23 –февраль, Мекенди коргоо күнү "Баатыр солдат! Сени менен сыймыктанабыз"
САБАКТЫН МАКСАТЫ:
Окуучулардын Ата Мекенге болгон сүйүүсүн козголот. Эр жигиттерди аскерден качпоого, өз журтун коргоого даяр болууга тарбияланышат. Атуулдук сезими ойгонот
- 23-февраль к үнү – Ата Мекенди коргоочулардын күнүн белгилеп келебиз. 1918-жылы дал ушул күнү Кызыл Гвардия отряды Германиянын аскерлерин Псков жана Нарва аймагынан алгачкы жолу жеңип алган. Ошол мезгилден тарта 23-февраль – “Кызыл Армиянын туулган күнү” деп аталып калган. Ал эми 1922-жылы бул дата расмий түрдө Кызыл Армиянын күнү деп жарыяланган. Кийин СССР маалында 23-февраль – Советтик Армиянын жана аскер деңиз флотунун күнү деп жыл сайын белгилене баштаган. Советтер Союзу тарагандан кийин атуулдарын Мекенди сүйүүсүн арттыруу жана патриоттук сезимди чыңдоо , жаш ɵ сүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоо максатында: Кыргызстанда бул дата 2003-жылдан тартып расмий т ʏ рд ɵ жалпы элдик майрам катары киргизилген.
- Элиңди чындап сүйө бил,
- Эл үчүн оттой күйө бил
- Ата-Журт уулу дегенди
- Акылга дайым түйө жүр.
- Сүйүүнүн куту элиңде,
- Сүйүүнүн куту жериңде.
- Шуулдап басып баратсан,
- Ушул сөз турсун демиңде
Мекен деп – жети атам жашап өткөн, адамдын киндик кан тамган жерин аташат. Ар бирибиздин туулуп өскөн, тарбия көргөн, агарып көгөргөн жерибиз, элибиз, коомубуз – бул Мекен. Камкор атабыздын, он ай көтөрүп, омурткасы сыздап, төрөгөн, ак сүтү менен оозанткан, бешик ырын ырдап, тилибизди чыгарган, карегибиз менен тең айланып, арзуу-тилегин тилеп, уядан учурган апаларыбыздын, чоң энелерибиздин эли-жери.
Мекен – бул дүйнөгө алып келген бабалардын мурасы, ал Кыргызстан деп жүрөгү соккон жалпы калкыбыздыкы. Бала төрөлгөндө мамлекет тарабынан анын саламаттыгы, ырыскысы камкордукка алынат, тамга үйрөтүлөт, билим берилет ж.б. Ошондуктан ар бир жарандын Мекен алдында милдети бар.
Мекен деп – жети атам жашап өткөн, адамдын киндик кан тамган жерин аташат. Ар бирибиздин туулуп өскөн, тарбия көргөн, агарып көгөргөн жерибиз, элибиз, коомубуз – бул Мекен. Камкор атабыздын, он ай көтөрүп, омурткасы сыздап, төрөгөн, ак сүтү менен оозанткан, бешик ырын ырдап, тилибизди чыгарган, карегибиз менен тең айланып, арзуу-тилегин тилеп, уядан учурган апаларыбыздын, чоң энелерибиздин эли-жери. Мекен – бул дүйнөгө алып келген бабалардын мурасы, ал Кыргызстан деп жүрөгү соккон жалпы калкыбыздыкы. Бала төрөлгөндө мамлекет тарабынан анын саламаттыгы, ырыскысы камкордукка алынат, тамга үйрөтүлөт, билим берилет ж.б. Ошондуктан ар бир жарандын Мекен алдында милдети бар.
Ата журт – бул ата-эне, үй бүлө, анан да ачык асман. Демек Ата-Журттун коргоочусу болуу – ардактуу жана жооптуу. Ошондуктан ар бирибиз үчүн өтө ыйык болгон ар-намыс, антка бек туруу, Мекенди сүйө билүү деген түшүнүктөрдү муундан-муунга ата мурасы катары өткөрүп келет. Ар бир жаран үчүн Ата-Журттун кызыкчылыгын коргоодон өткөн ыйык жана акыйкат милдет жок.
Мен мекенчилмин, патриотмун, улутумдун күйөрманымын, деген сөздүн маанисин түшүнөбүзбү? Мекенчилдик, улутту сүйүү, татыктуу жаран болуу канчалык оор, татаал, ошол эле мезгилде сыймыктуу милдет экенин аңдайбызбы? Адамдын Мекен алдында төө көтөргүс жоопкерчилиги болуш керек, бирок аны элдин баары эле түшүнө бербейт. Ошондуктан сөз менен иш, асман менен жердей ажырымга айланып кеткен.
Мекенчилдик адамдан руханий да, эмоционалдык да, физикалык да, интеллектуалдык да туура таалим-тарбияны, чоң даярдыктан өтүүнү талап кылат. Мекенчилдик сөз менен эмес, иш менен аныкталат.
Мекенчилдикти ар ким алган таалим-тарбиясына, аң-сезиминин жана билим көрөңгөсүнүн деңгээлине, акыл-жүрөгүнө сиңген дөөлөттөрүнө жараша ар кандай түшүнөт.
Алардын бирөөсүнүкүн туура, экинчисин туура эмес деп баалоо кыйын, анткени ар кимдин өз чындыгы бар.
Наполеон, Гитлер, Муссолини ж.б. өздөрүн мекенчилмин деп эсептешкен. Алардын “чындыгы” адамзаттын башына түшкөн зор азаптын башаты болгону тарыхта белгилүү
Ааламдашуу доорунда Россия менен Казакстанга ж.б. өлкөлөргө миллионго жакын мекендештерибиз жер которууга аргасыз болушту. Алардын балдарынын “киндик кан тамган жери” ошол төрөлүп, өскөн жери. Кыргыздар муну бекеринен белгилешпейт, анткени алгачкы ырыскысы, чөйрөсү, достору ошол жерде насип болду. Мамлекет тарабынан атуулдук берилди, чыгымдары моюнга алынды. “Бир күн даам таткан жериңе миң жолу салам бер”-деген акылман сөз элибизде бар, андай жакшылыктарды элес албай койчу кесирдик элибизде жок. Ал эми кыргыз жери алар үчүн тарыхый Мекен болуп саналат. Алардын тарыхый Мекенине карата күйүмдүүлүгү алган тарбияларынан көз каранды. Чөйрөнүн таасири зор болот, адам өзү аракет кылбаса, доор алмашкан сайын, тарыхый Мекен, үрп адат, салт-санаа, эне тили унутулуп, башка тилди сиңирип кетчү сапат бар.
Кыргыз армиясы замандын чакырыктарына даярбы?
Кыргыз армиясы, мурдагы союздук республикалардагыдай эле, жаш армия. Бүтүндөй өлкөдөгү абал сыяктуу эле, кыргыз армиясынын да азырынча чама-чаркы чакталуу. Адистер туура баамдашкандай, салыштыра келгенде эзелтен күчтүү армиясы менен таанылган чоң империяларды мындай кой, соңку кездери бутуна туруп алган өлкөлөрдүн армиясындагы деңгээлге жетип алуу үчүн, кыргыз армиясы кыйла реформаларга, каражатка, убакытка муктаж. Чынында, армияда өзгөрүүлөр байкалып, барган сайын бир кадамдан алдыга карай жылыштар болгону менен, абдан тездик менен өзгөрүп аткан дүйнө үч-төрт кадам дагы алдыга жылып кетип, жеткирбей барат. Ошентсе да, адистер кыргыз армиясы учурдун көйгөйү катары бүткүл дүйнөнүн коопсуздугуна бүлүк салып турган террорчулук, экстремизм сыяктуу коркунучтарга такаат бере алаарына ишенишет. Анын үстүнө, Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюму, Жамааттык коопсуздук келишим уюму сыяктуу уюмдардын алкагында аскердик кызматташууларды тынымсыз жүргүзүп келет.
Аскердик кызмат кадыр-баркын жоготтубу?
Жашы жетип калган уландардын аскерден жаа бою качуусуна, кала берсе, кызмат өтөбөө үчүн ар кандай иштерге баруусуна бир канча себеп бар. Алардын эң негизгиси – аскердеги «дедовщинанын» көптүгү. Мындай абалга тушукпаш үчүн, аскер жашындагы уландардын көбү кызмат өтөөдөн кутулуунун жолдорун издей башташат. Ошентип, аскерден калуунун жолдору изделип атып, текшерүүдөн өткөн, өзүнчө эле бир армиядан калуунун жолдорун үйрөткөн окуулук чыкчудай болгон түрдүү ыкмалар чыга келди. Алардын бир даары жогорку окуу жайларга тапшыруу менен аскердик кызматтан бошотулушса, окууга өтпөй калгандары кийинки 27 ыкмаларга өтүштү
Аскердик кызмат кадыр-баркын жоготтубу?
Айрымдары шашылыш үйлөнүп, балалуу болгонго ашыгышат. Анткени, жубайы, жаш баласы барлар аскерге алынбайт, эгер биринчисинен кийин удаасы менен дагы балалуу боло турган болсо, биротоло аскердик кызматтан бошотулат. Кыйласы башын оорутпай, дароо эле аскер комиссариатынын жетекчисине же бул тармакта иштеген тааныш-билишине жең алдынан акча бере коюшат. Өз кезегинде алар аскерге чакырылуучу уланды альтернативдик негизде кызматка калтырып, аскердик күбөлүк алып беришет. Ушул сыяктуу коррупциялык иштер аскердик тармактын алдыга жылышына чоң кедерги болуп жатканы да айтылып келет.
Аскердик кызмат кадыр-баркын жоготтубу?
Армиянын жашоо шартына да кызмат өтөп келгендердин кыйласынын ичи чыкпайт. Бул жагдайда да жаштардын аскерге баруу ниетин тизгиндеп турат. Акыркы кездерде армиядагы жашоо-шарт жакшырып калганы айтылганы менен, дале болсо коррупциялык элементтердин бар экендиги, аскерлердин тамак-аштары түгөл бойдон жетпей, жолдо кыйласы жок болору, ал аз келгенсип, аскерлердин курал кармаганды үйрөнбөй эле талаада кетмен чабууга мажбур болгон учурлары кездешери айтыла калып жүрөт.
ҮЙГӨ ТАПШЫРМА:
« Ата Мекенди коргоо- ар бирибиздин милдетибиз деген темада» эссе жазуу. Ар бириңер чыгармачылыгынарга жараша тапшырма аткаргыла.