Просмотр содержимого документа
«Зордук зомбулукка каршы күрөшүү»
Зордук зомбулукка каршы күрөшүү
Зомбулук -кимдир бироого физикалык күч колдонуу, кордук көрсөтүү, кайсы бир жердеги мыйзамсыздык, кысым көрсөтуучулук.
Зомбулук -физикалык, психологиялык, негизги муктаждыктарына кайдыгер мамиле жасоо.
Психологиялык (эмоционалдык) зомбулук баланын жөндөмдөрүнүн өнүгүүсүнө бөгөт коюп, зыян келтирген аракет,эмоционалдык чыналуу, баланын коркуу, кемсинтүү, таарыныч, кайгыруу, көз артуу, басынууга көп учураган абалын айтабыз.
Физикалык зомбулук - бул атайылап физикалык залал келтируу.
Балдардын 73% үй-бүлөдөгү ташбоор жана тоотпогон мамиледен жапа чексе, 83.5% мектептеги зомбулуктун курмандыгы болот.
Зомбулук балдардын тагдырына балта чабат.
Алардын
жашоосуна жана саламаттыгына терс таасир тийгизгенден тышкары, зомбулук балдардын эмоционалдык абалына жана келечегине да чоң коркунуч жаратат.
Зордук зомбулук
Зомбулук муундан муунга өтүшү мүмкүн. Себеби зомбулукту көргөн балдар муну нормалдуу көрүнүш катары кабыл алышып, өзүнөн кичи муунга зомбулук кылышы мүмкүн.
Кыргызстанда балдарга карата катаал мамиле жана зомбулук кеңири жайылган көрүнүш жана түздөн түз балдар укуктарын бузууда.
МАСЕЛЕНИ КАНТИП ЧЕЧСЕ БОЛОТ?
Зордук-зомбулуктан жана ташбоор мамиледен жапа чеккен балдарды социалдык жактан коргоо жана реабилитациялоо үчүн ЮНИСЕФ Өкмөткө балдарды коргогон органдар тарабынан мындай балдарды коргоо боюнча туруктуу система түзүүгө жардам берүүдө.
2011-жылы балдарга колдоо көрсөтүү боюнча төрт борбор түзүлгөн. Ал жерде балдар – зомбулукту жана ташбоор мамиленин курмандыктары социалдык, психологиялык жана укуктук жардам көрө алышат.
Кыргызстан 17 жашка толо элек секелекти ала качуу үчүн Жазык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизген, анда он жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Социалдык нормалар, социомаданий практикалар жана ынанымдар басымдуулук кылып жаткан шарттарда ЮНИСЕФ балдар укуктары маселелери, ала качуунун терс таасири, эрте нике жана кыздын эркине каршы никеге мажбурлап тургузуу.
Ушул маселелер боюнча маалымдуулугун жогорулатуу үчүн ата-энелердин, балдарды баккан адамдардын жана бийлик органдарынын арасында туруктуу өнөктүктөрдү өткөрүп турууда
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!