” поэмаларын да кагазга түшүргөн. Орус транскрипциясы менен жазып алган “Манас” үчилтигин орусча кеңири илимий баш сөз менен 1885-жылы Санкт-Петербургда кыргыз тилинде кыргыз тилинде “Түндүк түрк урууларынын элдик адабиятынын үлгүлөрү” деген ат менен өзүнчө том түрүндө жарык көргөн. Ошол эле жылы Германияда Лейпцигде немис тилинде жарыяланган. Китептаеринин баш сөзүндө “Манас” эпосуна В. Радлов “элдин турмушунун жана калктын бардык умтулуштарынын поэтикалык чагылышы” деп жогору баа берген.
Жети төрдүн башында
Жеткилең тууган Бөйөн кан,
Бөйөн хандын баласы
Кайратту тууган Каракан,
Каракандын баласы
Кайраттуу тууган Жакып кан.
Көөрүгүнө чыдабай,
Көп букалар союлду.
Көмүрүнө чыдабай
Көп токойлор жоюлду.
Бекип калган бейиштин
Эшигин ачкан Эр Кошой
Байланып калган базардын
Жолун ачкан Эр Кошой.
Орус түркологиясынын атасы атыккан В.Радловдун кыргыз калкына, манас таануу илимине кошкон эмгеги опол тоодой жана ал “Манас” эпосун дүйнөлүк коомчулукка жеткирген алгачкы манас таануучу окумуштуу катары таанылды.
Будапештке жеткен 72 сап.
Венгер окумуштуусу Д.Алмаши 1899 –жылдын апрелинде Пишпек уездине илимий экспедицияны жетектеп келип, чүйлүк жана көлдүк кыргыздар менен 8 ай жашаган. 1900-жылы Кыргызстандын Ысык-Көл өрөөнүндө болуп, Сары-Жаз жайлоосун, Нарын дарыясынжогорку агымын өрөөнүн кыдырган. Д.Алмаши орусча жана түркчө сүйлөй алган. Ошондо бугу уруусунун бир өкүлүнөң “Манастын” 72 сабын жазып алган жана1911-жылы Будапешттен чыгуучу “Восточное обозрение” журналына “Манастын уулу Семетей менен коштошкону” деген ат менен жарыялаган. Бирок бул текст “Манастын” башка варианттарында жок.
Баатыр Чубак, эр Манас
Чубакта бар кырк киши,
Манаста бар кырк киши,
Сексен жигит кошчу алып,
Аргын менен ногойго
Амандашып көрүштү.
“Алты айчылык Бээжинге
Аттанып кетип барасың,
Аман-соо келгин” –деп,
Журту чуулап келишти.
Басып келди Каныкей
Баатыр менен көрүшүп,
Көтөргөнү Семетей.
Баатырдын көрүнүп калды көзүнө,
Бери алып келчи деп
Ошондо түштү эсине!
Оң колуна алды эле,
Оң бетинен сүйдү эле.
Сол колуна алды эле,
Сол бетинен сүйдү эле.
Атасын көрүп арсаңдап,
Алакандай кашка тиш.
Маңдайында кашкаңдап,
Бала күлүп турду эле,
Падышам Манас төрөңүз,
Башын чайкап күлдү эле.
Же алты жашка жетпедиң,
Аргын менен ногойго
Аким салып кетпедим.
Кудай жалгыз, мен жалгыз,
Менден калган сен жалгыз,
Жалгызга кудай жар болсо,
Атаңдын саламат жаны бар болсо,
Самап барган Бээжинге,
Санат кылып келермин.
Аманат жанга өлүм ак,
Ажалым жетсе өлөрмүн,
Кош эми, балам, аман бол,
Кудай кылса не дээрмин.
Бул сөздү айтып эр төрө,
Жүрө берди жол менен,
Сарамжалын шайлатып,
Санап туруп миң колду,
Эр Чубакка айдадып.
Эки ай сапар жол басып,
Иртыш дайра чоң сууга,
Эркин кытай чегине,
Эрикпей жетти эр Манас.
Тилекке каршы, мындай маанидеги текст бир дагы манасчынын айтуусунда кездешпейт. Бул үзүндүгө жазган кириш сөзүндө Д.Алмаши:”бул эпикалык ырлардын жазма түрүндөгүсү жок, жөн гана көптөгөн ырчылардын тилинде жашап, ооздон-оозго өтүп көсмөндөрдүн айылында болуп, ар качандан бир качан аларды уккан киши өксүбөйт”,- деп жазган. Мындан өткөн доордогу айрым манасчылардын бүтүндөй бир мектебинин манасчылык өнөрүнөн кур калганбызбы деген ой туулат.
Тема: Эпостун советтик доордогу жыйноо жана изилдөө тарыхы
1. “Манастын” урпактары тарабынан изилдениши
2. “Манас” эпосун казак жана орус окумуштууларынын изилдөөлөрү; Эпостун чет өлкөлүк окумуштуулар тарабынан изилдениши; Эпосту жаздыруу боюнча маселелер
1. Улуу Октябрь революциясынын жеңиши “Манасты” жыйноо, китеп кылып чыгаруу жана изилдөө иштерин активдештирди жана бир системага салгандай болду. Натыйжада, 1920-жылы Жети -Суу облусунда Э.Арабаев башында турган жергиликтүү калктардын элдик оозеки чыгармаларын жыйноо боюнча комиссия түзүлүп, кыргыздардын өздөрү тарабынан иш колго алына баштаган. 1924-жылы казакча “Шолпан” журналына А.Токомбаевдин “Курманбек” эпосу, “Санат ”журналына “Буудайык” жомогу, “Жас кайрат” журналына Ы.Шайбековдун “Кайран эли”, казак-кыргыз агартуу институтунун студенттик “Сауле ” журналына К.Баялинов, Т.Жолдошев тарабынан жыйналган кыргыз эл макал-лакаптары, жанылмачтары,элдик ырлары жарыяланган. Э.Арабаев белгилүү манасчы Тыныбек Жапый уулунун айтуусундагы узүндүнү 1925-жылы Москвадан араб ариби менен кыргыз тилинде “сСеметейден” үзүндүнү өзүнчө китеп кылып чыгарган. Бул саамалык совет доорундагы биринчи жолу “Манасты” өз урпактары тарабынан жарыяланышы эле.
2. Улуу “Манас”дастаны кагазга түшкөн күндөн баштап бүгүнкү күнгө чейин дүйнөлүк окумуштуулардын кызыгуусун туудуруп,түрдүү багытта изилдөөгө алынууда.1995-жылы жарык көргөн “Манас”энциклопедиясында 1851-жылдан тартып 1993-жылга чейинки аралыкта эпос тууралуу ар түрдүү тилде түүрдүү багытта 2200дөн ашуун эмгектин библиографиялык тизмеси берилген.Булар тууралуу белгилүү манас таануучу ,профессор С.Байгазиев мындай дейт:”Манас”темасындагы изилдөөлөр жалаң гана адабий дастан ,фольклордук классикалык чыгарма жөнүндөгүгана сөзэмес,эң негизгиси,эпостун тегерегиндеги илим сөздөрү кыргыз эли ,кыргыз калкынын этногенези,тарыхы,эл аралык мамилелери,дүйного көз карашы,салт-санаасы эстетикасы, философиясы,он сегиз миң ааламдакыргыздын башка элдердин катарынан алган орду жөнүндөгүчоң сөзгө айланып олтурат.”манас”жөнүндөгү изилдөөлөрдүн маңызы байкасак,мына ушунда. 1904-жылы Санк-Петербургда орус тилинде жарык көргөн Ч.Валихановдун (1835-1865) “Жунгария очерктери” аттуу эмгеги Манас таануу илиминин алгачкы “төл башы” болуп эсептелет. Аталган “очерктерде” Ч.Валиханов өзүнун “Манас” эпосу жөнүндөгү алгачкы илимий байкоолорун ортого салган. Казак окумуштуусу “Манас” – кыргыз мифтеринин, жомокторунун, легенда- санжыраларынын энциклопедиялык жыйнагы. Бул кучак жеткис эпопеяда кыргыздардын турмуш образы, салт-санаасы, адеп-ыйманы, географиясы, диний жана медициналык түшүнүктөрү, эл аралык мамилелери чагылдырылган” – деп таамай баа берген. Ч.Валиханов “Жунгария очерктеринде” “Манасты” гректердин “Илиадасына” салыштырса, “Семетейди” кыргыз “Одиссеясы ” деп атаган. Эпостун башкы каарманы – Манастын образына кеңири мүнөздөмө берген.
Ч.Валихановдон кийин кыргыз элинин учу-кыйырына көз жетпеген улуу эпосу жөнүндө олуттуу, салмактуу илимий оюн айтуу жана жазуу В.Радловтун үлүшүнө туш келген. “Манас” эпосуна байланыштуу ойлорун 1885-жылы Санкт- Петербургда жарык көргөн “ Түндүк түрк урууларынын элдик адабиятынын үлгүлөрү” аттуу томдука жазган “Кириш сөзүндө” айткан. Мында В.Радлов баарынан мурун кыргыз көркөм сөз өнөрүнө өтө жогору баа берген. Кыргыздардын өз эне тилинде ойду ачык, так түшүндүрүп, көрктүү, чечен сүйлөй билгенин, кыргыздын сөзү кара сөз болсо да ыр сыяктуу куюлушуп турарын, кара кыргыздардын ырчы, акындардын, жомокчулардын көркөм сөзүн өтө жогору баалашарын жана ыр өнөрүнүн өтө бийик деңгээлге өсүп жеткендигин баса белгилеген. “Кыргызга тиешелүү бул адаттан тыш чечендик, сөзмөрлүк, аны курчап турган шарт –чөйрөдөн табигый түрдө келип чыгат. Сөз искусствосуна машыгууга кыргыздын убактысы бар. Тамак менен уйку гана жолтоо кылганы болбосо, ал куну-түнү менен кызыл тилин сайратып сүйлөй берет”,- деп жазган. В.Радлов гректин “Илиадасы” менен “Одиссеясы” да кагазга түшпөстөн, оозеки түрүндө жашаган байыркы “эпикалык доор” болгон,көчмөн кара кыргыздар да ушул 19-кылымда дал ошол эзелки грек доорундагыдай эпикалык доордот жашап жатат, ошон үчүн Тянь –Шяньда эпикалык поэзия гүлдөп турат деген пикирин айткан.
Тема: Манасчылык өнөр жана метафизика
1. Манасчылык өнөрдүн тарыхый өсүп-өнүгүү жолу а) Легендарлуу манасчылар;
б) Классикалык манасчылар;
в) Оозеки салттуулукту да, китептик үлгүнү да бирдей өздөштүргөн манасчылар;
г) Жазгыч манасчылар;
д) Аткаруучу манасчылар
2. Манасчылардын айтуучулук дареметине карай бөлүнүшү
Улуу Октябрь социалисттик революциясынын жеңиши менен кыргыз эл оозеки чыгармачылыгын системалуу түрдө жыйноо жана изилдөөгө жол ачты. 1922-жылы улуу манасчы Сагымбай Орозбак уулунан эпосту жыйнап алуу иши башталган. Кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгын жыйноодо зор эмгек сиңирген К.Мифтаков эпосту жазып алууну өзү колго алып, кийин Ыбырайым Абдырахмановго кантип жазып алуу керек экендиги тууралуу баалуу кеңештерин берген. Ушул жылдын жай күз айларында манасчыны Нарын жайлоолорун кыдыртып, эл аралатып “Манас” айттырышып, Манастын төрөлүшүнөн баштап, кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого келишине чейинки учурду жазып алышат.
Манасчылык өнөрүнө системалуу түрдө изилдөөнүн натыйжасында, манасчынын айтуучулук дараметине, стилине жараша типтерге ажыратып классификациялап, манасчылардын беш тибин сунуш кылган элек. (Ж.О.)
1) Легендарлуу манасчылар;
2) Классикалык манасчылар;
3) Оозеки салттуулукту да, китептик үлгүнү да бирдей өздөштүргөн манасчылар;
4) Жазгыч манасчылар;
5) Аткаруучу манасчылар
А) Легендарлуу манасчылар;
Жарым миллион сап «Манас»баянын жадысында сактап, азыркы ХХI кылым заманына жеткирген жана андан ары улап жаткан манасчылар жөнүндө маалымат. Элдик уламыш, аңыздар боюнча биринчи манасчы – Ырамандын ырчы уулу болгон.
Ырамандын Ырчы уулу,
Ырдап айткан кебимди.
Канчалар кордук кылганда,
Кайраным тапкан эбимди, - деп Манас өзү баа берген дешет. Манастын көзү өткөн соң Абыке, Көбөштөрдүн ыгына көнбөй, жер кезип, Манасты даңазалап жүрүп өткөн экен.
Жайсаң ырчы Манастын учурунда жашап, анын жортуулдарын даңктап ырдаган экен. Алтайда турган кыргыздарды бүтүн жыйдырып кеңеш кылганда, Үмөт уулу Жайсаңды да чакыртканы айтылат:
Атасы Жакып кары бар,
Акылмандын баары бар…
Айдаркан уулу эр Көкчө
Баары келген чагы бар
Үмөт уулу Жайсаң бар
Өлүмдөн коркпос көп жандар
Жaйcaң ырчы боз үйдүн жабдылышын эле жарым күн айтчу экен:
Алиги көргөн Кайыпдаң
Кыз берүүгө камданган
Уугун күмүш суулантып,
Керегенин порумун
Кандай уста кылган деп,
Көргөн жанга суратып
Ак манат менен жаптырып,
Алтындан нагыш чаптырып,
Ичин кызыл сырдаган,
Чийин жибек чырмаган
Салтанатын көргөндө
Жайсаң ырчы дегени,
Жалаң үйдүн порумун
Жарым күнгө ырдаган….
Токтогул ырчынын жашаган доорун уламыштарга негиздесек, кадимки Аксак Темирдин дооруна, тактап айтканда, 14-15-кылымдарга туура келет. Ал тууралуу Тоголок Молдо:
Ырамандын соңунан,
Иши келип оңунан.
Элден таап нускасын,
Арбытып айтып кыскасын.
Токтогул ырчы ырдаган,
Токтогул ырдап турганда,
Калктын баары тыңдаган.
Ырамандын Ырчы уул
Жомокчунун башчысы.
Баарын тизген Токтогул –
Бул жомоктун ачкычы,- деп эскерет.
Түлөберди (1735-1810) Таластагы жетиген уруусунан чыккан манасчы Түлөберди жашаган чөлкөмгө күндөрдүн бир күнүндө жоо келген экен. Алар жоокерчиликтин эски ырымы менен туу кандамак болушуп туткун кармоого киришет. Туткунга Түлөберди манасчы түшүп калып, акыркы күнүм ушул экен деп ойлойт да, “Манасын” айтып кирет. Жоо анын ырына кызыгып, угуп-көрүп, ыры бүткөн соң өлтүрмөк болушат. Бирок ырчынын ыры түгөнбөйт. Бир күн айтат, эки күн айтат, үч күн айтат, түгөнбөйт... Ошондо аскербашы: “Биз жоонун касиеттүү кишисин кармап келген экенбиз. Мындай киши менен туу кандалбайт. Жолубуз болбой калган экен, кайттык артка” – деп, элге кол салбастан, ат башын кайра артка бурган экен. Ошентип улуу манасчы элин жоодон сактап калыптыр. Тулпар манасчы Келдибек Карбоз уулу Чүй өрөөнүндөгү Жел-Аргы деген жерде туулуп, 80 жаштан өткөн кезде 1880-жылдарда Ат-Башыдагы Баткак деген жерде каза болгон. Келдибек Манас айтканда, тегерегиндеги жандуу-жансызды бүтүндөй өзү менен Манас дүйнөсүнө ээрчитип кетчү дешет. Келдибектин манасчылыгына олуя акын Арстанбек таң бере мындай деген экен:
Келдибек Манас айтканда,
Шамал уруп, бук болуп,
Боз үйлөргө жүк толуп.
Чагылган учуп чартылдап,
Кереге-уук карчылдап.
Ат дүбүртү угулуп,
Журт атасы Манастын,
Алмамбет, Чубак, Сыргактын,
Арбагы көзгө урунуп.
Кырк чоро кырдан суурулуп,
Желеде кулун чыңырбай,
Кымызга көңүл бурулбай.
Төөлөр чөгүп жоодурап,
Койлор жуушап, кепшебей,
Коңулда иттер эт жебей.
Аздектеп турчу бардыгы.
Кара тору түспөлү,
Кыпкызыл болуп чыңалып,
Арча отундай чок болчу.
Ашырып айтаар Манасты,
Ак уул, Куу уул кыргызда,
Андай адам жок болчу.
Он эки мүчө шалкылдап,
Бүт денеси балкылдап,
Тар дүйнөнү унутуп,
Кең бейиште жүргөндөй.
Сыйкырдуу дүйнө аралап,
Керемет болуп кеткенин,
Көргөн жайым бар эле,
Көрбөгөн адам зар эле.
Келдибектин өнөрү жөнүндө мындан таасын, мындан так сөз табуу кыйын. Бир сөз менен айтканда, Келдибек сейрек кездешүүчү, чыныгы алп манасчылардын бири болгон.
Назар Болот уулу (1828-1893) Ысык-Көлдүн Түргөн болуштугуна караштуу Сары-Камыш айылынан чыккан. Аны көрүп билгендер анын чоң жомокчу болгондугун, эпостун үчилтигин толук билгендигин эскеришет. Чокон Валиханов жазып алган “Көкөтөйдүн ашы” дал ушул Назар манасчыдан Жыргалаң суусунун боюнда жазылып алынган деген маалымат бар.
Тыныбек Жапый уулу (1846-1902) - манасчылардын ири өкүлү, өзүнүн артынан далай шакирттерди өстүрүп чыгарып, манасчылыктын өзүнчө бир мектебин түптөгөн. Ысык-Көлдүн Кайнар деген айылында жарык дүйнөгө келген. Эл ичинде: «Тыныбек “Манас” айтып атканда жерден бир карыш көтөрүлүп калчу, көл үстүнөн басып кетчү. Дүйнөдөн кайтканда Ай тутулуп, табият да улуу жомокчуга аза күткөн»,- деп айтылган. Тыныбектен «Манас» жазып алуу үчүн келгенде, алардын эмне максатты көздөгөнүн ачык билбеген жомокчу Семетейден айрым бир үзүндүлөрдү гана айтып берген. Ал үзүндү “Семетейден бир бөлүм” деген ат менен араб арибинде 1925-жылы Москвадан жарык көргөн. Ал эми Кыргызстанда болсо, китеп болуп 1994-жылы биринчи ирет жарыяланат. “Манасты” өмүр бою оозунан түшүрбөгөн Тыныбек өлүм алдында да:
Таштабай айттым сөзүңдү,
Өзүмө өзүң тапшырган.
Тагдырга жакын болгон бейм,
Танып барам акылдан.
Кыргызга нускам калбады,
Кыраан Манас Баатырдан.
Арманым ушул, калайык,
Арбактуу эрди таштабай,
Айтса экен элим артымдан! – деген.
Айткандай, анын артынан далай шакирттери чыгып, сөзүн жерге таштабай улап кетти. Андан таалим алган Тоголок Молдо, Сагымбай, Калыгул, Байбагыш, Деңизбайлар өз мезгилинде белгилүү манасчылардан болгон
Кенжекара Калча уулу (1859-1929) - семетейчи, манасчылыктын салттуу түрүнөн айырмаланып, эпосту аспаптын (кыл кыяктын) коштоосу менен аткарган. 1859-жылы Пишпекте төрөлгөн. 1903-жылы Россия география коому Ала-Тоо кыргыздарына экспедиция уюштуруп,курамына түрк тилин билген офицер А.Белинский менен сүрөтчү Б.Смирновду кошушат.Алар Пишпек уездинен Кенжекара акынга жолугуп, андан “Семетейдин” үзүндүсүн үн жазгычка жазып алышат.А.Белинский “Манастан”жана “Семетейден” орус транскрипциясы менен кагазга түшүрүп ,ал тексттерди орусчага которот.Сүрөтчү Б.Смирнов манасчы Кенжекаранын сүрөтүн тартып алган. 1903-жылы анын аткаруусундагы ―”Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү “ жана “Ак бала баатыр жөнүндө ыр” деген чыгарма сүрөтчү Б.Смирнов тарабынан үн жазгычка жазылып алынган. Б.Смирнов мындайча эскерген: ―Жөнөкөй тери тон кийген, башында шуңшуйган калпагы бар, колуна куржун кармаган кичинекей жалпак кыргыз жакындап келип, шашпай аттан түштү. Бөлмөгө киргенде Кенжекара калпагын алып, топучан калды. Ал орто жашап калган киши экен. Жерге малдаш токунуп отуруп, куржундан кыл кыягын алып чыкты. Бул аспап биздин скрипкага окшогон кылы бар музыкалык аспап. Ырчы кыяктын кылын кармап көрүп, бир-эки жолу чалды да көкүрөктүн тереңинен коңур үн чыгарды. Бул музыкадан жана ырдоодон болгон таасирди айтуу кыйын... Кекиртек менен ырдалган үн музыканын өзүнө ылайык келип, жарашып турду. Ал ырдап жатканда угуучуларга такыр караган жок, өзүн курчап турган кишилерди унутуп койгондой болду‖. Сүрөтчүнүн бул маалыматы Кенжекара манасчы тектеш элдер ырдап жүргөн азыркы көмөкөйдөн ырдоо өнөрүн билгенин маалымдайт.
Б.Смирнов тарткан Кенжекаранын сүрөтү- биринчи жолу полотного түшүрүлгөн манасчыынын жандуу сүрөтү, сейрек кездешкен аёолуу тарыхый- этнографиялыке мүлк, оригиналдуу искусство чыгармасы,- дейт С.Байгазиев. Б.Смирнов эпостун узүндүсүнүн мазмунуна ылайык “Семетейдин Айчүрөккө жолугушу” деген сонун сүрөттү тартып, 1914-жылы Москвадан чыккан ”Түркстан талааларында” (“В степях Туркестана”) деген китебине жарыяланган.
Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахманов) (1860-1942) - кыргыздын белгилүү жазма акыны жана манасчысы. 1860-жылы Ак-Талаа районундагы Куртка деген айылда туулган. Атасынан 14 жашында ажырап, андан кийин аталаш агасы Музооке ырчынын тарбиясында жүргөн. Тыныбек манасчынын ал жашаган айылга келип “Манас” айтышы жаш балага катуу таасир эткен. Кирпик ирмебей тикирейип карап отурган баланы кыраакы Тыныбек да байкап, өзү менен ала кеткен, Тоголок Молдо деген ылакап атты берген. Тоголок Молдо санжыра-тарыхты мыкты өздөштүрүп, Манастын тарыхый доорун тапканга да бир топ далалат кылган. ―Манасты өз вариантын өзү кагазга түшүрүп, 1937-жылдан тартып 1941-жылга чейин Кыргыз Илимдер академиясына «Манас»үчилтигинен 98 703 сап ыр тапшырган. Анын ичинен “Семетей” 44 873 сап ырдан туруп, башка бөлүктөргө караганда толук жазылган. Ал эми “Манастын ашы” сыяктуу эпизод башка манасчыларда кезикпегендиги менен айырмаланып турат.
Белгилүү манасчы Чоюке Өмүр уулу (1863-1925) Ысык-Көлдүн Түргөн болуштугуна караштуу Кара-Бөлтөк айылында дүйнөгө келген. Чоюкенин түшүнө баатырлар көп жолу аян берген экен. Калың эл «Манасты» Чоюкедей эч ким айта албайт деп баа беришкен. Шакирти Саякбай Карала уулу Чоюкенин ашкере талантын: “Чоюке – чынар, мен – чырпык. Чоюке – бүркүт, мен – чымчык” деп баалаган. Айрыкча Каныкейдин Тайторуну чапкан жерин айтканда, ыйлабаган киши калчу эмес экен. Саякбай да ушул бөлүктү аябай 22 ийине жеткире мыкты аткарганына караганда, өз устаты Чоюкеден өздөштүрсө керек деп болжолдосо болот.
Атагы калың журтка белгилүү манасчылардын бири Шапак Ырысменде уулу (1863-1956) Кочкор өрөөнүндөгү Шамшы деген айылда жарыкка келген. Ага атактуу Балык манасчынын тийгизген таасири зор. Андан “Манасты” көп угуп, эпостун сыйкырына арбала берет. Аян берген түштөн кийин ал биротоло ” Манас” айтууга белсенет. 26 жашында Сагымбайга кезигип, бирге ээрчишип жүрүп, бири-биринен таалим алышат. Кийинчерээк, айтылуу Акылбек манасчыга да жолугуп, андан да таалим алат. Шапак манасчыдан 1935-1948-жылдар аралыгында ”Манастын” үч бөлүмү тең: ”Манастан” – 24 588 сап ыр, ”Семетейден” – 42 338 сап ыр, ”Сейтектен” – 14 718 сап ыр жана «Манас»эпосунан сырткары ”Мендирман”, ”Жаныбек” сындуу кенже эпостор жана элдик макал-ылакаптар жазылып алынган. Залкар манасчы Сагымбай Орозбак уулу (1867-1930) Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Кабырга деген айылда туулган. Сагымбай кайып дүйнө менен кадимкидей аралашып, таң калычтуу учурларга өтө эле көп кезиккен. Эч нерсе жок жерден айыл иттери ызы-чуу түшүп, бир нерсени ээрчий чуркашып, абалап үрүп калганын көрүп түшүнбөй турган элге: “Баатырдын колу келди. Курмандыкка союш сойгула“ –деген Сагымбайдын сөзү ары сырдуу, ары сүрдүү угулар эле дешет. Анын жанындагы аксакал кишини көрүп чочуп кеткен аялын сооротуп, ал киши бала кезинен бери жанында келе жатканын, өзү кер мурут болгондо, ал да кер мурут болгонун, кара сакал болгондо, карасакал, аксакал болгондо, аксакал болгонун айтып жооткоткон. Өзү өмүрүндө калп айтпаган, куулук-шумдук менен жумушу жок адам болгон. Ден соолугуна байланыштуу андан үчилтиктин ”Манас” бөлүмү гана жазылып калган. Сагымбайдын варианты ырынын кооздугу, түзгөн элестеринин тереңдиги жана байлыгы, эл турмушун кенен алып, таамай сүрөттөй алгандыгы менен өзгөчөлөнүп турат. Сагымбайдын талантына манасчылар өздөрү да таазим этип, баш ийишкен. Мисалы, жыйырманчы кылымдын Гомери аталган Саякбай Карала уулу, бүркүтү Сагымбайдын күмбөзүнө конуп калгандыгына эле чексиз кубанып, өзүнчө ырым кылган. Сагымбай өзүн семетейчи катары эсептеп, үчилтиктин ушул бөлүгүн эң бир чеберчиликте аткарчу дешет. Тилекке каршы, ал бөлүгү бизге жеткен жок. Андан “Манасты” жаздыруу ортолоп калганда, Ыбырайым Абдырахманов: Саке, дагы канча калды? – деп сураса, алдындагы чоң чарада турган эттен уучуна толо алдыртып: “Жазганыбыз уучуңдагыдай болсо, жаза элегибиз чарадагыдай калды “ деген экен. Анысына караганда, залкар манасчынын “Манасы” ичинде кеткенине «аттиң» деп өкүнөсүң. Сагымбайдын оозунан жазылып алынган үчилтиктин ”Манас” бөлүгү 180 378 сап ырдан турат. Анын “Манасы” аркылуу кыргыз эли бүтүндөй дүйнөгө сыймык кыла алат.
Жаңыбай Кожек уулу (1869-1942) Жумгал районунда туулган. Жети атасы тең: Айдарбек, Сүйүнбай, Сакөчүк, Теңирбай, Сары, Жаманкары, Кожек «Манас» айтып келишкен. Жаңыбайдын «Семетейин» жазып алууда «Манас» жыйноочу Каюм Мифтаков чоң эрдик жасаган. Ал Жаңыбайды үйүнө чакырып, тамагын, кийимин камсыздап жана күнүнө 200 сомдон төлөй турган болуп макулдашып, 1936-жылдын сентябрь айынан баштап 1937-жылдын март айына чейин жүз басма табак көлөмүндөгү эпосту «Семетей» эпосун толук жана «Манастын санжырасы» жана «Манастын балалык чагы» бөлүмдөрүнөн үзүндүлөрдү жазып алган.
Манасчылык касиеттти, өнөрдү алып жүргөн көп кырдуу улуу өнөр адамдарынын атай кете турган болсок; Ырамандын ырчы уул, Жайсаң, Токтогул, Нооруз, тууралуу бир нерсе айтуу кыйын, биз айтып улап кулак кагыш кылганыбыз болбосо, булар тууралуу фактологиялык материал жокко эсе.
XVII кылымдын акыры, XVIII кылымда болжолдуу жыл наамы менен алганда, Келдибек Карбоз уулу (1780-1880), Балык Бекмурат Кумар уулу (1799-1887), Назар Болот уулу (1823-1893), Чоодон (1885-1900) жылдар аралыгында жашап өткөндүгүн божомолдошот.
Булардан кийинки сапта: Ташмат, Касымбай Беки, Сырдыбай, Муса, Исагул жана башка манасчылар тууралуу айрым аңыздар айтылып келет. ХVIII кылымдын акыры ХIХ кылымдын башы кыргыз элине, Чоюке Өмүр уулу (1863-1925), Акылбек (1840-1920), Тыныбек Жапый уулу (1846-1902), Тоголок Молдо (1886-1942), Кенжекара Калча уулу (1859-1929), Жүгөрү Назар уулу (1864-1941), Сагынбай Орозбак уулу (1867-1930), Жаңыбай Кожек уулу (1869-1942) өңдүү жоон топ өнөр адамдарынын ысымын алып келди.
Чын чынына келгенде жогорудагы эки чоң агымдын өкүлдөрүнүн ичинен Шапак Рысмендеев, Багыш Сазановдун, Сагынбай Орозбаков, Жаңыбай Кожековдун, варианттарынын жазылып алынганын айтпаганда, же Тоголок Молдонун жазма вариантын айтпаганда башкаларынын толук вариант жазылып алынган эмес, бирок таптакыр дагы жок эмес бар. Мисалы, Тыныбек Жапый уулунун вариантынан колго тутар, басмада жарык көрүп калган “Айчүрөктүн Ак шумкарды ала качышы” өңдүү эпизод менен топук кылабыз. Булардын изин суутпай көрөңгөнү улаган Алмабек Топчубек уулу (1897-1940), Дыйканбай (1873-1923), Жакшылык Сарык уулу (1880-1943), Жандаке Байболот уулу (1853-1917), Матисак Акбай уулу (1877-жыл болжолдуу жыл намы).
Даректүү кошумча маалыматтар (КИУАнын кол жазмалар фондусунан инв.№1022а...... жана А.Асанканов, Н.Бекмухамедованын “Акындар жана манасчылар-кыргыз элинин руханий маданиятын түзүүчүлөр жана сактоочулар”-деген 1999-жылы чыккан илимий-популярдуу эмгегинен алынды (39-40 бб). Мындан сырткары элдин катмарына толук сиңе элек, даректер толук так айтылбаган манасчылардын ысымдары да бар (Т.Бакчиев түзгөн Манасчылар, 2013).
Манасчылардын кийинки сабында ХIХ кылымдын акыры ХХ кылымдагы гомери аталган С.Каралаев (1894-1971) баш болгон , Молдобасан Мусулманкулов (1883-1961), Мамбет Чокморов (1896-1973), Ыбырайым Абдрахманов (1888-1967).
Салттуу манасчылардын соңку сабында Чоюке Өмүр уулунун небереси Шаабай Азизов (1927-2006), Кааба Атабеков (1924-2007), Сейдене Молдокеева (1928-2008) өңдүү манасчы, семетейчилерибиз жашап өткөн.
Адатта манасчылык касиетке өзгөчө маани берип, анын сырдуу табигый талантынын ачкычын ачууга далалаттанып келгенде, буларды бөтөнчө жаралган индивид катарында кабылдоого туура келет.
Жалпы эле дүйнөлүк фольклористиканын алкагында албаганда да, кыргыз фольклористика илиминин, анын ичинде манас таануунун тарыхында В.В.Радлов, Ч.Ч.Валиханов , В.М.Жирмунскийлерден тарта манасчыларга так аныктама берүү, анын мүнөзүн белгилөө өңдүү илимий –теориялык иликтөөлөргө сереп слсак, М.О.Ауэзов белгилегендей “табигый дааруу” касиетинин таасирсиз манасчы болушу кыйын экени тууралуу божомолго маани бербей кою мүмкүн эместей. Бул ойго пикирлеш ойлор профессор Р.З.Кыдырбаеванын, Ж.К.Орозбекованын илимий эмгектеринен орун алат.
Манасчылар жана алардын варианттары тууралуу жалпы маалымат
30-60-жылдар аралыгында Саякбайдын “Манасын” кагазга түшүрүү менен катар эле, эл ичиндеги башка чоң манасчылардан да эпосту жазып алуу бир кыйла активдүүлүк менен улантылат. Эгерде эпостун “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” сыяктуу үч бөлүмүн тең айткан жана кагазга түшүрткөн таланттуу үлкөн манасчылардын атын атасак, анда алар булар: Тоголок Молдо, Молдобасан Мусулманкулов, Шапак Ырысмендеев, Багыш Сазанов, Мамбет Чокморов, Жаңыбай Кожеков, Ыбырай Абдрахманов сабаттуу, жаза билген инсандар болушкандыктан, үчилтиктин үч бөлүмүн тең өз колдору менен жазып илимий фондуга өткөрүшкөн. Тоголок Молдонун үчилитигинин бардыгы-98703 сап ыр.
Ы.Абдрахмановдун “Манас” бөлүмүнүн ыр жолдору 17859 сапты түзөт. Молдобасан Мусулманкуловдун С.Байсалов менен А.Тайгүрөңов тарабынан жазылып алынган “Манас” жана “Семетей” 203 миң саптан турат. М.Мусулманкуловдон “Кедейкан”, “Жаңыл Мырза”, “Курманбек”, “Жаныш-Байыш” эпостору да кагазга түшүрүлгөн. Жаңыбай Кожековдон айтылуу К.Мифтаков “Семетейди” толук, “Манастан” үзүндү жазып алган. Алардын баары 19445 сапты түзөт. Шапак Рысмендиевдин Ж.Наматов кагазга түшүргөн үчилтигинин ичинен “Манас” бөлүмүнүн көлөмү 24160 сап. Багыш Сазановдон М.Багышов , Т.Абдыраков, Иноят Мусаев тарабынан жазылган “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” чогуусу менен 101580 сап ырдан турат. Мамбет Чокморовдун варианты (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек”) 1959-72-жылдарда Академиянын “Манас” секторунун кызматкерлери Муңдук Мамыров, Эсенаалы Абдылдаев жана манасчынын уулу Касымбек Мамбетов тарабынан жазылып алынган. Трилогиянын жалпы көлөмү 148557 сап ыр. Ошондой эле М.Чокморовдун “Манасы” узундугу 9700метрге жеткен магнитофондук тасмага да түшүрүлгөн.
Мындан сырткары ар кайсы жылдарда ар түрдүү манасчылардан, семетейчилерден, айтуучулардан жазылып алынган трилогиянын айрым узун же кыска эпизоддору, үзүндүлөрү, бөлүмдөрү ушул күндө Академиянын кол жазамалар фондусунда сакталып турат.
“Манастын” чоң кичинеси болуп канча варианты бар экендиги жөнүндө ар ким ар кандай маалымат берип келет. А түгүл1995-жылы чыккан эки томдук “Манас” энциклопедиясынан да бул туурасында так маалымат алуу кыйын. Манас изилдөөчү Омор Соороновдун “Кыргыз Руху” газетасына жарыяланган төмөнкү маалыматты “Манастын” варианттары жөнүндөгү эң соңку конкреттүү так маалымат болуп эсептелет. О.Соороновдун фактыга негизделген ошол маалыматын келтирели:
“Манас” жөнүндө сөз кылганда эпостун көлөмүн көптүрүп айткысы келгендер алтымыш-жетимиш, андан да көп варианттар бар дешсе, айрымдар он бештен ашырбай да коюшат. Жыйынтыктап айтканда, О.Сооронов тил, адабият жана искусство институтунун алдыңдагы кол жазмалар фондусунда “Манас” үчилтигинин 78 варианты бар экендигин тастыктаган. Манасты эл арасынан иликтөө, жыйноо бүгүнкү күндө да уланууда.
Манасчы деп “Манас” айткан кишини айтабыз. Манас деген сөздүн лексикалык мааниси кандай, этимологиясы кандай чечмеленет? Муну белгилүү окумуштуулар К.Юдахин, К.Карасаевдер чечмелөөгө аракет кылышкан.
Манасчылардын жеке чыгармачылыгынын калыптануу этабы боюнча белгилүү манас таануучу, окумуштуу С.Мусаев төмөндөгүдөй бөлүштүргөн:
Үйрөнчүк манасчы
Чала манасчы
Чыныгы манасчы
Чоң манасчы деп 1976-жылы бөлгөн.
С.Мусаев белгилеген манасчылардын калыптануу этабын манас таануучу окумуштуу ж.Орозобекова төмөндөгүдөй чечмелейт:
1. Үйрөнчүк манасчы- манас айтууга жөндөмү бар, шыктуу бала, табигый дааруу касиетинин таасиринде манасты угуп (манасчынын жанында же аралыктан) өздөштүрүп, айтуучулуктун техникасын үйрөнөт.
2. Чала манасчы – эпикалык чыгарманын айрым өзөктүк сюжеттеринен көңүлүнө сактап калып айтып калган мезгили.
3.Чыныгы манасчы- мында төкмөчүлүк, жамакчылык, жомокчулук сапаттары айкын көрүнүп, эпикалык чыгарманын негизги озөктүү окуяларын системалуу түрдө оозеки жат алып айтып калган кези.
4.Чоң манасчы- бул убакта кадимки салттуу манасчы болуу менен бирге эпикалык чыгарманы толук кандуу өздөштүрүп, импровизациялоого жетилген убагы.
Манасчылык өнөр жана түш көрүү
Манасчылык өнөр, анын өсүп – өнүгүүсү тууралуу сөз кылганда эң негизги маселе – манасчынын түш көрүүсү. Айтуучулар оздөрүндөгү талант шыгынын ойгонушу үчүн, андан –ары өркүндөп өсүшү үчүн оздөрүнүн устаттарынын чыгармачылыгын сөзсүз турдө оздөштүрүүгө мажбур болгон. Манасчылык өнөрдү аркалап калышына да өздөрүнүн устаттары сыяктуу эле түш көрүү менен байланыштырышкан. Түш көрүү боюнча изилдөөчүлөрдүн арасында түрдүү пикирлер, көз караштар орун алып жүрө.
Көпчүлүк манасчылар түшүбуздө баатырларды көрдүк, алар аян берди дешет, себеби төмөнкүлөр болушу мүмкүн деген жоромолдор бар: 1.“Манастын” мазмунунда ислам динине каршы келген эпизоддор кездешет. М, Манас да. Семетей да 12ге келгенде кожо-молдолорду сабашат.
2. Кыргыздын эмчи –домчулары ооруну айыктыруу үчүн куран аяттарын, касида окубай эле, келме келтирбей, “Манас” айтышып элдешкен. Буга дин өкүлдөрүнүн кыжыры келип, манасчыларды, жомокчуларды куугунтукташкан. Ошондуктан, жомокчулар өз кесибин кожо- молдолордон коргоп калуу учүн да арбактар тушкө кирип, аян берди дешкен. Түш көрбөй, арбактар аян бербей жөн эле айтып калдым дешсе, аброю анчалык болгон эмес. Манасчылардын эң таланттуу өкүлдөрүнүн бири Келдибек түш кордүм деген соң, анын “Манасын” гана мурас кылып албастан, түшүн да мурас кылып алган деген көз караштаы карманган окумуштуулар да кездешет.
Биздин оюбузча, бир нерсени алдыга максат кылып, анын үстүндө аракеттенген ар кандай адамга эле ошол түшүндө кириши мыйзам ченемдүү эле физикалык кубулуш. “Манасты” үйрөнүү абалында жүргөндө түрдүү кыялдарга батып, элдик баатырларды, алардын согуштук иш-аракеттерин , минген аттарын, курал-жарактарын элестетип жүрүп, түшүндө алар менен аралашып кеткен учурлары дале болушу толук мүмкүн. Белгилүү манас таануучу окумуштуу Ж.Орозобекова түш көрүүнүн маанисин төмөндөгүдөй чечмелейт: “Кыргызфольклорунун тарыхында ушул себептүү манасчылык өнөргө келүүнүн алдында “керемет түш” жөнүндөгү баян, “түш көрүү” процесси традициялык мүнозгө ээ болуп келет. Ар бир айтуучунун айтымында ар башка сюжеттик мазмун, ар кандай символдук образдар “жакшы ойлонуп табылган” кызыктуу аңгеме баянына айланган.
Бул сыяктуу керемет түштөргө мүнөздүү бир жалпылыкты айта кетсек. Көбүнчө эпикалык каармандардын элеси, үнү, көпчүлүк убакта таруу, буудай же кумдун кириши, символикалуу түрдө мааниге ээ. Таруу – “Манас” эпосунун бүтпөс саптарына салыштырылып, кум-таш болочок манасчынын түйшүгү, изденүүсү менен жорулуп, керемет түштөгу окуянын ачык элестеши, жөнөкөй адамдарды да ишендирбей койбойт.
Манасчылар түш баянын айтканда теңирге, арбактарга сыйынып, каармандар менен жанаша жүргөндөй өздөрүн эркин ишенимдүү сезе алышат. Керемет түш биздин байкообузга караганда манасчыга бир нече ирет кайталанып кирет көрүнөт. Анткени психологиялык жагдайдан алып караганда алгачкы белги , алгачкы түш болочок манасчынын көңүлүндө орноп калат да, ал эске тутулган маалымат кайрадан бир убактарда сөзсүз кайталанышы ыктымал, бул адамдагы физиологиялык абалдын иштешин көргөзөт. Манасчы бул көрүнуштү бизге салыштырмалуу башка көз карашта, өзүнүн жеке түшүнүгү менен кабылдайт.
Эми манасчынын түшүн , анын түшкө болгон реакциясын текст менен бирге анализдеп көрөлү. Саякбай бир жолдошу менен өздөрүнүн айылына жакын Орто Токойдогу бир айылда жарамазан айтып жүрүшүп кеч кайтышат. Анча – мынча олжолуу да болушат. Экөөнүн үйү жолдун эки тарабында болгондуктан эки жакка үйлөрүнө кайтышат. Саякбай капчыгай ичи менен келе жаткан болот, убакыт таңга жуук маалы дейт, ал аңгыча болбой кыйкырык чуу үн угулат. Андан ары эмне болгонун билбейт, ошол уккан жерине эси ооп жыгылып калыптыр.
Ошол убакта түш көрөт. Түшүндө кула кашка тай минип алыптыр, ошентип келе жатып жолдон бир чоң кара ташка кез болот. Жакындап келип караса ал таш эмес эле чоң ак үй болуп чыга келет. Уйдүн жанында бир көк тулпар байланып туруптур. Ээн талаа жерде бул кайдагы боз үй болуп кетти деп айраң таң калат. Бир оокумда сыйда кара сакалы бар, кара тебетей кийген бир атчан келет да, эсин жыя албай жаткан Саякбайдын жанына токтой калып: Жандын баары козголуп, кырк эки түмөн кол болуп, түнөрүп баткан жоого аттандык эле, сенин жолукканың абдан жакшы болду. Биле жүр, кадимки Бакай бабаң мен болом дейт алиги кара сакал адам.
Манас баатырдан сага “бере кет”, -деген аманат күл азыгы бар эле бере кетейин “оозуңду ач”,-дейт. Саякбай таң калган боюнча оозун ачат. Бакай, саякбайдын оозуна толтура таруу куюп жиберип, “чайнап бардыгын жут, жутпасан кордук көрөсүң”, -деп опузалайт. Саякбай какап-чакап бардыгын жутуп жиберет. Оозундагы таруу эмес эле кум-таш өңдөнөт. Жеп болгон соң Бакай колунун учу менен жогорку жакты көргөзөт: “тээтиги ак кула минип балкайган, таалайы адамдын артык жаралган баатыр Манас; анын берки жагында,кынсыз кылыч байланган, Ай сарала ат минген Алманбет деген шер ошол; андан бери карасаң Көгала ат чураткан Чубак баатыр; анын соңунда атка жеңил, тайга чак Улаккандын эр Сыргак. Манас экөө ага – ининин балдары. Эми сен жети жыл өткөн соң, манасчы болосуң, азыр атынды минип айылыңды көздөй кете бер. Алдындан бир ак ирик айдаган аксакал адам жолугат. Анын иригин сатып алып, манастын арбагына багыштап союп, этин элге тарткын,”-деп коюп жок болуп кетет.
Түшүнөн чоочуп ойгонот,жан- жагын караса эч ким жок.Коркконунан шашыла туруп,атын минип айылын көздөй жөнөйт.жолдо келе жатса Бакай айткан иригин айдаган аксакал жолугат.Бакайдын айтканын орундап бир ирик сатып алат. Үйүнө барып үй-бүлөсүнө айтып түлөө өткөрөт. Жети жыл өткөндөн кийин Саякбайдын баякы керемет түшү кайталанат. Түшүндө Бакай :”сага көрүнгөндөн бери жети жыл өттү, бүгүндөн калбай алдындагы атынды Манастын арбагына атап союп элден бата алгын”,-дейт.Чоочуп ойгонсо түшү. Атасына түшүн айтат, кудайга жалынып баатырдын арбагына багыштап атын союп, элден бата алат экен. Ошол күндөн баштап оозума манастан саптар келип айтып калдым, деген экен маркум Саякбай Каралаев. Эми Келдибек манасчынын түшү жөнүндө айтылган маалыматтан алып көрсөк ;”сен дайыма арбактарга багыштап мал союп, куран окутуп жүр,антпесең эркек тукум көрбөй каласың”,-деген так текстин түштөгү чагылышы (чынында манасчыдан эркек тукум калбаган дешет)өңдүү маалыматтарга караганда “керемет түштүн”кириши анын маанисинде бир купуя сыр бар сыяктанат. Түш аркылуу манасчы боло турган окуяны алдын ала билүүсү, көзү ачык адамдардын бал ачканы сыяктуу сезилет. Бул убакта адамдын психологиясында кооптонуу,коркунуч пайда болот,психологиялык процесс жүрөт көрүнөт.Манасчы түш көрдү, түшүндө элестүү аян болду, ал жөнүндө ,же бир нече убакыт өткөн соң анын жашоосунда өзгөрүү болгондогу кези менен дал келип калды. Манасчы ушул убакыт ичинде түйшөлүү абалында болот. Маселен: “ ...бир адам пайда болуп, буларды билесиңби?-деп эле менден сурай баштады.Жок, билбейм мурда көргөн эмесмин дейм. Ал ангыча Манас кырк чоросу менен Чыгыштан Батышты көздөй кетип бара жатыптыр.“ Коркпогун” –дейт дагы бир үн, сен мындан ары манас айтып жүргүн ...,кимдир бирөө,” Ооба айтат, айтат,-дейт.Айта албайт,андан көрө көкүрөгүнө мөөр баскыла ,деген өктөм үн чыгат. Балким кыйналат башында,анан айтып кетет,мөөрүндү баса бер”,-дейт ишенимдүү баягы тааныш үн. Ал аңгыча болбой, ак селдечен,кыска куйрук ат минген бир адам, менен оң жак көкүрөгүмө мөөрүн баса салды. Болду эми жыйырмага келип калганда “Манас” айта баштайсын,- деп коюшуп көздөн кайып болушту. Ойгонуп кетсем түшүм (М.Чокморовдун түшүнөн)”.М.Чокморов түшүн эч кимге айтпай жүрө берет.Кийин оң капталы шал ооруга чалдыгып жатып калат.Баягы көрөн түшү эсине түшөт.Таякеси да жөн адам болгон эмес,ошол замат тууган урукка кабар кылып,жылкы союп элден бата алышат. Түш көрүү, көзүнө көзүнүү, кулагына үндөрдүн жаңырышы,ага ишеним артуу өндүү сезимдер манасчынын жан дүйнөсүнөн орун алган, кыялынан,оюнан кетпей турган нерсе. Ошендип манасчылар кичинеден көнүп олтуруп , кийин биротоло чыгармачылыктын арбоосуна тушугуп такшалган. Манасчынын “ теңирдин берген шыбагасы” анын импровизаторлугу, жамакчылыгы артистик жөндөмү менен ширелешип , кийин эпикалык дүйнөгө индивидуалдуу мамилесин жаратуу чегине чейин жеткен.