Просмотр содержимого документа
«Ы. Адыкадыров ачык сабак»
Сабактын темасы: а)Рыспай Абдыкадыровдун өмүрү, чыгармалары. б) үйрөтүлүүчү ыр “Өзүбүз” сөзү: А. Кочорбаев. музыкасы: Р. Абдыкадыров. в) Музыка уктуруу.(Туулган жер)
Сабактын максаты:
А) билим берүүчүлүк
Б) өнүктүрүүчүлүк
Р. Абдыкадыровдун өмүрү , чыгармалары жөнүндө түшүнүк алышат, ырдын авторлору менен таанышышат.
В) тарбия берүүчүлүк
Музыканы угуп, өз ойлорун айта алышып, музыкага болгон шык жөндөмү, кызыгуулары өнүгөт
Окуучулар бири-биринин ой пикирлерин угуга, сылыйлоого адептүү болууга тарбияланышат.
Көрсөткүчтөрү
Сабак максатына жетет, эгерде :
Р. Абдыкадыровдун өмүрү , чыгармалары жөнүндө түшүнүк алышса, ырдын авторлору менен тааныша алышса.
Сабак максатына жетет, эгерде :
Сабак максатына жетет, эгерде :
Музыканы угуп, өз ойлорун айта алышса. Музыкага болгон шык жөндөмү, кызыгуулары өнүгүшсө.
Окуучулар бири-биринин ой пикирлерин угуга, сыйлоого адептүү болууга тарбияланышса.
Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү. Сабактын формасы: Топтор менен иштөө. Сабактын усулу: Интерактивдүү көрсөтмөлүү ыкма.
Сабактын жабдылышы: Ноталар, сүрөттөр, слайд шоу, диск,интерактивдүү доска.
Сабактын жүрүшү: а) уюштуруу ( жагымдуу маанай түзүү) б) көнүгүү ырдоо в) үй тапшырма суроо г) жаңы тема д) бышыктоо е) үйгө тапшырма берүү, баалоо
Ал 1941-жылы 12-январда Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында жарык дүйнөгө келген.”Ырдын пири Рыспай”- деп эл арасында бекеринен айтылбаган. Бала кезинен музыкага шыктуу Рыспай 1963-жылы Ош педагогикалык факультетин бүтүргөн. Чыгармачылык жолу: Өзүнүн эмгек жолун Кара-Кулжа элдик театрында, андан соң Жалал-Абад театрында эмгектенүү менен баштаган. Кыргыз музыка дүйнөсүндө чоң из калтырган атактуу обончу, аткаруучу Рыспай "Алмашым", "Түгөйүм", "Сагынуу", "Издейм сени", "Алтынчы күнү кечинде", "Жүрөктү кетпе жаралап" деген ырлары менен калың элдин катмарына сиңип, азыркыга чейин улуу-кичүүнүн жүрөгүнөн орун алып келет. Ошол жерде иштеп жүргөн мезгилде кургак учук оорусуна кабылып, оорусуна байланыштуу борбордогу филармонияга келип иштеп калган.
Өзүнүн аз жашаган өмүрүндө бир топ алп ырларды кийинки муундарга калтырып кеткен инсан 1994-жылы 12-сентябрда көпкө созулган оорунун айынан көз жумган. Рыспайдын экинчи өмүрү ырлары менен уланууда.
Ырлары: «Айтсаң боло» с. С.Жусуевдики «Ак кайың» с. С.Жусуевдики «Алмашым» с. Р.Абдыкадыровдуку «Алтынчы күнү кечинде» с. М.Алиевдики «Бакыт ыры» с. А.Белековдуку «Биз экөөбүз» с. О.Султановдуку «Бото көз» с. Т.Касымалиевдики «Жолугупсуз мага бекер сиз» с. Н.Жаркынбаевдики «Жүрөк вальсы» с. Б.Курманкуловдуку «Жүрөктү кетпе жаралап» с. И.Гилязетдиновдуку «Издейм сени» с. Ж.Мамытовдуку «Койчунун ыры» с. Т.Салиевдики «Колхозумдун чабаны» с. С.Сүйөрованыкы «Кылчактап неге карадың» с. Н.Байтемировдуку «Кымбатым» с. С.Жусуевдики «Өмүрүмдүн кымбаты» с. К.Шаршеновдуку «Сагынуу» с. К.Ташбаевдики «Өскөн жер» с. Б.Абакировдуку «Таанышыңдай карагын» с. Ж.Алымовдуку «Түгөйүм» с. Ж.Алымовдуку «Эсиңдеби» с. Ж.Алымовдуку ж.б.
Үйрөтүлүүчү ыр “Өзүбүз” сөзү: А. Кочорбаев. музыкасы: Р. Абдыкадыров. Биз окууган мектептин, Айланасы кара бак. Сергектенип күн сайын, Сейилдейбиз аралап. Селкинчектен асманга, Сермелейбиз көкөлөп. Кубангандан кол чабат, Күмүш канат көпөлөк.
Кластер түзүү
Ырчы
Обончу
Аткаруучу
Рыспай ким?
Боорукер
Таланттуу
Актаңдай булбул
Синквейн . 1.Рыспай Абдыкаров. 2. Таланттуу боорукер. 3. Ырдайт, обон чыгарат. 4. Жүрөгү менен ырдаган Рыспай. 5. Адам.
Эки топко карточка таркатылат. Үйгө тапшырма . Баалоо .