СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат .Ооган согушу

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат .Ооган согушу»

ТЕКШЕРДИМ

ОРГАНИЗАТОР_______________Шайбекова М

15.02.2024.



Сабактын темасы: Ооган ардагерлерине таазим.

Сабактын максаты:

  1. Билим берүүчүлүк: Окуучуларды Ата- Мекенин сүйүүгө жана анын баалуулуктарын сактоого, мекендин өсүп – өнүгүүсүнө өз салымын кошуугажоопкерчиликтүү экенин билдирүү. Ошондой эле ооган согушу жөнүндө маалымат алышат.

  2. Өнүктүрүүчүлүк: Мекенди сүйүп, ал үчүн канын – жанын берүүгө ,ошондой эле “коңушуң тынч ,өзүң тынч” – деген сөздүн чындыгын түшүнүп жетишет. Мекенибиздин ар бир ташы, суусу баалуу экендигин билишет.

  3. Тарбия берүүчүлүк: Башка улуттар менен бирдикте “ Кыргызстандыкпыз” деген сезимин ойгото алышат. Ар бир сөз, ой маанилүү экендигин билишет.

Сабактын усулу : Интерактивдүү , кече.

Сабактын формасы: Топтордо иштөө, чыгармачылык ишмердүүлук.

Сабакта колдонуучу каражаттар: Сүрөттөр, проектор, ноутбук, интерактивдүү доска, таркатмалар, стикерлер, слайд ( ооган согушу жөнүндө ).

Сабактын жүрүшү: Сабакка мугалимдер жана окуучулар катышат.

Мугалим: 1. Окуучулар менен саламдашуу.

2. Жагымдуу маанай тартуулоо. Ар бир окуучу жанындагы окуучуга жакшы каалоо айтуу менен бүгүнкү сабакка ийгилик каалашат.

3. Жаңы теманын мазмуну менен тааныштыруу. Тема боюнча түшүнүк берет.Улуу Жеңиш күнү жөндөн жөн эле келе койгон жок. Канчалаган өмүрлөр кыйылды. Канчалаган тагдырлар талкаланды. Канчалаган айыл-кыштак шаарлар өрттөлдү.

9- май Жеңиш майрамы-совет элинин эң ыйык ,эң улуу майрамы. Анткени бул күнгө жетүү үчүн совет эли 27 млн адамынан ажыраган. Бүткүл совет элинин 4 жылга созулган эң оор ,эң кайгылуу Улуу Ата Мекендик согуштагы фашисттик Германиянын үстүнөн жеңишке жетишкен күн.





1945- жылдын 8- май күнү саат 22 ден 43 мүнөт өткөндө фашисттик Германия баш ийип беришкен.

Бул мезгилде Москва шаарында 9- май кирип калган эле. Иосиф Сталин ошол замат 9- майды Жеңиш күнү деп жарыялаган. Бул күндөгү,эң биринчи согуш күнүн майрамдоо болуп көрбөгөндөй майрамдалган. Көчөдө чогулган эл бирин-бири куттуктап, ыйлап, өөп,куттуктап жүргөн. Кечинде саат 22: 00 дө Москвада 1000 замбиректен СССРдин тарыхында болуп көрбөгөндөй масштабдагы 30 залп менен Жеңиш салюту берилген.



Кана балдар согушка кеткен аталар ,чоң аталар, байкелер жөнүндө кандай ырларды билесиңер?

Балким аталар жөнүндө ыр чыгараттырсыңар?

Азыр бул ырды окуп көрөлү, эмне жөнүндө айтылат?

Өзүңөр да түшүнгөнүңөрдү дептерге жазгыла.



Атасы кеткен бирөөнүн,

Айлына кайра келген жок.

Бейиште иий, бешикте оой калган баласын,

Кайрылып кайра көргөн жок.

Агасы кеткен бирөөнүн,

Айлына кайра келген жок.

Бешикте иий, бешикте оой калган инисин,

Кайрылып кайра көргөн жок.

Баласы кеткен бирөөнүн,

Айлына кайра келген жок,

Карыгаан иий, карыган оой апасын,

Кайрылып кайра көргөн жок.



Дүйшөнкул Шопоков Кыргыздан чыккан биринчи Советтер Союзунун баатыры.

1941-жылы 16-ноябрдагы салгылашууда Дубосеково разьездине душмандын 50 танкынын чабуулун токтотуу учурунда өлбөс-өчпөс эрдик көрсөтүп, теңдшсиз салгылашууда курман болгон.





Чолпонбай Түлөбердиев, СССРдин баатыры.

1942- жылы 6- августта Воронежде Дон дарыясынын жээгинде душмандын дзотун жок кылуу максатында амбразуранын оозун денеси менен жапкан. Канчалаган кыйын күндөрдү башынан өткөрдү. Совет эли үчүн болгон күчүн жыйнап , элим, жерим деп күн түн дебей согуш талаасында жүрдү. Бирде ачка, бирде ичерге суусу жок согуш талаасында жүрдү. Бирок согуш баарын аяган жок. Ошентсе да баарыбир үмүт менен күрөшө беришти. Ооруп калган учурлары да болду. Дары- дармек жетишсиз. Жазган каттары болсо ээсине жетсе жетет, жетпесе ошол бойдон жок болуп кеткен учурлар болгон.

Канткен күндө да Чолпонбай Түлөбердиев СССРдин баатыры.







Дайыр Асанов, СССРдин баатыры.

1943- жылы 23- маррта Харьковдун алдындагы Пятницкое кыштагы үчүн болгон салгылашууда өзгөчө эрдик көргөзгөн. Ал 4 сааттын ичинде душмандын 8 танка, 6 бронемашинасын жана 40 ка жакын фашистти жок кылып , алардын чабуулунун мизин кайтарган.











Мугалим : Балдар азыр биз макал- лакаптарга орун берсек.



  • Эр энеден туулат, эли үчүн өлөт.

  • Коенду камыш,эрди намыс өлтүрөт.

  • Жолборс изинен кайтпайт,

  • Жигит сөзүнөн кайтпайт.

  • Чептен эрдин күчү бек.

  • Булбул гүлзарын сүйөт,адам мекенин сүйөт.

  • Ата- журтуңду Манастай сүй, Ала –Тооңо Кошойдой күй.



Жыйынтыктоо.

Окуучулардан жогорку суроолорго жооп алгандан кийин сабакты төмөндөгүдөй жыйынтыктасак болот. Балдар жеңиш күнү жөнүндө маалымат алат. Кыргызстандык эр жүрөктөр кимдер болгон жана алар кандай эрдиктерди көрсөтүшкөн.



Үйгө тапшырма: Жеңиш жөнүндө ырларды жаттап келүү.










Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!