СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Баланы кантип туура тарбиялайбыз?

Нажмите, чтобы узнать подробности

БАЛАНЫ ТИЛ АЛДЫРЫУУЧУ 25 ЫКМА

  1. Баланын деңгээлинде болуу (мисалы, балага маңдайлаш олтуруп сүйлөшүү).
  2. Атынан атоо.
  3. Кыска, түшүнүктүү сүйлөө. Эң башкысын башында бир сүйлөм менен айтыңыз. Канчалык көп сүйлөсөңүз, бала сизди ошончолук аз угат.
  4. Жөнөкөй сөздөр менен сүйлөңүз, кыска сөздөр, кыска сүйлөмдөр менен. Анын тилинде маектешиңиз.
  5. Сиздин өтүнүчүңүздү же тапшырмаңызды кайталап айтышын сураныңыз.
  6. Ал баш тарта албай турган сунуштарды киргизиңиз (мисалы, “сыртка чыгып ойноо үчүн кийинишиң керек”).
  7. Позитивдүү болуу (мисалы, “чуркаганга болбойт” дегендин ордуна “үйдө акырын басабыз, сыртка чыкканда чуркайбыз”).
  8. Тапшырма берээрде “мен каалайм” деп сөз баштаңыз. Балдар ата-энесине жагымдуу нерсе кылууну каалашат, бирок буйрукту жактырышпайт.
  9. “Эгер сен. анда.” дегенден көрө “Качан гана сен. ошондо.” деген жакшыраак. Ушундайча тил албаганга деле мүмкүнчүлүк болбой калат, эгер каршылыгында жагымдуу бир нерсе сунуштасаңыз. “Качан гана тишиңди жууп бүткөнүңдө, китепти окуп баштайбыз”.
  10. Баланы алаксытыңыз. Ал мультфильм көрүп жатканда, “Тез келип тамак же” деп ашканадан кыйкырбастан жанына барып бир аз олтуруңуз, анан жарнама чыккан учурда ашканага алып чыгыңыз.
  11. Тандоону өзүнө бериңиз: “Сен алгач тишиңди жууйсуңбу же пижамаңды кийесиңби?”, “Кызыл тумагыңды кийесиңби же көктүбү?”.
  12. Жаш өзгөчөлүгүнө жараша суроо бериңиз. 3 жаштагы балдардын баары эле (жада калса, чоңдору деле) “Эмне мындай кылдың?” деген суроого жооп бере алышпайт. “Кел эми сенин кылганыңды сүйлөшөлү” десеңиз жакшыраак.
  13. “Рахмат”, “Эч нерсе эмес” деген сөздөр баары үчүн. Балаңызга бул сөздөрдү үйрөткүңүз келсе, аны менен сүйлөшкөндө өзүңүз да колдоносуз.
  14. Психологиялык жактан туура сүйлөңүз: “сен аткарышың керек” деп буйрук бергендин ордуна “сенин аткарышыңды каалайм ”.
  15. Кызыктуу эскертүүлөрдү жазып коюңуз. Бул деле бала менен мамиленин бир ыкмасы.
  16. Бала канчалык катуу кыйкырса, сиз ошончолук акырын сүйлөңүз. Кээде “мен сени түшүнөм” же “кандай жардам бере алам?” деп айтыңыз.
  17. Алгач тынчтандырыңыз.
  18. Айткан сөздөрүңдү убагы менен кайталап туруңуз. Кээде балдардын эске тутуусу кыйын. Баланын жашы канчалык чоң болсо, ошончолук азыраак кайталаңыз.
  19. Ой-пикирин жыйынтыктап алуусуна мүмкүнчүлүк бериңиз.
  20. Уйкаш сөздөрдү айтуу тапшырмасын бериңиз.
  21. Баш тарткан нерсеңиздин ордуна башкасын сунуштаңыз. “Сен азырынча паркка жалгыз бара албайсың, бирок досторуң менен бакчада ойносоң болот”.
  22. Кеңеш бериңиз: “Биз кеткени жатабыз, досторуңа “жакшы калгыла” деп айт”.
  23. Түнт балдар менен баарлашууда “ооба, жок” деген жоопторго ылайык суроолорду бербеңиз. “Бала бакчада бүгүнкү күнүң жакшы өттүбү?” дегендин ордуна “Сага эмне көбүрөөк жакты?” деп сураңыз.
  24. Кандай абалда экениңизди айтыңыз, балдар ата-энесине жамандык каалашпайт: “Дүкөндө сен качып кетсең, сени жоготуп алуудан аябай корком”.
  25. Баланы көндүрө албай калганда ачууланбай акырын сүйлөңүз. Бирок ишенимдүү сүйлөңүз: “Бул тууралуу оюмду өзгөртө албайм. Кечиресиң” деген жакшыраак. “Сөз бүттү! Жетишет” дегендин ордуна.
11.05.2020 10:48


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!