СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тез окуу көнүгүүлөрү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тез окуу көнүгүүлөрү»



Бөлүм 4

Көнүгүүлөр

Бул бөлүмдөгү көнүгүүлөрдү көрсөтүлгөндөй

21 күн бою үзгүлтүксүз аткарсаңыз окуу тездигиңиз жана түшүнүүңүз өскөнүн даана байкайсыз.

Ат

Тай

Чана

Калем

Көп оку

Өзүңө ишен

Сабырдуу бол

Жашоо өтө кооз

Убакыт учкан куш

Маанай такыр түшпөсүн

Өзүңө ишен, келечек алдыда

Өмүрдө татыктуу жаша

Чөйрөңу таза тут

Үч кызык китеп

Ылдам оку

Токмок

Мекен

Кар

Ак

Максат: Көздүн көрүү өлчөмүн кеңейтүү. Жолу: Көзүңүздү сөздөрдүн астындагы чекитке коюңуз жана ар сапта канча сөз көрө аларыңызды тактаңыз.

көнүгүү 1-а

Кимде бар болсо ал аны байкабайт

Акыл ден-соолук сыяктуу

Жөн гана каалоо жетишсиз

Аракет кылыш керек

Атанын кадыры

Китепти оку

Темир жол

Академик

Сексен

Бата

Эки

Ак

көнүгүү 1-б


Үч

Кар

Агын

Калмак

Жетинчи

Математика

Ылдам окугун

Эшикти ачып кой

Позитивдүү ойлон

Айланаңы таза карма

Максатыңды эч унутпа

Ар кадамыңды ойлоп бас

көнүгүү 1-в


63

541

418

3201

6498

317712

543876

5431286

30961347

063157390

051234653885373

4753921865395420574

көнүгүү 1-г

Максат: Көздүн дагы да тез алуусун арттыруу.

Жолу: Көрө алган эң алыс чекитке ( Бөлмөдө болсоңуз дубалдагы саатка, сыртта болсоңуз алыстагы үйгө же бакка) караңыз. Андан кийин колуңуздагы кармаган бир калемге же сизге жакын бир нерсеге караңыз. Алгач саатка андан кийин калемге, кайра саатка караңыз. Буну 15 жолу кайталаңыз. Ар бир жолкусунда дагы да тездики арттырууга аракеттениңиз. Буну аткарган соң көзүңүз чарчап калышы мүмкүн. Көздү эс алдырыш үчүн алакандарыңыз менен көздөрүңүздү жабыңыз, бул учурда көздөрүңүз ачык болушу керек. 15 секунд алакан ичиндеги караңгылыкка карап көздөрүңүздү эс алдырыңыз.

көнүгүү 3


Максат: Көздүн багыттануусун күчөйтүү.

Жолу: Бармагыңызды же бир калемди жүзүңүздүн алдына кармаңыз. Бармактын же калемдин бир чекитине караңыз. Көзүңүздү тиктеген чекиттен жылдырбай калемди мурдуңузга чейин акырындык менен жакындатыңыз жана да кайра алыстатыңыз. Буну 15 жолу кайталаңыз. Бармагыңызды көзүңүзгө жакындатканда начар көрүнүшү мүмкүн. Бул көнүмүш адат. Бул көнүгүүнү 3 жолу күндүн ар башка убагында эң аз 15 жолудан кайталаңыз. Бүткөн соң алаканыңыз менен көзүңүздү жабыңыз жана көздөрүңүздү эс алдырыңыз.

көнүгүү 4


Максат: Толук көрүү ыкмасын өстүрүү.

Жолу: Бир китептен же журналдан тандаган сүрөттү колуңузга кармаңыз. алгач алыстатыңыз, кайра өзүңүзгө карай акырын жакындатыңыз. Бул учурда сиз үзгүлтүксүз барак бетиндеги сүрөттү толук көрүүгө аракеттениңиз. Бул көнүгүүнү 3 жолу күндүн ар башка убагында 10 жолудан кайталаңыз.

көнүгүү 5


көнүгүү 18


Максат: Көздү абдан тез окууга көндүрүү. Жолу: Ар күнү эң азында 20 мүнөт түшүнбөстөн өтө тез ылдамдыкта китеп окуңуз. Бул көнүгүү алгач оор келиши мүмкүн, бирок кыска убакыттын ичинде окуу тездигиңиз жогорку деңгээлде артканын байкайсыз.

көнүгүү 7-а


Убакытты китеп окуу менен өткөрүү пайдалуу Экендигин баарыбыз тең эле келебиз. Бирок күнүнө 20-30 мүнөттү китеп окууга арнап коюуга моюнубуз жар бербей келет. Азыр китеп окуу кандай пайдаларды алып келерин анык билип алууңуз күндөрүңүздү китеп окуу менен кооздоого жол ачат деп ишенебиз. 1. Китеп окуу акылыңызга акыл кошот. Китеп окуу маалында биз башкы каармандын кубаныч-кайгысын өзүбүздө жашатып, ага айланып кеткендей абалда болобуз. Көркөм

чыгармаларды окуу менен адам жашоону, айланасындагыларды туура түшүнүүгө калыптанат.

2. китеп окуу менен кызыктуу адамга айланасыз. Жогорку интеллектуалдык деңгээл сизди айланаңызга кызыктуу кылып көрсөтөт. Андан улам айланаңыздагылар талкууларда, таанышууларда, баарлашууларда сизге ишеним артып, сизге карата жакшы ойдо калышат. 3. Китеп окуу жашоого

Максат: Көздүн барак үстүндөгү аракетин тездетүү.

Жолу: Жогоруда берилген тексттин ар бир сабында алгачкы жана соңку сөзү төрт бурчтуктун ичине алынган. Сиз бир гана саптын алгачкы жана соңку сөздөрүн өтө ылдамдык менен көрүүгө аракет кылып, көздөрүңүздү ылдый карай түшүрүңүз.

Беш беттен түзүлгөн бул тексттин барын 70 секундада бүтүрүүгө аракеттениңиз. Бул көнүгүүнү бир күндө 4 жолу аткарыңыз. (Бул текстти түшүнүүгө аракеттенбестен көз жүгүртүп, ар жолкусунда тездигиңизди арттырыңыз.)



максат коюуга көмөктөшөт. Адам китепти канчалык көп окуса, ошончолук жакшы каарманга окшошууга аракет кылып, жашоосун китептегидей кылып жашоого умтулат. Ошондой эле көп окуган адам максаттарды так коё билүү менен бирге кыйынчылыктардан оңой кутула алат жана сүйүүгө бай келет. 4. Эс тутумду жана ой жүгүртүүнү жакшыртат. Адам китеп окуган сайын жаңы маалыматтарды алуу жана эске тутууга аракет кылуу менен мээсин машыктырган болот. Бул китепти үндү сыртка чыгарып окуу менен ого бетер бекемделет. Андан улам угуп гана коюучуларга салыштырмалуу окуган жана көп жазган адамдардын эс тутуму жакшы, ой жүгуртүүсү тез болот. Андыктан көп окугандан качпаңыз. 5. Сөз байлыгыңызды кеңейтет. Китеп окуу маалында окурман көптөгөн жаңы сөздөрдү кезиктирет. Натыйжада аны сөздүктөрдөн карап сөз корун кеңейтет. Эч болбоду дегенде анча түшүнө бербей жүргөн сөзүнүн маанисин тереңден билип алат. Билип алган сөздөр менен адам сөз

көнүгүү 7-б




көнүгүү 7-в


көнүгүү 7-г


байлыгын гана кеңейтпестен, билимин да бекемдеген болот. 6. Китеп окуу жазуу шыгыңызды арттырат. Китеп окуунун сыйкырынан адам кантип автордун жазуу стилин өзүнө өздөштүрүп алганын байкабай калат. Маселен, бирөөгө кат жазууда жакшы көргөн авторуңуздун чыгармасындагы өзгөчөлүктөрдү өзүңүздүкү сыяктуу эркин колдонуп калган болосуз. Ачык-айрым болууга жардам берет. Китеп окуган адамдарды идеяга бай экендигин байкап эле жүрсөңүз керек. Ырас эле китеп жаңы идеялардын булагы болуп саналат. Ошондуктан көп окуган адамдар кичинекейден чоң идея табууга жөндөмдүү келишип, кеңешчилерге анча муктаж болушпайт. 7. Чет тилин тез өздөштүрүүгө жардам берет. Дайыма китеп окуган адамдар жаңы нерсени тез түшүнө алышат. Ошондуктан китеп менен дос болгон адамдар чет тилин үйрөнүүдө кыйналышпайт. 8. китепти көп окуган балдар окууда жетишкендиктерге көп ээ болушат. Китепти көп окуган жана окуудан ырахат алган окуучулар мектепте артыктчылыктарга ээ болушат. Ошондуктан мындай окуучулар гуманитардык сабактардан гана эмес, илимдердин падышасы болгон математика сабагын кызыгуу менен окуп оңой өздөштүрө алышат. 9. Китеп ааламдагы жакшы нерселерди көргөзөт. Ыктыярчылар жана кайрымдуулук иш-чаралары менен алектенгендердин негизги курамын китеп окуучулар түзүшөт. Анткени алар баардык жерден жакшы нерселерди таап көрө алышат, жагымсыз абалдардан качышпайт жана жардам берүүдөн аянышпайт.











көнүгүү 7-д


Ошондой эле ал адамдар мындай көз карашты башкаларга жуктурууга аракет кылышат. 10. Жакшы маектешке айланат. Башкалардын окуяларын окуу менен өзүнүн жашоосу тууралуу кызыктуу кылып айтууга үйрөнөт. Ошол эле маалда айтууга кызыктуу жана айтып убакытты коротпой турган нерселерди иреттеп ала алат. Айткандарыңыз канчалык кызыктуу болсо ошончолук кызыктуу маектешке айланасыз да айланаңызга сизге ишенген адамдарды топтой аласыз. Т. Эдисон 2-3 сапты бирге окуп ар бир беттеги тексти эстеп калчу.

Акыл эмгегинин маданияты” китебинен





көнүгүү 14


Максат: Көздүн ийкемдүүлүгүн арттыруу.

Жолу: Жогоруда берилген сүрөттөрдү жарыш жол болгонун жана бул жолдордо жарыш унааларынын болгонун элестетиңиз. Көрсөтүлгөн багытта абдан тез жүргөн бул унааларды көздөрүңүз менен эрчиңиз. Алгач биринчи сүрөттө жүгүртүңүз, андан соң экинчи сүрөттө биринчинин тескери багытында аткарыңыз. Ар биринде 8 жолудан айланыңыз.

көнүгүү 6



Максат: Көздүн ийкемин арттыруу.

Жолу: Турган жериңизде башыңызды кыймылсыз тутуп, көздөрүңүздү мүмкүн болушунча солго, андан кийин мүмкүн болушунча оңго жүгүртүңүз. Буну 15 жолу аткарыңыз. Буну аткарган соң дагы башыңызды кыймылсыз тутуп, көзүңүздү мүмкүн болушунча жогору, андан соң мүмкүн болушунча ылдый жүгүртүңүз. Буну да 15 жолу аткарыңыз. Ар бир аракетиңизде ылдамдыгыңызды арттырыңыз. Андан соң алаканыңыз менен көзүңүздү жабып, караңгылыка карап, көздөрүңүздү эс алдырыңыз.

3