СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Азыркы балдардын кабыл алуу жөндөмдүүлүгү начар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Негизинен бала көп убактысын ата-энеси менен, а ата-энелер дем алуу, майрам күндөрүн, деги эле бош убактысын балдары менен чогуу өткөргөнү жакшы. Бир гана “бол батыраак”, “мен тамак даярдашым керек”, “мен кечиктим”, “сага убактым жок”, “анан айтасың” деп баланын шагын сындырбай, сейилде жүргөндө да жашоо, турмуш тууралуу сүйлөшүүсү баланын кабыл алуу жөндөмдүүлүгүн өстүрүп, көз карашты өзгөртөт. Тарбия берүү айылдан же шаардан деп бөлүнбөйт. Менимче, бала тарбиялоо да ар бир ата-эненин ички байлыгынан.

Балдардын жөндөмдүүлүгүн өстүрүүдө тамгаларды гана эмес, жашоого, тазалыкка, тыкандыкка үйрөтүү зарыл. Бүгүн бир нерсени үйрөнсө, эртең башканы үйрөнсүн.

Эгер үйдө бейпилдик өкүм сүрүп, бири-бирине болгон мамиле жакшы болсо, бала аны көрүп, бул чөйрөдө эмне жакшы, эмне жаман экенин билип чоңоёт. Баланы маңдайга коюп алып, “сен ушундай болушуң керек”, “тигиндей бол” деп айта берүү да туура эмес. Бала баарын сезет, ошондуктан бойго бүткөн кезден эле эненин көңүлү ачык болсо, ошого карап да калыптанат. Ал эми ымыркай төрөлгөндөн тартып эле ата-эне үнүн бийик чыгарып китеп окуп, жомок айтып берүү жөн эле баласы менен отуруп сүйлөшүү, классикалык музыкаларды угузуу абдан пайдалуу. Андай балдар ызы-чуу үй бүлөдө чоңойгон балдардан алда канча айырмаланып, сабырдуу, токтоо болуп өсөт. “Алма дарактан алыс түшпөйт” дейт эмеспи. Эгер ата-энеси жакшы болуп, баласы жаман чыкса, анда тарбия берүүдө бир нерсени өткөрүп жиберишкен. Мисалы, кичинекей бала башка бирөөнүн буюмун алып алса, ага көңүл бурбай коюу туура эмес. Кийин бул көнүмүш адатка айланышы ыктымал.

Мурда, балдарга көп көңүл бурулар эле. Азыр атасы жок балдар көп. Жалгыз бой аялдар эркектер менен тең иштеп, айрымдары балдарына кийим-кечек, тамак-аш алып берүүнү тарбия деп эсептешет. Бала менен сүйлөшүп, келечеги кандай болот деп көңүл бурууга тиричиликтин айынан убактылары жок.

Биринчи ирет билимге көңүл буруш керек. Адам канчалык билимдүү, көптү билген болсо өз ишине да мыкты мамиле жасайт.

Категория: Всем учителям
16.04.2020 11:34


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!