СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ата-эне жана бала

Нажмите, чтобы узнать подробности

БАЛАНЫ ӨЗ АЛДЫНЧАЛЫККА ҮЙРӨТҮҢҮЗ

КИЙИНҮҮДӨ ЖАНА КИЙИМ ТАНДООДО КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫК

Балага ылайык жерге анын кийимин иле турган комодду жана шкафты жайгаштырыңыз. Болбосо шифоньердин же шкафтын ылдыйкы бөлүктөрүн ага бөлүп бериңиз. Буюмдарына колу жетээрлик болсо бала кийимдерди тандоого кызыгып, өз алдынча кийинүүгө умтулат.

Кийимдин жана бут кийимдин оңой кийилип-чечиле тургандарын (жабышуучу жана кнопкалуу) алып берүү оң. Ушундай болгондо бала сиздин жардамыңызсыз өзү кийинип-чечинүүнү бат үйрөнөт.

Анан дагы кээ бир кыздар куурчактарына кийимдерин кийгизип ойнойт. Мындай болсо тим коюңуз, бул кийинип-чечингенди үйрөнүүгө жардамчы болот.

Жуунучу бөлмөгө кир кийимдерди сактоочу корзина коюп, балаңызга ага кир кийимдерди таштоону айтыңыз. Ылайыктуу жерге бала өзүнүн толук бой-турпатын көрө алгыдай күзгү орнотуңуз. Күзгүгө катар үстүнө тарак жана башка майда-чүйдөсү тура турган текченин болгону оң.

ЖУУНУДА.

Жуунучу бөлмөгө колу кранга жетип, өзү жууна алуусу үчүн кичинекей стол коюп коюңуз. Крандын жанына ага тиешелүү тиш пастасы, щёткасы стаканда салынган болуусу керек. Сүлгүсүн да колу жетерлик жерге илиңиз.

ТАМАКТАНУУДА.

Ашканага чоң эмес шкаф же текче жайгаштырыңыз. Ал жерде баланын идиши, суусундук, салфетка жана стол үстүн сүртүүчү чүпүрөк турсун. Сындырып албашы үчүн желим идишти эмес, керамика же фарфор идишти коюңуз. Тамак ичерде аларды этияттан столго коюууну жана ичкенден кийин кайра жыйноону көрсөтүңүз. Кокус баары бир сындырып алса, урушпаңыз. Бала кайсы буюм морт же бышык экенин ушундайлардан улам билерин унутпаңыз.

Балага өз алдынча кыйналбай жей турган тамак жасаңыз. Мисалы, спагеттинин ордуна макарон, ал эми пюренин ордуна картошканы жана жашылчаларды майдалап кесип бышырыңыз. Эгер бала тамакты кашык менен жегенге үйрөнүп калган болсо, анда ботко, пюре, суюк тамак боло берет.

Балдар тамак-аш даярдоого да катышкылары келет. Андыктан аларга бананды аарчууну, токочторду түрдүү формада кесүүнү, боорсок тизүү деген тапшырмаларды бериңиз.

УКТООДО.

Баланын керебети уйкусу келген учурда өзү барып, төшөгүн өзү ачып, өзү жамына тургандай ылайыктуу болсун. Уктаар алдында дайыма аткарылуучу бир адат уюштуруңуз. Мисалы, кечки чай же китеп окуп берүү. Бала ушундай нерселерден кийин уктоону мезгили келгенин айттырбай биле турган болсун.

ОЙНООДО ЖАНА МУЛЬТФИЛМ КӨРҮҮДӨ

Оюнчуктары сакталуучу жашик же текче коюп берип, ойногондон кийин оюнчуктарын ошол жерге тизүүнү айтыңыз. Каалаган учурда отуруп алып сүрөт тартуусу, пластилинден бир нерселерди жасашы үчүн баланын боюна ылайык жапыз стол отургучу менен болуусу зарыл. Столго ал көрө турган мультфильмдердин дисктерин коюп, DVD иштетүүнү үйрөтүңүз.

Столдун үстү же отурган жери чачылганда жыйноого керектүү шыпыргы (щётканы), ыпыр-сыпыр салгыч күрөкчө (савок) дайыма бир орунда, оңой алынуучу жерге туруусуна көз салыңыз.

АКЫРКЫ СӨЗ СОҢУНДА.

Кичинекей баланын да өз бөлмөсү же орду, өз буюму болуп, аны каалган убагында колдоно алуусу керек экендигин билдиңиз окшойт. Мындан тышкары балага бир нерсени жасап-үйрөтүүдө чыдамдуу болуңуз. Эч качан “мындан көрө өзүм жасай салайын” дебеңиз. Анткени ал али кичине жана тажрыйбасы жок болгондуктан, кичине ишке көп убакыт короторун эске алыңыз. Бала бир нерсени төксө, же чачып алса, же туура эмес жасаса, аны сындабаңыз, урушпаңыз. Бала өз катасын өзү түшүнүп, андан жыйынтык чыгарып, кайталабоого аракет кылуусуна жол бериңиз. Ошондо гана балаңыз өз алдынчалыкка үйрөнүп, сизге түйшүк арттырбайт.

11.05.2020 10:49


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!