СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ден соолук

Нажмите, чтобы узнать подробности

ТАЛМА ООРУСУНАН КУТУЛУУГА БОЛОТ

Талма (эпилепсия) – мээнин ишинин бузулушунан улам пайда болгон, заматта кармаган оору. Талманын кармашы, адатта, беш мүнөткө жетпеген убакытка созулат. Аталган оору неврологиялык оорулардын 25%ын түзөт. Дарыгерлердин билдирүүсү боюнча, талма оорусу менен ооругандардын саны калктын 1%ын түзөт.

ТАЛМАНЫН ТҮРЛӨРҮ

Чыныгы талма – бул түр негизинен тукум куучулук мүнөзгө ээ. Өзгөчө жаш кезде пайда болуп, улам жаш жогорулаган сайын өөрчүп, күчөй берет.

Симптомдуу талма – бул түрдөгү талма кандайдыр бир оорунун таасиринен улам борбордук нерв системасынын жапа чегишинен кийин пайда болот. Болбосо эненин курсагындагы кезинен ушул кезге чейинки алган жарааттардан, суук тийгенден, шишиктерден улам пайда боло берет.

Белгисиз талма – тукум куучулук коркунучу жок, эч кандай жараат жок эле улам кармай берген талма белгисиз талма болуп саналат.

ДАРТТЫ КАНТИП АНЫКТАСА БОЛОТ?

Талма оорусунда алгачкы симптом деген жок. Талма кармаардын алдында кандайдыр бир белги катары ал адамдын көзүнө ар кандай нерселер көрүнүп, олтуруп-туруп сүйлөнүп, бир жерди тиктеп калып, башка адамдын сүйлөгөнүн укпай, ага маани бербей калат. Кээде жагымсыз жыт келет же олтуруп эле катуу кыйкырып жибериши мүмкүн. Ошондо булчуңдар тырышып, андан кийин калчылдап, башы бир жагына, көзү бир жагына буралышы мүмкүн, же болбосо чалкалап, денеси тартылат. Сөзсүз түрдө эс-учун жоготот.

БИРИНЧИ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ

Талма кармаган маалда

Талма кармаганда оорулууну биринчи кезекте токтун, суунун жанынан алыстатуу зарыл. Оорулууну ордунан жылдырып жаткырганда бул эрежелерди эске алуу керек: алгач жанында тизелеп отуруп, колун чыканагынан бүгүп өйдө каратып коюуу шарт. Анан экинчи колуңуз менен тизе жагынан кармап, акырындап кырынан жаткырыңыз. Тизелери жерге тийип турсун. Ал эми дем алуусу жеңил болушу үчүн башын өйдөрөөк кылып жаткыруу туура. Талма убактысы өтүп кеткенче оорулууга тийбей жанында карап туруу абзел. Эгер көгөрүп, аба жетпей баратса, муздак суу чачып сестентүү керек болот.

Эсине келген маалда

Талма токтогондон кийин оорудан кыйналган адам эмне болуп кеткенин түшүнбөй калат жана уйку-соонун ортосундагыдай абалда болот. Ошондуктан эсине келери менен өзүнө толук келишине шарт түзүп оозун тазалап жууп, жылуу, тынч жерге жаткыруу керек.

11.05.2020 10:50


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!