СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сизди ийгиликке жетектеген көндүмдөр! Пайдалуу маалыматтар.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Келечекте ийгиликке жетүү үчүн бүгүн эмне кылуу керек? Баарына актуалдуу болгон кеңештер:

  1. Сөз сүйлөө чеберчилигиңизди жогорулатыңыз. Бул коркунучтуу. Жадагалса Уоррен Баффет да сөз сүйлөө алдында өзүн жаман сезчү. Бирок бул өтө маанилүү: сиз карьера тепкичинен жогорулаган сайын, бир топ адамдарга кайра-кайра кайрылуу жасоого туура келет. Ошондуктан сиз мыкты деңгээлде үйрөнүүңүз зарыл.

Джерард Дэнфорд

  1. Программалоону үйрөнүңүз. Келечекте компьютерлер жок болуп кетпейт. Андыктан, аларды колдоно билүү канткен күндө да карьераңызга абдан жакшы колдоо болот.

Шон Кларк

  1. Подкасттарды угуңуз. Алар сизге кошумча убакыт колдонбой туруп эле окуп-үйрөнүүгө шарт түзөт. Ошондуктан, качан сиз үй жумуштары менен алек болуп же жол тыгында туруп калсаңыз, сиз кенен диапазонду изилдей аласыз.

Мохаммед Кэббэни

  1. Психологияга кызыгыңыз. Бул өзүбүздүн ойлорубузду, кыймыл-аракеттерибизди, каалоолорубузду түшүнүүгө багытталып эң мыкты каражаттарга ээ болгон дисциплина.

Франсиско Саес

  1. Сиз жылдар бою машыга ала турган спорт хоббисин караштырыңыз. Болбосо сиз колледжде баштап жана офисте уланткан кыймылсыз жашоо образы сиздин келбетиңиз, белиңиз, тамак-аш сиңиртүү трактыңыз менен коркунучтуу нерселерди жасап коёт. Офистик ишиңиз сизди өлтүрүүгө аракет кылат. Муну алдын алуу — сиздин колуңузда.

Дэвид Кэннон

  1. Күн ичинде жасаган жумуштарыңыздын негизги пункттарын жазып жүрүңүз. Бул маанисиздей көрүнүшү мүмкүн, бирок бул сиз күнүңүздү кандай өткөргөнүңүздү көрсөтүп берет. Гарварддык бизнес мектебинин изилдөөсү көрсөтөт: күндүн аягында болгону 15 мүнөттүк жазуу сиздин иш өндүрүмдүүлүгүңүздүн жогорулашына мүмкүндүк берет.

Стэн Хейворд

  1. Күнүгө бейтааныш адам менен сүйлөшүңүз. Бейтааныштар — мүмкүнчүлүктөр. Жаңы досторду табуу, жаңы идеяларды алуу, бейтааныш менен сүйлөшүүдөн коркуу сезиминен арылуу, бизнес баштоо жана башка көптөгөн мүмкүнчүлүктөр. Тааныш адамдар сиздин карьераңызды, бакыт жана денсоолугуңузду белгилейт, андыктан болушунча көп адам менен таанышыңыз.

Ашраф Собли

  1. Жакшы угуучу болуңуз. Адамдар өздөрү жөнүндө сүйлөөнү жакшы көрүшөт, ошондуктан аларга буга шарт түзүп берүү жөндөмүн өнүктүрүңүз.

Чарльз Типс

  1. Убакытты текке кетирбөөгө аракет кылыңыз. Жашоо күндөрдөн турат, күндөр сааттардан, сааттар мүнөттөрдөн. Ушинтсеңиз гана жашооңузда көп нерселерге жетишесиз.
  2. Кыялыңызды багынтуу процессинде бакытты табыңыз. «Кийинкиге калтыруу жашоо планынан» качыңыз. «Кылыш керек болгон нерсени азыр кылуу» жана «кылууну каалаган нерсени анан» каяктагы тумандуу келечекке калтыруунун ордуна, жактырган нерсеңизди бүгүн кылуунун жолун табыңыз.

Дэн Лауэнтэл

  1. Бекем достукту куруңуз жана адамдарга камкор болуңуз. Сиз өзүңүз ойлогондон да көбүрөөк досторуңузга окшойсуз.

Эдина Диздэревич

  1. Ар тараптуу тажрыйбага ээ болуңуз. Жашоо тажрыйбаңыз канчалык кеңейген сайын, идеяларыңыз ошончолук креативдүү болот жана адамдарга карата мамилеңиз жакшырат.

Дэн Лауэнтел

  1. Акчаны үнөмдөңүз. Ар бир айлык акыңыздан бир аздан топтоңуз жана муну үзбөшүңүз үчүн автоматтык түрдө аткарыңыз.

Л. Дж. Митчелл

  1. Улгайган адамдар менен маектешиңиз. Кантсе да алар башкаларга айтып бере турган көптөгөн неселерди көрүп, ар кандай жерлерде болуп, башынан ар түрдүү күндөрдү өткөрүшкөн.

Бэн Хинкс

  1. Медитация жасаңыз. Бул күндөгү маселелер менен алпурушууга мээни машыктырат.
  2. Уят жана күмөн саноо менен күрөшө билиңиз. Бул эмоциялар баардык адамдарда кездешет, деп белгилейт социолог Брен Браун, бирок ден соолукту сактап, алар менен күрөшө билген адамдар аз.

Диего Мехиа

  1. Таза абага чыгып туруңуз. Дайыма бөлмөдөн чыкпай отуруу оңой. Саякатка чыгыңыз. Когнитивдик психологдор далилдешти, «жапайы жаратылышка бир аз чөмүлүү» депрессияга каршы каражат боло алат.

Стивен Стайнберг

  1. Сизден айырмаланган адамдар менен таанышыңыз. Эгер сиз либерал болсоңуз консерванттар менен достошуңуз. Эгер сиз шаардык болсоңуз айылдык менен таанышыңыз. Эмне үчүн? Себептер көп, алардын бири — биз эң мыкты чечимдерди ар түрдүү группаларда кабылдаганыбызда жатат.

Джуди Тайрер

  1. Бардык нерсени даталаңыз. Бир окуянын датасын билүү сиз алдын ала биле албаган ар кандай жагдайларда пайдасы тийиши мүмкүн.

Ди Вининг

  1. Романдарды окуңуз. Көркөм адабият — бул «эмоционалдык жана таанып-билүүчүлүк моделдөө»: романдар сизди бөтөн адамдардын жашоо тажрыйбасын түшүнүүгө үйрөтөт.

Анунай Арунав

  1. Минималдуу максаттарды белгилеңиз. Күндө 15 беттен китеп окуу, 20 жолу турникке тартынуу ж.б. Ушундай түр менен, сиз бир күндүн маселелерин кылып отуруп үлкөн долбоорлорду багынтасыз.

Кристофер Вебб

Булак: elklub/ru

Которгон: Шамшидин кызы Элнура

http://insan.kg/%d1%81%d0%b8%d0%b7%d0%b4%d0%b8-%d0%b8%d0%b9%d0%b3%d0%b8%d0%bb%d0%b8%d0%ba%d0%ba%d0%b5-%d0%b6%d0%b5%d1%82%d0%b5%d0%bb%d0%b5%d0%b3%d0%b5%d0%bd-%d0%ba%d3%a9%d0%bd%d0%b4%d2%af%d0%bc%d0%b4%d3%a9%d1%80/

11.12.2019 19:40


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!