СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тема : Уулу геогрфиялык саякатчылар.

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тема : Уулу геогрфиялык саякатчылар.»

Фернан Магеллан  [(португалча Magalhnвres, испанча Magallanes), болжолдуу 1480-жыл чен Cаброза, Траз-уж-Монтиш областы,  Португалия  – 27. 4. 1521,  Филиппин , Мантан аралы] – португалиялык деңиз саякатчы. Анын экспедициясы Жер шарын биринчилерден болуп айланып чыккан. Малакка жарым аралына 2 жолу (1509, 1511) жеткен. Испаниялык экспедицияны (1519–21) жетектеген. Экспедициянын жүрүшүндө ал алгачкылардан болуп  Түштүк Американы  Оттуу Жер архипелагы менен материктин ортосундагы кысык аркылуу ( Магеллан кысыгы ) айланып,  Тынч океанды  кесип өтүп, Филиппин аралына жеткен. Ал жерде жергиликтүү калк менен кагылышууда курман болгон. 1522-жылы Магелландын экспедициясынан калган бир кеме (Х. С. Элькано башкарган «Виктория» кемеси)  Африканын  түштүгүн айланып өтүп,  Испанияга  кайткан. Бул саякатта Жердин шар формасында экендиги жана бирдиктүү  Дүйнөлүк океандын  бар экендиги биротоло далилденген.

  • Жеймс Кук  (27. 10. 1728, Улуу Британия Йоркшир графтыгы, Мартон, — 14. 2. 1779,  Гавайи аралы ) — англис деңиз  саякатчысы . Жер шарын айланып чыккан 3 экспедицияга жетекчилик кылган. Тынч океандагы 11  архипелагды  жана 27  аралды  ачкан.  Канададагы ,  Жаңы Зеландиядагы  деңиз өткөөлдөрүн жана алардын жээктерин (1759, 1763—67),  Австралиянын  чыгыш жээгин жана  Жаңы Гвинеянын  бир бөлүгүн картага түшүргөн (1768—71). Биринчи экспедициясында (1768—71) Жаңы Зеландия 2 аралдан (Түштүк жана Түндүк) тургандыгын далилдеген. Аларды бөлүп турган кысыкты, Австралиянын чыгыш жээгин,  Чоң Тоскоол рифин  изилдеп, экинчи экспедициясында (1772—75) Түштүк жарым шардагы мелүүн алкактарда кургактыктын ири массивдери жок экендигин аныктап,  Жаңы Гебрид аралынын  түштүк тобун,  Жаңы Каледонияны ,  Норфолк аралын ,  Туамоту архипелагынын  2 атоллун, Коом, Кук аралынын түштүк бөлүгүн картага түшүргөн. Азия менен Американын ортосунда кысык бар экенин толугу менен далилдеген. 1773-жылы тарыхта 1-болуп Түштүк уюлдук тегеректи кесип өтүп, 71°01´түштүк кеңдикке жеткен. Кук уюл жакта материк же ири кургактык бар экенин божомолдогон, бирок аны издөөнү токтотууга аргасыз болгон. Үчүнчү экспедициясында (1776—79)  Гавайи аралына  жетип, Американын түндүк-батыш жээгин изилдеген.
  • Кук Гавайи аралындагы жергиликтүү калк менен болгон кагылышта курман болгон. Жаңы Зеландиянын Түштүк аралындагы тоо, Тынч океандагы аралдар тобу ( Кук архипелагы ), Жаңы Зеландиядагы Түштүк жана Түндүк аралын бөлүп турган кысык ( Кук кысыгы ), Алясканын жээгиндеги булуң Куктун ысмынан аталган.
Глобус -(лат. globus – шар) –  жер шарынын аянттарынын өз ара катыштары менен геометриялык окшоштугу сакталып түзүлгөн модели. Глобус – жер шарынын модели, ошондуктан жердин тышкы көрүнүшү Глобуста гана туура көрсөтүлгөн,  океандар дын,  материк тердин,  мамлекет тердин жана башка географиялык объекттердин түспөлдөрү өтө так берилген. Ошондуктан окумуштуулар планетаны изилдеп үйрөнүүдө эзелтен бери глобусту пайдаланышат.

Глобус -(лат. globus – шар) – жер шарынын аянттарынын өз ара катыштары менен геометриялык окшоштугу сакталып түзүлгөн модели.

Глобус – жер шарынын модели, ошондуктан жердин тышкы көрүнүшү Глобуста гана туура көрсөтүлгөн,  океандар дын,  материк тердин,  мамлекет тердин жана башка географиялык объекттердин түспөлдөрү өтө так берилген. Ошондуктан окумуштуулар планетаны изилдеп үйрөнүүдө эзелтен бери глобусту пайдаланышат.