СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Балдарды тарбиялоодогу каталар

Нажмите, чтобы узнать подробности

  1. БИЗ БАЛДАРГА ТОБОКЕЛГЕ БАРУУГА УРУКСАТ БЕРБЕЙБИЗ.

Биз ар бир кадамыбыз тобокелге салуу менен жасалчу жолдо жашап жатабыз. Буларды түшүнүп туруп, баланы коргоо үчүн баарын кылабыз. Бирок Европанын психологдорунун айтуусу боюнча, эшикте ойноп жаткан бала бир да жолу кулап, тизесин сыйрып албаса, чоңойгондо ал бир топ фобия жана комплекстерден жапа чегет. Буту сыйрылгандын эч жаман жери жок экенин түшүнүү үчүн, бала кулап көрүшү керек. Ал эми өткөөл курактагы бала бирөө менен урушуп, же алгачкы сүйүүдөн жапа чегиши зарыл. Мындай учурда бала эмоционалдык жактан өрчүп, узак мамиле курууга даяр болот. Эгер ата-эне баласын ушул сыяктуу кыйынчылыктардан коргоп, аларга жол бербесе, анда балаңыз текебер, бирок өзүнө төмөн баа берип чоңоёт.

  1. БИЗ ДАРОО ЖАРДАМ БЕРҮҮГӨ ШАШАБЫЗ

Биз балага дароо жардам берүүгө шашкандыктан, алар өз алдынча болуп, өздөрү чечим чыгарууну билбей калышат. Ушундан улам, ал чоңойгондо деле, ага бирөө жардам берээрин, же жагдайды башкалар чечээрин күтүп, өзү олуттуу кадамдарды жасабайт.

  1. БИЗ БАЛДАРДЫ ӨТӨ ЭЛЕ МАКТАЙ БЕРЕБИЗ

Негизи, баланы мактап, аны дайым эң мыкты деп эсептөө – жакшы. Бирок мындай нерсе, тескери жыйынтык алып келиши мүмкүн. “Ар кимдики өзүнө, ай көрүнөт көзүнө” демекчи, сиз дайым мактаган балаңызды, башкалар антпесе, анда күмөн саноо пайда болот, демек ата-эне жөн эле айтып жатат дегендей. Эң жаманы, оор кырдаалдардан качуу үчүн мындай нерсени өзүнүн пайдасына колдонгон бала, калп айтып, туура эмес иштерди жасай баштайт.

  1. ӨЗҮБҮЗДҮ КҮНӨӨЛҮ СЕЗҮҮ МЕНЕН ИЙГИЛИКТИН ЖОЛУН ТОСОБУЗ

Балаңыз сизди дайыма эле жакшы көрө бербеши керек. Андыктан, керек учурда “Жок”, “Азыр эмес” деген сыяктуу тыюу салууларды айта билиңиз. Мындай учурда, бала чын эле баалаган нерсесине күрөшө билишет.

Биз көп учурда балдардын жасаган туура иштери үчүн аларды бир нерсе менен ыраазы кылып көндүрүп койгонбуз. А эгер үй-бүлөдө бир нече бала болсо, аларды бири-биринен бөлүп кароону – акыйкатсыздык деп билебиз. Ушундан улам бир баланын жетишкендиги үчүн, башкалары дагы сыйланышат. Ошондуктан калганы жөн жерден сыйланууга көнүп алышат. Бирок жашоодо андай болбойт. Анын үстүнө балдар жалаң акча менен сыйлана беришсе, алардын жан дүйнөсү байыбай калат.

  1. БИЗ КЕТИРГЕН КАТАЛАРЫБЫЗ МЕНЕН БӨЛҮШПӨЙБҮЗ

Балага акыл үйрөткөндөн көрө, ошол кезде өзүңүз кетирген каталар менен бөлүшүңүз жана ал кырдаалдан кантип чыкканыңызды айтып бериңиз. Бала – өзүнүн жасаган ар бир кадамы үчүн жооп берүүгө даяр болушу керек.

  1. БИЗ АКЫЛДУУ ЖАНА ЭПТҮҮ БАЛАНЫ - ЧОҢОЙДУ ДЕП ОЙЛОП ЖАҢЫЛАБЫЗ

Акылдуу баланы чоңойду, өзү чечимдерди чыгара алат деп эсептеп, жаңылабыз. Бир тармактан шыктуу бала, баардык жактан маселелерди чече бербейт. Баланын өз алдынча болуусуна атайын бир курак белгиленген эмес. Ал үчүн башка балдар менен салыштырып көрүңүз. Эгер алар сиздин балаңыздан алдыда болушса, демек сиз балаңыздын чоңоюшун кечтетип жаткан болосуз.

  1. БИЗ ӨЗҮБҮЗ АЛАРГА ҮЙРӨТКӨН НЕРСЕЛЕРДИ ЖАСАБАЙБЫЗ

Ар бир ата-эненин милдети – балага жашоонун моделин түзүп берүү. Бала ал жашоодо башкы ролду ойноп, айткан сөздөрүнө жана кадамдарына жооп бериши керек. Чындыкка тике карай турган болсок, эң алгач, биз ата-энелер өзүбүз балага үлгү болуубуз кажет. Себеби, бала сиздин сөзүңүзгө эмес, кылганыңызга ишенет. Бекеринен англиялыктарда, “Баланы тарбиялабай эле кой, ал баары бир сага окшош болот” деген макал айтылбаса керек.

11.05.2020 10:46


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!