СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Компьютердин пайдасы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Компьютер пайда болгондон баштап азыркы күнгө чейин абдан керектүү машинага айланды, "компьютердин пайдасы" 21-кылымда абдан олуттуу. Компьютерсиз иштеп жаткан инженерди, экономистти же врачты элестетүү мүмкүн эмес. Персоналдык компьютер ар кандай тапшырмаларды аткарууда алмаштырылгыс жардамчы болуп калды. Компьютерди колдонуу окуу процессин жаңы уюштурууга мүмкүндүк берет: эс-тутумду, көңүл бурууну, мейкиндик элесин, көз карандылыктарды табуу, мыйзамченемдүүлүктөрдү өрчүтүү оңой жана тез, материалдарды классификациялоо жана систематизациялоо, натыйжаларды алдын ала билүү мунун баарын компьютер мыкты аткарат.

Бүгүнкү күндө негизги "компьютердин пайдасы" төмөндөгүдөй:

-Атайын компьютердик программалардын жардамы менен жумуш процессик максималдуу оптимизациялап, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу.

-Компьютер документтерди, сүрөттөрдү жана башка маалыматтарды сактоочу ишенимдүү каражат.

-Глобалдуу тармак (интернет), зарыл маалыматтарды тез таап берет, бул иштөөдө, окууда, деги эле жашоодо абдан маанилүү.

-Компьютер чексиз көңүл ачуунун булагы: жакшы көргөн музыка, кино, оюндар.

-Аралыкты кыскартуу: атайын кызматтардын жардамы менен жакын адамдар, достор, туугандар менен дүйнөнүн каалаган бурчунан баарлашуу мүмкүн.

-Автоматташтыруу: компьютердин бул касиети эң негизги десек ашык болбойт, мунун пайдасы убакытты 100-1000% чейин үнөмдөйт, көзөмөлдөөнү жокко чыгарат, майда иштерди адамдын катышуусуз жүргүзөт.

Айта берсе сөз көп, "компьютердин пайдасы" чынында эле адам баласына зор. Космонавтика, медицина, өнөр-жай, дагы көптөгөн башка тармактарда колдонулат. Кыргызстанда ар бир үйдө болбосо дагы ар бир экинчи үйдө компьютер бар десек болот. Ал эми учурдагы уюлдук телефондор дагы кичинекей компьютердин ролун аткарат. Билинбегени менен ал дагы көптөгөн жумуштарды жасап адам баласын кубантууда. Ар бир смартфондо: фотоаппарат, интернет, аудио жана видео плеер орнотулган. Жада калса шам-чырак болуп берүү мүмкүндүгү бар. Албетте мунун баары жакшы, бирок компьютердин зыяны дагы болот, бирок бул жөнүндө башка макалада жазып өтөлү.

Категория: Информатика
09.10.2020 21:29


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Похожие записи

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!