СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Негиздердин химиялык касиети

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Органикалык эмес заттардын негизги класстары боюнча  маалымат алышат. Заттарды эске түшүрүп, заттардын класстары боюнча кайталайт. Органикалык заттар менен органикалык эмес заттардын айырмачылыгы жана окшоштуктарын салыштырат. Органикалык эмсе заттардын класстары боюнча  маалымат алышат.Негиздер классындагы заттарга мүнөздөмө берилет, талкуу жүргүзүлөт.Алардын  курамы менен таанышып, формулалрын жазышат, түрлөрү менен таанышат. Классификациясын формулалары боюнча жазышат. Алардын жаратылыштагы, турмуштагы мааниси менен таанышат.

Просмотр содержимого документа
«Негиздердин химиялык касиети»


Сабактын темасы: Негиздер, негиздердин химиялык касиети.

Конкреттүү максаты: ( билим берүүчүлүк)

Органикалык эмес заттардын негизги класстары боюнча маалымат алышат. Заттарды эске түшүрүп, заттардын класстары боюнча кайталайт. Органикалык заттар менен органикалык эмес заттардын айырмачылыгы жана окшоштуктарын салыштырат. Органикалык эмсе заттардын класстары боюнча маалымат алышат.Негиздер классындагы заттарга мүнөздөмө берилет, талкуу жүргүзүлөт.Алардын курамы менен таанышып, формулалрын жазышат, түрлөрү менен таанышат. Классификациясын формулалары боюнча жазышат. Алардын жаратылыштагы, турмуштагы мааниси менен таанышат.

Конструктивдүү максаты:(өнүктүрүүчүлүк,тарбиялык)

- Окуучулар негиздердин касиетин ,түзүлүшүн окуп үйрөнүү менен негиздерди жана башка органикалык эмес заттардын класстарына кирген заттардын касиетин айтып бере алат;

- окуучулардын таанып- билүүлөрү өсөт, тексти окуп үйрөнүүнү, талдап окууну үйрөнүшөт.

Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү

Сабактын түрү: (формасы) Инновациялык сабак

Сабактын методу: мугалимдин сөзү; аңгемелешүү; сынчыл ойломдун айрым ыкмалары: топ менен иштөө ж.б.

Сабактын жабдылышы: 1. Таблицалар, Слайд. анимация, видеолор. Сүрөттөр. ж.б.

С абактын жүрүшү : ( мугалимдин иш аракети)

Жаңы теманы кабыл алууга даярдоо.



Жана башка тапшырмалар менен окуучулардын билимдери бааланат.

сабактын темасы берилет.


Сабак: Негиздер, негиздердин химиялык касиети.


С абактын темасы доскага жазылат.

Мугалим окуучуларга суроо менен кайрылат:

Суроо: Органикалык эмес заттар жөнүндө эмне билесиӊер?

  • туздар ,

  • суу,

  • кислоталар,

  • металлдар,

  • металл эместер деген жооптор болушу мүмкүн.

М угалим: Бул суроого толук жооп алуу үчүн окуучулар текст менен иштешет.

1-тыным. ( 5мин убакыт берилет) Окуучулар топтлорго бөлүнүп тексти окуп чыгышат. 1- топ : оксиддер,

2- топ: негиздер,

3 –топ: кислоталар,

4- топ: туздар.

Текст: Силрер химия предметин окуй баштаганда эле заттар жөнүндө окугансыӊар. Заттар экиге бөлүнөт. Жөнөкөй жана татаал зат .Татаал заттар курамына , касиетине жараша топторго бөлүнөт.







  • Эки элементтен туруп , анын бирөө кычкылтек болгон татаал заттар – оксиддер деп аталат. Жалпы формуласы: ЭnOm Э – элемент, m,n – индекстер.

1.Оксиддер:





Мисалы: I валенттүү элементтердин оксидинин формуласы – Э2О

II валенттүү элементтердин оксидинин формуласы - ЭО

III валенттүү элементтердин оксидинин формуласы – Э2О3 ж.б.

  • Металлдын атомдорунан жана бир же бир нече гидроксо (ОН) тобунан турган татаал заттар – негиздер деп аталат. Жалпы формуласы; Ме (ОН)n.

2.Негиздер:





Ме – металл, ОН – гидроксо тобу, n- металлдын валенттүүлүгү.

Мисалы: I валенттүү металлдардын гидроксидинин формуласы – MeOH ; NaOH

II валенттүү металлдардын гидроксидинин формуласы – Me(OH)2 ; Ca(OH)2

III валенттүү металлдардын гидроксидинин формуласы – Ме(OH)3 ; AI (OH)3 ж.б.

  • Курамында бир же бир нече суутектин атому жана кислота калдыгынан турган татаал заттар кислота деп аталат. Жалпы формуласы: Нx (As)y

3. Кислоталар.





As – кислота калдык ( англ .тил. “асid” – кислота ),

х - суутектин атомдорунун саны , ал кислота калдыгынын валенттүүлүгүнө барабар.

Мисалы: HCI, HNO3, H2SO4, H3PO4, H2SiO3, HMnO4 ж.б.

  • Курамында металлдын атомунан жана кислота калдыгынан турган татаал заттар туз деп аталат. Жалпы формуласы: Mex (As)y

4. Туздар .





Me – металлдын атому , х – металлдын атомунун саны, ал кислота калдыгынын валенттүүлүгүнө барабар, у - кислота калдыктын саны , ал металлдын валенттүүлүгүнө барабар.

М исалы: NaCI – натрийдин хлориди , FeCI2 – темирдин (II)хлориди, AI2(SO4)3 – алюминийдин сульфаты, CaCO3 – кальцийдин карбонаты, KMnO4 – калий перманганаты ж.б.

Теманы окуп чыккандан кийин тема талкууланат.

2- суроо: Негиздер жөнүндө эмне билесиӊер?,

  • Өчүрүлгөн акиташ ж.б.

3- суроо: Негиздер кандай химиялык касиетке ээ болот?

Эксперимент: Кызыл фосфордон жана күкүрттүн порошогунан бир аз темир кашыкчага алып , күйгүзүп түбү жалпак колбага салабыз. Пайда болгон ак түтүндү сууга эритип, алынган эритмени индикатор менен текшерип көрөбүз. Лакмустун өӊүн кызыл түскө өзгөртөт. Жыйынтыктап реакциянын теӊдемесин жазабыз.

Эксперимент: Кальцийдин оксидин алып аны фафор табакчага салып , ага бир суу куябыз, Реакциянын жүргөнүн байкап , теӊдемесин жазабыз.Пайда болгон эритмени индикатор менен текшерип көрөбүз. Лакмустун өӊү өзгөрбөйт. Жыйынтыктап реакциянын теӊдемесин жазабыз.

Оксиддердин бардык касиеттери менен таанышып реакциянын теӊдемелери жазылат.


Сабак жыйынтыкталып, окуучулардын билимдери бааланат.