СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

ИНСАНДЫН РУХАНИЙ АДЕП-АХЛАХТЫК ӨНҮГҮҮСҮ ЖАНА ДЕНЕ-ТАРБИЯСЫ             (тематикалык лекция)

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бүгүнкү күндө биз жашап жаткан дүйнөдө саясий-экономикалык, руханий-нравалык, адеп-ахлактык кырдаал өтө кооптуу чекке жетип турат. Дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндөгү кош стандарттуу саясат, стратегиялык өңүттө жүргүзүлүп жаткан ааламдашуу процесси улуттук деген уңгулуу түшүнүктөрдү түп тамырынан кырчып, дүйнө бойлой калыптанып келген улутттук мамлекеттүүлүк, улуттук дух, нарк-насил, улуттук-менталитет, улуттук иденттүүлүк деген улуу аң-сезимди кыйратып, коомдун руханий-нравалык, адеп-ахлактык, духовный дөөлөттөрүн бузуп-жарып, коомду ичинен иритип, улуттук өлкөлөрдү “улутсуз” өлкөгө айландыруу багытында атайын иштер жүргүзүлүүдө.

Акыркы мезгилдерде коом мурда болуп көрбөгөндөй деградацияланды, адамдардын, өзгөчө жаш муундун психологиясы өзгөрдү, нравалык, адеп-ахлактык, моралдык жүрүм-туруму бузулду, ыймансыздык күчөдү, элибиздин улуттук аң-сезим, акыл-эс, туюм—сезимине жат, үрп-адат, салт-санабызга, таалим-тарбиябызга каршы келген жорук-жосундар көбөйүп баратат. Улуттук маданиятты, өзгөчөлүктү, тилди, тарыхты жоготууга багыт алган ааламдашууну үгүттөгөн, аны өрнөк катары көрсөтүүгө аракеттенген ойлор айтылып, жүрүштөр мерчемделип, жаштарды өз тарабына тартуу аракеттери күчөп, улуттук иденттүүлүккө жана руханий-нравалык баалуулуктарга коркунуч жарала баштады.

Адамдардын, өзгөчө өсүп келаткан жаш муундун аң-сезимине ар кандай жолдор, ыкмалар жана каражаттар аркылуу эгоцентризм идеасы таңууланып, жатып ичээрлик, моралсыздык, космополиттик, маңкурттук, улутмансыздык, башка нравага, өзгөчө батышка, суктануучулук маанайды калыптандыруу амалдары күч алууда.

Коомду бүтүн бир организм, тулку бой дей турган болсок, руханий-нравалык адеп-ахлак, нарк-насил, улуттун духу анын жүрөк толтосу, жаны деп бааласак болот. Эгерде биз келечекке багыт алып, өнүгүү жолуна түшүүнү өз максат-милдетибиз деп түшүнсөк, анда биз, эң алды, үч принципти карманышыбыз керек: биринчиден, өнүгүүнүн улуттук өзгөчөлүгүнө ылайык демократиялык багытты кармануу: экинчиден, өнүгүүнүн күчтүү экономикалык саясатын кармануу: үчүнчүдөн, улуттук баалуулуктарга таянган жана аны негиз туткан салттуу руханий-нравалык, адеп-ахлактык, моралдык нормаларды кармануу.

Бакчадан баштап, биринчи класстан баштап балдарыбызды көрүнгөн тилге, көрүнгөн маданиятка үндөп, же кыргыз эмес, же орус эмес, же немис эмес, же дагы башка бирөө эмес кылып, Ч.Айтматовдун маңкуртун, Сабитжанын өзүбүз тарбиялап жатабыз. Анан наалыйбыз, жаштар мындай, жаштар тигиндей, балам минтип калды, кызым тигинтип кетти деп… Мына, тарбия башаты кайда…

Таалим-тарбиядагы урааныбыз: улуттук иденттүүлүк, реализм прагматизм болуш керек. Ошондо руханий-нравалык кайра жаралуу болот.

21.01.2024 20:34


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!