СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Математикалык конкурс

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Математикалык конкурсту жыл аягында откорууну сунуштайм.

Просмотр содержимого документа
«Математикалык конкурс»

5-А,Б,В класстардын катышуусунда

МАТЕМАТИКАЛЫК КОНКУРС

Бул конкурстун максаты: Өтүлгөн темалар боюнча материалдарды оздоштуруусун текшерүү, окуучулардын математика предметине болгон кызыгуусун жогорулатуу, логикалык ой-жугуртуусун остуруу, математикалык тапкычтыкка, шамдагайлыкка о.э. окуучуларды ар тараптуу тарбиялоо.

Тарбиялык:

  1. Өз алдынча ойлонууга, эрктүү болууга, команда үчүн жоопкерчиликтүү болууга, көздөгөн максатка жетүүдө тайманбас болууга тарбиялоо

  2. Алган билимдерин турмушта пайдалануу жөндөмдүүлүгүн колдонууга тарбиялоо

  3. Өзүнүн көз карашынын тууралыгына ынандыруу менен башкалардын да оюн урматтоого тарбиялоо

Күтүлүүчү натыйжалар:

  1. Математикалык билимдерин бышыкташат

  2. Математиканын күндөлүк турмушта колдонуу манилуугун билишет

  3. Билген теор.маалыматтарын колдоно алуу жондомдуулугун остурушот, о.э озун-өзү өнүктүрүүсү үчүн пландаштырууга уйронушот.


Жабдылышы жана МКТ каражаттары: элек.доска, компьютерлер. Компьютердик презентациялар, плакаттар, лозунгдар, таркатмалар.

Конкурстун жүрүшүндө

https://docs.google.com/presentation/d/1p7t1bM-uUDmK-FbYyDdiTwC90sX42RJmoPNroF4323o/edit?usp=sharing презентациясын жүктөйбүз.


Конкурстун жүрүшү:

  1. «Саламдашуу» (окуучулардын саламдашуусу, эмблеманы коргоо )


«Сандар суйлойт» (5-в класс)


  1. “Логикалык суроолор”

  2. “Математиканы даназалаган фразалар жана ырлар”

  3. “Өнөрүң болсо өргө чап” (колдон жасалган буюмдар, сүрөттөр)

  4. “Күтүлбөгөн суроолор» конкурсу

  5. “Бийле жигит, бийле кыз”

  6. “Макал-лакаптар” (сан катышкан)

  7. Тест (телефондо иштешет)

5-в класс. Акыйнек айтышуу

  1. “Куунактар” конкурсу жана “Жуптар” оюну (компьютерде ойношот Learningapps )

  2. “Ашыкча сөздөр”

https://www.canva.com/design/DAFmbCnC6tM/dFCmnhmuSVYt_2gJIZuiGg/view?utm_content=DAFmbCnC6tM&utm_campaign=designshare&utm_medium=link&utm_source=publishsharelink презентациясы



Катышуучуларды сыйлоо. Жыл ичинде эн жакшы жетишкендиктерге жетишкен окуучуларды,о.э. конкурста активдуу катышкан окуучуларды “Жылдын мыкты жаш математиги”, “Эн акылдуу” номинациялары менен сыйлоо.




Уюштуруу учуру:


Алып баруучу: Саламатсыздарбы агай – эжейлер, кымбаттуу окуучулар. Конулдуу кечиниздер менен кымбаттуу математика илиминин куйормандары!

Биздин «Математика - акылдын гимнастикасы» конкурсуна кош келиниздер.

Кечеде сиздер учун 5- класстын окуучулары математикалык онорлорун корсотушот.

Бул конкурска 5-класстын эки командасы катышат.(Командалар келип орун алышат) Командалардын иш аракетин калыстар тобу баалап берет. Калыстар тобу менен тааныштырайын: _____________________эже жана ________________эжеке.  Урматтуу эжекелер, конкурстун катышуучулары жана кʏйɵрмандар! Биздин бʏгʏнкʏ «Математика - акылдын гимнастикасы» конкурсун ачык деп жарыялоого уруксат бериңиздер.


  Конкурстун катышуучулары менен тааныштырып кетейин  :                            

1 – команда: “Акылдуулар”

2 – команда: “Билимдуулор”



1- КОНКУРС: САЛАМДАШУУ (математиканы даназалоо.ырлар, учкул создор, эмблеманы коргоо)

Конкурстун 1 – шарты: Саламдашуу

Кезек 1 – “Билимдуулор” командасында:

1 – окуучу: Урматтуу эжей , агайлар!

       Атаандаштар калыстар.

       Салам айтабыз сиздерге.

       Биринчи жетиликтин атынан.

2 – окуучу: Ар бир адам саламдашуу,

       Эзелтен кыргыз салты экен.

       Элимдин салтын улантуу,

       Элибиз кыргыз наркы экен.

3 – окуучу:Математика илими ушул кʏндɵ,

       Жайылды жер жʏзʏнɵ , бʏт дʏйнɵгɵ.

       Кызыгат дʏйнɵ эли, бʏт адамзат,

       Математика илимин ʏйрɵнгɵнгɵ.

4 – окуучу:Жер шарынын формасын салыштырдык,

       геометриялык фигурага, сферага.

       Касиеттʏʏ илим менен ɵнʏгʏп,

       тʏшʏнсɵк деп, ааламдын сырларын.

5 – окуучу:Математикада болот жети амалдар,

       Жетɵɵнʏн тең укмуштуудай сыры бар.

       Жеткиликтʏʏ илим менен билимге,

       Жеткирет го биздин эжей агайлар.

 

Кезек  2 – Акылдуулар” командасында:

1 – окуучу:Салам айтабыз адегенде биз сиздерге,

       Салам айтуу салт экен биздин элде.

       Саламдашпай ɵтʏп кетсең башка кепке,

       Айып болуп калат го, анда бизге.

2 – окуучу:Саламдашпай сɵз баштаба,

       Деген кеп бар кыргызда.

       Демек таазим кылабыз,

       Мугалим эже , атаандаштар, баарыңа.

3 – окуучу:Акылыңды ɵстʏрɵт да , ɵркʏндɵтɵт,

       Маселе иштеп чыгарганды ʏйрɵтɵт.

       Турмуш жашоо тиричиликте колдонулат,

       Баамдап кɵр , ал эмне экен баатырак..

4 – окуучу:Туура айтасың бул алгебра,

       Кыялы кызык ал неме,

       Чыгарсаң такыр чыкпай койчу.

       Убайым кылган кишини кээде.

5 – окуучу:Эзелтеден 7 саны кыдыр экен

       Бул сандын ыйыгында шек жок экен.

       Тʏпкʏ атасы жетɵɵ болот адамдын,

       Касиети ушунда эмеспи бул сандын.



«САНДАР СУЙЛОЙТ»

5-в класс окуучулары сиздерди натуралдык сандардын турлору менен тааныштырып отот.

Алып баруучу: Бугун бизде сандар да суйлойт. (“Сандар” орун алышат.)

“Сандар” болуп катышкан окуучулар моюндарына нат. сан, аттуу сан ж.б. сандарды илип чыгышат.


2-КОНКУРС: ЛОГИКАЛЫК СУРООЛОР

Математика термини грек тилинен алынган жана билим, илим дегенди тушундурот. Бул так логикалык байкоодогу эсептөө операциялары менен алектенген илим. Ошондуктан, балдар, суроолорго так, туура жооп беребиз.

СУРООЛОР:

  1. Марат коёндордун уясында 12 жуп кулакты санайт. Мараттын канча коёну бар?

  2. 10 үйдүн электр лампасы күйүп жаткан. 2 жуп үйдүн лампочкасы өчүп калган. Канча үйдө лампалар күйүп турат?

  3. Сүрөтчү 20 баланы боёш үчүн канча көз, кулак, канча кол жана бут тартуу керек? Баары канча болду?

  4. Медина азыр 5 жашта, 4 мезгилден кийин канча жашта болот?

  5. Айназик 12ге чыкканда 15ке дагы канча ай чыгаарын эсептеп чыкты. Айназик канча айдан кийин 15ке чыгат?

  6. Фатима 12 айда 10го, Жылдыз 12 айда 10го чыгат. Эжелердин экөө тең канча айдан кийин 10 жашка толот?

  7. Медина 3 метр атластан кооз көйнөк тикти. Апасы 3 метр жибектен Мединага канча көйнөк тигип бере алат?

  8. Тазагул туура 56 күндөн кийин сынак тапшырат. Экзаменге канча жума калды?

  9. Буудайды 3 саатта, арпаны 120 мүнөттө жыйнады деди. Сейит бардыгын канча саат чаап бүттү?

  10. Эшиктин алдында 24 жуп бут кийим турат. Үйдө канча конок бар экенин билип алыңыз.

  11. Үйдүн төрт бурчунда төрт мышык.
    Ар биринин каршысында бирден мышык.
    Баары бириксе, канча мышык? ( торт мышык)

  12. адамдын кайсы органы 80 градус ысыкка чыдайт? (ооз)

  13. Жарык болмодо эмнени корууго болбойт? (карангылык)

  14. Үч мышык олтурат.

  15. Карама-каршысында экиден мышык.
    Бардык мышыктар канча? (уч мышык)

  16. Мейманканада 7 кабат бар. Биринчи кабатта төрт адам жашайт. Ар бир кийинки кабатта алдыңкысына караганда 2 адамга көп. Лифтти эң көп чакырган кайсы кабаттын жашоочулары? (биринчи)

  17. Мараттын он беш кою бар эле. Он төртүнөн башкасынын баары өлүп калды. Ошондо Мараттын канча кою калды? (14)



3-КОНКУРС : МАТЕМАТИКАНЫ ДАНАЗАЛАГАН ФРАЗАЛАР.

Эки командадан катышуучулар чыгып фраза, учкул создорду айтышат.




4-КОНКУРС : “ӨНӨРҮҢ БОЛСО ӨРГӨ ЧАП” (колдон жасалган буюмдар, суроттор)

Алып баруучу: Жашообузда жолуккан ар бир объект, ар бир нерсе биз математикадан билген геометриялык фигуралардан турат. Бугун да окуучуларыбыз геомет.фигураларды, турдуу корсотмо куралдарды ууз колдору менен жасап келишти. Сахнага онорлуу окуучуларыбызды чакырып алалы.

Ар бир команда ɵз ɵнɵрʏн кɵрсɵтʏшɵт, акылмандар командасынан ____________________________________________________________________,
2 – командадан __________________________________________________________________________________________________________________________________________ аткарды.


5-КОНКУРС: “КҮТҮЛБӨГӨН СУРООЛОР» КОНКУРСУ

Алып баруучу

  • Билесинерби, математика логикалык ой жүгүртүүгө үйрөтөт, ошол эле учурда биздин ой жүгүртүүбүздү байытат. Анда эмесе, логикалык ой жүгүртүүгө түрткү берүүчү тапшырмалар менен окуучуларыбызга кайрылалы.


СУРООЛОР?

Конкурстун шарты: 7 суроо –жооп.

Ар бир окуучуга 1 ден суроо берилет.

Билимдуулор тобуна берилуучу суроолор.

  1. Денизде кандай таштар болбойт? (курук)

  2. Кемитуунун компоненттерин ата? (кемуучу, кемитуучу, айырма)

  3. 3 уйдун канча муйузу бар? (6)

  4. 20 жаштагы адам 4 жыл мурун канчада болгон? (16)

  5. Кобойтуунун компоненттерин ата (кобойуучу, кобойтуучу, кобойтунду)

  6. Кандай чопту кор да байкайт? (чалкан)

  7. Кандай идиштен тамак иче албайбыз? (бош идиштен)


Акылмандар тобуна берилуучу суроолор.

  1. Сутканын учтон бири канчага барабар? (8)

  2. Кайсы санга болууго мумкун эмес? (0)

  3. Уй булодо 2 ата жана 2 уул бар. Уй-булодо канча эркек бар? (3)

  4. Эн кичине натуралдык сан? (1)

  5. Квадраттын периметри 20см. Анын бир жагы канчага барабар? (5)

  6. Тендемени чыгаруу менен эмнени табабыз?

  7. Тоннада канча центнер бар?


Кошумча суроолор

  1. Канча цифра бар? (10)

  2. Эн кичине уч орундуу сан? (100)

  3. Кубдун канча чокусу бар? (8)



6-РС: “БИЙЛЕ ЖИГИТ, БИЙЛЕ КЫЗ”

7-КОНКУРС: “МАКАЛ-ЛАКАПТАР (САН КАТЫШКАН)

6-КОНКУРС: “Бийле жигит, бийле кыз

7-КОНКУРС: “Макал-лакаптар

8-КОНКУРС: “ТЕСТ(телефондо тест белгилешет. 4 жана 5 алган окуучуларгы 1 ден упай берилет. )

АКЫЙНЕК АЙТЫ ШУУ” (5-в класс)


9-КОНКУРС: “КУУНАКТАР” КОНКУРСУ (Коруучулорго) жана

ЖУПТАР оюну (компьютерде ойношот Learningapps )


Алып баруучу: Ким эки орундуу сандарды көбөйткөндү билет? Баары билет турбайбы.! Текшерип көрөйлү! Ар бир командадан бирден окуучу чыккыла, доскага келгиле. (Доскага чыгышкандан кийин).Ии кечиресинер, унутуп калыпмын, көбөйтүүнү көздү байлап, анан аткарасынар. Баштагыла, 18 * 12 = 216

Конкурска катышкан окуучулар компьютерде оюн ойношот. Кайсы командада утуулар коп болсо ошол командага урайлар берилет.


10-КОНКУРС: “АШЫКЧА СӨЗДӨР”


https://www.canva.com/design/DAFmbCnC6tM/dFCmnhmuSVYt_2gJIZuiGg/view?utm_content=DAFmbCnC6tM&utm_campaign=designshare&utm_medium=link&utm_source=publishsharelink

презентациясы

Ар бир команда электрондук доскадагы тапшырмаларга жооп бериши керек. Андагы ашыкча сөздү алып салуу керек.

Мисалы: УЧ БУРЧТУК, ТИК БУРЧТУК, ПАРАЛЛЕЛЕПИПЕД, КВАДРАТ, (параллелепипед бул-көлөмдүү фигура)



  1. Туз сызык, кесинди, периметр (периметр-бул геом. фигура эмес)

  2. Бирдиктер, ондуктар, жуздуктор, миндиктер (миндиктер ашыкча)

  3. Тик бурчтук, куб, квадрат, уч бурчтук (куб-коломдуу фигура)

  4. Сызгыч, циркуль, бурч, транспортир (бурч-бул геом.курал эмес)


КОНКУРСТУ ЖЫЙЫНТЫКТОО


Математика мугалимдерине сѳз берилип, кече жыйынтыкталат.












Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!